
Рамазан айынын пазилеттери
Рамазан – ибадат айы жана Аллахты ыраазы кылуу мезгили. Рамазан жакшылык жана берекеге толо ай. Ал – киямул лайл, дуба жана Куръан тилават кылына турган ай. Рамазан – истигфар, тообо жана кечирим суроо айы, рахматтар төгүлүп, тозоктон азат боло турган ай. Ал – сабыр, жихад, фатхтар айы, рамазанда кылынган жакшылыктар эки эсе болуп кайтарылат.
Ошондуктан мусулмандар, Рамазанды “Кош келгин Роббимдин мээримдүү айы” деп кубаныч жана шаң менен тосуп алышат. Хадиси кудсийде келет:
«كُلُّ عَمَلِ ابْنِ آدَمَ لَهُ إِلاَّ الصَّوْمَ فَإِنَّهُ لِي وَأَنَا أُجْزِي بِهِ»
«Адам баласынын бардык амалы өзү үчүн, орозо болсо Мен үчүн. Мен анда пендемди орозо себептүү сыйлык беремин».
Төмөндө ушул берешен айдагы эӊ маанилүү жакшылыктарды эстетип өтөбүз:
Орозо:
Бул айда орозо кармоо рамазандагы эӊ маанилүү устун болуп эсептелет. Бардык мусулмандар орозону кармашса да, бирок, Аллах алдындагы алардын ажр-сооптору ар түрдүү болот. Анткени, ажр-сооп алардын ушул айда Аллахтын Китебинде жана Расулунун Сүннөтүндө буйрулган буйрук жана кайтарууларды кай даражада аткарганы, жеш жана ичүүдөн, түгөйү менен кошулуудан канчалык тыйылганына карап белгиленет. Мындан тышкары, орозого зыян жеткире турган гыйбат, сөгүнүү, жалган сүйлөө жана адепсиздиктен канчалык тыйылганы, орозо өкүмдөрүн, ал эле эмес, турмуштун бардык тармактарында шарият өкүмдөрүн канчалык бекем кармаганына карап белгиленет.
Киямул лайл:
Киямул лайл, таравих, тахажуд булардын бардыгы куфтан намазынан багымдат киргенге чейин аткарыла турган түнкү намаз. Бул айда киямул лайлдын өзүнө жараша пазилети бар. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан:
«مَنْ قَامَ رَمَضَانَ إِيمَانًا وَاحْتِسَابًا غُفِرَ لَهُ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِهِ»
«Ким рамазанда ыйман менен жана сооп үмүтүндө киямул лайлга турса, анын күнөөлөрү кечирилет» (Бухарий жана Муслим риваяты). Демек, ким рамазандын бардык түндөрүндө киямул лайлга турса, Аллах анын күнөөлөрүн кечирет. Киямул лайлдын сообу деп витрге чейин имам менен намаз окушуӊуз – сиз үчүн нур. Расулуллах (с.а.в) айтат:
«مَنْ قَامَ مَعَ الإِمَامِ حَتَّى يَنْصَرِفَ كُتِبَ لَهُ قِيَامُ لَيْلَةٍ»
«Ким витрге чейин имам менен намаз окуса, ага киямул лайл сообу жазылат». (Албаний бул хадисти Сахихи жамиъде сахих деген).
Куръан хатм кылуу:
Рамазан айы – Куръан айы. Аллах Таала рамазан жөнүндөгү аятта Куръанды зикр кылышы – бул айда Куръан окуу жана аны сабак кылуу маанилүү иш экенине далалат кылат. Аллах Таала айтат:
شَهْرُ رَمَضَانَ الَّذِي أُنزِلَ فِيهِ الْقُرْآنُ هُدًى لِّلنَّاسِ وَبَيِّنَاتٍ مِّنَ الْهُدَىٰ وَالْفُرْقَانِ ۚ فَمَن شَهِدَ مِنكُمُ الشَّهْرَ فَلْيَصُمْهُ ۖ وَمَن كَانَ مَرِيضًا أَوْ عَلَىٰ سَفَرٍ فَعِدَّةٌ مِّنْ أَيَّامٍ أُخَرَ ۗ يُرِيدُ اللَّهُ بِكُمُ الْيُسْرَ وَلَا يُرِيدُ بِكُمُ الْعُسْرَ وَلِتُكْمِلُوا الْعِدَّةَ وَلِتُكَبِّرُوا اللَّهَ عَلَىٰ مَا هَدَاكُمْ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ (185) «Рамазан айы, бул айда адамдар үчүн хидаят болуп жана хидаят менен фуркандын (акыйкат менен батылды бөлүүчүнүн) ачык-айкын аяттары болуп Куръан түшүрүлгөн» [2:185].
