Макала

Ресурстардын Кытайдын пайдасына багытталышы

Ресурстардын Кытайдын пайдасына багытталышы

АКШ менен Ирандын ортосундагы аскердик чыңалуу, экономикалык рецессия жана мунай рыногунун төмөндөшү менен гана чектелбестен, стратегиялык ресурстардын баасынын кескин өсүшүнө алып келүүдө. Натыйжада, глобалдык жеткирүү түзүмүндө олуттуу көйгөйлөр жаралууда.

Бул нерсени, аскердик өнөр жайдын бардык тармактарында кеңири колдонулган алюминийге байланыштуу кырдаал тастыктайт. Перс булуңундагы металлургиялык мекемелерге жасалган соккулардан жана Ормуз кысыгындагы кеме каттамына жаралган коркунучтардан кийин, мунай базары 3 млн тоннага чейинки кубаттуулугунан ажырап, баалар заматта көтөрүлдү. Биржалардагы көрсөткүчтөр тоннасына 3400–3500$га чейин жогорулап, акыркы төрт жылдагы эң жогорку көрсөткүчкө жетти. Муну менен бирге, АКШ алюминийге болгон муктаждыгынын 60%ын импорттун эсебинен жабат. Ал эми биржалардагы запастар 60%га кыскарды. Бул жагдай, базардагы ар кандай мүчүлүштүктөрдүн таасирин күчөтүүдө. Алюминий бул көйгөй таасиринин бир көрүнүшү гана. Логистикалык тобокелдиктер менен келе жаткан дефициттен улам, жез, никел, цинк жана калайдын баалары бир убакта жогорулай баштады. Ал тургай, иш жүзүндө тартыштык байкала элек тармактарда да рынок “тобокелдик акысын“ эске алуу менен, чыңалуунун күчөшүн алдын ала болжоп, чийки заттын наркын жасалма түрдө кымбаттатууда. Темир өндүрүшү тармагына энергетикалык фактор да кошумча таасирин тийгизүүдө: энергиянын кымбатташы, өзгөчө көп энергияны талап кылган металлдарды өндүрүүнүн өздүк наркын автоматтык түрдө жогорулатууда.

Мындан көп билине бербеген, бирок стратегиялык мааниси өтө жогору болгон ресурстар андан да кескин динамиканы көрсөтүүдө. Коргонуу өнөр жайы жана жогорку технологиялар тармагы үчүн өтө маанилүү болгон вольфрамдын баасы дээрлик эки эсеге, тагыраагы, килосуна болжол менен 100 доллардан 200 долларга чейин кымбаттады. Айрым булактардын маалыматы боюнча, бир нече айдын ичинде эле өсүш 500%ды түздү. Буга эки фактор себеп болууда: бири – аскердик керектөөнүн өсүшү, экинчиси – Кытайдагы өндүрүштүн күч алуусу. Ушундай эле процесстер кобальт жана платина тобундагы металлдарда да байкалууда. Бул тармакта баага аскердик тобокелдиктер гана эмес, айрым аймактардан, анын ичинде Африкадан жеткирүүлөрдүн чектелиши да түздөн-түз таасир этүүдө.

Каржы тармагындагы көйгөйлөр да өзгөчө ролго ээ болууда. Геосаясий белгисиздиктин күчөшү менен, капитал чийки зат активдерине өтө баштады. Алтындын баасы кезектеги рекорддук көрсөткүчтөрүн жаңылоодо. Бирок бул жерде башка маанилүү жагдай да бар, тагыраагы, инвесторлор өнөр жай металлдарын “коргонуу куралы” катары баалай башташты. Бул процесс, реалдуу дефицит жок болгон учурда да, баалардын өсүшүн дагы да тездетүүдө. Ошентип, бир эле учурда физикалык жана чайкоочулук таасир калыптанууда.

Бул окуялар менен бирге, дагы бир терең жагдай ачыкталууда. АКШнын ресурстарды көзөмөлдөөсү барган сайын алсырап, АКШнын бир нече сезимтал тармактары ачылып калды.

