Цезарь мыйзамынан васийликке чейин: санкциялар түз көзөмөлгө айланды

Цезарь мыйзамынан васийликке чейин: санкциялар түз көзөмөлгө айланды
Сирияга карата санкцияларды алып салуу же токтотуу тууралуу сөздөр медиа аркылуу көрсөтүлгөндөй күнөөсүз да, гуманитардык да болгон жок. Тескерисинче, ал оор шарттар менен коштолуп, басымдын жалпы санкциялар формасынан андан да кооптуу жана терең формага т.а. түз саясий көзөмөлгө, эгемендүү чечимге көз салууга жана экономикалык жактан калыбына келтирүүнү америкалык ыраазылык чеги менен байланыштыруу формасына өткөнүн ачык көрсөттү.
Бүгүн сунушталып жаткан нерсе — Цезарь мыйзамынан чыгуу эмес, тескерисинче, аны жумшагыраак, бирок көбүрөөк кийлигишкен, мамлекет менен коомдун түйүндөрүнө дагы бекем жабышкан куралдар менен кайра өндүрүү. Алгачкы эле учурдан тартып санкцияларды токтотуу жетишкендик же тарыхый мүмкүнчүлүк катары көрсөтүлдү. Ошол эле учурда негизги чындык санкциялардын өзү адилетсиздик жана агрессия болгону, эң оболу адамдарды алардын жашоосунун бардык тармагында: тиричилигинде, дарылоосунда, азык-түлүгүндө бутага алганы көз жаздымда калды. Демек, мыйзамды алып салуу ырайым эмес, ошондуктан ага акы төлөө жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес. Бирок Америка адаттагыдай басым куралдарынан баш тартпайт, болгону доордун талабына жараша алардын формасын өзгөртөт.
Цезарь мыйзамы өз маңызында жөн гана экономикалык санкциялар эмес, Сирияга белгилүү бир багытты таңуулоого арналган саясий алкак болду. Анын өзөгү башкарууну кайра калыптандыруу, саясий жана коопсуздук чөйрөсүн көзөмөлдөө, калыбына келтирүү менен экономиканы америкалык көз караштагы саясий өткөөл шарттарына байлоо. Башар режими кулагандан кийин, эгер Батыш чынчыл болгондо, санкциялар автоматтык түрдө алынмак, анткени алар азыр жок болгон мурунку режимге салынган эле. Бирок тескерисинче болду: санкциялар бекемделип, андан соң шарттуу жеңилдетүү эшиги ачылды да, алар жамааттык жаза формасынан так эсептелген шантаж куралына айланды.
Бүгүн талкуунун борборуна чыккан, Цезарь мыйзамын жокко чыгаруу боюнча АКШ Конгрессинин шарттары ушул өзгөрүүнү даана чагылдырат. Бул шарттар адамдарга жардам көрсөтүү же согуш кыйратканды кайра куруу менен байланыштуу эмес, тескерисинче коопсуздук жана саясий жактан өтө сезимтал документтерге топтолгон. Американын аныктамасы боюнча терроризмге каршы күрөш, «чет элдик согушкерлер» деп атагандардын ролун жоюу, таңууланган стандарттар менен майда азчылык улуттарды коргоо, аскерий чечимди көзөмөлдөө. Мунун баары белгилүү убакыт чеги менен коюлуп, эгер багыт белгиленген сызыктан чыкса, «заводдук жөндөөлөрдү кайра коюу баскычтары» сыяктуу кадамдар аркылуу каалаган учурда санкцияларды дароо кайра киргизүүгө мүмкүндүк берет.
Акыркы билдирүүлөр мурдагыдан да ачык-айкын болду. Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери санкцияларды биротоло алып салуу тууралуу эмес, «жол картасы», «жакындан көзөмөлдөө» жана «туура эмес кадамдар жасалса чечимден баш тартуу» жөнүндө сүйлөштү. Башкача айтканда, биз маңызы боюнча васийликтен айырмасы жок туруктуу көзөмөл режими менен бетме-бет келип жатабыз. Аларга ички саясатты баалоо, мамлекеттин багытын чечмелөө жана зарыл учурда кийлигишүү укугу берилет. А түгүл элчиликтерди кайра ачуу да дипломатиялык нормалдашуу катары эмес, Дамасктын ичинде өз көзү-кулагы менен түздөн-түз катышып туруу куралы катары каралууда.
