Министрлердин АКШга сапары

Министрлердин АКШга сапары
15-апрелде Кыргызстандын Министрлер кабинетинин башчысы баштаган топтун АКШга сапары болуп өттү. Сапардын максаттары мурдагыдай эле. Кремль менен Бээжинге гана таянуу жетишсиз болуп калган шартта, акча, өнөктөш жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөө аракети.
Расмий түрдө бул сапар Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) жана Дүйнөлүк банктын жазгы жыйындарына катышууга байланыштуу. Бул жолугушуулар жыл сайын өткөрүлүп, дүйнө жүзү боюнча каржы министрлерин, борбордук банктардын башчыларын, инвесторлорду жана ири компаниялардын өкүлдөрүн чогултат. Анда глобалдык экономика, карыздар, инфляция, өлкөлөрдүн өнүгүүсү жана долбоорлорду каржылоо маселелери талкууланат. Бирок иш жүзүндө бул алсыз өлкөлөр өздөрүн тааныштырып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, насыя, грант жана инвестиция алууга аракет кылган чоң “жармаңке”.
Кыргызстандын өкмөтү бул иш-чараларда таасири жана ресурсу бар тараптардан түз кредит сурап алуу мүмкүнчүлүгүн көрүп турат. Ошондуктан расмий күн тартиби менен катар АКШ администрациясынын, бизнестин жана технологиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өтүүдө.
Бишкектин күндүн темасына алып чыккан борбордук долбоорлорунун бири — Камбар-Ата-1 ГЭСи. Бул өлкөгө жана аймакка көбүрөөк энергия бере алган ири гидроэлектрстанция. Бирок түшүнүү керек болгон нерсе, мындай долбоорлор электр энергиясына гана байланыштуу эмес. Бул аткаминерлер үчүн тез келүүчү акча, көзөмөл жана узак мөөнөттүү милдеттенмелерди билдирет. Курулушту ким каржыласа, ал насыя берүү аркылуу шарттарды коюу жана башкарууга катышуу аркылуу таасир этүүчү олуттуу рычагга ээ болот.
Бул жерде негизги маселе келип чыгат. ЭВФ жана Дүйнөлүк банк сыяктуу аянтчаларда талкууланган акчалар чанда гана “жөнөкөй шарт” менен болот. Эрежеге ылайык, булар белгилүү бир шарттары, реформа талаптары жана кайтаруу милдеттенмелери бар кредиттер. Башкача айтканда, кеп белектер жөнүндө эмес, жыйынтыгында өлкө экономикасына жана кедей калктын мойнуна түшө турган карыздык жүк тууралуу болуп жатат.
Ошону менен бирге Кыргызстан өзүн келечектеги технологиялык өнөктөш катары көрсөтүүгө аракет кылууда. NVIDIA, Oracle жана SpaceX сыяктуу компаниялар менен жолугушуулар — бул имидж үчүн жана заманбап күн тартибине (санариптештирүү, жасалма интеллект, жаңы технологиялар) кошулуу аракети. Бул маанилүү, бирок мындай байланыштар сейрек учурда гана тез жыйынтык берет. Көбүнчө бул жыйынтыгы белгисиз, узак процесс.
Сейрек кездешүүчү ресурстар темасы өзүнчө турат. Кыргызстан сырткы оюнчуларды аларды казып алуу мүмкүнчүлүктөрү менен кызыктырууга аракет кылууда. Мындай ресурстар үчүн глобалдык атаандаштыктын алкагында бул логикалуу көрүнөт. Бирок маселе көбүнчө учурдагы реалдуулук (долбоор же продукт) эмес, келечектеги болжолдонгон кирешелерден күтүлгөн пайданын сатылып жаткандыгында. Бул тобокелдикти билдирет. Эгер долбоорлор ишке ашпай калса, өлкө күтүлгөн пайданын ордуна карыздык милдеттенмелер алдында жана көзөмөлдө кала берет.
Бул сапар кимге пайдалуу экени жөнүндө айтсак, АКШ Кытай же Россия менен түз тирешүүгө кирбей туруп, экономика жана технология аркылуу аймактагы өз катышуусун кылдаттык менен күчөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда. Ал эми эл аралык каржы уюмдары насыя берүү жана өздөрүнүн “колонизатордук” оюн эрежелерин жайылтуу менен өз таасирин кеңейтишет.
Кыргызстандын өзү үчүн мындай активдүүлүк ар дайым негизсиз тобокелдик. Ошол эле ЭВФ жана Дүйнөлүк банктын механизмдери акча милдеттенмелер менен кошо келе тургандай түзүлгөн. Кыска мөөнөттүү келечекте бул өнүгүү сыяктуу көрүнөт. Мекемелер курулат, инвестиция келет, активдүүлүк өсөт. Бирок узак мөөнөттө төлөнүшү керек болгон карыздар моюнга илинет.
Бул жерде маанилүү суроо туулат, акырында булардын акысын ким төлөйт? Мындай учурда карыздарды ар дайым бүтүндөй өлкө калктын эсебинен төлөйт. Алар салыктар, тарифтердин көтөрүлүшү жана социалдык чыгымдардын кыскарышы аркылуу жүргүзүлөт.
Ошондуктан мындай сапарларды жана сүйлөшүүлөрдү өнүгүү катары кароого болбойт. Мамлекет иш жүзүндө бүгүнкү бир аз акча үчүн келечектеги кирешелерин, ресурстарын жана долбоорлорун “сатып жатат”. Аткаминерлер келишимдерден утуш тапса да, карыздын жүгү баары бир карапайым калктын мойнуна түшөт.
Жыйынтыгында, АКШга болгон сапар — бул аймакка болгон тышкы кызыгууну колдонуп калуу аракети. Бирок мындай оюн ар дайым калктын эл аралык уюмдарга болгон “кулчулугун” бекемдөөгө байланыштуу болот. Өлкө канчалык көп милдеттенме алса, анын саясий баасы ошончолук жогору болот.
Абду Шүкүр