Биринчиден, АКШ бир катар багыттарда, тагыраагы, алюминий, кобальт жана сейрек кездешүүчү элементтерде тышкы жеткирүүлөргө муктаж.

Экинчиден, Ормуз кысыгы сыяктуу негизги логистикалык түйүндөргө карата АКШнын толук көзөмөлү жокко чыкты.

Үчүнчүдөн, АКШдан башка таасир этүү борборлору күчөп жатат: Кытай сейрек кездешүүчү металлдар жана аларды кайра иштетүү жаатында өз үстөмдүгүн бекемдөөдө. Ошол эле учурда, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү, көп энергияны талап кылган металлургия тармагында ордуларын бекемдөөдө. Ал эми, Африка менен Евразиянын ресурстарга бай аймактары, чийки зат казып алууда өз позицияларын чыңдап жатышат. Натыйжада, баалардын кескин көтөрүлүшү менен бирге, дагы башка терең өзгөрүү калыптанууда.  Тактап айтканда, стратегиялык ресурстар рыногу, тездик менен көп полярдуу моделге өтө баштады. Ошол эле учурда, баалардын өсүшү иш жүзүндөгү үзгүлтүктөр менен гана чектелбестен, бир катар «көмүскө» себептер менен да күчөп жатат. Буга логистиканын кымбатташы, коопсуздук тобокелдиктеринен улам, жүк ташууну камсыздандыруудан баш тартуу, ошондой эле, өнөр жайлык талаптардын коргонуу тармагынын пайдасына карай бөлүштүрүлүшү сыяктуу себептер кирет. Дал ушул факторлордун жыйындысы, учурдагы кырдаалды өзгөчө татаалдаштырып жатат. Кеп, геосаясий өзгөрүүлөр алкагында стратегиялык ресурстардын наркын кайра баалоо жараянынын узак мөөнөттүү баскычы башталгандыгына байланыштуу болуп жатат.

Жыйынтык:

Америка менен Кытайдын тирешүүсү күчөп жаткан шартта, мындай кырдаал Трамптын Бээжин менен боло турган сүйлөшүүлөрдөгү жана жалпы эле, Кытай менен болгон сүйлөшүүдө позициясын түздөн-түз алсыратат. Анткени, эң керектүү ресурстардын үстүнөн көзөмөл жүргүзүүнүн тең салмактуулугу өзгөрүп жатканы айдан ачык.

Биринчиден, баалардын өсүшү жана дефицит, АКШнын тышкы жеткирүүлөргө болгон көз карандылыгын так ушул Кытай үстөмдүк кылган (сейрек кездешүүчү металлдар, вольфрам, металлдарды кайра иштетүү) тармактарда ого бетер күчөтүүдө. Бул жагдай Вашингтондун басым жасоо мүмкүнчүлүгүн чектейт. Демек, Кытайга каршы киргизилген ар кандай чектөөлөр, эми АКШнын өзү үчүн чоң тобокелдиктерди жаратышы ыктымал.

Экинчиден, кошумча «тобокелдик акысынын» пайда болушу жана логистикадагы үзгүлтүктөр, дүйнөлүк камсыздоо чынжырларын алдын ала болжолдоого мүмкүн болбогон абалга алып келүүдө. Кытай бул системанын ичинде туруктуурак көрүнөт, анткени ал кайра иштетүү жаатын өз көзөмөлүнө алган жана жеткирүү жолдорун диверсификациялаган.

Үчүнчүдөн, ресурстук көп полярдуу моделге өтүшү АКШ өзүнүн монополисттик таасирин жоготуп жатканын билдирет. Эми Вашингтон сүйлөшүүлөрдү мурдагыдай үстөмдүк позициясынан эмес, кызыкчылыктардын тең салмактуулугун эске алуу менен жүргүзүүгө аргасыз. Демек, чийки зат рынокторундагы азыркы башаламандык канчалык узакка созулса, Кытайдын колундагы түзүмдүк куралдар ошончолук көбөйөт. Ал эми АКШ үчүн бул кырдаал катаал сүйлөшүүлөрдө жана соодалашууларда чектөөлөрдү пайда кылат.

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button