Макала

Аялзатынын коомдогу орду

Рамазан рубрикасы

“Ижтимаи түзүм”

Аялзатынын коомдогу орду

Белгилүү болгондой, биз азыр демократия чүмбөтүн жамынган капитализмде жашап жатабыз. Бул капитализмдин келип чыгуу булагы “эркиндиктер” идеялары болуп саналат. Орто кылымдарда пайда болгон бул “эркиндиктер” идеясы мурунтан колдонулуп келген христанчылык динине тескери келет эле, анткени, христианчылык көптөгөн чектөөлөрдөн турчу. Ушундан улам, христиан-динчилдер менен секулярист-светскийлердин ортосунда көпкө күрөш жүрүп, акыры алар “динди турмуштан ажыратуу” деген чечимге келишишкен. Мына ушул капиталисттик акыйда болуп саналат. Б.а. Батышта христианчылык дини турмуштан ажыратылды жана адамдар өздөрү үчүн капитализм деген жашоо системасын түзүп алышты. Ошондон тартып Батыш империалисттери бүткүл дүйнө үстүнөн ушул капитализмди колдонуп келүүдө.

19-кылымда Батыш империялары башка өлкөлөрдү колония кылып алышканда, алгач элдерин кул кылып, байлыктарын тартып алыш үчүн басып алышкан. Колониализмдин бул доорунда Орто Азия өлкөлөрү падышалык Россиянын энчисине тийди. Анда падышалык Россия жергиликтүү  мусулмандарды колониалдык мыйзамдарына баш ийдирсе да, бирок, намазына, хижабына ж.б.у.с. жекече амалдарына чабуул кылган жок. 1917-жылдын башында падышалык кулатылып, демократиялык утурумдук өкмөт түзүлдү, бирок, бир жылга жетпей кулап калды жана советтик бийлик орноду. Ал эми, советтик бийликте андан башкачараак, анын акыйдасы динди жокко чыгаргандыктан, алар акыры түбү динди бүтүндөй жок кылууга урунушу табийгый.

Советтик бийликтин динге каршы күрөшүүсүндө аялзаты өзгөчө бутага алынды. Анткени, атеситтер бияктан элди динсиздендирсе, тияктан диндар аялдар кайрадан таква перзенттерди тарбиялап чыгыра бере турган эгинзарлар эле. Муну каафирлер жакшы түшүнүшкөн. Мына ошондуктан да, алардын ар бир реформаларында аялдарга карата атайын иш-чаралар алып барылып жатты. Мисалы,

– Социалисттик түшүнүккө ылайык, коомго салым кошуучу эмгек кылбаган адам болбошу керек. Ушундан улам, ар бир аял колхоз-совхоздордо мажбурий эмгекке тартылды. Анда гойримахрам аял-эркектер аралаша иштей турган болушту.

– Иштерди башкара турган жетекчи жана кызматчы аялдарды чыгарууга басым жасалды. Натыйжада, Уркуя Салиева сыяктуу аял башчылар жетишип чыгышты. Алардын мындай кылыгын эл жактырган жок. Анткени, ал аялдар иш шылтоосунда жалаң гойримахрам эркектер менен күндөп-түндөп жүрө турган болушту.

– Хижабды чечтирип, жоолукту аркага байлатты. (Аялды “жылаңачтоо эволюциясы” ушундайча башталды, акыры аялды жарым жылаңач абалга алып келди).

– “Тең укуктуулук” урааны астында назик аялдар эркектер менен тең иштей турган болуп калды.

– Коллективдерде аялдар эрлери жок эле, ар кандай харам майрамдарды коллегалары менен майрамдай турган болушту. Табиятка ылайык, мындай абалдар кызганычтарды жаратып, үй-бүлө тынчтыгы бузулду. Бирок, акыры эркектерди даюс кылып тынышты.

– Бир мекеменин эркек башчысы катчылыкка суйкайган аялды тандап ала турган болду.

– Мектептерде уул-кыздар аралаш окуй турган болушту. Ал тургай, бир партада бирден уул-кыз олтурушуна олуттуу көңүл бурулду. Майрамдарда аралаша бийлешип, ийримдерде сүйүшкөндөрдүн, эрди-катындардын ролдорун ойношту. Натыйжада, мектепте окуп жатып төрөп койгондор болду, бирок, алар жаап-жашырылды.

