Комментарий

Араб медиасы вакыйлыкты жеткиреби же аны кайра калыптандырабы?

Бисмиллахир Рахманир Рахим

Араб медиасы вакыйлыкты жеткиреби же аны кайра калыптандырабы?

Учурдагы окуялар өтө ылдам өзгөрүп жатат. Ар бир жаңы окуяда элдин көңүлү араб медиасына бурулат. Бул медиа вакыйлыкты түшүнүүнү кайра калыптандырган терезе катары каралат.

Бирок салттуу араб медиасы кабарды жеткирүүдө көз карандысыздыкка да, бейтараптуулукка да ээ эмес. Тескерисинче, ал башкаруучу режимдерге баш ийген медиа болуп саналат. Ар бир медиа каражаты өзү эфирге чыккан өлкөнүн мыйзамдарына баш ийет. Ал эми мусулман өлкөлөрүндөгү башкаруучу режимдер өз элдеринин мойнуна минген кызматчы режимдер. Алар зулум, кысым кылуучу режимдер болуп саналат. Анткени аларды колонизатор Батыш пайда кылган, андыктан бул режимдер моюн сунган кызматчы болуп эсептелишет. Ошондуктан араб медиасы ушул режимдердин максаттарына жана күн тартибине кызмат кылат.

Бул режимдердин эң башкы артыкчылыктарынын бири – элди адаштыруу, чындыктарды жашыруу, көрсөтүлүшү керек болгон нерсени жашырып коюу жана мааниси жок нерсени ашкере чоңойтуу. Башкача айтканда, бул медиа саясаты вакыйлыкты көргөзүүнү каалаган формага ылайык кайра калыптандырат.

Вакыйлыктан мисалдар:

  • «Акса ташкыны» операциясы: андан кийин яхудий түзүмүнүн армиясы жүргүзгөн геноцид согушу болду. Араб медиасы муну мужахиддер яхудий армиясына жалгыз каршы тура алат деген көрүнүштө көрсөттү. Ошентип көрүүчүнүн ой жүгүртүүсүн мусулман армиялары кайда?! – деген негизги суроодон алыстатты. Натыйжада мужахиддер жалгыз өзүлөрү яхудий армиясына гана эмес, бүткүл дүйнөгө каршы бетме-бет калтырылды.
  • Катар окуясы: яхудий түзүмүнүн армиясы Катарда ХАМАС жетекчилери жашаган мейманкананы бомбалаганда, анын амири болгону яхудий түзүмүнө үзүр айтуу менен гана чектелди!
  • Аймактык кагылыш: Америка жана яхудий түзүмүнүн Иранга каршы согушунда, Иран Булуң өлкөлөрүндөгү Америка аскерий базаларын урганда, араб медиасы муну Америкага жооп катары эмес, Булуң өлкөлөрүнө каршы чабуул катары көрсөттү. Мунун максаты мусулман өлкөлөрүндө бул базалар эмне үчүн бар? – деген негизги суроодон көрүүчүлөрдүн көңүлүн буруу эле. Ошондой эле Иранды кол салуучу, ал эми яхудий түзүмү менен Американы жабырлануучу катары көрсөтүүгө аракет кылышты.

Ошентип бул адаштыруу ошол режимдерге Иран ракеталарын тосуп алуу үчүн ракетага каршы системаларын иштетүүгө жана өлкөлөрүнүн аба мейкиндигин яхудий учактарына ачууга шылтоо болуп берди. Натыйжада алар кожоюну Американын буйруктарын аткарып, анын аскерий базаларын коргоону ишке ашырышат.

Бул жерде дагы бир нерсени белгилеп өтүү зарыл: Иран режими кызыкчылыктар дал келген учурда Америка менен бир багытта жүрүп, аны менен иш алып барган. Анын Иракта, Сирияда, Ливанда жана Афганистанда ойногон жийиркеничтүү ролу да унутулбайт. Бирок Иран жери Ислам жери жана анын калкы мусулмандар. Ал эми андагы башкаруу режими болсо мусулман өлкөлөрүндөгү башка режимдер сыяктуу эле залим, зөөкүр жана байлыктарды талап-тоногон режим. Араб медиасы көрүүчүлөрдү ушул чындыктарга көңүл бурууга чакырышы керек эле, бирок ал муну жасабайт. Анткени ал көз каранды жана саясий багытталган медиа.