Пайгамбарыбыз (с.а.в) ар жылы рамазанда Жабраил (а.с.) менен Куръандан сабак кылчу. Бухарий (рахимахулла) риваят кылышынча, «Жабраил (а.с.) Пайгамбарыбызга Куръанды ар жылы бир жолу окуп берчү, көз жумган жылы эки жолу окуп берди».
Ал эми, Куръанды көп жолу хатм кылуу менен аны бир жолу, бирок, тадаббур (пикирлөө, ой-жүгүртүү) менен хатм кылуу ортосундагы абзелдик маселесине келсек, имам Нававий бул жөнүндө мындай деген: «Биздин раъйыбызча, ал адамдарга карап ар түрдүү болот. Ким Куръанды тафаккур кылганда анын назик жактарын жана билимдерин идирек кылып көрө билсе, ал окуганда окуп жаткан нерсесин кеӊири түшүнүү жүзөгө келе турган көлөмгө чектелсин. Кимде ким илим жаюу сыяктуу маанилүү диний иштер жана мусулмандардын жалпы кызыкчылыктары менен алек болсо, ушул ишине зыян жеткирбей турган даражага чектелсин. Кимде ким жогоруда айтылган кишилерден болбосо, оор келбей турган кылып окусун». Нававийдин «Куръан каарылары адеби баяны» китебинен.
Орозо кармагандарга ифтарлык кылып берүү:
Бул жөнүндө сахих иснад менен келген хадисте Пайгамбарыбыз (с.а.в) мындай деген:
«مَنْ فَطَّرَ صَائِمًا كَانَ لَهُ مِثْلُ أَجْرِهِ غَيْرَ أَنَّهُ لاَ يَنْقُصُ مِنْ أَجْرِ الصَّائِمِ شَيْءٌ»
«Кимде ким орозо кармаган адамга ифтарлык кылып берсе, ага орозо кармаган адамдын сообундай сооп берилет. Бирок, орозо кармаган адамдын сообунан эч бир нерсе азайбайт». Бул, орозо кармаган адамга ифтар кылып берген киши үчүн бериле турган үлкөн сооп. Ибн Усаймин айтат: «Хадистин түз мааниси ушул, орозо кармаган адамды бир курма менен болсо да азыктандырган кишиге орозо кармаган адамдын сообу берилет» (Риядус салихин шархы).
Дуба:
Аллах Таала Бакара сүрөсүндө орозо аяттарында бир улуу аятты зикр кылды, бул аят момундун жүрөгүн арзуу жана үмүткө толтурат.
وَإِذَا سَأَلَكَ عِبَادِى عَنِّى فَإِنِّى قَرِيبٌ ۖ أُجِيبُ دَعْوَةَ ٱلدَّاعِ إِذَا دَعَانِ ۖ فَلْيَسْتَجِيبُوا۟ لِى وَلْيُؤْمِنُوا۟ بِى لَعَلَّهُمْ يَرْشُدُونَ
«(Эй Мухаммад) Пенделерим сенден Мен жөнүндө сурашса, Мен аларга жакынмын. Мага дуба кылган кездеринде дуба кылуучулардын дубасын ижабат кыламын. Демек, акыйкат жолго жүрүүлөрү үчүн (алар да) Менин (даъватыма) жооп кылышсын жана Мага ыйман келтиришсин» [2:186].