– Мектептен кийинки окуу жайларга кыздарга атайын орун бөлүндү. Кыздарын андай окууларга жөнөтпөгөн ата-энелер “караңгы” эсептелишти. Окуу жайын бүткөн кыздар жоолуктарын чечип салып, чачтарын жайып, шымы жок, юбкачан кайтып келишти. Айрымдарынын аты эле “кыз” келди. Айрымдары атасы дайынсыз перзент төрөп, детдомдорго таштап келишти.

– Кызматта иштеген келин үйүнөн жоолукчан чыгып, кызматына келгенде жоолугун алып сала турган болду, бара-бара таптакыр эле чечип салды. Юбкачан, шымсыз шыйракчан чыгышты. Кыскасы, “жылаңачтануу эволюциясы” уланып жатты.

– Мамлекеттик кызматка алынган кыздардын этеги жаман жеринен жыртылып, аларды эр албай калды.

– Комсомолдук тойлор массалык түр алып, адамдар массалык түрдө мас болуша турган, аялзатынын ар-намысы көп таптала турган саамалыкка айланды.

Негизи, бул советтик жашоого чейин мындай бузукулуктар болгон эмес эле.

Азыркы учурда хижабчан кыздарды мектепке киргизбей жаткан директор аялдар, исламий көрүнүштөргө каршы мыйзамдар демилгелеп жаткан депутат аялдар ж.б.у.с. бардыгы ошол советтик бузгунчулуктун “мөмөлөрү”.

Кийин социалисттик система кулап, советтик мамлекет урап түштү. Курамындагы республикалар жасалма эгемендүү мамлекетчелер болуп калышты. Аларда, алардын катарында Кыргызстанда, капитализм колдонула баштады.

– Эң эле биринчи болуп баягы эркиндиктер: ишеним эркиндиги, мүлк эркиндиги, пикир эркиндиги, керт баш эркиндиги кирип келди. Бул эркиндиктерди турмушта колдонуу менен, жашоодо тири шумдук бузукулуктар массалык түрдө жайылды.

– Капитализмдеги жумушсуздук проблемасы себептүү, эркектердин көбү жумушсуз калып, үй-бүлө жүгүн көтөрүү үчүн аялдар аттанып чыгышты. Натыйжада, эрди-катындын ортосунда жетекчилик үчүн күрөш жүрдү. Эркектер кара күчкө салып, аялга зомбулук көрсөтө башташты, бирок, баары бир аялдардын алдында өз ордун жоготушту, себеби, үй-бүлөнү баккандар ошо аялдар болуп калышты.

– Аялдар миграцияга кетип, эрлер бала-чаканы карап үйдө калышты. Көп абалдарда, үй-бүлө багам деп кеткен аялдар турмуштарынан ажырашып кетишти. Негизи, алар үчүн үй-бүлөдөн өтөр баалуулук жок эле.

– Капитализмде аялдын нафсине жаккан, эркектерди делебесин кызыткан кийинүүлөр, боёнуулар сыяктуу нерселер чокусуна чыкты. Көпчүлүк аялдар бар тапканын ушуга жумшап, куурчактай болуп чыгышты. Бирок, бир тентек бала куурчакты баткакта ойногондой, аялдардын мындай кийимдери, боёктору о.э. намыстары – табиятынан күчтүү наадан эркектер таманында – бир тыйынга арзыбай тапталып калды.

– Капитализмде аялдар көп кордолгондуктан, “адам укуктары” ичинен “аял укуктары”на өзгөчө көңүл бурууга муктажтык туулду. Мисалы, “SEDAW” конвенциясы. Кыргызстан бул конвенцияны 1997-жылы ратификациялаган. Ага кол койгон мамлекеттер эркек жана аялды айырмалоого чек коюуга жана алардын ортосундагы “теңдик”ти моюнга алууга милдеттүү болот. Маселен, анда “үй-бүлөдө эркек жетекчи” деген стереотипти жоготуу, кыздардын турмушка чыгуу курагынын эң төмөнкү чегин белгилөө сыяктуу милдеттенмелер бар.

Бизге аялдар укугун коргоону, “гендерлик теңдикти” үйрөтүп жаткан Батыштын өзүнө назар салсак, аялдардын эң көп кордолушу ошолордо экенин табабыз жана андай көрүнүштөр бизге ошолордон оошуп келе жатат. Муну ар кайсы булактын ар кандай статистикаларынан таба аласыз. Бизде сакталып калган жана жаңыдан пайда болуп жаткан мусулманчылык менталитет себептүү гана, азыр дагы ал жамандыктардын баары кирип келе албай турат.

