Зуль-хижжанын алгачкы он күнү — Аллахка эң жакшы жакындоо мүмкүнчүлүгү

Зуль-хижжанын алгачкы он күнү — Аллахка эң жакшы жакындоо мүмкүнчүлүгү
Зуль-хижжа айынын алгачкы он күнү — бул Аллахтын мээрими, кечирими жана Ага жакындоо убагы. Бул күндөрдү Улуу Жараткан жылдын башка күндөрүнөн өзгөчө кылганы Ыйык Куранда жана Пайгамбар ﷺ сөздөрүндө эскерилген. Бул күндөр момундардын жүрөгү жанданып, жакшы амалдар өзгөчө баага татый турган руханий мезгил сыяктуу.
Жараткан Аллах Таала айтат:
وَٱلۡفَجۡرِ ١ وَلَيَالٍ عَشۡرٖ ٢ وَٱلشَّفۡعِ وَٱلۡوَتۡرِ ٣ وَٱلَّيۡلِ إِذَا يَسۡرِ ٤ هَلۡ فِي ذَٰلِكَ قَسَمٞ لِّذِي حِج
«Таңга ант! Он түнгө ант! Жуп жана так күндөргө ант! Өтүп бара жаткан түнгө ант! Акыл ээси үчүн (айтылган) анттар жетиштүү эмеспи?» (89:1–5).
Тафсир аалымдарынын көпчүлүгү бул ыйык аяттардагы «он түн» дегенде дал ушул Зуль-хижжанын алгачкы он күнү назарда тутулганында бир пикирде. Себеби бул күндөрдө ибадаттын эң улуу түрлөрү: ажылык, намаз, орозо, садака, зикир жана курмандык чалуу топтолгон.
Бул күндөрдүн пазилети тууралуу абдан көп хадистер бар. Аллахтын Элчиси ﷺ айткан: «Аллах Таалага ушул он күндө кылынган салих (жакшы) амалдардан да сүйүктүүрөөк амал аткарыла турган эч бир күн жок». Ибн Аббас (р.а.) Пайгамбарыбыздын ﷺ мындай дегенин риваят кылат: «Аллах үчүн Зуль-хижжанын алгачкы он күнүндө кылынган ибадат, башка айларда кылынган ибадаттардан сүйүктүүрөөк». Сахабалар: «Оо, Аллахтын Элчиси! А түгүл Аллах жолундагы жихад дагы Зуль-хижжанын алгачкы он күнүндө кылынган ибадаттан сүйүктүү эмеспи?!» — деп сурашканда, Аллахтын Элчиси: «Ооба, жихад дагы Аллахка андан сүйүктүү эмес. Бир гана жанын жана малын тобокелге салып Аллах жолуна чыгып, кайра кайтпай калган шахиддин жихады гана андан абзел», — деп жооп берген (Бухари, Тирмизи).
Бул күндөр — мусулмандар үчүн Аллахтын алдындагы даражасын өзгөртүүгө жана өзгөчө Андан жардам тилөөгө берилген чоң мүмкүнчүлүк.
1. Ыкластуу ниет жана Аллахка кадам таштоо
Бул күндөрдүн улуулугу сырткы иш-аракеттерден эмес, ыймандын абалынан башталат. Дал ушул ыкластуу ниет ибадатты жандуу, ал эми амалдарды кабыл кылат. Көптөгөн адамдар бирдей эле иштерди жасашат, бирок бирөөсү Аллахка жакындаса, экинчиси сооптон куру калат, анткени алардын ниеттери жана жакындашуудагы чечкиндүүлүгү ар башка.
Зуль-хижжа — бул мусулман адам бир саатка токтоп, Жараткан Аллахтын алдындагы өз абалына саресеп салышы керек болгон убакыт. Бул күндөр өтмүштүн, Кыямат күнүн жана бир гана ыкластуу тообо адамдын тагдырын өзгөртүүгө кудуреттүү экенин эске салат.
2. Намаз — кул менен Роббинин ортосундагы эң улуу байланыш
Ыйман келтирүү жана түз ниет кылгандан кийинки эң улуу амал — намаз болуп эсептелет. Бул күндөрү намаздын баалуулугу дагы да жогорулайт. Анткени Аллах бул берекелүү учурда жасалган ар бир салих амалды жакшы көрөт. Зуль-хижжадагы намаз — бул жөн гана милдет эмес, Жаратканга бүткүл жүрөк менен жакындашуу мүмкүнчүлүгү. Момун адам өз иштерин, түйшүктөрүн жана каалоолорун Аллах үчүн таштап намазга турганда, ал: «Мына мен Сенин алдыңдамын, оо Аллахым», — деп чакырыкка жооп бергендей болот.
Аллахтын Элчиси ﷺ айткан: «Саждаларды көп кыл, анткени ар бир сажда үчүн Аллах сенин даражаңды көтөрөт жана күнөөңдү өчүрөт» (Муслим).
