Макала

Аталышы гана адал: Исламдын каржы принциптери кантип бурмаланууда?

Аталышы гана адал: Исламдын каржы принциптери кантип бурмаланууда?

Жогорку Кеңеште «…калкка исламдын каржы принциптерин майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүү зарыл», – деген сунуш айтылды. Буга «Мурабаха» жана «Мушарака» сыяктуу ислам терминдеринин түшүнүксүздүгү, ошондой эле бул принциптерди банк секторуна киргизүү боюнча мыйзам долбоорунун айланасындагы талаш-тартыштар себеп болду.

Талкуу бир нече негизги пикирлерге келип такалууда. Депутаттар көптөгөн ченемдер жана терминдер түшүнүксүз экенин, аларды түшүндүрүү зарылдыгын белгилешти. Илимбек Кубанычбеков калктын 80 пайызы мусулмандар экенин жана адал каржылоого талап бар экенин айтты. Улуттук банктын өкүлү «мурабаха» – бул үстөк пайызсыз, бирок кошумча бааны кошуу менен бөлүп төлөө экенин түшүндүрдү. Ошону менен бирге ал бул келишимдин шарттары кадимки кредиттерге окшош экенин, а түгүл эң жогорку чеги 29,9%га чейин жетиши мүмкүн экенин моюнга алды. Буга байланыштуу «Ставка ошол эле бойдон калып, болгону аталышы гана өзгөрүп жаткан жокпу?» – деген ачык суроо берилди.

Дал ушул жерден биз бир нерсени тактап алышыбыз керек. Ооба, терминдерди түшүндүрүү зарыл, бирок мындай терминдерди капиталисттик экономикалык түзүмдө колдонуу канчалык деңгээлде орундуу жана туура болот? Болбосо, мунун бардыгы элди алдоо сыяктуу көрүнүүдө. Бирок маселе ким жана эмнени түшүндүрүп берүүсү керек дегенде жатат.

Эгер банктар өз өндүрүшүн өздөрүнүн аныктоосу менен гана түшүндүрө баштаса, анда бул иш элди агартуу болуп саналбайт. Бул нерсе, ислам терминдерин өзүнүн пайдасына ылайык бурмалоого алып барат. Исламда каржы куралдарынын адалдыгы маркетинг же көзөмөлдөөчү органдар тарабынан эмес, шарияттык экспертиза аркылуу аныкталат. Ошондуктан ислам аалымдарынын катышуусусуз жана конкреттүү моделдердин адалдыгы боюнча далилдерсиз жасалган ар кандай «түшүндүрмө» бир тараптуу бойдон кала берет.

Андан сырткары, бул талкуунун алкагы башынан эле өтө тар. Анткени баары «мурабахага» гана келип такалып, исламдык каржылоо бул жөн эле «пайызсыз бөлүп төлөө» деген түшүнүк жаралууда. Бул маселени одоно жөнөкөйлөтүү болуп саналат.

Мусулмандар үчүн жагымдуу көрүнүү максатында колдонулуп жаткан бул моделдердин бири да ислам экономикасынын рухуна дал келбейт. Бирок ошону менен бирге, тобокелдиктер тууралуу жана банктардын кардарлардын мойнуна жоопкерчилик жүктөп койгондугу жөнүндө эч ким талкуу кылбай жатат. Анткени мындай талкуулар банк системасы үчүн оорчулук жаратат жана белгиленген пайданы алууга толук кепилдик бербейт.

Банк өкүлдөрү «бул пайызсыз» деп айтканы менен, иш жүзүндө үстөк чендер адаттагы схемалар менен бирдей болууда жана муну алар өздөрү моюнга алып жатышат. Ошондой эле банктын кирешеси алдын ала так белгиленген, ал эми эсептөө логикасы мөөнөткө негизделген бойдон калууда. Мунун жыйынтыгында: «Бул чынында эле соода үстөгүбү же жөн эле аты өзгөртүлгөн пайызбы?» – деген суроо туулат.