Бул салттуу көрүнүштүн каршысында социалдык тармактар альтернатива мейкиндиги катары өзүн көрсөтө баштады. Кабарларды аң-сезимдүү түшүнүк жана жогорку ишенимдүүлүк менен жеткирген эң маанилүү платформалардын бири катары Хизб ут-Тахрир платформалары өзгөчө көрүнөт. Алар окуялардын чыныгы жүзүн көрсөтүп, көрүүчүлөрдү туура түшүнүккө багыттайт. Мисалы, «ал-Вакия» каналы. Бул канал окуяларды кеңири талдап, анализинде негиз катары Ислам акыйдасын алат. Мындай терең талдоо көрүүчүлөрдү аң-сезимдүү кылууга жана аларды туура жолго багыттоого кызмат кылат. Ошентип, алар чындыкты билүү менен гана чектелбестен, түп-тамырынан өзгөрүү үчүн аракет кылууга да үндөшөт. Анткени мусулмандардын башына түшүп жаткан бардык балээлердин себеби яхудий түзүмүн жана Американын кызыкчылыктарын коргогон ошол саткын режимдер.

Бул башкаруучулар Халифалык мамлекети кулатылып, талкалангандан кийин мусулмандар чачырап калуусу үчүн бийликке алып келинген. Ошондуктан Хизб ут-Тахрир үммөттү ойготуп, анын күчүн кайра калыбына келтирүү үчүн, пайгамбарлык минхажы негизинде Халифалык мамлекетин тикелеп, исламий жашоону кайра баштоого чакырып иш алып барууда.

Бул жерде Хизб ут-Тахрир чыгарган «Халифалык мамлекетинин жихаздары» китебинде медиа тууралуу айтылган сөздөрдөн бир үзүндү келтирем:

«Маалымат даъват жана мамлекет үчүн маанилүү иштерден болуп эсептелет. Ушул себептен улам, ал адамдар кызыкчылыктары менен алектене турган идарага караштуу кызыкчылыктардын бири эмес, балким, анын орду өз алдынча башкармалык катары халифага түздөн-түз байланыштуу болуп, анын иши мамлекеттин башка жихаздары сыяктуу.

Исламды күчтүү, таасирдүү көрүнүштө баяндаган өзүнө хос маалымат саясатынын болушу адамдар пикирин Исламга, аны үйрөнүүгө жана ал жөнүндө пикир жүргүзүүгө карай аракетке келтирет о.э. исламий өлкөлөрдүн Халифалык мамлекетине кошулушун жеңилдетет. Мындан тышкары, маалыматтын көпчүлүк иштери мамлекетке ушунчалык байланыштуу болгондуктан, аны халифанын буйругусуз ачыктап болбойт. Бул нерсе аскерий иштерге тиешелүү ар бир нерседе жаркын көрүнөт. Мисалы, кошуундардын аракеттери, жеңиштери же жеңилиши жана аскерий өнөржайлар жөнүндөгү маалыматтар сыяктуу. Мындай маалыматтардын халифага түздөн-түз байланыштуу болушу шарт. Анткени, эмнени жашыруу керек, эмнени таркатып жарыя кылуу керектиги жөнүндө халифа чечим чыгарат.

Мунун далили Китеп жана Сүннөт.

Китептен далил Алла Тааланын мына бул сөзү:

﴿وَإِذَا جَاءهُمْ أَمْرٌ مِّنَ الأَمْنِ أَوِ الْخَوْفِ أَذَاعُواْ بِهِ وَلَوْ رَدُّوهُ إِلَى الرَّسُولِ وَإِلَى أُوْلِي الأَمْرِ مِنْهُمْ لَعَلِمَهُ الَّذِينَ يَسْتَنبِطُونَهُ مِنْهُمْ﴾

«Качан аларга (согушка кеткен мусулман аскерлер жөнүндө) тынчтык же коркунуч (жеңиш же жеңилүү) кабары келсе, аны жайып жиберишет. Эгер (алар өздөрүнө келген кабарды ар кимге жайып жибербестен) пайгамбарга жана өздөрүнөн чыккан башчыларга жеткизишкенде, аны (мына ушул кабардын акыйкатын) билмекчи болгон кишилер ошолордон билишкен болоор эле». (Ниса: 83).

Бул аяттагы маани кабарлар жөнүндө.

