Нуайм ибн Масъуд (р.а)

Нуайм ибн Масъуд (р.а)
Нуайм ибн Масъуд сергек, акылман, эпчил, айлакер бир жигит эле. Бирер проблема жана кыйынчылык ага тоскоолдук кыла албайт эле. Ал Алла тарабынан берилген болжолу туура чыгуу жөндөмү, тапкырлыгы жана абдан зиректиги менен айырмаланып турган…
Ошол эле учурда ал Исламга чейин көңүл ачууну жана турмуш шаттыктарын жактырчу. Медина жөөттөрү туурасында көбүрөөк ушул ырды ырдап жүрөт эле. Ошондуктан, көңүлү бирер ырчы аялды каалап калганда же сезимдерге берилмекчи болгондо коому жашап турган Нажддан чыгып Мединаны көздөй жөнөчү жана ал жерде жөөттөрдүн шаттыктарынан пайдаланчу… Ушул тараптан Нуайм Мединага көп каттаган жана ал жердеги Бану Курайза жөөттөрү менен мамилеси бекем эле. Алла өз пайгамбарын хидаят жана акыйкат дин менен жиберип, адамзатты азиз кылып, Мекке кеңдиктеринде Ислам нуру жайылган убакта Нуайм ибн Масъуд напсисин эркин коё берип жүргөн эле… Ошондуктан, жаңы диндин турмуш шаттыктары жана ырахаттарына тоскоолдук кылышынан коркуп, андан жүз үйрүдү. Кийин тез эле Исламдын ашынган душмандарынын сабына кошулду жана ага каршы кылыч курчанды. Бирок, Нуайм ибн Масъуд «Ахзаб» казаты күнүндө Исламий мамлекеттин тарыхында жаңы барак ачты. Бул баракка согуш айлаларынан ажайып бир кысса жазып койду дейсиң, тарых аны өтө көп тафсилаттары менен риваят кылган. Бул тарых акылман, зирек баатырды окуясын таңдануу менен эскерип келүүдө…
Нуайм ибн Масъуд кыссасынан кабардар болуу үчүн азыраак артка кайтуу керек. Анткени, «Ахзаб» казатынан мурунураак Мединадагы Бани Назир жөөттөрүнүн бир тобу козголоңго чыкты. Алардын жетекчилери Расул (с.а.в)га чабуул кылып, ал киши алып келген динди жок кылмакчы болушту… Ушундай максатта Меккеге, Курайш уруусуна келишти. Аларды мусулмандар менен согушууга үндөштү. Алар Мединага жетип келген убакта аларга кошулууга убада беришип, бул үчүн анык мөөнөт белгилешти. Андан соң, алардан чыгып, Нажддагы Гатафан уруусуна жол тартышты. Аларды да Ислам жана анын пайгамбарына каршы тукуруп, жаңы динди тамыры менен жоготууга чакырышты. Бирок, өздөрү менен Курайш ортосундагы келишимди сыр сакташты. Аларга да Курайшка бергендей убада беришип, келишилген мөөнөттү айтышты.
Курайш жөө жана атчан аскерлери менен Меккеден өз жетекчиси Абу Суфян ибн Харб башчылыгында Мединага карай жолго чыкты. Гатафан уруусу да өзүнүн аскерий даярдыгы менен Нажддан Уяйна ибн Хисн Гатафаний башчылыгында жолго чыкты. Гатафан уруусунун алдыңкы саптагы жигиттеринин арасында Нуайм ибн Масъуд да бар эле… Расул (с.а.в)га алардын жолго чыккандыгы жөнүндөгү кабар жетип келгенде, сахабаларын чогултуп, эмне кылуу туурасында кеңешти, кыскасы, көп сандуу бул кошуунду Мединадан тосуу үчүн анын айланасына хандак казууга токтом кылынды.