Анткени ислам шариятында мындай келишимдин формасына гана эмес, анын маңызына да тыюу салынган. Тактап айтканда, акчанын өзүнөн эле кепилденген пайда табууга жол берилбейт. Эгерде кандайдыр бир сооданын экономикалык табияты кадимки кредиттен эч айырмаланбай турган болсо, анда аталышты өзгөртүү маселени чечпейт, тескерисинче, аны жаап-жашыруу гана болот.

Спекуляциянын белгилери дал ушул жерде көрүнүүдө: Исламга көйгөйлөрдү чечүүчү адилеттүү дин катары кызыгуу өсүп, адамдар күмөндүү нерселерден кача баштаганда, банктар ошол эле зыяндуу схемаларды «ислам аталышында» элге сунуштоодо.

Эми маселени такыр эле жөнөкөйлөтпөстөн, «мурабаха» иш жүзүндө кандай болушу керектигине токтололу. Мурабаха бул – «банк товар алууга акча берди» дегенди билдирбейт. Банк сооданын катышуучусундай, сатуучу катары эле бардык жоопкерчиликти өзүнө алууга тийиш. Тагыраагы:

— кардар товарды тандайт;

— банк бул товарды өзү сатып алат жана анын ээсине айланат;

— товар үчүн ар кандай тобокелдик (жадакалса, товардын бузулушу, андан баш тартуу ж.б. майда-чүйдө абалдар) банктын мойнуна жүктөлөт;

— ушундан кийин гана банк товарды кардарга сата алат;

— баасы так белгиленет: өздүк наркы + белгилүү үстөк (пайда);

— бул баа убакыттын өтүшү менен өзгөрбөйт жана пайыз сыяктуу кайра эсептелбейт.

Банк акчадан акча жасабашы керек, ал товарды сатуу менен жана ага ээлик кылуу тобокелдигин моюнга алганда гана киреше табууга укуктуу. Мына ушул – мурабаханын чыныгы мазмуну. Эгерде бул сыпат жок болсо, анда «мурабаханын» аты эле бар болот.

Дал ушул жерде банктар сунуштап жаткан «мурабаханын» айырмачылыгы билинип калууда:

— банк товарды иш жүзүндө өзүнө албайт;

— банк сатуучу үчүн төлөмдүн кепили катары гана аралашат;

— банк келишимди бир нече байланышкан келишимдер (үч тараптуу келишимдер) аркылуу түзөт;

— банк убакыттын эсебинен киреше таап, ал формалдуу түрдө муну «соода» катары сыпаттаганы менен, иш жүзүндө ал ачык эле кредитор сыяктуу иш алып барат.

Ошондуктан бул тармакта түшүндүрмөлөрдү талап кылуу жана ачык талкууларды жүргүзүү зарыл иш. Бирок мындан көздөлгөн максат – калк үчүн түшүнүксүз болгон терминдердин айланасындагы спекуляцияларды токтотуу болуусу керек. Ал эми бул иш-чаралар «бөлүп төлөө кандай жол менен болот» деген нерсени гана түшүндүрө турган болсо, анда бул коюлган милдетти атайлап бурмалоого барабар болот.

Ошондуктан: «Адал менен арамдын ортосундагы чек ара кайсы, шериктештиктин кредиттен айырмасы эмнеде жана кайсы учурларда “ислам атындагы нерсе” чыныгы ислам принциптерине дал келет жана кайсы учурларда наамы гана ошондой болот?» – мына мунун бардыгы түшүндүрүлүшү зарыл.

Антпесе, банктар элдин ишенимин жоготуп баштаган учурда, бул ишенимди реалдуу альтернативалар аркылуу кайра карап чыгуунун ордуна, алар болгону эски механизмдерди ислам аталыштарына ороп жаткан жагдай пайда болууда. Ал эми мындай ыкма көпкө турбайт, анткени эртели-кеч адамдар сөздөр менен терминдерди эмес, алдамчылык схемалардын маңызын ажырата башташат.

Хужжат Жамиа

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button