Сакофат
Trending

Жакшы ниетте болуу

Жакшы ниетте болуу

Жакшыны көрө билүү (Хусн аз-занн биллях) – бул үстүрт жана сокур оптимист болуу же ооруга, жоготууга жана кыйынчылыктарга көз жумуп коюу эмес. Ал болуп жаткан окуяларга тышкы көрүнүшүнөн да тереңирээк карап, ар бир окуядан маани-маңызды, өсүү мүмкүнчүлүгүн жана Улуу Жараткандын камкордук белгисин таба билүү жөндөмү. Бул жөндөмдү өздөштүргөн адам, реалдуулукту четке какпайт, бирок ошол эле учурда, ал реалдуулукка өзүнүн ички тынчтыгын талкалоого жол бербейт.

Мындай көз караш, кокусунан эле пайда болуп калбайт. Ал тарбиянын, турмуш тажрыйбасынын, чөйрөнүн таасири астында калыптанат. Бирок баарынан мурда, ал  ишенимге көз каранды. Бир эле жол, бирөө үчүн каардануунун жана таш боорлуктун булагына айланса, экинчиси үчүн – данышмандыктын жолу болушу мүмкүн. Мунун баары, адам өз жашоосунда кандай ички ой жана ниет менен жашап жатканына байланыштуу болот. Тактап айтканда, жакшы ойдо жана жакшы ниетте болуу, адамдын болуп жаткан окуялардан башаламандыкты гана көрүшүнө, же алардын аркасындагы жашыруун мыйзам ченемдүүлүктү байкай алышына негизделет.

Дал ушул жерде, Исламий дүйнө карашы, жакшылыкты көрө билүү жөндөмүнүн эң терең тарабын ачып берет. Исламда, дүйнө кокустуктан пайда болуп калган нерсе эмес, ал эми жашоо жана андагы ар бир кырдаал, маани-маңызсыз болбойт. Адам – тагдырдын агымына ташталган бечара жандык эмес, ал жер бетиндеги Аллахтын орун басары. Ал ар бир кубанычы жана ар бир кыйынчылыгы даанышмандыкты камтыган сыноолордун чынжырынан өтөт. Ошондуктан, Исламда оң көз карашта болуу – бул жөн гана психологиялык ыкма эмес, бул ыймандын бир көрүнүшү, ибадаттын бир түрү же анын руху. Башкача айтканда, Аллахка аң-сезимдүү түрдө жакындоо абалы десек адашпайбыз.

Куран, адамдын кабылдоо касиети чектелүү экенине жана барлыктын чыныгы көрүнүшү, үстүрт караган көзгө жашырылганына көңүл буруп, мындай дейт: Силер өзүңөр үчүн жакшы (пайдалуу) болгон нерсени жаман көрүшүңөр жана силер үчүн жаман (зыяндуу) болгон нерсени жакшы көрүшүңөр мүмкүн. Алла билет, а силер билбейсиңер. (2:216).  Бул аятта жакшылыкты көрө билүү жөндөмүнүн пайдубалы, тактап айтканда, адамдын билими чектелүү экенин, ал эми Кудайдын даанышмандыгы баардык нерсени камтыганын моюнга алуу экенин билдирет.

Ислам бизге адамдын ички нуру, шүгүр кылуу аркылуу сакталарын үйрөтөт. Шүгүр – бул адамдын ишенимин, тилин жана иш-аракеттерин камтый турган түшүнүк. Ыраазычылык билдирүү – бул көрүнүп турган немат-жакшылыктар үчүн гана айтылган мактоо сөздөрү эмес, бул сыноо түрүндө келген окуялардын ичинде катылган жакшылыкты байкай билүү жөндөмү.

Алла таала: «Ант болсун, эгер берген нематтарыма шүгүр кылсаңар, албетте (аларды дагы да) арттырамын». (14:7) – деп убада берет. Бул аят, шүгүр кылуу болгону позитивдүү көз карашты гана чагылдырбастан, адамдын жашоосундагы жакшылыктардын санын да арттырарын көрсөтүп турат.

Шүгүр менен катар, сабыр кылуу да чоң мааниге ээ. Исламда сабыр – бул жөн гана аракетсиз күтүү менен чектелбейт, тескерисинче, ал туруктуулук менен ишенимди аныктоочу сыпат. Сабыр, адамды оор сыноолордун астында талкаланып кетүүдөн коргойт жана суроолорго жооп табыла элек учурда, өз ар-намысын сактап калууга мүмкүндүк берет. Дал ушул себептен Куранда өзгөчө баса белгиленип: Ошентип, албетте ар бир оорлук – машакат менен бирге бир жеңилдик да бар. Албетте ар бир оорлук – машакат менен бирге бир жеңилдик да бар. – деп айтылат. (94:5–6). Бул аяттын эки жолу кайталанышы, караңгылык эч качан түбөлүктүү болбой турганын, тескерисинче, бир кыйынчылык менен кошо эки жеңилдик келерин тастыктоодо.

