Роя гезити

Американын Кытайдын энергия жолдорун душмандыкты жарыялабастан көзөмөлдөөсү

Американын Кытайдын энергия жолдорун душмандыкты жарыялабастан көзөмөлдөөсү

Азыркы дүйнөдө ири державалар экономика жана технология жаатында жарышууда. Негизинен Америка менен Кытай жасалма интеллект жана экономикалык үстөмдүк үчүн кармашып жатат. Чындыгында бул жөн гана соода же саясий атаандаштык эмес, келечектеги дүйнөлүк түзүлүштүн багытын аныктоо үчүн күрөш болуп саналат. Кытайдын технологиялык өнүгүүсүнүн ылдамдыгы жана анын Азияда, Африкада жана Латын Америкасында экономикалык таасиринин кеңейиши Американын салттуу үстөмдүгүнө коркунуч жаратып, эл аралык күчтөрдүн тең салмагын кайра түзүп жатат. Мен Кытай дүйнөнү жетектөөгө же жаңы дүйнөлүк тартип орнотууга жарактуу дей албайм. Анткени анын өзүнө таандык мабдасы жок. Бирок ал Американын үстөмдүгүн чектөөдө жана анын дүйнөлүк лидерлик мүмкүнчүлүгүн алсыратууда олуттуу салмакка ээ болуп, дүйнөнү көп полярдуу этапка алып кирүүдө.

Ушул абалда ар бир экономикалык чечим, ар бир технологиялык келишим жана деңиз кысыктары менен энергия коридорлорундагы ар бир кыймыл стратегиялык шахмат тактасындагы фигурага айланып жатат.

Кытайдын өнүгүшү эми жөн гана өнөр жай өлкөсүнүн өсүшү эмес, ал континенттер аралык экономикалык жана технологиялык күчтүн өнүгүүсү. Америка болсо бул өнүгүүнү түз согушка кирбей туруп, кыйыр басым аркылуу көзөмөлдөөгө аракет кылууда.

Биз Американын Кытай технологиясын муунтуп жатканын байкап жатабыз. Бул өнүккөн чиптерди жана аларды өндүрүү жабдууларын Кытайга экспорттоого тыюу салуу аркылуу ишке ашууда. Бул чиптер жасалма интеллектте, жарым өткөргүчтөрдү өндүрүүдө жана өнүккөн фотолитография технологияларында колдонулат. Америка жеткирүү чынжырларын кайра түзүп, заводдорду Кытайдан Вьетнамга, Индияга жана Мексикага көчүрдү. Ошондой эле “чиптер жөнүндө мыйзам” сыяктуу мыйзамдар аркылуу ички өндүрүштү колдоп, Азия өлкөлөрү менен экономикалык альянстарды түзүп, Кытайга болгон көз карандылыкты азайтууга аракет кылды. Максат дүйнөнүн кытай заводдоруна болгон көз карандылыгын азайтып, Пекиндин стратегиялык басым куралын алып салуу болду.

Мындан тышкары, Америка Азияда Квад жана Окус сыяктуу альянстарды күчөттү. Максат Индия жана Тынч океандар аймагында Кытайды экономикалык жана аскердик жактан курчап турган тосмо түзүү. Бирок өтө сезимтал үч негизги чекит бар: деңиз жолдору, энергиянын кургактык коридорлору жана Тайвань.

Деңиз жолдоруна басым:

Деңиз жолдоруна басым ачык жарыяланган блокада түрүндө эмес, каршылык көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн түзүү же жаңжал чыккан аймактарды жаратуу аркылуу жүргүзүлөт. Бул Кытайга анын деңиз аркылуу жеткирүү кан тамыры жаңжал күчөсө үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин көрсөтөт. Муну аракет мүмкүнчүлүгүн көзөмөлдөө деп атоого болот.

Түштүк Кытай деңизи, деңиздик кеңейүүнү ооздуктоо: Америка Кытай көзөмөлдөп турган аралдардын жанында «эркин навигация» деген ат менен аскердик кайгуулдарды жүргүзүү аркылуу басым кылууда. Ошондой эле Филиппин, Вьетнам жана Малайзияны деңиз талаштарында колдоп, Филиппинде алдыга жылдырылган аскердик базаларды жайгаштырды жана Тайвандын айланасында биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүүдө. Ушундайча Америка зарыл учурда Кытайдын деңиз мейкиндигин үзгүлтүккө учуратууга жөндөмдүү.

