Бейиш бактары

Кечээги жана бүгүнкү күндүн аалымдары

Кечээги жана бүгүнкү күндүн аалымдары

Алла Таала илим жана аалымдардын кадыр-баркын бийик кылып аларды неъматтар менен сыйлады. Жада калса, кургактыктагы айбанаттардан тартып, суудагы балыктарга чейинки болгон махлукаттарды мындай адамдарга салават айта турган кылып койду. Термизий Абу Умама Бахилийден рыбаят кылынган хадисте айтат: Расулулла (с.а.в)дан эки киши, обид (такыба адам) менен аалым жөнүндө сурады. Ал зат: «Аалымдын обидден абзелдиги, силердин эң төмөнкүңөрдөн менин абзелдигим сыяктуу», – деди. Андан соң, Расулулла (с.а.в) айтты: «Албетте, Алла Таала, периштелери, жер жана асмандар калкы, өз ийнинде жаткан чимели, ал тургай балыктар да адамдарга жакшылыкты үйрөтүп жаткан аалымдарга салават айтышат». Себеби, аалымдар себептүү адамдар адал жана арамды таанышат, Алла ыраазы боло турган көрүнүштө, чындап ибадат кылышат, аалымдардын жоктугу үммөт үчүн кыйроо болот, аалымдар жоголсо илим да жоголот, динсиздик жайылат, адамдар жаратуучу калып махлукка ибадат кылышат, акыбетте адамдар илимсиз фатва бере турган, өздөрү адашып, башкаларды да адаштыра турган жахил башчыларга ээрчишет».

Бухарий Урвадан рыбаят кылган хадисте Урва айтат, Абдулла ибн Амр бизге хужжат келтирип, Расул (с.а.в)дын мындай дегенин укканмын деди: «Албетте, Алла Таала илимди силерге бергенден кийин аны кайра тартып алып койбойт, бирок аны аалымдардын илимдери менен бирге кошуп алып коюу менен адамдардан тартып алып коёт. Акыбетте, фатва суралса өз раъйы боюнча фатва берип адаштыра турган жана өзү да залалатка кете турган жахил адамдар гана калат». Умар ибн Хаттаб илим жөнүндө мындай деген: «Түндөрү уйкусуз болуп намаз окуй турган жана күндүзү орозо кармай турган миң обиддин өлүмүнөн Алланын адал жана арамын биле турган бир акылдуу кишинин өлүмү оорураак».

Албетте, аалымдар адамдар арасындагы ката пикирлер жана бузук акыйдаларды түзөтүшөт, алардын алдындагы шахс акимби же карапайым адамбы, ага карабастан, жаманатты кылуучунун жаманаттысынан коркпостон кайрат, ачыктык жана өткүр пикир менен акыйкат сөздү айтат. Ачыктык, пикир, шариятка тескери нерсени кабыл кылбастык жана батылга жакындашпастык алардын адаты болот. Ал нерселер мусулманга важып болсо, аалымдар үчүн дагы да важып. Себеби, аалым Алланын Раззак, жан алуучу, жан берүүчү, зыян жана пайда келтирүүчү жана ар бир нерсенин ээси экендигин анык билет. Момун аалымдын калбына адамдарга коркуу сала турган коркунуч жана коркоктук кире албайт. Калк аны урмат кылса, башчылар андан айбыгат, анын сүйлөгөн сөзү калкты аракетке келтирип, султандарды титиретет. Мунун бирден-бир себеби болсо, Алла аны азиз кылып берип койгон жана калбында зыйнаттап койгон илим болуп саналат. Алла Азза ва Жалла адамзатты Ислам менен азиз кылып койгон убакта, ушундай аалымдар жетишип чыкты. Аларды жакшы көрүү, салабаттуулук жана таква ороп турат. Алар салтанат жана күч-кубатка жетишкен сайын туура жолдон адашкан акимдерди колдорунан кармап тыйышат. Акимдер өз өкүмдөрү пайдасына алардан бирер фатва жана пикирди сууруп ала алышпайт. Акимдер ушул аалымдардын астанасында эч кандай муктаждыксыз туруп калгандарында өздөрүн кор абалда көрүшөт.

