Макала

Трамптын күтүүлөрдү актабаган Кытай сапары

Трамптын күтүүлөрдү актабаган Кытай сапары

АКШ президенти Дональд Трамп 13-15-май аралыгында Кытайга расмий сапар менен барды. Дүйнөнүн алдыңкы экономикалары ортосундагы жолугушуу көпчүлүк ири ишканалар тарабынан күтүлүп жаткан.

Бирок, Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, бул сапардын жыйынтыгы күтүүлөрдү актаган жок. АКШ президенти Кытайдан эч кандай ири натыйжага жетишпестен кайтты.

1. Иран маселеси: Кытайдан жардамдын жоктугу

Жолугушуунун күн тартибиндеги эң негизги жана курч темалардын бири — Ирандагы уланып жаткан согуш жана Ормуз кысыгындагы кеме кыймылынын дээрлик токтоп калышы болду. Трамп Кытайды Иранга болгон экономикалык жана саясий таасирин келишим түзүү үчүн колдонууга ынандырууга аракет кылары күтүлгөн. Себеби, Кытай согуш учурунда да Тегеран менен жакын мамилесин сактап, Ирандын мунайын сатып алууну улантып келет. Бирок Бээжин бул маселеде АКШга так жардам сунуштаган жок. Тескерисинче, эки лидердин чай үстүндө жолугушуусунун алдында Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушуна нааразычылыгын билдирген кескин билдирүү жарыялады. Жыйынтыгында, Ак үй лидерлердин “Ормуз кысыгын кайра ачууга болгон жалпы аракетин” билдирүү менен чектелди.

2. Экономикалык келишимдер:

Трамп Fox News телеканалына Кытай 200 Boeing учагына заказ берүүгө макул болгонун айтты. Бул буга чейин 500 учакты сатуу тууралуу күтүүлөрдөн эки жарым эсе аз. Натыйжада, Boeing компаниясынын акциялары 4%дан ашык төмөндөдү.

Кытайга Nvidia H200 алдыңкы жасалма интеллект (ЖИ) чиптерин сатуу маселесинде эч кандай жылыш болгон жок. Америкалык аткаминерлер айыл чарба продукциясын сатуу жана соода мамилелерин башкаруу механизмдерин түзүүдө жылыш болгонун айтышканы менен, келишимдердин деталдары дээрлик ачыкталган жок. Ошондой эле, Трамп сейрек кездешүүчү металлдарды жеткирүү маселесинде расмий чечимисиз эле кайтууга мажбур болду.

3. Тайвань маселеси:

Кытай тарап күтүлгөндөй эле Тайвань маселеси боюнча позициясын катуу койду. Бээжин Тайванды өз аймагы деп эсептеп, аны акыры өз көзөмөлүнө ала турганын билдирди.

4. Кытайдын стратегиясы:

Бул сапарда Кытайдын Американы ачык эле тоготпогону көрүндү. Бетме-бет жолугушууда Си Цзиньпин Америка менен Кытай “Фукидид тузагына” түшүп калбоо үчүн аракет кылышы керектигин белгилеген. (Кыстырма маалымат: “Фукидид тузагы” — грек тарыхчысы Фукидиддин эмгектерине таянып, саясат таануучу Грэм Аллисон тарабынан киргизилген геосаясий түшүнүк. Ал алсырап бара жаткан негизги күчтүн жаңыдан көтөрүлүп жаткан кубаттуу күч менен кагылышууга бара турган тарыхый мыйзам ченемдүүлүгүн түшүндүрөт).

Негизи Си Трампка бул пикирди айтуу менен сылык түрдө Америка азыр алсырап бара жаткан, ал эми Кытай өсүп жаткан күч экенин кыйытты. Бул Америкага кагылышуудан качуу керектигин билдирген кыйыр сес көрсөтүү. Бирок, Бээжин мунун убактысы али келе электигин да жакшы түшүнөт. Ушул себептен, ал убакыт сааты келгенге чейин Америка менен түз кагылышуудан алыс болууну каалайт. Си Цзиньпиндин Трампка жылуу мамиле көрсөтүп, бирок конкреттүү маселелерде артка чегинбегенинин сыры ушунда.

Жыйынтыктап айтканда, Трамп Кытайдан өзү каалаган ири экономикалык же саясий утуштарды ала албай, куру кол кайтты десек болот. Сапардын жыйынтыгында эки өлкө тең кызматташууну каалаганы менен, стратегиялык карама-каршылыктар өтө терең экенин көрсөттү. Экономикалык жана аскердик жактан Кытай жакынкы жылдарда АКШны кууп жетиши, а түгүл озуп кетиши мүмкүндүгү эксперттер тарабынан айтылып келүүдө. Бирок, дүйнөлүк лидерлик бир гана куралга же акчага карабай турганы талашсыз. Ошондуктан, негизги маселе Кытай жаңы дүйнөлүк тартипти куруп, жаңы эл аралык институттарды негиздей алабы? Андан да маанилүүсү адамзатка адилеттүүлүк, тынчтык жана бакубаттуулук алып келе турган жаңы цивилизациялык долбоорду сунуштай алабы? Азырынча бул суроолорго Кытайдын жообу жоктой. Ал эми Трамптын сапары бул глобалдык өзгөрүүнүн башталышы гана экенин далилдеди.

Акылбек Аскаров

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button