Сүннөткө келсек, Ибн Аббастын Мекке фатхы туурасындагы хадиси далил болот. Бул хадисти Хаким «Мустадрак»та риваят кылып, Муслим шартына ылайык аны сахих деген. Захабий болсо макулдаган. Анда минтип айтылган: «Маалыматтар Курайшка белгисиз болуп калып, аларга Расулулла  ﷺ жөнүндө кабар келбегендиктен, эмне кыларын билишпес эле». Дагы Абу Саламанын ибн Абу Шайбадан келтирген мурсал хадиси:

«ثم قال النبي ﷺ لعائشة: جهزيني ولا تعلمي بذلك أحداً،… ثم أمر بالطرق فحبست، فعمى على أهل مكة لا يأتيهم خبر»

«Кийин Набий  ﷺ Айшага: «Мага нерселерди даярда. Бул жөнүндө эч кимге билдирбе…», – деди. Андан кийин буйрук берди, жолдор жабылды. Кыскасы, Мекке калкына кабар барбай калды».

Ушуга ылайык, маалымат жихазы негизги эки чөйрөнү өз ичине камтышы керек:

Биринчи: Анын иши аскерий иштер, аскерий өнөржай, эл аралык алакалар сыяктуу мамлекетке тиешелүү маалыматтар туурасында.

Бул чөйрө ушундай маалыматтарды түздөн-түз көзөмөлдөйт. Кыскасы, алар маалымат жихазынын кароосунан өтпөстөн туруп мамлекет же жеке маалымат каражаттары аркылуу ачыкталбайт.

Экинчи: Анын иши башка маалыматтарга да тиешелүү болуп, аларды көзөмөлдөө кыйыр түрдө болот. Мамлекеттик маалымат каражаттарына же жеке маалымат каражаттарына өз кабарларын ачыкташы үчүн эч кандай уруксатнаманын кереги жок.

Мамлекеттин маалымат саясаты

Мамлекеттин маалымат саясаты боюнча кең көлөмдүү пландарын баяндаган мыйзам шаръий өкүмдөргө ылайык чыгарылат. Мамлекет Ислам жана мусулмандарга кызмат кылышы, бекем биригишкен, Алланын арканын бекем карманган исламий коомду курушу үчүн жүрөт. Жакшылыктар ушул мыйзамдан жана ушул негизде жайылат. Бузук пикирлерге да, адашкан, адаштыруучу сакофаттарга орун калбайт. Ал ушундай бир исламий коом дейсиң, сасык жытты сүрүп чыгарып, жыпар жыт таркатат, ааламдар Роббиси – Аллага тасбих айтат». (Аягы).

Андыктан, мусулмандар бүгүнкү өздөрү жашап жаткан кейиштүү вакыйлыкты өзгөртүү үчүн аракет кылган адамдар менен бирге аракет кылышы керек. Бул – Хизб ут-Тахрир менен бирге пайгамбарлык минхажы негизинде Халифалык мамлекетин тикелеп, исламий жашоону кайра баштоо аркылуу ишке ашат. Анткени бул Аллах Субханаху ва Тааланын убадасы жана адамдардын мырзасы Мухаммад ﷺ  берген сүйүнчүсү.

Аллах Таала айтат:

﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَىٰ لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُم مِّن بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْناً يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئاً وَمَن كَفَرَ بَعْدَ ذَٰلِكَ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ﴾.

«Алла силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум илгери өткөн (ыйман-ишенимдүү) заттарды (жер жүзунө) халифа өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүнө халифа – орун басар кылууну жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин, үстөм-бекем кылууну, ошондой эле аларды (Меккеде көргөн) коркунучтарынан кийин, (Мадинада) тынтык-бейпилдикке бөлөп койушун убада кылды. Алар Мага ибадат кылышат жана Мага бир да иерсенн шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин (нематка) күпүрдүк кылса, демек алар баш ийбес адамдар». (Нур: 55).

Жана Пайгамбар ﷺ айтты:

«تَكُونُ النُّبُوَّةُ فِيكُمْ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ مُلْكًا عَاضًّا فَيَكُونُ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ يَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ مُلْكًا جَبْرِيَّةً فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ. ثُمَّ سَكَتَ».

«Силердин араңарда Пайгамбарлык Алла каалаганча болот, кийин Алла каалаганда аны көтөрөт. Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги халифалык болот жана ал Алла каалаганча болот. Кийин Алла аны көтөрүүнү каалаганда көтөрөт. Кийин зордукчул падышалык болот жана ал Алла каалаганча болот. Кийин Алла аны көтөрүүнү каалаганда көтөрөт. Кийин жабыр көрсөтүүчү падышалык болот жана ал Алла каалаганча болот. Кийин Алла аны көтөрүүнү каалаганда көтөрөт. Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот». Ушуну айтып бүтүп унчукпай калды».

Умму Асим Ат-Тавил –  (Палестина)

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button