Үй-бүлөлүк бакубат жашоонун кепилдиги – Исламда

Рамазан рубрикасы
Ижтимаи түзүм
Үй-бүлөлүк бакубат жашоонун кепилдиги – Исламда
Үй-бүлө – коомдун эң негизги жана эң маанилүү институту. Ар бир коомдун бекемдиги жана келечеги дал ушул үй-бүлөнүн абалына түздөн-түз байланыштуу. Эгер үй-бүлө бекем болсо коом бекем болот. Адамдын тарбиясы, адеп-ахлагы, дүйнөгө болгон көз карашы биринчи кезекте үй-бүлөдө калыптанат. Ошондуктан үй-бүлө коомдун пайдубалы.
Бирок бүгүнкү капиталисттик доордо дүйнөнүн көп жерлеринде үй-бүлө институту олуттуу кризиске туш болууда. Көптөгөн үй-бүлөлөр эрте эле бузулуп, жубайлардын ортосундагы түшүнбөстүктөр күчөп, ата-эне менен балдардын мамилеси да татаалдашып бара жатат. Ажырашуулардын саны көбөйүп, үй-бүлөдө ынтымак ыдырап, а түгүл зомбулуктар орун алып жатат.
Мындай көрүнүштөрдүн негизги себептеринин бири үй-бүлөлүк жашоонун так эрежелери жоктугу жана адамдардын жоопкерчиликти толук түшүнбөгөндүгү болуп саналат. Кала берсе, бүгүнкү өкүмдар болуп турган капиталисттик идеологияда үй-бүлөнү бекемдөөгө үндөгөн баалуулуктар жок. Тескерисинче, капитализмдин эң башкы баалуулугу – бул материалдык пайда. Ошондуктан, көп учурда үй-бүлөлөрдө материалдык пайда адамдардын мамилесин белгилеп, үй-бүлө курмандыкка чалынып жатат. Андан тышкары, капитализмде нафс-каалоо тизгинсиз коё берилген. Ошондуктан, аракка же баңгизатка берилүү, зына жана башка бузуку нерселер кадыресе көрүнүшкө айланып калган. Бул факторлор да үй-бүлөлөрдүн бузулушуна алып келип жатат.
Ал эми, Исламга келсек, Аллах Таала айтат:
﴿أَلَا يَعْلَمُ مَنْ خَلَقَ وَهُوَ اللَّطِيفُ الْخَبِيرُ﴾
«Жараткан Зат (Өзү жоктон бар кылган нерселерди) билбейби?! Ал – мээримдүү жана кабардар». (67:14).
Демек, инсанды жараткан Аллах Таала ага эмне зарыл экенин жана эмне пайда алып келерин эң жакшы билүүчү. Ушунун негизинде Аллах инсанга эрежелерди, өкүмдөрдү берди. Инсан аны бекем кармаса, бул дүйнөдө бакытка жетип, акыретте ийгилик табары шексиз.
Ислам аял менен эркектин ортосундагы мамилени никеге чектеди. Нике аркылуу адамдар тукум улап, урпак-муундар уланып турат. Куранда мындай деп айтылат:
﴿وَٱللَّهُ جَعَلَ لَكُم مِّنۡ أَنفُسِكُمۡ أَزۡوَٰجٗا وَجَعَلَ لَكُم مِّنۡ أَزۡوَٰجِكُم بَنِينَ وَحَفَدَةٗ ﴾
«Аллах силер үчүн өзүңөрдөн жубайларды жаратты жана алардан силерге балдарды, неберелерди берди» (16:72).
Аллах адал кылган нике туугандык байланыштарды бекемдеп, адамдын кадыр-баркын жана ички тынчтыгын сактайт. Ал коомду уятсыздык менен бузукулуктардан коргойт. Эркек менен аялдын мамилеси нике аркылуу адал жол менен болгондо коомдун адеп-ахлагы жакшырып, адамдар Аллах каалагандай жоопкерчиликти аткара алышат.
