Асыл хадис

Дааватчылар

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Дааватчылар

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

عن ابن عمر رضي الله عنهما قال‏:‏ قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:‏ ‏”مَنْ اسْتَعَاذَ بِاللَّهِ فَأَعِيذُوهُ، وَمَنْ سَأَلَ بِاللَّهِ فَأَعْطُوهُ، وَمَنْ دَعَاكُمْ فَأَجِيبُوهُ، وَمَنْ صَنَعَ إِلَيْكُمْ مَعْرُوفًا فَكَافِئُوهُ، فَإِنْ لَمْ تَجِدُوا مَا تُكَافِئُونَهُ فَادْعُوا لَهُ حَتَّى تَرَوْا أَنَّكُمْ قَدْ كَافَأْتُمُوهُ”.‏ ‏‏‏(‏حديث صحيح رواه أبو داود والنسائي بأسانيد الصحيحين‏)‏‏

Ибн Умар (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айтты: “Ким Аллах үчүн жардам сураса ага жардам бергиле. Ким Аллахты атынан сураса, ага бергиле. Ким чакырса (жакшылыкка) ага жооп бергиле, Ким силерге жакшылык кылса, ошончолук ага кайтаргыла. Эгер ага кайтара турган эч нерсе таппасаңар, анда ага кайтарып бергениңерди сезгенге чейин ага дуба кылгыла”. (Абу Давуд жана ан-Насаи тарабынан эки Сахихтин чынжырлары менен риваят кылынган ишенимдүү хадис).

Урматтуу бир туугандар:

Сөздөрдүн эң жакшысы – бул Кудуреттүү Аллахтын сөзү, эң жакшы жол – бул Анын пайгамбары Мухаммаддын (ага тынчтык жана береке болсун) жолу. Бул асыл хадис бизге күн сайын башыбыздан өткөрүп, күбө болуп жаткан көптөгөн нерселердин таасирлеринен кабар берди. Кимдир бирөө жардам, колдоо жана күч-кубат сураганда, биз алардын өтүнүчү Аллахтын буйруктарына карама-каршы келбейби же баш ийбейстик кылбайбы ошону карашыбыз керек. Эгер ошондой болсо, анда биз ага жардам беришибиз, аны колдошубуз, колубуздан келишинче жеңилдетип, корккон нерселеринен коргошубуз керек. Бирок, эгерде анын өтүнүчү Аллахка жакпаган жана Кудуреттүү жана Улуу Аллахты каарданткан нерсе болсо, анын кайгылуу жүзүнө же ширин сөздөрүнө алданбашыбыз керек.

Хадисте айтылгандай, ким бизди Аллах сүйгөн жана ыраазы болгон нерсеге чакырганда, Анын чакырыгына жооп беришибиз керек. Мына, биз Аллах сүйгөн жана ыраазы болгон нерсеге чакырып жатабыз. Аллахтын мыйзамын ишке ашыруу жана адамдардын алакаларын өз нугуна сала турган  шариятты ишке ашырууга болгон чакырыгыбызга ким жооп берет? Бул дүйнөдө мусулмандарга даңк алып келип, акыретте чоң сыйлыкка ээ боло турган бирөө жарым барбы? Эмне үчүн нусрат берүүгө кудурети жеткендер  бизди колдобой, душмандарыбыздын бизге зыян келтирүүсүнө жол берип биз менен бирге түз жолдо жүрбөй, кол куушуруп турушат?!

Хадистин экинчи бөлүгүндө жакшылык кылгандар жөнүндө сөз болуп, бизге кылынган жакшылык үчүн нааразы болбоого, тескерисинче, аны жасагандарга колубуздан келишинче жакышылыкты кайтарууга үндөйт. Эгерде биз аларга жакшылык катары бере турган эч нерсе таба албасак, анда алар үчүн жашыруун жана ачык дуба кылуубуз керек.

Эмне үчүн биз Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бизге айтканын аткарбайбыз жана анын хидаят жетекчилигине баш ийбей жатабыз?! Биз, мусулмандар, Аллахтын дааватчыларынын жолунда каршы турбашыбыз керек, тескерисинче, Аллах Тааланын ыраазычылыгына жетүү үчүн аларды колдошубуз керек. Тескерисинче, биз алардын жолун жолдоп, жүрүм-турумунда аларга кошулушубуз керек, ошондо биз алар амалдары менен бул дүйнө жана акыретте жеткен нерселерине кошо жетебиз. Каалоолорго жана вакыйлыка үстөмдүк кылган нерселерди ошол бойдон калтырбашыбыз керек. Вакыйды өзгөртүү Аллах Таала үчүн чын жүрөктөн кылган амалыбыз аркылуу биздин колубузда.

Биз Кудуреттүү Аллахтан аны ыраазы кылуу үчүн амал кылгандардын жана чындык жолун, Тандалгандын жолун ээрчигендердин арасында кылуусун жана бизди бул динге кызмат кылуу үчүн эмгектенгендерге ыраазы болуп, аларга жакышылык кылгандардын катарында кылуусун жана  адамдарды адаштырып, Аллахты каарданткан ар бир калпычы эки жүздүү адамдардан  бизди алыс кылуусун суранбыз.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 24-шаввал.

2026-ж, 11-апрель.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button