Роя гезити

Бурхандын Түркияга сапары анын бийлигин бекемдөөгө жана Американын планын ишке ашырууга багытталган кызматтык сапар

Бурхандын Түркияга сапары анын бийлигин бекемдөөгө жана Американын планын ишке ашырууга багытталган кызматтык сапар

Судан Өткөөл  башкаруу кеңешинин төрагасы Абдул Фаттах аль-Бурхандын жакында Түркияга жасаган сапары саясий чөйрөлөрдө кеңири талкуу жаратты. Айрымдар муну кызматташтыкты жана аймактык колдоону бекемдөө кадамы деп бааласа, башкалар аны Судандагы согуштун жүрүшүнө жана курчуп бараткан кризиске олуттуу таасир бербеген чектелүү протоколдук зыярат катары көрүштү. (Al Jazeera Net)

Бурхандын Түркияга сапары Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчтөрү жана алардын союздашы Элдик кыймыл – Түндүк ортосунда аскерий операциялардын токтоп турган, Кордофан аймагында мезгил-мезгили менен чабуулдар болуп жаткан маалга туш келди. Мындан тышкары, Судан өкмөтүнө Американын сунуштаган «төрттүк» жол картасын кабыл алууга эл аралык басым күчөп жатат. Бул «төрттүккө» Египет, Сауд Арабиясы, БАЭ жана АКШ кирип, өткөн жылдын 12-сентябрында жаңжалды токтотуу максатында сунушталган. Бирок Хартум Абу-Дабинин Ыкчам колдоо күчтөрүн колдогону үчүн, анын катышуусуна кескин каршы болуп келет. Ошондой эле ички деңгээлде да Ыкчам колдоо күчтөрү менен кандайдыр бир тынчтык келишимин кабыл албоо талабы бар.

Түркиянын борбору Анкара Бурхан үчүн он күндүн ичинде үчүнчү токтоочу пункт болду: ал бул жакка өткөн жылдын 25-декабрында келди, мунун алдында 15 жана 18-декабрда Эр-Рияд менен Каирге барган. Бул тышкы сапарлар Суданга карата эл аралык басым күчөп, өлкөнүн батышы менен чыгышын байланыштырган Кордофан аймагында армиянын талаадагы абалы начарлап турган шартта өттү. Белгилей кетсек, Түркия Суданды коопсуздук жана коргонуу тармактарында кеңири колдоп келе жатат, бул багытта эки өлкөнүн ортосунда келишимдер да бар.

Жолугушуунун жыйынтыгында Түркиянын президенттик администрациясы билдирүү жасап, Түркия менен Судандын ортосунда соода жана айыл чарбадан тартып, коргонуу өнөр жайы жана тоо-кен тармагына чейинки көп тармактарда кызматташтыкты кеңейтүү пландалып жатканын билдирди. Ошондой эле Түркия гуманитардык кризиске туш болгон Судан элинин муктаждыктарын канааттандырууну улантып, кошумча гуманитардык жардам көрсөтөрү белгиленди.

Белгилей кетчү жагдай, кабыл алуу аземине түрк тараптан тышкы иштер министри Хакан Фидан, коргонуу министри Яшар Гүлер, айыл чарба министри Ибрахим Юмаклы, Улуттук чалгындоо уюмунун башчысы Ибрахим Калын жана Коргонуу өнөр жайы башкармалыгынын төрагасы Халук Гөргүн катышты.

Өткөөл башкаруу кеңешинин төрагасын бул сапарда Тышкы иштер министрлигинин орун басары Муавия Усман Халид, Башкы чалгындоо башкармалыгынын директору, генерал-лейтенант Ахмад Ибрахим Муфаддал жана Коргонуу өнөр жайы системасынын башкы директору, генерал-лейтенант Миргани Идрис коштоп жүрдү.

Кабыл алуу аземинен кийин эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү, андан соң эки делегациянын катышуусунда жумушчу отурум уюштурулду (Al Jazeera + Anadolu). Бурхан Судан менен Түркия мурда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык тууралуу меморандумдарга кол койгонун, бирок алардын аткарылышы жай жүргөнүн айтып, учурдагы сапары бул кызматташтыкты ар кыл тармактарда бекемдөөгө багытталган механизмдерди аныктаганын белгиледи. Ал ошондой эле дүйнөнүн бир катар аймактарындагы кризистерде тынчтык орнотууда Түркиянын ролун эске алуу менен, Судандагы кризисти чечүүгө көмөк көрсөтүүнү президент Эрдогандан суранганын билдирди. Мындан тышкары, сапарынын максаттарынын бири катары «Террорсуз Түркия» долбоорунун алкагындагы түрк тажрыйбасынан пайдаланууну билдирди жана муну үлгү алууга татыктуу тажрыйба деп баалады.

Экономикалык багытта Бурхан Судан бийлиги түрк ишкерлерине виза режимин алып салуу маселесин талкуулап жатканын, бул алардын Суданга келишин жеңилдетүү максатын көздөөрүн айтты. Ошондой эле алдыдагы этапта өлкөсү кайра куруу, инфраструктураны калыбына келтирүү жана энергетика тармактарында Түркиянын мүмкүнчүлүктөрүнө муктаж экенин белгиледи.