Ислам үй-бүлө маселесине өтө чоң маани берип, анын бекем болушу үчүн так жана адилеттүү эрежелерди белгилеген. Ар бир адамдын укугу жана милдети анык көрсөтүлгөн. Андан тышкары үй-бүлөлөрдүн бузулушуна себеп болуп жаткан арак, баңгизат, зына сыяктуу жаман нерселерге Исламда тыюу салынган. Бул жана башка өкүмдөр үй-бүлө ичинде адилеттик орношуна жана талаш-тартыштардын жаралышына бөгөт коюуга жардам берет.
Исламда аял күйөөсү үчүн жөн гана жашоодогу шерик эмес, ал анын эң жакын досу. Алардын ортосундагы жакындык жөн гана бирге жашоо болуп эсептелбейт. Мындай мамиледе жубайлар бири-биринен тынчтык жана бейпилдик табышат. Анткени, Аллах никени экөөнө тең бейпилдиктин булагы кылып жараткан:
﴿۞هُوَ ٱلَّذِي خَلَقَكُم مِّن نَّفۡسٖ وَٰحِدَةٖ وَجَعَلَ مِنۡهَا زَوۡجَهَا لِيَسۡكُنَ إِلَيۡهَاۖ فَلَمَّا تَغَشَّىٰهَا حَمَلَتۡ حَمۡلًا خَفِيفٗا فَمَرَّتۡ بِهِۦۖ فَلَمَّآ أَثۡقَلَت دَّعَوَا ٱللَّهَ رَبَّهُمَا لَئِنۡ ءَاتَيۡتَنَا صَٰلِحٗا لَّنَكُونَنَّ مِنَ ٱلشَّٰكِرِينَ﴾
“Ал (Аллах) силерди бир жандан жараткан жана андан бейпилдик тапсын деп анын жубайын жаратты”. (7:189).
Демек, адал никедеги үй-бүлөлүк жашоонун негизги өзөгү — тынчтык жана бейпилдик. Жубайлардын ортосундагы бул достук тынчтыкка жана шайкештикке негизделиши үчүн шариат аялдын жолдошу аткарышы керек болгон укуктарын жана жолдошунун аял аткарышы керек болгон укуктарын түшүндүрүп берген.
Расулуллах (с.а.в.) айтат:
أَكْمَلُ الْمُؤْمِنينَ إِيمَاناً أَحْسَنُهُمْ خُلُقاً وَخِيَارُكُمْ خِيَارُكمْ لِنِسَائِهِمْ
«Момундардын ичинен ыйманы эң жетиги — адеп-ахлагы эң жакшысы. А силердин эң жакшыңар – өз аялына эң жакшы мамиле кылганыңар». (Ахмад, Тирмизи).
Бул аялдарга жакшы мамиле кылуу зарылдыгын көрсөтүп турат. Үй-бүлөлүк жашоодо кээде аны татаалдаштырган же капа кылган жагдайлар болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан Аллах эркекке үй-бүлөнү башкаруу жоопкерчилигин берген. Исламда эркек үй-бүлөнүн башчысы, жооптуусу жана үй-бүлөнүн багуучусу болуп эсептелет. Ал үй-бүлөсүн коргоого, камсыздоого жана туура жолду көрсөтүүгө милдеттүү. Куранда мындай делет:
﴿ وَعَلَى ٱلۡمَوۡلُودِ لَهُۥ رِزۡقُهُنَّ وَكِسۡوَتُهُنَّ بِٱلۡمَعۡرُوفِۚ ﴾
“Аларды (энелерди) жакшынакай жедирип-ичирүү жана кийинтүү атанын мойнунда”. (2:233).
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты:
«إِذَا أَنْفَقَ الرَّجُلُ عَلَى أَهْلِهِ يَحْتَسِبُهَا فَهُوَ لَهُ صَدَقَةٌ»
«Эркек адам үй-бүлөсүнө Аллахтан сооп үмүт кылып каражат жумшаса, бул ага садака болуп жазылат». (Бухари, Муслим).
Каражат жумшоо тамак-аш, кийим-кече, турак-жай, дарылануу жана башка каражаттарды камтыйт. Ошондой эле, эркектин бул жоопкерчиликти аткарышы жөн гана милдет эмес, кыяматта тараза ташын оор кылчу сооп экени да көрсөтүлүүдө.