Мындан, бул айдагы дуба башка айлардагыдан өзгөчө экени маалым болот. Анткени, Аллах Таала бул айды ижабат айы катары белгиледи. Төмөнкү хадисте орозо кармаган адамдын дубасы ижабат болушу анык айтылган. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтат:
«ثَلاَثُ دَعَوَاتٍ لاَ تُرَدُّ: دَعْوَةُ الْوَالِدِ، وَدَعْوَةُ الصَّائِمِ، وَدَعْوَةُ الْمُسَافِرِ»
«Үч кишинин дубасы четке кагылбайт: атанын, орозо кармаган адамдын жана мусапырдын» (Албаний бул хадисти «Силсилатус сахиха» китебинде сахих деген).
Саарлыкты кечиктирүү:
Саарлык – түндүн акыры жана багымдаттан бир аз мурунку убакыт. Зайд ибн Сабит (р.а) айтат: Биз Пайгамбар (с.а.в) менен саарлык кылдык. Кийин намазга турдук. Ошондо, Анас ибн Малик Зайддан: «Саарлык менен азандын ортосунда канча убакыт өттү?» – деп сурады. Зайд: «Элүү аят өлчөмүндө» деп жооп берди (Бухарий риваяты). Мына ушул мубарек убакытта шарт болгон саарлыкты кылуу Аллахты ыраазы кылууга багытталган улуу иш-аракет болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтат:
«تَسَحَّرُوا فَإِنَّ فِي السُّحُورِ بَرَكَةً»
«Саарлык кылгыла. Анткени, анда береке бар» (Бухарий жана Муслим риваяты).
Ифтарды тездетүү:
Ифтарды тездетүү т.а. күн толук батышы менен эле ифтар кылуу да сүннөт. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтат:
«لاَ يَزَالُ النَّاسُ بِخَيْرٍ مَا عَجَّلُو الْفِطْرَ»
«Ырас, адамдар ифтарды тездетишсе, жакшылыгы токтобойт» (Бухарий жана Муслим риваяты). Демек, ифтардагы жакшылык күн батышы менен ифтарды кечиктирбестен кылууда. Ифтарга тиешелүү дагы бир жагдай Пайгамбар (с.а.в) көрсөткөн нерсени керектөөгө умтулуу. Анас ибн Малик Расулуллах (с.а.в)дан риваят кылат: «Пайгамбар (с.а.в) намаз окуудан мурун бир нече жаӊы бышкан курма менен, бышкан курма болбосо, кургак курма менен, эгер аны да таппаса, бир нече жутум суу менен ифтар кылчу» (Албаний бул хадисти Силсилатус сахиха китебинде сахих деген).
Рамазанда умра кылуу:
Аллах алдында рамазандагы умра ажылык менен барабар. Айрым риваяттарда келишинче, рамазандагы умра Пайгамбар (с.а.в) менен бирге ажылык кылууга барабар. Бухарий жана Муслим сахихинде Ибн Аббас (р.а.) Пайгамбар (с.а.в)дан ушул хадисти риваят кылган:
«عُمْرَةٌ فِي رَمَضَانَ تَعْدِلُ حَجَّةً»
«Рамазандагы умра ажылык менен барабар».
Кадр түнүн издөө:
Кадр түнү рамазан айынын акыркы он түнүнүн бири болуп саналат. Туурасы, ал анык белгиленген эмес. Ал ар жылы бир түндөн башкасына көчүп турат. Имам Нававий айтат: «Изилдөөчүлөр айтышты: кадр түнү көчүп турат. Бир жылы 27-түнү болсо, башкасында 23-түнү, дагы башкасында 21-түнүнө туура келет. Ал жөнүндөгү түрдүү хадистерди жамдаса мына ушул маани келип чыгат» (Нававийдин сахихи Муслимге шархы). Бул түндүн фазилети абдан үлкөн, ким аны өткөрүп жиберсе бардык жакшылыктарды өткөрүп жиберет. Аллах Таала бул түндү миӊ айдан жакшыраак деп кабар бериши ал түндөгү ибадаттын сообу үлкөн экенине далил. Аллах Таала айтат:
لَيْلَةُ ٱلْقَدْرِ خَيْرٌۭ مِّنْ أَلْفِ شَهْرٍۢ ٣
تَنَزَّلُ ٱلْمَلَـٰٓئِكَةُ وَٱلرُّوحُ فِيهَا بِإِذْنِ رَبِّهِم مِّن كُلِّ أَمْرٍۢ
سَلَـٰمٌ هِىَ حَتَّىٰ مَطْلَعِ ٱلْفَجْرِ
«Кадр түнү миӊ айдан жакшыраак. Ал (түндө) периштелер жана Рух (т.а. Жабраил алайхис-салам) Роббинин ыктыяры менен (жыл бою кылына турган) бардык иштер менен (асмандан жерге) түшүшөт. Ал (түн) тээ таӊ атканча тынчтык-амандык» [97:3-5].