Бул күндөрү ибадатты жандандыруу өзгөчө маанилүү: намаздарды өз убагында окуу, нафил (кошумча) намаздарды көбөйтүү, түнкүсүн Аллахтын алдында көбүрөөк туруу. Дал ушул түнкү сааттар жүрөк таш боордуктан тазаланып, Роббиге болгон жакындыктын таттуулугун сезе турган убакыт болуп саналат.
3. Орозо — напсини тыюу жана сабырдуулук ибадаты
Зуль-хижжанын алгачкы тогуз күнүндө орозо кармоо — улуу сүннөттөрдүн бири. Бул ибадат адамдардан жашыруун болуп, толук бойдон Аллахка гана белгилүү. Дал ушул себептен орозо Анын алдында өзгөчө орунга ээ.
Аллахтын Элчиси ﷺ Зуль-хижжанын тогуз күнүндө дайыма орозо кармаганы тууралуу айтылат. Өзгөчө Арафа күнү: «Арафа күнүндөгү орозо өткөн жана келе жаткан жылдын күнөөлөрүн жууйт деп Аллахтан үмүт кылам» (Муслим).
Орозо адамды сабырдуулукка, моюн сунууга жана ыкластуулукка үйрөтөт. Ал напсинин каалоолорун сындырып, адамга Жараткандын алдындагы өзүнүн алсыздыгын эске салат. Мусулман адам Аллахтын ыраазычылыгы үчүн адал нерселерден да баш тартканда, ал моюн сунуу аркылуу Аллахка болгон сүйүүсү каалоолорунан жогору экенин көрсөтөт.
4. Дуба — жүрөктүн тили
Аллахтын эң улуу мээримдүүлүктөрүнүн бири — Өз кулдарына Ага түз кайрылууга уруксат бергени. Ортомчуларсыз, тоскоолдуктарсыз, каалаган убакта жана кандай гана абалда болбосун дуба кыла алат.
Жараткан Аллах айткан:
وَقَالَ رَبُّكُمُ ٱدۡعُونِيٓ أَسۡتَجِبۡ لَكُمۡ
«Мага дуба кылгыла, Мен силерге жооп берем» (40:60). Жана:
وَإِذَا سَأَلَكَ عِبَادِي عَنِّي فَإِنِّي قَرِيبٌ
«Эгер Кулдарым сенден Мен жөнүндө сурашса, Мен (аларга) жакынмын» (2:186) деген.
Бул күндөр — сансыз дубалардын убактысы. Адам Аллахтан көп сурай турган убакыт: кечиримди, жүрөктүн тазаруусун, диндеги туруктуулукту, мусулмандарга жардамды, өз үй-бүлөсүнүн жана үммөттүн амандыгын, ошондой эле каапырлык менен Тагут режимдердин үстүнөн болчу жеңиштин жакындашын суроо мүмкүнчүлүгү.
Аллахтын Элчиси ﷺ айткан: «Ибадаттын эң абзели — бул дуба» (Ибн Аббас).
Зуль-хижжадагы дуба — бул жөн гана өтүнүчтөр эмес. Бул Аллахтын алдында өз муктаждыгыңды көрсөтүү, өз алсыздыгыңды моюнга алуу жана адамдын, дегеле Жараткандын жардамына өзгөчө муктаж болуп турган бүтүндөй үммөттүн абалын бир гана Аллах оңдоого кудуреттүү экенине бекем ишенүү.
5. Зикир жана такбирлер — жүрөктүн жанданышы
Бул күндөр — Аллахты эскерүү (зикир кылуу) күндөрү. Момундун тили такбир, тахмид жана тахлилдер менен толуп, ал эми жүрөгү ыйман менен Аллахтын улуулугун сезип турушу керек.
Ат-Табарани Ибн Умардан жеткирген хадисте Аллахтын Элчиси (с.а.в.) мындай деген:
«Аллахтын алдында ушул он күндөн улуураак күндөр жок жана бул күндөрдө жасалган амалдардан сүйүктүүрөөк иш жок. Ошондуктан, бул күндөрдө тахлилди (Ла илаха илла Ллах), такбирди (Аллаху акбар) жана тахмидди (аль-Хамду ли Ллах) көбүрөөк айткыла».
Ошондуктан, мусулман адам «Аллаху акбар», «Ла илаха иллаллах», «Альхамдулиллах», «Субханаллах» деп айтканда, ал өз жүрөгүн жандандырат жана ким үчүн жашап жатканын, кимдин кулу экенин эстейт.
Андыктан, сахабалардын доорунда базарлар, үйлөр жана көчөлөр такбирлерге толгон сыяктуу, бул күндөрдө да такбирлерге толушу керек.
6. Түнкү ибадат жана Куран окуу
Зуль-хижжанын түндөрү — бул Аллах менен жалгыз калуу убактысы. Дал ушул түнү адам ызы-чуудан жана дүйнө түйшүгүнөн алыс, өз Роббиси менен жалгыз калат. Жараткан Аллах айткан:
تَتَجَافَىٰ جُنُوبُهُمۡ عَنِ ٱلۡمَضَاجِعِ يَدۡعُونَ رَبَّهُمۡ خَوۡفٗا وَطَمَعٗا
«Алардын капталдары төшөктөрүнөн ажырап (түн ичинде туруп), Коркуу жана үмүт менен өз Роббисине дуба кылышат» (32:16).
