Роя гезити

Европанын Американын Иранга каршы согушуна катышуудан баш тартуусу

Европанын Американын Иранга каршы согушуна катышуудан баш тартуусу

Европанын Американын Иранга каршы согушуна кошулуудан баш тарткан позициясын тереңирээк түшүнүү үчүн, бир аз артка кайтып, көрүнүштү «Трамп доктринасы» деген көз караштан карап чыгуу зарыл. Бул доктрина АКШнын тышкы саясат түшүнүгүн кайрадан калыптандырды. Президент Трамптын билдирүүлөрү жөн гана шайлоо ураандары эмес эле, тескерисинче атаандаштарга да, союздаштарга да багытталган катуу белги болду. Анда экономикалык жана географиялык үстөмдүккө умтулуу ачык байкалды. Газа аймагын ээлеп, аны ири көңүл ачуучу жана экономикалык долбоорлорго айлантуу ниетинен тартып, Канаданы 51-штат катары кошуу же Гренландия аралын сатып алуу сыяктуу мурда болуп көрбөгөн идеяларга чейин жетти.

Бул амбициялар жөн гана аймактык кеңейүү эмес, Европанын эгемендүүлүгүнө түз сокку болду. Себеби Канада менен Гренландия административдик жана геосаясий жактан Европа мейкиндиги менен байланышта. Муну менен катар НАТОдон чыгуу коркутуулары айтылып, Европа аны жалгыз пайдаланып жатат деген дооматтар коюлду. Украинага аскерий жардам үчүн андан өтө чоң суммаларды талап кылып же бул жардамды сейрек кездешүүчү пайдалуу кендерди көзөмөлдөө менен алмаштырууга аракет кылды. Мындай экономикалык басым жана 200%дан ашкан бажы тарифтерин киргизүү дүйнө лидерлеринин, айрыкча Улуу Британия сыяктуу салттуу союздаштардын арасында нааразылык жана жийиркенүү жаратты. Алар мурда болуп көрбөгөн текеберлик менен иш алып барган администрацияга туш болушту, ал эми яхудий түзүмү болсо эч кандай шартсыз колдоого алынган өзгөчө «эрке балага» айланды.

Трамп доорунда Американын текеберлиги тарыхта болуп көрбөгөн деңгээлге жетти. Мамлекет эл аралык укук менен дипломатиялык нормаларды тебелеп, глобалдык жүрүм-турум эрежелерин өзү белгилеген көп улуттуу жеке компанияга айландырды. Бул Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн эл аралык системанын ыдырашына алып келди. Газа боюнча 700 күндүк согуштан кийин Трамп «Дүйнөлүк тынчтык кеңешин» түзүүнү жарыялап, аны БУУнун жана анын Коопсуздук кеңешинин ордуна альтернатива катары сунуштады. Бул институттар тарыхый ролун аткарып бүттү деген жүйө келтирилди.

Муну менен эле чектелбестен, үстөмдүк «Монро доктринасынын» ашкере түрүнө чейин кеңейди. Ал Атлантикадан ары жайгашкан Америка континентине эч кандай тышкы кийлигишүүгө жол бербөөнү көздөйт. Бул Венесуэлага каршы блокада, анын президенти Мадурого басым көрсөтүү жана венесуэлалык мунай агымдарын толук көзөмөлгө алуу аркылуу ишке ашырылды. Ушул бардык кадамдар Жакынкы Чыгыштагы тарыхый чоң соккуга т.а. Иранга кол салууга даярдык болду.

Америка стратегиясын «төрт күн» деген планга негиздеди. 96 саат ичинде Иранды ак желек көтөрүүгө мажбурлоо үчүн жогорку жетекчиликти, анын ичинде жогорку руханий лидерди жок кылууну камтыган чагылгандай соккуларды урду. Максат «Америка биринчи» деген ураанды ишке ашырып, мунай, газ жана сейрек кездешүүчү кен байлыктары мол Жакынкы Чыгыш аймагын көзөмөлгө алуу, ошондой эле дүйнөлүк сооданын өзөгүн түзгөн кысыктар менен деңиз жолдорун башкаруу болчу. Эгер Америка буга жетишсе, анда Генри Киссинжер менен Бжезинскийдин: «Ким Жакынкы Чыгышты көзөмөлдөсө, дүйнөнү муунтуп кармайт жана жалгыз лидерге айланат» деген осуяты ишке ашмак.

Бирок узак жылдар бою кылдат даярдалып, машыгып келген пландар да айрым күтүлбөгөн жагдайларды көз жаздымда калтырышы мүмкүн, айрыкча ашкере күчкө ишенген текеберлик себеп болгондо толук мүмкүн. Америка душмандын тең салмагын бузуп, кыймылын шал кылуу үчүн алдын ала сокку стратегиясын колдонду. Бирок Иран биринчи соккудан кийин шал болуп калган жок. Тескерисинче, баллистикалык жана гиперүндүү ракеталарды колдонуп, ыкчам жана күчтүү жооп берди. Бул соккулар америкалык базаларды шал кылып, алардын көбүн иштен чыгарды. Ошондой эле Америка тарабынан эрке яхудий түзүмүнө да олуттуу зыян жана чоң кыйроо алып келди.