Ошондуктан, Пайгамбар (с.а.в) акыркы он түндө башкасынан көрө көбүрөөк ибадатка тырышчу. Бухарий жана Муслимде Аиша энебиз Пайгамбар (с.а.в) жөнүндө риваят кылган хадисте мындай дейт: «Пайгамбар (с.а.в) акыркы он күндүк киргенде, түндөрү уктабай, үй-бүлөсүн ойготуп жана ибадатка бекем киришчү». Демек, ушул он күндүктө намаз окуу, дуба кылуу, Куръан окуу, Аллахты эстөө, истигфар айтуу, маъруфка буюруу жана мункардан кайтаруу сыяктуу иштерди кылууга абдан тырышуу керек.
Иътикаф: Иътикаф – Аллахка таат-ибадат кылуу үчүн мечитте туруу. Расулуллах (с.а.в) ушул айда иътикафка олтурганы белгилүү болгону үчүн ушул айда иътикафка олтуруу сүннөтү муаккада болуп эсептелет. Бухарий жана Муслимде Аиша энебиз риваят кылышынча, Пайгамбарыбыз (с.а.в) көз жумганга чейин рамазандын акыркы он күндүгүндө иътикафта отурган. Ал кишиден кийин аялдары да иътикафта отурууну адат кылышкан.
Кимде ким башка амалдарын аткарып, важиб вазыйпаларынан бошосо, ал кишиге акыркы он күндүктө мечитте иътикафка отуруудан абзел нерсе жок.
Тозоктон азат болуу:
Кимде ким тозоктон азат болуучулардын сабына жазылса ал таптакыр тозокко түшпөйт. Бул, Аллахтын фазилети жана ырайымдуулугу менен болот. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтат:
«إِنَّ للَّهِ تَعَالَى عُتَقَاءَ فِي كُلِّ يَوْمٍ وَلَيْلَةٍ – يَعْنِي فِي رَمَضَانَ – لِكُلِّ عَبْدٍ مِنْهُمْ دَعْوَةٌ مُسْتَجَابَةٌ»
«Рамазандын ар күнү-түнүндө Аллах Тааланын тозоктон азат болуучу пенделери болот. Алардын ар биринин дубасы кабыл болот». (Албаний бул хадисти Сахихул жамиъ китебинде сахих деген). Демек, ушул ырайымдуу айда, өзгөчө дубалар ижабат боло турган орундарда Аллахтан тозоктон азат кылышын жалбарып сурап дуба кылышыбыз шарт.
Фитр садакасы:
Фитр садакасы рамазандын акыркы күнүнүн күн батышы менен важиб болот. Фитр садакасын берүүдөгү хикмат – орозо кармаган адамды пайдасыз жана адепсиз сөздөрдөн тазалоо. Абдуллах ибн Аббас (р.а.) айтат: «Расулуллах (с.а.в) орозо кармаган адамды пайдасыз жана адепсиз сөздөрдөн тазалоо жана мискиндерге тамак болушу үчүн фитр садакасын важиб кылды. Ким аны намаздан мурун аткарса, Аллах алдында алгылыктуу садака болот. Ким намаздан кийин аткарса, башка садакалардай болот» (Абу Давуд риваяты).
Момундар үчүн ушул важиб садаканы аткаруу аркылуу Рамазан айы менен коштошуу үлкөн жакшылык жана нур. Ушул себептүү амалыбыз Аллах алдында кабыл алынышына ылайыктуу болот.
Бурана