Түнкү намазга туруу жүрөктү тазалайт, жан дүйнөнү жумшартат жана адамды ыкластуулукка жакындатат. Дал ушул түндүн тынчтыгында төгүлгөн тообо көз жаштары Кыямат күнүндө кутулууга себеп болот. Бул күндөрү Куран окуу жөн гана расмийлик эмес, терең ой жүгүртүү жана Аллахтын сөздөрү менен жүрөктү тирилтүү болушу шарт.
7. Садака жана адамдарга кам көрүү
Жандуу жүрөктүн белгилеринин бири — жоомарттык. Бул күндөрү мусулман адам адамдарга пайда алып келүүгө жана алардын абалын жеңилдетүүгө умтулушу керек.
Аллах айткан:
ٱلَّذِينَ يُنفِقُونَ أَمۡوَٰلَهُمۡ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ
«Өз мал-мүлктөрүн Аллах жолунда сарптагандарга… өз Роббисинин алдында сыйлыктар бар» (2:262).
Аллахтын Элчиси ﷺ дагы мындай деген: «Суу отту өчүргөндөй, садака да күнөөлөрдү өчүрөт (жууйт)» (Ат-Тирмизи).
Муктаждарга жардам берүү, туугандарга колдоо көрсөтүү, адамдарды тамактандыруу, жетимдерге кам көрүү — мунун баары саясий-коомдук аң-сезимдин көрүнүшү жана бул берекелүү күндөрдө улуу соопторго себепчи болот.
8. Курмандык — Аллахка моюн сунуунун белгиси
Курмандык чалуу — бул жөн гана майрамдык салт эмес. Бул Аллахка моюн сунуунун жана Анын ыраазычылыгы үчүн эң жакшы көргөн нерсесин курман кылууга даярдыктын көрүнүшү.
Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: «Курман айт күнү Аллах үчүн курмандыкка чалынган малдын канын агызуудан да сүйүктүүрөөк амал жок» (Ахмад).
Курмандык Аллахтын ыраазычылыгы үчүн эң кымбаттуу нерсесин курмандыкка чалууга даяр болгон Ибрахимдин (алейхис салам) тарыхын эске салат. Дал ушул себептен курмандыктын чыныгы мааниси — анын каны менен этинде эмес, жүрөктөгү такыбалыкта.
9. Даават жана жакшылыкка чакыруу
Бул күндөрдөгү эң улуу амалдардын бири — акыйкатты жайылтуу жана адамдарга Аллахты эске салуу менен мусулмандык милдеттерди аткарууга чакыруу болуп саналат.
Жараткан айткан: «Момун эркектер жана момун аялдар — бири-бирине жардамчы (дос). Алар жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтарышат» (9:71).
Даават — бул адамдарга туура жолду табууга болгон мээримдүүлүк жана кулдары үчүн өз Роббисинен келген жетекчиликти орнотууга көмөктөшүү. Даават — бул мусулманда жайбаракат жашоодон чыгып, шариатты аткаруу жана Аллахка ибадат кылуу жоопкерчилигине өтүүгө болгон ыкластуу каалоонун бар экендигинин далили. Шариат милдеттерин аткарууну жана бүтүндөй Ислам түзүмүн жашоого киргизүүнү эске салуу — алар үчүн кутулуунун себеби болушу мүмкүн. Андыктан, бул күндөрү жеке ибадат менен чектелбестен, адамдар арасында Исламды жандандырууга умтулуу өзгөчө маанилүү. Бул жеке жана коомдук жолугушуулар, илим алуу, насаат айтуу, үлгү болуу жана чын жүрөктөн чыккан сөз аркылуу ишке ашырылат.
Корутунду
Зуль-хижжа айынын алгачкы он күнү — Жараткан Аллахка жакындашууну издеген мусулмандар үчүн баалуу күндөр, бул адамдын өнүгүүсүндө жана инсан катары калыптанышында толук өзгөрүүсүнө себеп боло алат. Бул күндөрдө тообо эшиктери ачык, амалдардын сооптору эселенип көбөйөт жана Аллахтын Өз кулдарына болгон мээрими өзгөчө көрүнөт.
Бул күндөр — мусулман адам өз жүрөгүн намаз, орозо, дуба, зикир, садака жана жакшылыкка чакыруу менен жандандыра турган күндөр. Бул күндөрү жөн гана амалдарды аткаруу эмес, бүткүл умтулуу менен Аллахка жакындаш керек.
Аллах Таала бул күндөрдү ыкластуулук менен тосуп алууну, ибадат менен өткөрүүнү жана андан күнөөлөрүбүз кечирилип, тазаланып чыгууну насип кылсын. Амин.
Абды Шүкүр
