Бейиш бактары

Сухайл ибн Амрдын Исламга кириши

Сухайл ибн Амрдын Исламга кириши

Вакидий, ибн Асакир ибн Саъд жана Хаким «ал-Мустадрак» китебинде Сухайл ибн Амр (р.а)дан рыбаят кылышынча, ал мындай деди: «Расулулла (с.а.в) Меккеге жеңиш менен кирип келгенден кийин, мен үйүмө жашырынып, эшикти жаап алдым жана уулум Абдулланы Мухаммад (с.а.в)дан мен үчүн амандык сурап келүүгө жибердим. Себеби, мен өлтүрүлүүдөн кооптонор элем». Ошондон кийин Абдулла ибн Сухайл барып: «Я Расулулла, атама амандык бересизби?» – деди. Расулулла (с.а.в): «Ооба, ал Алланын амандыгы менен аманда. Алдыма келе берсин», – деди. Кийин Расулулла (с.а.в) айланасындагы кишилерге карап: «Силерден ким Сухайлга жолукса, ага жаман назар менен карабасын. Ал жашырынган жайынан тышкарыга чыга берсин. Ант болсун, Сухайл акылдуу жана урматтуу адам. Ошондой адамдын Исламдан бейкабар болушу жарашпайт. Ага эмне тагдыр кылынган болсо, ага эч нерсе пайда бере албайт (т.а. Алланын кадарын кайтарууда эч бир иш пайда бере албайт)», – деди. Ошондон кийин Абдулла атасынын алдына кайтып, ага Расулулла (с.а.в)дын сөздөрүн жеткизди. Ошондо Сухайл: «Ал киши (т.а. Пайгамбар алайхис-салам) – Аллага касам – жаштык чагында да жакшы адам эле, жашы улгайганда (т.а. азыр) да жакшы адам», – деди. Сухайл бул сөздөрдү басып туруп айтар эле. Ал Расулулла (с.а.в) менен бирге Хунайн казатына чыккан убакта да мушрик эле. Ал-Жиърона деген жайда Исламга кирди. Расулулла (с.а.в) ошол күнү ага Хунайн олжолорунан жүз төө берди.

Ибн Асакир Умар ибн Хаттаб (р.а)дан рыбаят кылат. Умар айтты: «Фатх күнү Расулулла (с.а.в) Меккеде эле. Ал киши Сафван ибн Умайяга, Абу Суфян ибн Харбга жана Харис ибн Хишамга адам жиберди. Ошондо мен: «Алла бизди алардан үстөм кылды. Мен алардын эмне иштер кылганын албетте жакшы билемин», – дедим. Ошондо Расулулла (с.а.в): «Мени менен силердин мисалыңар Юсуф алайхис-саламдын өз агаларына:

}لاَ تَثْرِيبَ عَلَيْكُمُ الْيَوْمَ يَغْفِرُ اللَّهُ لَكُمْ وَهُوَ أَرْحَمُ الرَّاحِمِينَ{

– «Ал айтты: «Бул күнү силер айыпталбайсыңар. Алла силерди кечирет. Ал зат ырайым кылуучулардын ырайымдуурагы»,  [12:92]

деп айткандай абалдабыз», – деди. Муну угуп, мен оозумдан ылайыксыз сөз чыкты бекен деп, Расулулла (с.а.в)дан уялып кеттим. Анткени, Расулулла (с.а.в) аларга карата жогорудагы сөздөрдү айтты».

Ибн Занжавайхтын «Амвал» аттуу китебинде болсо, Ибн Абу Хусайн аркылуу мындай рыбаят кылынат: Расулулла (с.а.в) Меккени фатх кылып, Байтуллага кирди, кийин чыгып, колдорун эшиктин эки четине койду. Бир аз унчукпай туруп: «Эми эмне дейсиңер?», деди. Ошондо Сухайл ибн Амр: «Сиздин акыңызга жакшы нерселерди айтабыз жана жакшы күмөн кылабыз. Сизди сахаваттуу-жоомарт боордош жана сахаваттуу боордоштун перзенти деп билебиз. Чындыгында, сиз жеңишке жетиштиңиз», – деди. Ошондо Пайгамбарыбыз: «Мен да силерге боордошум Юсуф айткандай,

}لاَ تَثْرِيبَ عَلَيْكُمُ الْيَوْمَ{

– «Бул күнү силер айыпталбайсыңар»,       [12:92] деп айтам», – деди.

Байхакий да Абу Хурайрадан кудум ушундай хадисти рыбаят кылды. Анда ушул сөздөр бар эле: Алар: «Биз силер жөнүндө боордоштун перзенти, абакенин перзенти, жумшак дил, ырайымдуу киши дейбиз», дешти жана бул сөздү үч жолу айтышты. Ошондо Расулулла (с.а.в): «Мен силерге Юсуф (а.с) айткандай:

}لاَ تَثْرِيبَ عَلَيْكُمُ الْيَوْمَ يَغْفِرُ اللَّهُ لَكُمْ وَهُوَ أَرْحَمُ الرَّاحِمِينَ{

– «Ал айтты: «Бул күнү силер айыпталбайсыңар. Алла силерди кечирет. Ал зат ырайым кылуучулардын ырайымдуурагы»,  [12:92] деймин», – деди. Ошондон кийин алар кудум кабырдан чыккандай болуп, Исламга киришти. Байхакийдин дагы айтышынча, имам Шафий Абу Юсуфтан бул кысса жөнүндө ушундай икая кылат: Пайгамбарыбыз алар мечитке жыйылышкан убакта аларга: «Силерге карата мени эмне иш кылат деп ойлойсуңар?» – деди. Алар: «Жакшылык кылат деп ойлойбуз. Анткени, сиз сахаваттуу боордошсуз. Сахаваттуу боордоштун пензентисиз», – дешти. Ошондо Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Кете бергиле, силер азатсыңар», – деди.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button