Кыскасы, аялга карата Батыштан келген жамандыктарды да айтып бүтө албайбыз. Эгер аялдар өздөрүн-өздөрү эле алдабаса, алар социализмден да, капитализмден да жакшылык көрүшкөн жок. Ушуну менен кете берсе, мындан ары да жакшылык көрүшпөйт. Муну эң эле жөнөкөй түрдө мындай эле түшүнүп алсак болот.

Социализмдин аялга карата көз карашы мындай: аял дагы эркек сыяктуу эле адамзатынын бир өкүлү катары – коомдун өнүгүшүнө салым кошуу үчүн(!) – эмгектенип жашоосу керек. Бул дегени социалисттик планды толтуруу үчүн иштей бериши керек… иштей бериши керек… жана да иштей бериши керек…

Капитализмдин аялга карата көз карашы мындай. Капитализмде өлчөө – пайда, ким күчтүү болсо ал пайда ээси болот. Ал башкалардын кызматтарынан өз кызыкчылыктарына пайдаланып жашайт. Эгер аялдын эмгегинен пайдаланыш керек болсо, аны кул катары иштетип пайдаланат. Эгер дене рахатынан пайдаланыш керек болсо, ар кандай ыкмада пайдаланса болот. Эгер буюмуңду аялдын жылаңач денеси аркылуу реклама кылыш керек болсо, анда кыл. Кыскасы, ким күчтүү болсо, ал аялга каалагандай пайдаланышы мүмкүн болгон буюм катары карайт. Бир сөз менен айтканда, капитализмде аял буюм катары эле көрүлөт. Бул орунда “капитализмде аялдар мамлекет башчы болот го” делиниши ыктымал. Бирок, билип коюу керек, мына ошол аял төмөнкү катмардагы эркектердин үстүнөн үстөм болуп жатса да, бирок, саясий чөйрөдөгү эркектердин куурчак-куралы катары кызмат кылат, алардын ар кандай шантаждарынын курмандыгы болот.

Бул социалисттик жана капиталисттик мабдаълардан мурунку иудаизм, индуизм, буддизм, христианчылык сыяктуу “диндерде” аялдарга карата караш булардыкынан да жаманыраак болгон.

Анда качан аялзатынын кадыр-кыйматы ордуна коюлуп, ал кандай коомдо өз ордун табат? Мына ушул жерден адамдар назарына ийри сызыктардын жанына түз сызыкты чийип беришибиз керек, алар ичип жаткан канализация суусунун ордуна замзам суусун сунушташыбыз керек.

– Ислам кыз бала жарыкка келиши менен анын кадыр-кыйматын бийик кылган.

Эгер кыздын үй-бүлөсү ага жакшы камкордук көрүп, ал жаатта Аллахтын аманатын өтөшсө, Аллах аларга жаннат жана анын ниъматтарын убада кылды.

Абу Хурайрадан Расулуллах (с.а.в) мындай дегени риваят кылынат:

«مَنْ كَانَ لَهُ ثَلاَثُ بَنَاتٍ فَصَبَرَ عَلَى لَأْوَائِهِنَّ وَسَرَّائِهِنَّ وَضَرَّائِهِنَّ أَدْخَلَهُ الْجَنَّةَ بِفَضْلِ رَحْمَتِهِ إِيَّاهُنَّ: قَالَ رَجُلٌ: وَابْنَتَانِ؟ قَالَ: وَابْنَتَانِ، قَالَ رَجُلٌ: وَوَاحِدَةٌ؟ قَالَ: وَوَاحِدَةٌ»

«Кимдин үч кызы болуп, аларды багуу кыйынчылыктарына, кубаныч жана капалыктарына сабыр кылса, Аллах аны аларга көрсөткөн ырайымы себептүү жаннатка киргизет. Ошондо бир киши: Эки кызы болсочу? – деп сурады. Пайгамбарыбыз: Эки кызы болсо да деди. Дагы бир киши: Бир кызы болсочу? – деп сурады. Пайгамбарыбыз: Бир кызы болсо да деди».

Эми  салыштырып көрүңүздөр, инстинктерин айбан сымал тизгинсиз коё берген ата мас болуп алып, өз кызына ыдык көрсөтүп жаткан чакта – Аллахка жана Анын жаннатына ыйман келтирген ата – “кызым менин жаннатымдын ачкычы” деген көз карашта, кызын бапестеп багып жатканын салыштырыңыз.