Эркек аялды никесине алгандан кийин ал анын намысы болуп калат. Ошондуктан ал бул намысты коргоого милдеттүү, керек болсо бул жолдо өмүрүн саюуга да туура келет. Анткени Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мындай деген:
«من قُتِلَ دُون مَالِهِ فهو شَهيدٌ، ومن قُتِلَ دُون أهْلِهِ، أو دُونَ دَمِهِ، أو دُون دِيْنِهِ فهو شَهيدٌ»
«Ким өз мал-мүлкүн коргоп жатып каза болсо, ал шахид. Ким өз үй-бүлөсүн коргоп жатып, же өз жанын коргоп жатып, же динин коргоп жатып каза болсо, ал да шахид». (Тирмизи, Насаи).
Мындай жоопкерчилик эркекти үй-бүлө үчүн олуттуу мамиле кылууга жана өз милдеттерин аткарууга үндөйт.
Ислам аялды жогору баалап, ага өзгөчө орун берет. Аял – үйдүн кожойкеси жана корголушу шарт болгон намыс. Ошондой эле убакта ал балдарынын тарбиячысы болуп эсептелет. Ал күйөөсүнө жакшылыкта баш ийүүгө жана үй-тиричилигин алып барууга милдеттүү. Пайгамбар (с.а.в.) айтат:
«Эң жакшы аял – көргөндө көзүң кубанган, буйруганыңда итаат кылган, сен жокто өзүн жана мал-мүлкүңдү коргогон аял». (Ат-Табарани, «аль-Кабир» 3/276).
Момун аял жолдошуна баш ийиши керек. Эгер күйөөсү ага ыраазы болсо, анда ага бейиш убада кылынган. Бул тууралуу Пайгамбар (с.а.в) мындай дейт:
أيُّمَا امْرَأةٍ مَاتَتْ، وَزَوْجُهَا عَنْهَا رَاضٍ دَخَلَتِ الجَنَّةَ
«Кандай гана аял каза болбосун, эгер күйөөсү ага ыраазы болгон болсо, ал жаннатка кирет».
Бул хадистер аял өз жолдошун нааразы кылбастан, жолдошу буйруганда – Исламга тескери келбесе – ага баш ийүүгө үндөп жатат. Жана да бул үчүн акыретте улуу сыйлык, тагырак айтканда бейиш убада кылынууда. Аллах Тааланын ыраазылыгын издеген мусулман үчүн мындан өткөн сыйлык жок. Ошол эле маалда, Ислам эркекти аялына жакшы мамиле кылууну, аны коргоп, камсыздоону милдет кылууда. Мындай принцип үй-бүлөлүк шайкештикти бекемдейт жана бакубат үй-бүлөнү курууга өбөлгө түзөт.
Андан тышкары Ислам коомдук турмушта аткарылышы шарт болгон өкүмдөрдү дайын кылган, бул өкүмдөр жана эрежелер үй-бүлөнүн бекемдигин сактоого алып келет. Алар бузукулук, ар кандай жаман иштердин алдын алат.
Ислам эркекке да, аялга да жат адамдарга тике кароодон кайтарган. Аллах Таала айтат:
قُل لِّلۡمُؤۡمِنِينَ يَغُضُّواْ مِنۡ أَبۡصَٰرِهِمۡ وَيَحۡفَظُواْ فُرُوجَهُمۡۚ ذَٰلِكَ أَزۡكَىٰ لَهُمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ خَبِيرُۢ بِمَا يَصۡنَعُونَ وَقُل لِّلۡمُؤۡمِنَٰتِ يَغۡضُضۡنَ مِنۡ أَبۡصَٰرِهِنَّ وَيَحۡفَظۡنَ فُرُوجَهُنَّ
“(Оо, Мухаммад), момундарга айткын, көздөрүн (бөтөн аялдарды кароодон) тыйышсын жана жыныс мүчөлөрүн (арамдан) сакташсын. Мына ушул алар үчүн эң таза (жол). Албетте Аллах алардын бардык иштеринен кабардар. Момун аялдарга да айткын, көздөрүн (бөтөн эркектерди кароодон) тыйышсын жана жыныс мүчөлөрүн (арамдан) сакташсын!”. (24:30-31).