Малакка кысыгы эң кооптуу «муунтуу чекити». Бул кысыктан Кытайдын мунай импортунун болжол менен 60%ы өтөт. Америка бул жерде өзүнүн жетинчи флотунун туруктуу катышуусу аркылуу басым көрсөтөт. Мындан тышкары Сингапур жана Малайзия менен коопсуздук өнөктөштүктөрү бар, ошондой эле Квад альянсын (Индия, Япония, Австралия жана Америка) бекемдөөдө. Зарыл учурда бул кысыктан өтүүнү тез арада чектөөгө болот.

Индия океаны аркылуу алыстан таасир этүү. Бул аймакта Америка Диего-Гарсияда аскердик базага ээ, Индия менен тыгыз аскердик кызматташтык жүргүзөт жана Австралия менен Окус келишимин бекемдөөдө. Максат Кытайдын Индия океанын туруктуу таасир аймагына айландыруусуна жол бербөө.

Ормуз кысыгы, энергия аркылуу басым. Бул кысыктан Перс булуңундагы мунайдын чоң бөлүгү Кытайга өтөт. Азыр болуп жаткан Иранга сокку уруулар жана бул кысыкты жабуу коркунучу дүйнөгө карата басым куралы болгону менен, Иран аны толук жаба албайт. Бул болсо согуштун узакка созулушуна же өтүүнү Америка каалаган учурда, каалаган тарапка ачып-жабууга мүмкүндүк берген келишимдерге алып келиши мүмкүн.

Тайвань, деңиздеги чыңалуу борбору. Бул саясий жана суверендүүлүк маселеси гана эмес, ошондой эле деңиз жолдорунун түйүнү болуп саналат. Америка бул жерде болгон шартта, Кытайдын соода линиялары үчүн коркунуч катары каралат.

Бул толук блокада эмес жана түздөн-түз кагылышуу да эмес. Муну «ишке киргизиле турган кармоо» деп атоого болот. Башкача айтканда, Америка альянстар жана базалар тармагын түзүп, Кытай үчүн деңиз каттамдарын үзгүлтүккө учуратууга, кечиктирүүгө жана баасын кымбаттатууга шарт түзүүдө. Ал расмий блокада жарыялабастан, ушундай мүмкүнчүлүк менен коркутуп турат.

Кургактык коридорлоруна басым.

Кытай «Бир алкак — бир жол» демилгеси аркылуу Малакка көйгөйүн жана деңизге көз карандылыкты азайтууга аракет кылып, Борбор Азия, Россия жана Пакистан аркылуу жолдорду, темир жолдорду жана энергия түтүктөрүн түздү.

Америка бул жерде жолдорду түздөн-түз жабуу менен эмес, аларды кымбат, алсыз жана туруксуз кылуу аркылуу басым көрсөтөт.

Борбор Азия, Кытайдын капталындагы тең салмакты кайра түзүү. Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан газ, мунай жана товарларды Кытайдын батышына ташыйт. Америка бул өлкөлөрдү Пекинден башка өнөктөштөрдү табууга түртүү аркылуу басым көрсөтүп жатат. Альтернатива катары Европа жана Америка инвестицияларын колдоо, ошондой эле каржы куралдары жана эл аралык институттар аркылуу алардын Кытайга болгон көз карандылыгын азайтууга аракет кылып жатат. Максат бул аймакта Кытайдын экономикалык таасиринин монополиясын кыскартуу.

Россияга санкциялар аркылуу басым. Бул санкциялар транспорт тармактарына, банктык которууларга, жүк ташуучу жана камсыздандыруу компанияларына таасир этти. Максат Кытайдын Россия аймагы аркылуу кургактык соодасын татаалдаштыруу жана чыгымын көбөйтүү. Келечекте Россия менен Кытайдын ортосундагы энергия линияларын кандайдыр бир жол менен үзүү мүмкүнчүлүгү да пайда болушу мүмкүн.