– Ислам өспүрүм кыздын нафакасын үй-бүлөнүн валийсине жүктөдү. Эгер иштейм десе, валий – башкалар кыздын аялдыгынан пайдаланып кетишине жол бербей тургандай – шарттарды түзүп бериши керек. Ошондуктан, гойюр мусулман эркек кызын миграция тургай, жакынкы сапарга да махрамсыз чыгарбайт. Аны акча салсаң болду деп айдап жибербейт, аны өзү багат. Аллах ага аманат кылып тапшырган кызын ар кандай жамандыктардан өз коргоосунда асырайт жана өз убагында турмушка узатат. Ошентип, бул бапестелген бермет-каухарыбыз эринин үйүнө даражасы бийик, кадырлуу, айбаттуу кирип барат.

Батышта болсо, азыр бакира кызды таппайсың. Бакиралыгын жоготкон кыз болмуштар менен эркектер жарандык никеде жашап жүрүп-жүрүп, анан таштап кетишет, мындай кыздардын кадыр-кыйматы кетип бүткөн.

Исламда ал тургай, аял бай болсо да, анын нафакасын эркектин мойнуна жүктөдү. Социализмдегидей мамлекеттик иште эзиле турган кылган жок, же капитализмдегидей бирөөлөргө күң катары кызмат кыла тургандай кылган жок.

– Ислам аялга эне деп карады, перзентке атадан мурун энеге жакшылык кылууну буйруду. Жаннатты эненин таман астында деди. Натыйжада, ыймандуу перзенттер аялга карылык жашында да жаннаттын ачкычы деп карап, урматын ордуна коёт.

– Ислам ар бир аялга анын муктаждыктары жаатында жетиштүү кам көрө турган бир шаръий демөөрчүнү белгиледи, эгер, аялдын жакындарынын эч бир валийи болбосо, анда, анын иши жаатында кам көрүү мамлекет башчыга ваажиб болот.

– Аял эркектин ар намысы. Эркек аялзатын махрамсыз сапарга чыгарбайт, чыкса чогуу чыгып, аны ар кандай жамандыктардан, түйшүктөрдөн коргоп келет. Гойримахрам эркектер менен аралаштырып коё бербейт, аялды жаманатты болуудан сактайт. Аялды авраттары ачык кылып, зыйнаттандырып көчөгө чыгарып жибербейт, суук көздөрдөн, жаман сөздөрдөн асырайт. Аялдар мына ушул нерселерден сакталбагандыктан, бүгүнкүдөй жаман абалга түшүп, татыктуу ордун жоготуп олтурат.

Тыянактап айтканда, Ислам аялга кам көрүлүүчү жана корголуучу ар-намыс деп карайт, ага кам көрүшү жана аны коргошу үчүн өмүр бою аялга бир эркек бекитилип берилет.

Ушуларды түшүнгөндүктөн, Пайгамбар (а.с) Исламды алып келгенде, эң биринчи ыйман келтирген адам да о.э. эң биринчи шахида болгон адам да – аялзатынын өкүлдөрү болушкан.

Муслима аял – Ислам Умматынын эгинзары. Алар ыймандуу, калыс, таквадар, мужаахид перзенттерди жетиштирип чыгарышат.

Ооба, Ислам аялга ушундай караш менен карайт, муслима аял ушундай болот. Демек, бул аялдын каршысындагы эркек да эркектик сыпатына ээ болуш керек. Эгер эркек аялга кам көрө албаса, камкордук кыла албаса, кызгана албаса, коргой албаса – анда анын эмнеси эркек. Исламий түшүнүктү айтпай турганда да, айбанаттардын эркектери да өздөрүнө ылайык сыпаттарды алып жүрүп, ага ылайык иштерди аткарышат го. Мисалы, айгыр үйүрүн башка айгырлардан, жырткычтардан коргойт. О.э. көк жал карышкыр да ушундай кылат (чочколор эле мындай эмес). Эми өзүңөргө карагыла да, ушуларга салыштыргыла. Ислам аялды эркектин ар-намысы кылып белгиледи. Силердин арыңар, намысыңар мына ушуга жараша өлчөнөт. Эгер аялыңар жат эркектер менен хилватта жүрсө, кыздарынарды акча таап кел деп чет өлкөгө айдап жиберсеңер, алар кандай күн көрүп жатканын билбесеңер, демек, силер айбандан да төмөн даражага түшүп кетипсиңер. Муну дайюстук дейт. Эгер айбандан өйдө болсоңор, абалы өз энеңерге, ахли-аялдарыңарга, кыздарыңарга, эже-карындаштарыңарга кам көрүп, аларды жаман сөз, жаман көздөн кызганмаксыңар, суук колдордон коргомоксуңар. Андан кийин жашаган аймактагы аялзаттарга кам көрүп, аларды кызганып, аларды коргомоксуңар. Муну гойюрлук дейт. Бул гойюрлук Умматтагы ар бир эркектин ар бир муслимага кам көрүүсүнө, аны кызгануусуна, аны коргоосуна чейин көтөрүлүп барат. Мына ошондо силер айбандардан өйдө, башка умматтардын эркектеринен да өйдө турган гойюр мусулман эркектер болосуңар. Төмөнкү окуядан анын мисалын көрүп алыңыздар.

