
Рамазан рубрикасы
Ижтимаи түзүм
Бала тарбиялоо: социалдык цикл
Исламда бала тарбиялоо – бул жөн гана татаал педагогикалык иш эмес, ал туура инсанды жана бакубат коомду калыптандырууга багытталган Алланын данышмандыгынын ажырагыс бөлүгү. Тарбия жеке өзүн-өзү өнүктүрүү же жеке ийгиликке умтулуу менен гана чектелбейт. Ал инсанды Жараткандын максатына ылайык калыптандыруу катары каралат. Анткени Жараткан адамды жаратып эле тим болбостон, өмүр бою Тарбиячысы катары багыт берип турат. Ыйык Куранда Аллах Таала мындай дейт:
الْحَمْدُ لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِين
«Ааламдардын Роббиси болгон Аллахка мактоо болсун!» (Фатиха, 2).
Мындагы «Робби» деген сөз «Кожоюн» же «Ээси» деген маанини гана билдирбейт. Бул сөздүн негизи – өстүрүү, баскычма-баскыч менен өнүктүрүү жана камкордук менен кемелине жеткирүү деген терең маанини камтыйт.
«Робб» – бул Жараткандын гана эмес, ошону менен бирге бардык нерсени колдоп-кубаттаган, багыт берген жана тарбиялаган Заттын сыпаты. Ошондуктан, биз «Роббиль-ааламийн» (Ааламдардын Раббиси) деп айтканыбызда, Аллах Тааланы бүткүл ааламдын тарбиячысы катары тааныйбыз. Ал Өзү жараткан макулуктарды максатсыз, колдоосуз жана жетекчисиз таштап койгон эмес.
Аллах Таала, алгачкы аяттардан баштап эле бизге бул дүйнө башаламан эмес экенин жана өз алдынча калтырылбаганын эскертет. Аалам Жараткандын көзөмөлүндө жана Анын тарбия жолу менен алга карай багытталган. Инсан, анын өмүрү жана бүтүндөй аалам кароосуз ташталган эмес, тескерисинче, алар дайыма багытталып турат, аларга жол көрсөтүлөт. Эгерде мусулмандар жана ислам коому Кудайдын бул «Тарбиялоо» принцибин өзүндө чагылдыра алса, анда ал коом жакшылыкты жайылтуучу жана бакубаттыкты куруучу чөйрөгө айланат.
Ааламдардын Роббиси болгон Аллах бул дүйнөнү максатсыз жараткан эмес жана адамды өзү эркине таштап койгон жок. Ал Ар-Рахман – бүткүл жанзатты жараткан өтө Мээримдүү жана Ар-Рахим – түз жолго багыттап, чечимдерди берүүчү өзгөчө Ырайымдуу деген ысымдарга ээ.
Бул сыпаттар, Жаратуучунун инсанга болгон туруктуу камкордугу аркылуу билинет. Тагыраагы, түшүрүлгөн вахийлерде, адеп-ахлактык багыттарда, жашоону тартипке салуучу мыйзамдарда жана мусулмандын мүнөзүн, инсандыгын пайда кылган, тазалаган сыноолордо байкалат. Кудайдын «тарбиясы» адамды өмүр бою коштоп жүрөт.
Каапыр системалар бузган азыркы заманбап дүйнөдө, «тарбия» деген түшүнүк «өзүн-өзү өнүктүрүү» деген түшүнүк менен алмаштырылды. Мындай шартта инсан өз эркине ташталып, жашоодогу багыттарды сокур сезим аркылуу издөөгө мажбур жана бул жолдо ал өзүн сактап калуу жана жеке ийгиликке жетүү сыяктуу максаттарды бутага алат. Бирок насаатчысыз сокур сезимдин өзү гана өзгөчө инсанды калыптандыра албайт. Жогорку баалуулуктарсыз жана көзөмөлсүз, өзүн-өзү ийгилике жетелөө аракеттери, өзүмчүлдүккө жана коомдон бөлүнүп калууга алып келет. Ислам бизге бала өзүнүн табиятынын тазалыгы, тактап айтаканда, фитра менен төрөлөрүн көрсөттү. Бирок дал ушул айлана-чөйрө ага түздөн-түз таасир этип, анын келечектеги жолун аныктайт.
Ошол себептен, тарбия төрөлгөндөн башталып, адамдын интеллектуалдык жана социалдык өсүшүндө рухий түзүм менен коштолуп туруусу керек. Инсанды гана эмес, бүтүндөй ислам коомун тарбиялоонун эң мыкты практикалык үлгүсү Мухаммад (с.а.в)дын басып өткөн жолунда көрсөтүлгөн. Ага вахий (аян) аркылуу берилген услуб тек гана куру сөздөрдөн турбастан, адилеттүү жана ырааттуу түзүмдү камтыган. Ал тарбиялоону практикалык система аркылуу ишке ашырган. Бул система бир жагынан мээримдүүлүктү (туура чечимдерди) көрсөтсө, экинчи жагынан так тартиптин жана Жараткандын алдындагы жоопкерчиликти сезүүнүн алкагында болгон.
Үй-бүлө, коомдун өзөгү жана эң алгачкы, эң маанилүү мектеби болсо да, бирок Исламдагы тарбия, үй-бүлө менен гана чектелип калбайт. Баланын ишенимин (ыйманын), мүнөзүн жана адеп-ахлактык багыттарын калыптандырууда ата-эне биринчи кезектеги жоопкерчиликти моюнга алат. Бирок, эгерде коомдук чөйрө баалуулуктарды талкалап жатса, анда үй-бүлөдөгү тарбия аздык кылат. Ошол себептен үй-бүлө, коомчулук, билим берүү системасы жана мамлекеттин ортосунда өз ара шайкештик болушу шарт. Мыйзамдар, маданий саясат жана социалдык колдоо, мунун баары инсандын кадыр-баркын бекемдөөгө жана жакшылыкты өнүктүрүүгө кызмат кылышы керек.
Исламий тарбиянын максаты, жөн гана заманбап түшүнүктөгү «ийгиликтүү инсан» болуу же өзүн-өзү ишке ашыруу эмес. Анын максаты, өзүнүн Жаратканы менен болгон байланышын аңдап билген, инстинкттерин башкара алган, адилеттүүлүккө (Шарияттын аткарылышына) умтулган, рухий жактан күчтүү жана бакубат инсанды калыптандыруу. Мындай инсан, ислам коомуна жана ислам мамлекетине пайда келтирүүгө, ошондой эле чындыктын нурун дүйнөнүн төрт бурчуна жеткирүүгө кудуреттүү болуусу шарт.
Ошентип, Ислам тарбиясы, бул көзөмөлсүз «өзүн-өзү өнүктүрүү» жараяны эмес. Бул адам баласынын жашоосундагы Ислам түзүмүнүн практикалык деңгээлде иш жүзүнө ашырылуусу. Дал ушул иш менен, Жараткандын даанышмандыгы жана көздөгөн адилеттүүлүгү жер жүзүнө орнойт. Ааламдардын Роббиси болгон Жараткан, инсандын өсүп-өнүгүүсү жана кемелине жетүүсү үчүн атайын тартипти белгилеп койгон. Бул системаны кармануу – жоопкерчиликтүү, өнүгүүгө жөндөмдүү жана бүткүл дүйнөгө жакшылыкты (Шариятты) жайылтуучу мусулман муундарды калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кийинки макалаларыбызда биз бала тарбиялоодогу ата-эненин, коомдун жана мамлекеттин ролу менен милдеттерин өз-өзүнчө кенен талдайбыз.
Бурана