Имам Шафий айтат: Мен Меккеден чыгып чөлгө алардын сүйлөшүү ыкмасы жана кулк-мүнөздөрүн үйрөнүү үчүн бардым, себеби, алар чечен арабдар эле. Мен алардын ичинде – алар кайда барышса барып, каерге түшсө түшүп – 17 жыл жүрдүм. Андан кийин Меккеге кайттым жана арабдарда болуп өткөн окуялар, кабарлар жана адабият жөнүндө сүйлөп берип жана ырларды жазып жүрдүм. Бир күнү абамдын уулдарынын бири өтүп калып мага мындай деди: эй Абу Абдулла, бул лугат, бул чечендик жана фикх жөндөмдүүлүгү менде болбогондугу жаман болгон, болбосо сен заманыңдын саййиди болор элең. Мен: Сиз билгендерден ким калдымбы?,- дедим. Ал: Ушул күндөрдө мусулмандар саййиди болуп турган Малик ибн Анас, – деди. Муну көңүлүмө түйүп коюп «Муватто»ну табууга аракет кыла баштадым. Бул китепти Меккедеги бир кишиден аманатка алып, аны тогуз күндө жаттап чыктым.

Кийин Мекке валийинин алдына кирип, анын Медина валийине жазган катын алып, аны Медина валийине жеткирдим. Ал катты окугандан кийин: «Эй жигит, Мединадан Каъбага чейин жөө жалаң басып барышым мен үчүн Малик ибн Анастын эшиги алдына барууга караганда жеңилирээк, анткени, мен анын эшиги алдында турганымда кордукту көрөмүн», – деди. Ошондо мен: Алла амирди оңдосун, эгер адам жөнөтсөңүз ал өзү келет го, – дедим. Амир сөзүмдү угуп: Ал кишинин келишине көзүм жетпейт, өзүбүз чаң-тозоңго батып барып айрым муктаждыктарыбызга жетишип келсек да чоң иш болот, – деди. Ошондон кийин, ал киши менен асрга убадалашып, баарыбыз чогуу бардык. Аллага ант болсун, ал киши айткандай болду.  Шафиий айтат: Бир киши барып эшикти такылдатты. Алдыбызга бир кара күң чыкты. Амир ага: Кожоюнуңа менин келгенимди айт, – деди. Ал кирип кетти жана бир аз күтүп калды. Андан кийин ал чыгып: Кожоюнум сизге салам айтты, эгер сурай турган нерсеңиз болсо кагазга жазып берет экенсиз, ал киши жообун чыгарат экен, эгер маектешмекчи болсоңуз анда межлис күнү арызданасыз, – деди. Амир ага: Кожоюнуңа айт, мен ага Медина валийинин бир маанилүү иши жөнүндө жазган катын алып келдим, – деди. Күң ичкери кирип кетти жана отургуч көтөрүп чыкты. Кийин Малик ибн Анас салабаттуулук жана айбат менен чыгып келди. Ал узун бойлуу, көркөм сакалдуу карыя болчу. Ал киши отургучка отурду. Ошондо, амир ага катты узатты. Малик катты окуп «бул адамдын иши, муктаждыгы бар экен, ал менен сүйлөшүп абалына карап мамиле кылсаңыз» деп жазылган жерине жетип келгенде катты ыргытып жиберди жана «Субханалла, эми Расулулла (с.а.в)дын илими ортомчулар аркылуу алына турган болуп калдыбы», – деди. Ошондо валийге карасам анын сүрүнөн оозуна келме келбей калыптыр. Ошондон кийин, өзүм алдыга чыгып: Алла сизди оңдосун, мен бир максат менен келдим, – деп ал кишиге өзүмдүн абалымды баян кылдым. Ал сөзүмдү уккандан кийин мага бир аз тигилип калды. Ал парасаттуу адам экен. Ал мага: Атың ким? – деди. Мен: Мухаммад – дедим. Ал: Эй Мухаммад, Алладан таква кыл жана күнөөлөрдөн алыс бол, анткени, сен бийик кадыр-баркка жетишесин, – деди. Ошондон кийин Малик: Жакшы, эртең келесиң жана сага окуп бере турган киши да келет, – деди. Мен: Өзүм окуй беремин, – дедим. Эртеси күнү бардым жана китепти колума алып жатка окуп бере баштадым. Качан Маликтен сүрдөп окуганды токтотмокчу болгонумда, чырайлуу окушум жаккандыктан ал: Уланта бер, – деди. Ошентип бир аз күндөр ичинде китепти окуп бүттүм. Ошондон кийин Малик ибн Анас көз жумганга чейин Мединада туруп калдым». Эй аалымдардын аалымы, сизди Алла өзүнүн кең рахматына алсын. Сиз Мединада турган маалыңызда эч ким фатва бере албайт болчу.