Ибн Хишам «Сийрат»та риваят кылышынча, Мадинада Пайгамбар (с.а.в.)дын Бану Кайнука жөөттөрүнө казат башташынын башкы себеби мындай болгон. Бир муслима аял Бану Кайнука базарына кездеме алып келип сатат. Андан соң бир зергердин дүкөнүнө кирип олтурат. Ошондо жөөттөр андан жүзүн ачууну талап кыла баштайт. Аял көнбөйт. Тиги зергер жөөт аялга байкатпай, анын кийимин аркада турган нерсеге байлап коёт. Аял ордунан турганда болсо, авраты ачылып калат. Мына ошондо жөөттөр аны шылдыңдап күлө башташат. Арданган аял жардам сурап кыйкырат. Ошондо бир гойюр мусулман киши муслима карындашынын ар-намысын коргоп, жөөткө арстандай атырылып жетет, кармашта аны өлтүрөт. Андан кийин жөөттөр тиги мусулман азаматты өлтүрүшөт… Мына ушундан кийин мусулмандардын жөөттөргө каршы айтылуу Бану Кайнука казаты жүз берген.

Муътасимдин халифалык доорунда, хижраттын 223-жылы Византия императору Феофил Халифалык чегарасына кол салды. Зибтара калкын кыргын кылып, калганын туткунга алды. Ошондо бир аял “Эй Муътасим ” деп кыйкырды. Жардамга чакырган бул үн акыры халифа Муътасимге жетип барды. Халифа бул аялдын кайрылуусуна “ляббай” деп жооп берди жана кошуунду сапка тартты. Кошуунга өзү баш болуп аттанды. Император Феофил өзү туулуп-өскөн Амурия шаарына жашынууга аргасыз болду. Бирок, баары бир халиф Амурияны фатх кылды, ошентип, ага кайрылган аялдын да, алар менен бирге башкалардын да өчүн алды…

Мына ушундай мамлекет, мына ушундай жетекчи жоктугунан улам, уммат аялдары мына бүгүнкүдөй абалга түшүп калды.

Ал эми, учурдагы бийликтер өз тактылары үчүн жерди-кенди каафир “инвесторлорго” белек кылып берип жатышат, бийлик үчүн элин кул кылып берип жатышат, бийлик үчүн дайюстук кылып, өз жарандары болгон муслималарга каафирлердин кол салуусуна жол ачып берип жатат, бийлик үчүн өз жарандары болгон муслималарды – каафир кожоюндарынын буйругу менен – камактарга таштап жатышат.

Ооба, акимдер ушундай болуп жатат, а калган мусулман эркектерге эмне болду? Акимдериңердин муслималарды камаганына унчукпай карап турасыңар? Же баарыңар саткын, даюс болуп кеттиңерби? Негизи, мункарды көргөндө кайтаруу милдетиңер эле го. Колуңар менен кайтара албасаңар, тилиңер менен кайтаргыла, жада калса, бул да колдон келбесе, эң кур дегенде, коңшу-колоңдор арасында, айыл-шаар ичинде – муслималарды коргоо тууралуу талкууларды кылып – коомдук пикир жараткыла.

Эгер даъватчы муслималарды коргоп калбасаңар, коомдогу аялдарга алардын Исламдагы ордун ким жеткирет. Алардын адашууда жүргөнүн ким айтат да, ийри сызыктар жанына түз сызыкты ким чийип берет?

Эй дайюс эмес гойюр, коркок эмес баатыр эркектер, демек, бул жаатта эл ичинде массалык пикир жараткыла. Анткени, бийлик элдин пикири менен эсептешпей коё албайт. Алар элдин көңүлүн алыш үчүн эмнелерди кылбай жатышат. Ушундан улам, силер Аллахтын алдында өзүңөр жооп бере турган ишти кылгыла. Даъватчы кыздарыбыз менен элибиздеги башка аялдардын ортосуна коюлган тосмолорду алып таштоо үчүн, бул жаатта калк арасында массалык пикир пайда кылгыла, натыйжада, ал пикир бийликти бул тосуктарды жоюуга мажбур кылсын.

Сакофат бөлүмү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button