Бул жерде суроо туулат: эмне үчүн Европа бул согушка кошулуудан баш тартты? Европа борборлору, ошондой эле Бээжин менен Москва жакшы түшүнөт, эгер Америка Жакынкы Чыгышты толук көзөмөлгө алса, анда Европа түбөлүк түрдө Американын көзөмөлүнө түшөт. Ошондуктан бул мамлекеттер көз карандысыздыктан ажыратуучу сокур баш ийүүдөн (чектөөсүз союздаштыктан) арылуунун зарылдыгын сезишти, анткени ал аларга жоготуулардан башка эч нерсе алып келбей калды.

Европа НАТО уставына таянып жүйө келтирди. Уставда мүчө мамлекеттердин бири кол салууга кабылган учурда гана жамааттык коргонуу каралган. Ал эми Америка менен яхудий түзүмү Иранга каршы баштаган алдын ала чабуул бул шартка туура келген жок. Андан тышкары, европалык чалгындоо отчеттору Иран түздөн-түз бар болуу коркунучун жараткан деңгээлдеги коркунуч эмес экенин көрсөттү. Европалыктардын нааразычылыгын күчөткөн дагы бир жагдай – Украина маселесинде Американын аларды таштап кеткени болду. Европа согуштун оор чыгымдарын өзү көтөрүп калды, ал эми Америка болсо Россия газ түтүктөрүнүн бузулушунан пайдаланып, европалыктарга өз газын өтө кымбат баада сатты.

Мунун натыйжасында ири державалардын (Европа, Россия, Кытай) ортосунда Американын жалгыз үстөмдүк кылышына жол бербөө үчүн жарыяланбаган альянс пайда болду. Бул Иранды сүйгөндүктөн эмес, Американы өз чечимдеринин ачуу кесепеттерин өзү тартсын деген каалоодон улам болду. Ошого карабастан, татаал геосаясий чындык бар: бул державалар Американын толук кыйрашын же толук жеңилүүсүн каалашпайт, анткени бул абдан чоң саясий жана коопсуздук боштугун жаратып, аны азыркы эч бир күч толтура албайт.

Европа Американын оор жеңилүүсү өз аймагына чейин жетип келет деп кооптонот. Бул болсо дүйнөнү, айрыкча Жакынкы Чыгышты «жасалма башаламандык» жана «жапайычылык мыйзамы» өкүм сүргөн абалга түртөт. Башкача айтканда, дүйнөнүн «полициясы» жок болуп калат жана аны алмаштыра турган туруктуу альтернатива али калыптана элек. Ошондуктан алар Американы үстөмдүк кылуучу эмес, шерик катары көргүсү келет, байлыктарды талап-тоноочу жеке компания катары эмес, жалпы кызыкчылыктарды урматтаган активдүү мамлекет болуусун каалайт.

Ирандын туруштук берүүсү жана Американын дүйнө алдындагы аброю төмөндөшү бир маанилүү чындыкты ачыктады. Мурда өзгөргүс күч катары көрсөтүлгөн кубат, чындыгында бекем эрк алдында сынуучу күч экени анык болду. Бул көрүнүш Мухаммад ﷺ  үммөтүн тарыхый жоопкерчиликке алып келет. Анткени атаандаш державалар калтырган геосаясий боштук жана «бүркүттөрдүн» (Европа, Россия, Кытай) адилеттүү альтернатива сунуштай албаганы, мабдаий исламий долбоор үчүн эшик ачат.

Бул тар кызыкчылыктардан таза болгон илахий адилеттикке негизделген үлгүнү сунуштоо үчүн алтын мүмкүнчүлүк. Дүйнө катуу күчтүн текеберлиги менен кызыкчылыктардын башаламандыгы ортосунда солкулдап турган учурда, ушундай альтернатива керек. Тарых далилдегендей, зулумдукка негизделген тактылар акыры кулайт. Ал эми убада кылынган жеңиш үммөттүн өз түпкү долбооруна канчалык бекем карманганына байланыштуу. Алла Тааланын сөзү буга далил:

{إِن تَنصُرُوا۟ ٱللَّهَ یَنصُرۡكُمۡ وَیُثَبِّتۡ أَقۡدَامَكُمۡ}

 «Эгер силер Аллага жардам берсеңер (тактап айтканда Анын жолунда жихад кылсаңар), Ал Зат да силерге жардам берет жана согуш майданында кадамдарыңарды бекем, туруктуу кылат». (Мухаммад: 7).

Роя гезити

Устаз Салим Абу Субейтан

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button