Жакшылыкты көрө билүү жөндөмү, таваккулсуз – Аллахка тобокел кылуусуз мүмкүн эмес. Тобокел – бул адам өзүнүн кудуретиндеги нерселердин баарын жасап, бирок натыйжанын баарын эң жакшы Билүүчүнүн колунда экенин жүрөгү менен билүүсү. Таваккулдан хусн аз-занн биллях – Жараткан тууралуу жакшы ойдо болуу, жол күңүрт болуп жатканда, Андан мээримдүүлүктү күтүү сыпаты жаралат. Пайгамбарыбыз Мухаммад ,ﷺ Аллах Хадис Кудсийде: „Мен кулум Мен тууралуу кандай ойлогон болсо, дал ошондоймун“ – деп айтканын кабарлайт. (Бухари, Муслим). Бул хадис, адам Жаратуучу тууралуу кандай ойдо болсо, анын жашоо-турмушу да, ошого жараша калыптанаарын белгилеп, адамдын ички дүйнөсүнүн сырын ачууда.

Ошондуктан, момун адам кандай болгон абалда да, үмүтсүздүккө өзүнүн жүрөгүндө тамыр жайышына жол бербейт. Ыйык Куранда: «Алланын ырайым-мээриминен үмүтсүз болбогула! » (39:53) – деп айтылат. Бул жерде үмүт, ыймандын бир түрү катары, ал эми үмүтсүздүк, Нурдун булагы менен болгон байланыштын үзүлүшү катары бири-бирине карама-каршы коюлууда.

Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ алтындай болгон сөздөрү менен: „Момундун абалы таң калыштуу! Чындыгында, анын ар бир абалы өзү үчүн жакшы. Эгер ага бир кубаныч келсе — ал шүгүр кылат, бул ал үчүн жакшы. Эгер ага бир сыноо (кыйынчылык) келсе — ал ага да сабыр кылат, бул да ал үчүн жакшы“ – деп жашоого болгон исламий көз караштын маңызын чечип берди. (Сахих Муслим). Бул хадис менен жашоону „жакшы“ жана „жаманга“ бөлө турган адамдын көнүмүш адаты кыйрап, анын ордуна: бардык нерсе – жакшысы менен жаманы да, Аллахка жакындатуучу мүмкүнчүлүк деген түшүнүк орун алууда.

Дал ушул жерден: „Чыныгы мусулман — ар бир кадамы үчүн Жараткан Аллахка шүгүр кылган адам“ деген терең маанилүү сөз келип чыгууда. Бул, хадистин сөзмө-сөз котормосу болбосо да, маани-маңызы боюнча Исламий дүйнө карашты так чагылдырууда. Ар бир кадам үчүн шүгүр кылуу – бул тек гана тил менен ыраазычылык сөздөрүн кайталай берүү эмес. Бул – адамдын ар бир деминен, баскан жолунан, башына келген сыноодон, атүгүл алардын ортосундагы тыныгуулардан да, өмүр нематын байкай алуу жана аны түшүнүү.

Пайгамбарыбыздын ﷺ күнөөлөрү кечирилгенине карабастан, эмне үчүн буттары шишигенче түнкү намаздарды окуй турганын сурашканда, ал: „Мен шүгүр кылуучу кул болбошум керекпи?“ (Бухари, Муслим) – деп жооп берген. Бул сөздөрдө, жакшылыкты көрө билүү жөндөмүнүн эң бийик түзүлүшүн байкоого мүмкүн. Башкача айтканда, шүгүр келтирүү, кыйынчылыктын жоктугу үчүн эмес, Аллах менен байланышта болуу мүмкүнчүлүгүнүн өзү үчүн кылынат.

Ошентип, Исламдагы жакшылыкты көрө билүү жөндөмү – бул ички бейпилдикке (сакинага) жана ишенимдин жетилгендигине алып баруучу жол болуп саналат. Бул оору-апаатты моюнга алган абалда, бирок ага жүрөктү ээлеп алууга жол бербестен, ачык дил менен жашоо жөндөмү. Бул, ар бир окуяны, жада калса анын мазмуну дароо ачылбаса да, Жараткандын жолдогон кабары катары тааный турган көз караш.

Мындай көз карашты өрчүтүү менен, адам реалдуулуктан качып кетпейт. Тескерисинче, ал ошол реалдуулукта туруктуулукка ээ болот. Ал эмне болуп жатканын гана эмес, ал окуянын эмне үчүн болуп жатканын көрүүгө үйрөнөт. Ошондо гана татаалдыктарга толгон жашоо, оор жүгү жок болгон жолго айланат. Дал ушул жолдон шүгүр кылган сабырдуу жана үмүттүү дилдер басып өтөт.

Ал эми, сөзүбүздү жыйынтыктап жатып: Оо, Жараткан Аллах! Сен жеңилдеткенден башка эч бир жеңилдик жок. Эгер кааласаң, Сен кыйынды жеңил кыласың. Оо, Аллах! Эгер бизге бир сыноо же кыйынчылык жазган болсоң, анын ичинен Сенин мээримиңди көрүүгө бизге мүмкүнчүлүк бер. Бизге сабыр жана шүгүр кылууну насип эт. Бул сыноо менен бизди Өзүңдөн алыстатпа, тескерисинче, Өзүңө жакындата көр! – деп дуба кылабыз. Оомин!

Бурана

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button