Сакофат

Дүйнөлүк тартиптин фрагментациясы

Саясий сөздүк: Дүйнөлүк тартиптин фрагментациясы

Дүйнөлүк тартиптин фрагментациясы – бул эл аралык бирдиктүү эрежелердин, институттардын жана келишимдердин системасы алсырап, дүйнөнүн ар башка эрежелер менен иштеген өзүнчө күч борборлоруна, блокторго жана таасир этүү алкактарына бөлүнүү процесси.

Жөнөкөй тил менен айтканда – бул «жалпы эрежелердин» азайышы, алардын иштебей калышы же бирдиктүү тартиптин такыр эле жок болуп кетиши. Мамлекеттер бирдиктүү система менен аракеттенүүнү токтотуп, ар ким «жуурканды өзүнө карай тарта» баштайт. Алар өз алдынча союздарды түзүп, эрежелерин орнотуп, бири-бирине аз ишенип калышат.

Суук согуштан кийин (1947-жылдан 1991-жылга чейинки АКШ менен СССРдин ортосундагы түз кагылышуусуз, бирок куралдануу жарышы, идеологиялык күрөш жана башка өлкөлөр аркылуу болгон прокси согуштар менен коштолгон глобалдык тирешүү), дүйнө бирдиктүү тартипте боло тургандай сезилген. Ал кезде батыштын үстөмдүгү орноп, жалпы институттар баарын башкарат деген ишеним бар эле. Бирок убакыттын өтүшү менен тескери процесс башталды: башка өлкөлөр да күчтөнүп, бирдиктүү борборго карабай, өз алдынча саясат жүргүзүүгө умтула башташты.

Украинадагы жаңжал бул бөлүнүүнү ого бетер тереңдетти. Кээ бир өлкөлөр бир тарапты, башкалары экинчи тарапты колдосо, үчүнчүлөрү бейтараптуулукту сактоого аракет кылууда. Натыйжада, бири-бири менен кесилишпеген параллелдүү саясий жана экономикалык багыттар пайда болууда.

Соода системасы да бул алсыздыктын ачык мисалы болуп саналат. Жада калса, Дүйнөлүк соода уюму сыяктуу түзүмдөр да өз таасирин жоготууда. Мамлекеттер санкцияларды, чектөөлөрдү киргизип, аймактык союздарды түзүүдө жана глобалдык рыноктун ордуна «өз» өнөктөштөрүн абзел көрүүдө.

Өзгөчө мисал катары АКШ менен Кытайдын ортосундагы күчөп жаткан атаандаштыкты айтса болот. Бул – карама-каршы келген технологиялык жана экономикалык системаларга, тагыраагы, ар башка стандарттарга, платформаларга жана камсыздоо чынжырларынан бөлүнүү болуп эсептелет.

Ошондой эле “Brexit” башчкача айтканда, Улуу Британиянын Евро биримдигинен чыгышын эске салсак болот. Ал жада калса союздардын ичиндеги өлкөлөр да, өз алдынча жол менен кетүүгө даяр экендигинин символу болуп калды.

Иран жана Жакынкы Чыгыштын айланасындагы кырдаал да «дүйнөлүк тартип» бирдиктүү болбой калганын жана атаандаш блокторго бөлүнүп жатканын тастыктай алат. Ирандын АКШ жана анын союздары менен болгон мамилесинин курчушу, ар кайсы өлкөлөрдү бул жаңжалга тартып, а түгүл Батыш лагеринин ичиндеги карама-каршылыктарды ачыкка чыгарды. Мисалы, НАТОнун ичинде толук бирдиктүү пикир жок: кээ бир өлкөлөр катуу кысым көрсөтүү саясатын колдосо, башкалары экономикалык жана энергетикалык тобокелдиктерден улам кырдаалдын курчушунан кооптонууда. Бул, формалдуу түрдө бирдиктүү болгон союздун ичинде жаракаларды пайда кылууда. Ошол эле учурда альтернативдүү бирикмелер күч алууда. Россия жана Кытай Иран менен экономикалык, саясий жана жарым-жартылай аскердик жактан жакындашууда. Бул – Батыш системасынан тышкары болгон туруктуу байланыштардын жаңы калыптануусу.

Дүйнөлүк тартиптин фрагментациясы – бул бир жолку эле кризис эмес, тагыраагы, бул дүйнөнүн бөлүктөргө «чачырап» кетүүсүнүн узакка созулган процесси. Мында, эл аралык эрежелер начар иштеп, өлкөлөр ортосундагы ишеним азайып баштайт. Ал эми, бирдиктүү жалпы системанын ордуна бир нече параллелдүү системалар пайда болот. Бул – келишимдерди түзүүдө кыйынчылыктардын жаралуусуна, жаңжалдардын тез козголуусуна жана ар бир мамлекет барган сайын өзүнө, же айланасындагы союздаштарына гана ишенүүсүнө алып келет. Башкача айтканда, дүйнө «бирдиктүү майдан» болбой калат жана капитализмдин глобалдык мейкиндигин куруу долбоорунун ичиндеги өз ара атаандашкан өлкөлөрдүн жыйындысына айланат.

Бурана

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button