Судандагы согушту токтотуу аракеттерине байланыштуу Бурхан аны токтотууга багытталган аракеттер жана демилгелер тууралуу сөз болуп жатканын, бирок «милиция» деп аталган Ыкчам колдоо күчтөрү жана аларды колдогондордун бар экендиги буга тоскоол болуп жатканын айтып, бул күчтөрдү куралды таштоого чакырды.

Ал ошондой эле Судандын Өткөөл кеңеши «согуш башталгандан тартып аны токтотууга аракет кылып, сунушталган бардык демилгелерге макул болгонун, бирок экинчи тарап баш тартканын» билдирди. Анын айтымында, согушту бүгүн токтотууга мүмкүн, бирок Судандын талаптары 2023-жылдагы Жидда келишиминен бери өзгөргөн жок: алардын башында Ыкчам колдоо күчтөрүн куралсыздандыруу, белгиленген жерлерге топтоо жана андан кийинки тагдырын кароо турат.

Бурхан чечим «судан–судандык» аркылуу болушу керектигин баса белгилеп, саясий чечимден мурда аскерий абалды жөнгө салуу зарыл экенин айтты. Анын пикиринде, чечимдерди аралаштырып сүйлөгөндөр Ыкчам колдоо күчтөрүнүн сакталып калышына кызыкдар.

Бурхан ушул абалда Судан Сауд Арабиясы, Египет жана жакында эле Америка администрациясынын ниеттерине ишенерин, ошондой эле Судан маселесин чечүүгө жана чечимдин келечекте туруктуулугун камсыздоого алардын салым кошо аларына ишенерин билдирди.

Сөзүнүн соңунда Бурхан АКШнын президенти Трампка кайрылып: «Эгер президент Трамп бул жылдын тынчтык адамы болууну кааласа, анда Судан маселесине көңүл буруп, аны чечиши керек. Биз ага: сен муну жасай аласың, — дейбиз», — деди. (TRT Arabic).

Бурхандын Анкарага сапары Американын «саан уйу» болгон Сауд Арабия өлкөсүнө, ошондой эле Трамптын сүйүктүү диктатору Египеттин Сисисине жасалган сапарлардын уландысы экендиги көрүнүп турат, бул сапарлар бири-биринен ажыратылып каралбайт. Эр-Риядга сапар саясий легитимдүүлүктүн жана сүйлөшүү жолунун дарбазасы болсо, Каир коопсуздук жана суверенитеттин тереңдигин билдирет. Ал эми Анкара, Сирия менен Ливанда аймактык оюнчу катары, Америка үчүн Бурханга кошумча кыймыл мейкиндигин ачып берип, Судан элине өткөн жеңилүүлөрдү унуттуруп, учурда аскерий операциялардын токтоп турушун «жапкан» карта сунуп жатат.

Бурхан Дарфурдун бөлүнүшүнө алып келчү америкалык план болгон Ливия сценарийин, башкача айтканда, эки өкмөт жана эки армия түзүү аркылуу ишке ашырууда. Ошондуктан аскерий операциялар токтоду. Элди согуш уланып жаткандай ишендирген айрым аракеттер да дал ушул себептен т.а. эл Бурхандын айланасына топтолуп, анын популярдуулугу түшүп кетпеши үчүн жасалууда.

Чыныгы башкаруучулардын көлөкөсү болгон бул президенттер саясий ишке окшош аракеттерди жасашат, бирок алар мамлекеттик иштен жана «мамлекет адамы» деген түшүнүктөн алыс. Анткени алар каапыр Батышка кызмат кылган функциялык мамлекеттердеги агенттер. Мамлекет адамы — өз үммөтүнүн иштерин караган адам, ал калпты да, алдамчылыкты да билбейт, пайгамбарлар кандай иш кылган болсо, ошондой иш кылат.

«كَانَتْ بَنُو إِسْرَائِيلَ تَسُوسُهُمُ الأَنْبِيَاءُ، كُلَّمَا هَلَكَ نَبِيٌّ خَلَفَهُ نَبِيٌّ، وَإِنَّهُ لا نَبِيَّ بَعْدِي، وَسَتَكُونُ خُلَفَاءُ فَتَكْثُرُ». قَالُوا: فَمَا تَأْمُرُنَا؟ قَالَ: «فُوا بِبَيْعَةِ الأَوَّلِ فَالأَوَّلِ، وَأَعْطُوهُمْ حَقَّهُمْ، فَإِنَّ اللَّهَ سَائِلُهُمْ عَمَّا اسْتَرْعَاهُمْ».

«Бани Исраилди пайгамбарлар башкарат эле. Качан бир пайгамбар өтсө, анын аркасынан экинчи пайгамбар келер эле. Менден кийин пайгамбар болбойт. Жакын күндөрдө халифалар болот жана алар көп болушат». Сахабалар сурашты: «Бизге эмнени буюрасыз, я Расулалла?» Расулулла жооп берди: «Биринчисинин, биринчисинин байъатына бапаа кылгыла. Аларга өз акыларын бергиле. Албетте Алла Таала аларды адамдарды кандай башкаргандыгы  жөнүндө суракка алуучу».

Роя гезити

Устаз Ибрахим Мухаммад (мушриф)

 

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button