Аялдарга бет менен кол манжаларын кошпогондо, жасануу үчүн пайдаланган бардык жерлерин жабууга буйрулган. Алар кийимдерин төмөн түшүрүп, денесин толук жаап жүрүүгө милдеттүү. Аллах Таала айтат:
﴿ وَلَا يُبۡدِينَ زِينَتَهُنَّ إِلَّا مَا ظَهَرَ مِنۡهَاۖ وَلۡيَضۡرِبۡنَ بِخُمُرِهِنَّ عَلَىٰ جُيُوبِهِنَّۖ ﴾
“Жана көрүнүп турган зыйнатынан (кийимдеринен башка кооздук жасалгаларын бөтөн бирөөлөргө) көрсөтүшпөсүн жана көкүрөктөрүн жоолуктары менен жабышсын”. (24:31).
Исламда эгер жол сапары бир күн жана бир түнгө созулса, аялдын махрамсыз жолго чыгуусуна тыюу салган. Пайгамбар (с.а.в) айтат:
لاَ يَحِلُّ لإِمْرَأَةٍ تُؤْمِنُ بِاللهِ وَالْيَوْمِ الآخِرِ، تُسَافِر مَسِيرَةَ يَوْمٍ وَلَيْلَةٍ، إِلاَّ مَعَ ذِي مَحْرَمٍ
«Аллахка жана Кыямат күнүнө ыйман келтирген аялга бир күн жана бир түндөн ашкан жолго махрамсыз чыгууга уруксат берилген эмес». (Муслим).
Исламда эркек менен аял аялдын махрамысыз жалгыз калганга болбойт. Пайгамбр (с.а.в.) айтты:
لاَ يَخْلُوَنَّ رَجُلٌ بِامْرَأَةٍ إِلاَّ وَمَعَهَا ذِى مَحْرَم
“Эркек махрамы жок аял менен жалгыз калбасын”. (Бухари).
Ислам жеке жашоодо, мечитте, мектепте жана башка жерлерде аял менен эркекти бөлүп, алардын мамилесин тартипке салууга катуу көңүл бурган. Аялдардын жашоосу аялдардын арасында, эркектердики эркектердин арасында өтөт.
Аял аялдардын чөйрөсүндө же өз махрамдары менен жашашы керек. Ал коомдук иштерге, мисалы, соода-сатыкка катыша алат, бирок иштен кийин үйүнө, аялдар чөйрөсүнө же махрамдарынын жанына кайтып барууга милдеттүү.
Ислам эркек менен аялдын кызматташтыгын жеке мамиле эмес, жалпы кызыкчылыкка багытталган мамиле кылууну талап кылат. Мисалы, бөтөн эркек менен аялдын бири-бирин зыярат кылышы же чогуу көңүл ачуусу туура эмес.
Бул өкүмдөр менен Ислам эркек менен аялдын чогулушун кумарлануу мамиледен алыс кармайт жана аны коомдук кызыкчылыкка, үй-бүлө, балдарды багуу жана нике сыяктуу маанилүү иштерге багыттайт. Мындан улам, чогулуштун максаты белгилүү бир иш менен чектелип, жеке же кумарлануу мамилеге алып келбейт.
Бүгүнкү күндө үй-бүлө кризиси коомдун келечегине коркунуч туудуруп жатканда, Ислам жалгыз гана чыныгы чечимди сунуштайт. Ал үй-бүлөнү бекем, бакубат жана максаттуу кылат. Мусулман үй-бүлөлөрүндө ажырашуу аз, балдар көп жана мамилелер ырааттуу болушу, бул теория эмес, реалдуу факт. Ошондуктан, Исламдын үй-бүлөлүк принциптерин кармануу коомдун гүлдөп өнүгүүсүнүн жана келечек муундардын ийгилигинин негизи болуп саналат.
Харун Абдулхак




