Комментарий

Колонизатордук саясаттын чыныгы жүзү: союздаштан баш тартуу. Катардагы афган качкындарынын тагдыры

Колонизатордук саясаттын чыныгы жүзү: союздаштан баш тартуу. Катардагы афган качкындарынын тагдыры

Жаңылык:

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Трамп администрациясы учурда Катарда калып калган 1100 афган жарандарды АКШга киргизүүнү каалабай жатканын ырастады. Алар АКШнын Афганистанды жыйырма жылдык басып алуусу учурунда америкалык армия, чалгын кызматтары жана башка америкалык мекемелер менен иштешкен.

Рубио Вашингтон аларды башка өлкөлөргө жайгаштыруу боюнча бир катар мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтып, азырынча коопсуздукка байланыштуу чектөөлөр алардын АКШга киришине тоскоол болуп жатканын белгиледи.Буга чейин «Afghan Evac» уюму АКШ бул афгандардын айрымдарын Конго Демократиялык Республикасына көчүрүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирген.

Өткөн жылдын аягында Вашингтон шаарында афган качкыны катышкан ок атуу окуясынан кийин кырдаал дагы татаалдашты. Ошол окуянын негизинде Дональд Трамп он эки өлкөнүн жарандарынын АКШга киришине чектөө киргизген, алардын арасында Афганистан да бар.

Комментарий:

Катардагы бул афгандардын оор абалы жөн гана миграция маселеси же визаларга байланышкан бюрократиялык талаш-тартыш эмес. Тескерисинче, ал адамдарды кадыр-баркы жана укуктары бар инсан катары эмес, саясий, аскерий жана коопсуздук максаттарына жетүүчү курал катары караган колонизатор капиталисттик түзүмдүн чыныгы табиятын ашкерелейт. Афганистанды басып алуу учурунда бул адамдарды жалдап, мактап, америкалык кызыкчылыктарга кызмат кылдырууда аларга таянышкан. Ал эми бүгүн алардын тагдыры берилген убадаларга, көрсөткөн кызматтарына же берилгендигине жараша эмес, өзгөрүп турган саясий эсептерге жана коопсуздукка байланыштуу кооптонууларга ылайык аныкталууда.

Бул абал колонизатор державалардын негизги өзгөчөлүгүн көрсөтүп турат: алардын адамдар жана мамлекеттер менен болгон мамилеси туруктуу негиздерге, баалуулуктарга же ахлакый милдеттенмелерге эмес, кызыкчылыктарга жана ошол учурдагы пайдага гана негизделет. Бир кезде «союздаштар» жана «өнөктөштөр» катары даңазаланган адамдар бүгүн белгисиздиктин айлампасында калып, үчүнчү өлкөлөргө, ал тургай Конго Демократиялык Республикасы сыяктуу жакыр жана туруксуз өлкөлөргө жөнөтүлүү коркунучуна туш болушууда. Күч жана пайда башкарган түзүмдө адам өзүнүн пайдалуулугун жоготкон учурда баалуулугун да жоготот.

Бул афгандар туш болуп жаткан кризис жөн гана географиялык жер которуу маселеси эмес. Алардын көбү жылдар бою туруктуулуктан жана таандыктык сезиминен ажырап, сакофий басымдарга, инсаний кризистерге жана келечекке байланыштуу күчөгөн тынчсызданууларга кабылып келишти. Ошондуктан алардын абалы жөн гана көчүп-конуу маселеси эмес. Ал ошондой эле мусулмандардын кадыр-баркы, коопсуздугу жана келечеги колонизатор державалардын убадаларына көз каранды деген жаңылыш түшүнүктү ачыктап жатат.

Исламий фикрий жана саясий көз караштан алганда, бул окуя мусулмандардын абийири, коопсуздугу жана өздүгү визалар, чет элдик кепилдиктер же күчтүү мамлекеттердин камкордугу аркылуу камсыздалбай турганын дагы бир жолу көрсөтүп турат. Аллах Таала айтат:

﴿الَّذِينَ يَتَّخِذُونَ الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاءُ مِنْ دُونِ الْمُؤْمِنِينَ أَيَبْتَغُونَ عِندَهُمُ الْعِزَّةَ فَإِنَّ العَزَّةَ لِلَّهِ جَمِيعاً﴾

«Алар момундарды коюп, каапырларды дос тутушат, эмне, алар ошол каапырлардын жанынан күч-кубат издешеби?! (Убара болушат!). Анткени бардык күч-кубат Аллага таандык». (Ниса: 139).

Ошондуктан Катардагы афган качкындарынын трагедиясы жалпы үммөткө берилген эскертүү болуп саналат. Мусулмандардын иштери Вашингтон, Лондон жана башка колонизатор борборлордун саясатына байланган бойдон кала берсе, алар саясий соодалашуулардын жана өзгөрүп турган стратегиялык кызыкчылыктардын курмандыгы боло беришет.

Учурдагы эл аралык түзүм адамдарды коргоодон мурда кызыкчылыктарды коргой турганын улам-улам далилдеп келди. Мусулмандардын чыныгы кадыр-баркы, коопсуздугу жана туруктуулугу үммөттүн кызыкчылыктарына негизделген, илахий хидаятты колдонуп жана аны жайылткан саясий түзүм аркылуу гана камсыздалат.

Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык болбосо, үммөттүн уул-кыздары дүйнөлүк державалардын жана аларга көз каранды режимдердин айла-амалдарына дуушар боло беришет. Ошондуктан чыныгы коопсуздук менен кадыр-баркка жетүүнүн жолу тышкы күчтөргө таянууда эмес, тескерисинче, үммөттүн фикрий, саясий жана географиялык биримдигин кайра тикелеп, анын кызыкчылыктарын коргогон жана элин сактаган жетекчиликтин алдында биригүүдө жатат.

Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:

«إِنَّمَا الإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»

«Чындыгында, Имам – бул калкан; анын артында туруп согушулат жана аны менен коргонулат». (Сахих аль-Бухарий, Сахих Муслим).

Юсуф Арслан

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button