Мекке менен Нажддан бастырып келе жаткан бул эки кошуун Медина астаналарына жакындашары менен Бани Назир жөөттөрүнүн жетекчилери Мединада жашоочу Бани Курайза жөөттөрүнүн жетекчилеринин алдына барышып, аларды Пайгамбарга каршы согушка кирүүгө үндөп, Мекке менен Нажддан кирип келе жаткан кошуундарга жардам берүүгө чакыра башташты. Ошондо Бани Курайза жетекчилери аларга мындай дешти: Биздин каалообуз жана арзуубуздагы нерсеге даъват кылдыңар, бирок, биз менен Мухаммаддын ортосунда Мединада тынч-таттуу жашашыбыз үчүн аны менен келишим түзүп, согуш аракетин токтотуу шартына негизделген келишим бар экендигин да, аны менен түзүлгөн келишимдин сыялары али куруй электигин да силер жакшы билесиңер… Эгер ушул согушта Мухаммад жеңишке жетишсе бизге катуу чабуул кылышынан жана кыянатыбыздын жазасына бизди Мединадан бүтүндөй жок кылышынан коркобуз, – дешти. Бирок, Бани Назир жетекчилери аларды убаданы бузууга үндөп, Мухаммадга кыянат кылууга кызыктырды. О.э. бул жолу анын жеңилишин баса белгилешти. Бани Курайза жөөттөрү тез эле алардын айткандарына көнүп, Расул (с.а.в) менен түзүлгөн убадаларын бузушат… Өздөрү менен анын ортосунда келишим жазылган баракты жыртып салышты… Бул согушта «Ахзаб» сабына кошулганын жарыя кылышты… Бул кабар мусулмандарга чагылган тийгендей эле таасир кылды…
«Ахзаб» кошуундары Мединаны курчап алып, анын калкынан тамак-ашты үзүп койду. Расул (с.а.в) душмандын «азуусунда» калганын сезди… Мисалы, Курайш менен Гатафан Медина тышкарысынан мусулмандарга каршы топтолуп турган болсо… Бани Курайза Медина ичкерисинде мусулмандардын артынан ыңгайлуу учурду аңдып, даярданып турган эле… Кала берсе, мунафыктар жана дилдеринде мерези бар кимселер да дилдериндеги мерездиктерин тилдерине чыгарып, мындай деп сайрай башташты: Мухаммад бизге Кисро жана Кайсардын казыналарына ээ болушубузду убада кылган эле. Мына бүгүн болсо эч кимибиз ал тургай, ажатканага баруу үчүн да өзүбүзгө ишенбей жатабыз! Кала берсе, согуш кызыган убакта аялдар, жаш-балдар жана үйлөргө Бани Курайза чабуул кылып калышынан коркобуз, – дешип топ-топ болуп, пайгамбарыбызды таштап, таркап кете башташты. Ал тургай, Расулулла (с.а.в) менен бирге бир нече жүздөгөн ишеничтүү ыймандуу кишилер гана калды. Жыйырма күндөй уланган камал түндөрүнүн биринде Пайгамбар (с.а.в) Роббисине кайрылып дуба кылып:
«اَلَّلهُمَّ إِنِّيْ أُنْشِدُكَ عَهْدَكَ وَوَعْدَكَ… اَلَّلهُمَّ إِنِّيْ أُنْشِدُكَ عَهْدَكَ وَوَعْدَكَ…»
«Эй Роббим, мен Cенин убадаңды жүзөгө чыгарышыңды жалбарып сураймын», – деп эки жолу айтты.
Нуайм ибн Масъуд ошол түнү көздөрү жумулбастан, түндү уйкусуз өткөрүп, төшөктө толгонуп жаткан эле. Ал ачык асмандагы жылдыздарга тигилип, узак пикир жүргүзө баштады… Өзүнө-өзү суроо берип жаткан эле! Бул адамга жана анын жанындагы адамдарга каршы согушуу үчүн бул жерден узактарда жайгашкан Нажддан эмнеге келдиң? Эмне үчүн? Сен тартып алынган укукка жардам берүү үчүн же тебеленген намысты коргоо үчүн согушуп жаткан жоксуң, тескерисинче, анык бир себепсиз согушуу үчүн келгенсиң… Сендей акылдуу бир адамдын бирер бир себепсиз согушуп, өлтүрүшү же өлтүрүлүшү туурабы? Шоруң кургур Нуайм… Өзүн ээрчигендерди адилеттүүлүккө жана туугандар менен барды-келди кылууга буюруп жаткан бул жакшы адамга каршы эмне үчүн кылычыңды кынынан сууруп жатасың? Ал алып келген хидаят жана акыйкатка ээрчиген сахабаларынын канына найзаңды булгоого сени эмне мажбурлап жатат? Нуайм менен жүрөгүнүн ортосунда болуп жаткан бул күчтүү маекти чечүүчү анык бир токтом бөлүп жиберди да, ошол замат аны ишке ашыруу үчүн козголду.