Ислам өкүмдарлык кылган убакта аалымдар ушундай болчу. Алардын ичинде Саид ибн Жубайр, Жаъфар-ус-Садык, Ахмад ибн Ханбал жана башка бир канча улуу аалымдар бар болчу. Алардын айрымдары шейит болушту жана айрымдары азапталышты. Алар илими менен сыймыктанышпады. Ал тургай, Исламий үммөт Ислам менен өкүм жүргүзүүнү жоготкондон кийин да бир канча уламалар кудум ушул жолду улантып кадыр-баркка жетишти. Алар айрым кимселерге окшоп диндерин дүйнөнүн арзыбаган матасына сатышпады. Алар Алланын ыраазылыгын издеп жана Расулунун жолун тутуп акимдер жана адамдарга насаат кылып өтүштү. Алар Хасан (р.а): «Алланын пенделери арасында калыс Алла үчүн насаат кылуучу кишилер ар дайым табылат. Алар пенделердин иштерин Алланын китебине салып көрүшөт, ага туура келсе Аллага хамд айтышат, тескери келсе, адашкандын залалаты менен туура тапкандын хидаятын Алланын китеби менен билдиришет. Мына ошолор Алланын халифалары», – деп айткандай кишилер болушту. Абу Исхак Ибрахим ибн Муса аш-Шатибийдин «ал-Эътисом» китеби, 1-том, 34-бет.

Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө аалым деп аталган кишилердин эки топко бөлүнүп калганын көрүп турабыз. Биринчи топ: Үммөткө түрдүү азаптарды салып жаткан акимдердин этегине жабышып, алардын батыл иштерин чырайлуу көрсөтүүгө урунуп, аларды коргошот. Акимдер болсо, аларга телеканалдарды, басма сөз, радио жана журналдарды ачып беришкен. Алар Холиктен коркуунун ордуна махлуктан корко турган батыл «микрофонго» айланып калышкан. Ошондуктан, алардын адамдар алдында да жана акимдер алдында да айбаты жок. Ушул топтун «улама»лары бирер мансапка олтурушу менен эле «дапдаяр фатвалар»га аларды окубастан эле мөөр басып жиберүү үчүн фатва креслосуна бекем жабышып алышат. Бирок, мындай кимселердин доору өттү, Үммөт аларга ишенбей калды. Ал тургай, алардын бирөө жарымына расмий наам берилишинин өзү аны айыптоого жетиштүү нерсе болуп калды.