Кытай–Пакистан коридору. Ал Пакистан аркылуу өтүп, Гвадар портуна жетет. Азыр Америка басымды Индия менен регионалдык тең салмакты колдоо, Пакистандагы Кытай инфраструктуралык инвестицияларын көзөмөлдөө жана Исламабадга эл аралык институттар аркылуу каржылык басым көрсөтүү аркылуу жүргүзүүдө. Максат бул долбоорду ички жана коопсуздук жактан алсыз абалда кармоо. Бүгүнкү күндө ал Пакистан менен Афганистан ортосундагы ар кандай жаңжалдан терс таасир алып, зарыл учурда эки мамлекеттин ортосундагы регионалдык кагылышуу аркылуу толук кыйрашы мүмкүн.

Ирандын кургактык энергия түйүнү. Бүгүн жүрүп жаткан согуш Кытай үчүн Иран аркылуу энергия жеткирүү мүмкүнчүлүгүн кыйыр түрдө жокко чыгарышы мүмкүн. Башаламандык жана согуш шартында түтүктөр жана транспорт жолдору белгисиз түрдө үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Бул Кытайга керектүү учурда кыйыр сокку болот.

Кургактык жолдору деңиз жолдоруна окшобойт, аларды оңой эле жаап салуу мүмкүн эмес. Бирок муну Кытайдын кургактык тармагын кыйыр түрдө жай, туруктуу чарчатуучу стратегия деп атоого болот.

Акырында Тайвань маселеси. Бул эң сезимтал чекит болуп, тең салмакты бузуу түйүнү катары каралат. Тайвань Кытайды деңиз тарабынан курчап турган «биринчи аралдар чынжырынын» жүрөгүндө жайгашкан. Эгер ал толук түрдө Кытайдын таасир чөйрөсүнөн чыгып кетсе, Кытай өзүнүн стратегиялык деңиз жолун жоготот. Мындан тышкары, Тайвань өнүккөн чиптерди өндүрүүнүн дүйнөлүк борбору болуп саналат. Ал жактагы кандайдыр бир туруксуздук (эгер Кытай аны күч менен алса, же Тайбэй расмий көз карандысыздык жарыяласа, же Америка түздөн-түз аскердик кийлигишүү жасаса) дүйнөлүк экономиканы шал кылып, согуштун учкунуна айланышы мүмкүн. Ошондуктан бул маселе «боз аймакта» (стратегиялык бүдөмүктө) жашап келет. Тайвань — бул бардык жиптер бириге турган түйүн.

Жыйынтыктап айтканда, Америка азырынча Кытай менен түздөн-түз согушка кирүүгө даяр эмес көрүнөт. Тескерисинче, ал каалаган учурда колдонууга даяр болгон басым механизмдерин камтыган стратегиялык чөйрөнү түзүү менен алек. Америка расмий блокада жарыялабайт, бирок энергия карталарын кайра чийип, аскердик базаларды кайра жайгаштырып, Түштүк Кытай деңизинде деңиздик альянстарды түзүп, Кытайдын «Бир алкак — бир жол» демилгесине альтернатива болгон багыттарды колдоп, сезимтал технологияларды чектейт, бирок соода агымын толугу менен үзбөйт. Ал Кытайга карата эшиктерди жаппайт, бирок өтмөктөрдү тарытат. Ага ок атпайт, бирок мылтыктын баскычын басууга даяр турат. Ошентип, Кытайдын туруштук берүү баасын жогорулатып, аны курчоо мүмкүнчүлүктөрүн ачык түрдө кармап турат.

Ушундайча үстөмдүк кылган күч айланасындагы чөйрөнү кайра түзүп, Кытайдын ар бир алдыга жылышын шарттуу кылып, ар бир кадамын эсептелген, ар бир умтулуусун кымбатка айландырат. Натыйжада Кытайга карата кырдаал азырынча ушундай бойдон жарыяланбаган басым, согушсуз күрөш боюнча калууда.

Бул жерде суроо туулат, Кытай мындай басымга чыдай алабы? Теңдеме өзгөрөбү? Жаңы факторлор чыгып, баарын өзгөртөбү? Бул суроолор убакыттын өтүшү менен жооп таба турган ачык маселелер бойдон калууда.

Роя гезити

Устаз Набил Абдулкарим

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button