Нуайм ибн Масъуд түн караңгылыгында коому жайгашкан жерден акырын чыгып, Расулулла (с.а.в) тарапка карай жөнөдү. Набий (с.а.в) аны өз алдында турганын көрүп: «Нуайм ибн Масъудсуңбу», – деди.
Ал: Ооба, я Расулулла, – деди.
Пайгамбарыбыз: «Мындай убакта эмнеге келдиң?» – деди.
Ал: Алладан башка кудай жоктугуна, сиздин Алланын пендеси жана Пайгамбары экениңизге жана сиз алып келген нерсе акыйкат экенине күбөлүк берүү үчүн келдим, – деди.
Андан кийин кошумчалап: Акыйкатта, мен мусулман болдум, я Расулулла, Исламга киргенимди коомум билбейт… Мага каалаган ишиңизди буюруңуз, – деди.
Ошондо Пайгамбарыбыз (с.а.в):
«إِنَّمَا أَنْتَ فِيْنَا رَجُلٌ وَاحِدٌ… فَاذْهَبْ إِلَى قَوْمِكَ وَخَذِّلْ عَنَّا (ضَعْضَعْ هِمَّةَ عَدُوِّنَا وَأَوْهِنْ قُوَّتَهُ) إِنِ اسْتَطَعْتَ، فَإِنَّ الْحَرْبَ خِدْعَةٌ…»
«Сен биздин арабызда бир адамсың… Коомуңдун алдына барып, мүмкүнчүлүк болсо аларды коркууга түшүрүп, күч-кубатын алсыраткын… Себеби, согуш – бул алдоо», – деди.
Ал: Куп болот, я Расулулла (с.а.в), Кудай кааласа, жакында сизди курсант кыла турган нерсени көрөсүз, – деди.
Нуайм ибн Масуд ошол замат Бани Курайзага барды. Алар менен илгертен достук мамилеси бар эле… Аларга эй Бани Курайза, менин силерге болгон достугум жана ишеничтүү экендигимди жакшы билесиңер, – деди.
Алар: Ооба, сенин эч бир шектүү иш кылганыңды билбейбиз, – дешти.
Ал: Бул согушта Курайш менен Гатафандын абалы башкача, – деди.
Алар: Кандайча? – дешти.
Ал: Силерге келсек, бул шаар силердин шаарыңар. Мында мал-дүйнөңөр, перзенттериңер жана үй-бүлөңөр бар. Аларды башка жерге көчүрүп алып кете албайсыңар…
Курайш менен Гатафанга келсек, алардын өлкөсү да, мал-дүйнөсү, перзенттери жана үй-бүлөлөрү да башка жерде… Алар Мухаммад менен согушканы келишти. Силерди аны менен түзгөн келишимди бузуп, ага каршы көмөктөшүүгө чакырышкан эле, силер көндүңөр. Алар бул согушта жеңишке жетишсе учурдан пайдаланышат. Аны жеңе алышпаса, силерди таштап, өз өлкөлөрүнө тынч гана кайтып кете беришет. Ошондо ал (т.а. Мухаммад) силерден катуу өч алат… Аны менен жалгыз калсаңар ага күчүңөр жетпестигин өзүңөр жакшы билесиңер, – деди.
Алар: Туура айттың. Сенин пикириң кандай?! – деп сурашты.
Ал: Менин оюмча, тээ алардын улууларынан бир канчасын өзүңөрдө кепилдик катары кармап туруп, ошондон кийин гана алар менен бирге согушка киришиңер керек. Муну менен силер аларды өзүңөр менен бирге тээ Мухаммаддын үстүнөн жеңишке жетишкенге чейин, же болбосо силерден да, алардан да акыркы адам калганга чейин согушууга мажбур кылган болосуңар, – деди.
Алар: Туура жана калыс сөздү айттың, – дешти.