Экинчи топ «аалымдары» болсо, бир бурчтарга жана мечиттерге кирип алышты. Алар радио, басма сөз жана ар түрдүү маалымат каражаттарында чыгышып адамдарга мусулмандардын тагдырий маселелерине тиешеси болбогон шаръий өкүмдөрдөн таалим беришүүдө. Бул «аалым»дар адамдын Жаратуучусу менен боло турган мамилесине тиешелүү фикхти кыйналып, көп убактысын сарптап үйрөнүштү да, бирок, адамдын өзүнө окшогон адамдар менен, мамлекет жана коомчулук менен боло турган мамилесине тиешелүү фикхти болсо этибарсыз калтырышты. Мисалы, намаз, орозо, ажылык, нике, талак, мурас жөнүндөгү өкүмдөрдү үйрөнүштү да, бирок, жихад, олжо, халифалык, казылык, хирож сыяктуу өкүмдөрдү үйрөнүшпөдү. Турмуштук проблемаларды чече турган өкүмдөрдү таштап, рухий жана ахлакий маселелерди гана үйрөнүштү. Бул сыяктуу «аалым»дар акимдерге бирер коркунуч туудурбагандыктан, акимдер аларга майданды кең ачып беришти. Бирер аким аларга кысым көрсөтпөйт, тескерисинче, аларды зыярат кылып, кылып жаткан бул иштерине шыктандырат. Мындай кимселердин үммөткө абдан чоң коркунучу бар. Себеби, алар Исламды бөлүктөргө бөлүп үйрөнүшөт жана үммөттү уктатышат. Бул сыяктуу «аалымдар» менен талкууга киришип, аларга Ислам куллий фикрат, инсандын проблемаларынын амалий чечими экенин, фикхтин бир түрүнө гана чектелип алуу шариятты арзыбас нерсе кылып көрсөтүү экенин, ошондуктан, Исламий фикхти толук үйрөнүү керектигин уктуруу ылазым. Анткени муну менен, аларда окуп-үйрөнүүгө кызыгуу ойгонуп саясатка тиешелүү өкүмдөр болгон калк менен боло турган мамилелерге тиешелүү шаръий өкүмдөрдү окуп-үйрөнүп чыгышсын, адамдардын бири-бири менен боло турган мамилелерге тиешелүү өкүмдөрдү үйрөнүп чыгышсын, жаза-чаралар жана документтерге тиешелүү өкүмдөрдү окуп-үйрөнүп чыгышсын. Мына ошондо Исламдагы фикх жөнүндө толук элестетүү пайда болот.

Мамлекетке тиешелүү өкүмдөр фикхтен эмеспи акыры? Ошондуктан, Халифалыкка тиешелүү шаръий өкүмдөрдү этибарсыз таштап коюу ката жана адашуу болуп эсептелет.

Ибадаттарга тиешелүү шаръий өкүмдөрдү бул өкүмдөрдү колдонууга тиешелүү болгон шаръий тарыйкат менен байлабастык ката жана адаштыруу болуп эсептелет. Шаръий тарыйкат – намаз окубаган адамды же рамазанда эч бир үзүрсүз орозо тутпай турган кимсени жазалоочу мамлекеттин бар болушу. Анткени, Ислам турмуштун бардык тармактарын: экономика, саясат, ижтимаий турмуш, мамлекет жана башкарууну өз ичине алуучу кемчиликсиз дин. Өкүмдөрдү мына ушундай көрүнүштө үйрөнүп чыкпастык кишини – мейли ал аалым болсо да – күнөөгө батырып коёт. Себеби, ал важыптын аткарылышына алып бара турган нерсени таштаган болот. Себеби, важып Ислам негизинде өкүм жүргүзө турган Пайгамбарлык минхажындагы Исламий мамлекет болгон туура жолду тутуучу Халифалык.

Бул мамлекет ага тиешелүү өкүмдөрдү окуп үйрөнүү жана адамдарга да таалим берүү аркылуу гана жүзөгө келет. Себеби, бул шаръий өкүмдөрдү аң-сезимдүү түрдө түшүнүп жетүү мамлекетти вужудга келтирүүдөгү негизги факторлордун бири. Муну менен болсо, окуп-үйрөнүү – кең көлөмдүү жана окуп-үйрөнүүчү үчүн илим пайда кылуучу, шахс жана мамлекетте болсо коом үчүн аракет кылууну пайда кылуучу окуп-үйрөнүү болот. Натыйжада Халифалык, олжо жана жихадга тиешелүү өкүмдөрдү окуп-үйрөнүүгө болгон зор кызыгуу о.э. улуу Халифалык долбооруна аракет кылуу жүзөгө келет. Ошондо бүткүл ааламдар Роббисинин ыраазылыгына жетишилет. Муну менен болсо, уламалардын мына ушул топту – эгер алар текебер болбой жупуну, калыс кишилер болушса – сапка тартуу ишке ашат.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button