ТМУ улуттук биримдик идеясынан пайда издөөгө өтүүдө

ТМУ улуттук биримдик идеясынан пайда издөөгө өтүүдө
15-майда Казакстанда “Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү” аттуу бейрасмий саммиттин алкагында өткөн Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) Түркстан саммити, уюмдун улуттук биримдик кыялынан алыстап жатканын көрсөттү.
Эгерде жолугушуунун сырткы жасалгасына эмес, анын мазмунуна кылдат көз салсак, биз баштапкы идеянын салтанатына эмес, анын терең, тектоникалык алмашуусуна күбө болобуз. Узак жылдар бою долбоордун жүзү болуп келген пантүрктүк идеясы капиталисттик пайда издөө идеясына биротоло өз ордун бошотуп берүүдө.
Багыттын алмашуусунун эң айкын далили, технологияга багытталган күн тартиптин масштабы боюнча болуп көрбөгөндөй алга сүрүлүүсүн айтсак болот. Талкуулардын негизги басымы улуттук «боордоштук» сыяктуу бүдөмүк түшүнүктөрдөн жасалма интеллект, санариптик экономика жана космос тарапка ооду. Казакстандын Alem.ai борборунун презентациясы, ири дата-борборлордун долбоорлору жана CubeSat илимий спутнигин биргелешип учуруу боюнча жарыяланган маалыматтын өзү эле көп нерседен кабар берет. Токаев Turkic AI бирдиктүү технологиялык борборун жана катышуучу өлкөлөр үчүн Жасалма интеллект (ЖИ) университетин түзүүнү демилгеледи. Бул Кремлдин саясаты менен алаканы сактап, ошол эле учурда өзү үчүн кандайдыр бир пайда көрүү менен бирге уюм үчүн жаңы, кыйла ыңгайлуу негизге өтүү аракетин билдирет.
Өзгөчө ТМУ «геосаясий, аскердик уюм да эмес» деген билдирүү өзгөчө кескин айтылды. Кабыл алуучу тараптан айтылган бул сөз «Түркий НАТО» катары айтылып жаткан пландарга муздак суу чачкандай эле болду. Эрдоган деле негизги басымды аскердик альянска эмес, кибер коопсуздукка жана коргонуу өнөр жайына жасап, бул пикир менен талашууга аракет кылган жок. Ошондуктан, ар бир өлкө кандайдыр бир деңгээлде өз кызыкчылыгына колдонууга аракет кылып жаткан биримдиктен толук баш тарткысы келбейт. Бирок ошол эле учурда, алар Анкаранын койгон максаттарынан акырындык менен алысташууда.
Эми долбоордун башкаруу борбору, Борбор Азияны көздөй жыла баштады. Карабактан кийин өзүнө ишеними бекемделген Азербайжан жана экономикалык салмагы бар Казакстан негизги кыймылдаткыч күчкө айланууга аракет кылууда. Ал эми Түркия, өзүнүн чоңдугуна карабастан, «инилерин» ээрчитип бараткан жеке лидерликтен алыстап барууда. Казакстандын «Ибрахим келишимдерине» кошулушу да муну ырастайт. Бул Анкаранын тышкы саясий пландарына каршы келген кадам жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз алдынча, бөлөк кызыкчылыктары бар экенин да ачык көрсөтүп турат.
Уюмдагы пайдубалдын мындай алсыздыгы, багыттардын ажырымына алып келүүдө. Анткени уюм идеялык жактан улуттук биримдикке негизделген. Улуттук жана тарыхый биримдиктин жалпы темасын Ислам факторунан бөлүп салуу аны өз максатында пайдаланууга болгон умтулууну башынан эле туңгуюкка такап, аны алсыз кылып койгон. Андыктан, улуттук жана тарыхый биримдик темасын колдонуу, башынан эле натыйжасыз болуп, өзүн-өзү талкалашы айкын болгон. Улутчулдук идеясы, ынтымак менен биримдикке жетелөөчү күчкө айлана алган жок. Бирок алар белгилүү бир багытты карманып алган соң, аны кайра эле капиталисттик эсеп менен “оңдоого” мажбур болушууда. Демек, ТМУ өз негизин аймактагы мусулман элдерин кылымдар бою жогору көтөрүп келген Ислам идеологиясына алмаштыруу аркылуу бекемдебесе, анда ал кайрадан адаттагы прагматикалык «кызыкчылыктар жамаатына» айланат.
Хужжат Жамиа