Андан кийин Курайштын аскер башчысы Абу Суфян ибн Харбдын алдына барып ага жана жанында тургандарга мындай деди: Эй Курайш жамааты, менин силерге болгон достугумду жана Мухаммадга болгон кастыгымды билесиңер… Мага бир кабар келди. Аны силерге айтып коюуну милдетим деп билдим. Аны менин айткандыгымды ашкере кылбооңорду силерден суранамын…
Алар: Сен үчүн ошондой болсун, – дешти.
Ошондо ал: Бани Курайза Мухаммад менен келишимин бузганына бушайман болуп ага адам жиберип: «Биз кылган ишибизге бушайман болдук… Кайрадан сени менен тынчтык келишимин түзүүгө токтом кылдык. Кыскасы, сен ыраазы бол, биз сага Курайш менен Гатафандын жетекчилеринен көп адамды алып, тапшырсак, сен болсо алардын башын алсаң… Кийин алар менен согушуп, аларды кырышыңа жардам берсек», – деп айттырыптыр. Ошондо Мухаммад аларга адам жиберип «макул» дептир… Ошондуктан, эгер жөөттөр силердин адамдарыңардан айрымдарын кепилдикке кармап турууну сурап адам жиберсе, аларга эч кимди бербегиле, – деди. Ошондо Абу Суфян: Сен кандай ажайып шериксин, – деди.
Кийин Нуайм Абу Суфяндын алдынан чыгып, өз коому Гатафандын алдына келди, аларга да Абу Суфянга айткан сөздөрдү айтып, аларды да ошол нерседен эскертти. Абу Суфян Бани Курайзаны сынап көрмөкчү болуп, аларга уулун жиберип: Атам силерге салам айтып, Мухаммадды камал кылышыбыз созулуп кетти, досторубуз зеригип калды… Биз Мухаммад менен согушуп, андан кутулууга токтом кылдык… Атам мени силерди эртең аны менен бир сапта согушууга чакырып келүү үчүн жиберди, – деп айттырды. Алар: Бүгүн ишемби. Биз ишемби күнү эч кандай иш кылбайбыз. Андан кийин бизде кепилдикте турушу үчүн өзүңөрдүн жана Гатафандын жетекчилеринен жетимишин бермейинче силер менен бир сапта согушпайбыз. Эгер согуш силердин зыяныңарга болуп калгыдай болсо өлкөңөргө кайтып, бир өзүбүздү Мухаммадга таштап коюшуңардан коркобуз… Аларга биздин күчүбүз жетпестигин жакшы билесиңер, – дешти.
Абу Суфяндын уулу кайтып келип, Бани Курайзадан уккандарын айтып бергенде бир добуштан: Маймыл жана доңуздардын балдары кыйроого учурасын. Аллага ант болсун, бизден кепилдик катары бир кой сураганда да бербейт элек, – дешти.
Нуайм ибн Масъуд «Ахзаб»дын саптарын бузуп таштоого жана биримдигин жоготууга жетишти… Алла Курайш жана анын союздаштарынын башына ушундай күчтүү бир шамал жиберип, алардын чатырларын учуруп, казандарын аңтарып, отторду өчүрө баштады… Алар кетүүдөн башка чара таба албай калышып, түн караңгылыгында жөнөп кетишти… Мусулмандар таң аткандан кийин Алланын душмандары артка карай кетип калышканын көрүштү. Өз пендесине жардам берген, Өз аскерин азиз кылган жана «Ахзаб»ды бир өзү жеңген Аллага алкыш-мактоолор болсун, – деп кыйкыра башташты.
Нуайм ибн Масъуд ошол күндөн кийин Расулулла (с.а.в)дын ишенимине кирип, ал зат үчүн бир канча иштерди аткарды, оор жүктөрдү мойнуна алды жана алдында рояны (тууну) көтөрдү. Мекке фатх кылынып жаткан күндө Абу Суфян ибн Харб мусулмандар кошуунун көздөн өткөрүп жатып, Гатафан уруусунун туусун көтөрүп келе жаткан кишини көрүп, жанындагылардан: Бул ким?! – деп сурады.
Алар: Нуайм ибн Масъуд… – дешти.
Ошондо ал: Ал бизди «Хандак» күнү аябай жаман кылган… Аллага ант болсун, ал Мухаммадга ашынган душман эле. Мына эми анын алдында өз коомунун туусун көтөрүп, анын туусу астында биз менен бирге согушканы келе жатат, – деди.