Мунун баарынан да кооптуусу — санкцияларды жеңилдетүүнү түздөн-түз башкаруунун формасы менен байланыштыруунун ачык айтылышы. «Секталардан тыш, инклюзивдүү башкаруу» жана «секулярдык мамлекет» деген кайталап айтылган басымдар маселе экономикалык эмес, таза пикирий жана саясий экенин көрсөтөт. Америка башаламандыкты эмес, капиталисттик калыптардан тыш, жашоо жана башкаруу тутуму катары Ислам саясий боштукту толтуруп алышынан коркот. Ошондуктан «экстремизмге каршы күрөш» жана «азчылыктарды коргоо» деген ураандар талап кылынган моделден кандайдыр бир четтөө болсо, даяр таяк катары колдонулат.
Ушул мааниде санкциялардан көзөмөлгө өтүү басымды азайтуу эмес, аны кайра уюштуруу болуп саналат. «Цезарь» мезгилинде басым орой, таасири кең болчу, бирок саясий жактан кымбатка турчу. Бүгүн болсо басым тандалма, шарттуу жана гуманитардык-медиалык жумшак тил менен коштолот, ошол эле учурда саясий жана экономикалык чечимдердин майда-чүйдөсүнө чейин түздөн-түз кийлигишүү мүмкүнчүлүгү күчөдү. Бул — Сирияны аскерий басып алуу аркылуу эмес, эл аралык таануу аркылуу сырттан башкарууга жасалган аракет.
Бул чындыктарды көз жаздымда калтырып, санкцияларды алып салууну майрамдоо иллюзияны кайра өндүрүүдөн башка эч нерсеге кызмат кылбайт. Сирияда да, башка жерлерде да Батыш менен болгон тарыхый тажрыйба бүгүн суралган ар бир жеңилдиктин артынан эртең дагы башка жактардан талап келерин, шарттардын чеги болбой турганын тастыктайт. Ким өз нанынын булагын тышкы ыраазылыкка байласа, ал канчалык жөнөкөй болбосун, эч бир көз карандысыз чечим кабыл ала албаган абалга түшөт.
Бүгүн Батышты тынчтандыруучу чакырык да, аны ыраазы кылуу үчүн жарыш да талап кылынбайт, тескерисинче, режим кулагандан кийинки саясий күрөштүн табиятын аңдап-түшүнгөн сергек талдоо талап кылынат. Анткени күрөш бүтпөдү, болгону анын формасы өзгөрдү. Ошондуктан чечимдин көз карандысыздыгы, экономиканы өз күчүнө таянуу негизинде куруу, жеткиликтүү ресурстарды пайдалануу, ички коопсуздукту тышкы көрсөтмөлөрдөн алыс тартипке салуу — жаңы васийликке жол бербөөнүн негизги элементтери болуп саналат. Ал эми санкцияларды токтотууну же жокко чыгарууну куткарылуу жолу катары үмүт артуу элеске таянган жалган үмүт.
Жыйынтыктап айтканда, бүгүн болуп жаткан нерсе чыныгы сыноо. Же болбосо көп жылдык курмандыктар эркин эгемендүү чечим менен улантылып, өлкөнү саясий-экономикалык эксперименттердин талаасына айландыруудан баш тартылат, же болбосо көз карандылык жумшагыраак куралдар менен кайрадан өндүрүлөт. Ушул экөөнүн ортосунда өзгөрбөс чындык бар: Америка жана анын өнөктөштөрү эч качан, эч качан бул үммөткө чындап кам көргөн эмес. Улуулукка жол Вашингтондун ачкычтары менен эмес, убактылуу жеңилдетүү үчүн чечимди сатып жибербеген, аң-сезимдүү ички эрк менен гана ачылат.
Роя гезити
Устаз Абду ад-Далий (Абу аль-Мунзир)




