Макала

Эгемендүүлүк иллюзиясы: Элиталардын этияттыгы сырткы таасирди кантип күчөтүүдө?

Эгемендүүлүк иллюзиясы: Элиталардын этияттыгы сырткы таасирди кантип күчөтүүдө?

Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёевдин Бухарадагы жолугушуусу бүтүндөй Борбор Азиянын ыктымал өзгөрүүсүнөн кабар берүүдө. Бул сапар пландуу мүнөздө болуп, өлкөлөр ортосундагы калыптанган расмий эмес үзгүлтүксүз байланыштардын алкагында болcо да, анын мазмуну жана басым жасалган багыттары учурдагы геосаясий кырдаалга байланыштуу кыйла күчөтүлдү. Бул алгач, Ирандын айланасындагы абал жана жалпы чөлкөмдөгү туруксуздук менен байланыштуу.

Жолугушуунун өзү эле Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелердин жаңы фазага өтүү аракетин чагылдырат. Бул жерде бүтүндөй Борбор Азиянын күн тартибин аныктай алган аймактык борбордун калыптанышы тууралуу сөз болуп жатат. Албетте, бул “эми бардыгын биз чечебиз” дегенди билдирбейт. Тагыраагы, чөлкөмдөгү демилгелердин ролун бөлүштүрүү аракети болуп жаткандыгын ачыктайт. Бул жагынан алганда, Бухара символикалык аянтча катары алдыга чыгууда. Бул жерде расмий түрдө колдонулуп келген маданий мурастар тууралуу талкуу, акырындык менен келечек жөнүндө, башкача айтканда, өз ара тыгыз байланышкан, экономикалык жактан эгемендүү жана саясий багытта таасирдүү аймакты түзүү боюнча сүйлөшүүлөргө өтүп жатат.

Жолугушуу ар кандай күчтөрдүн таасиринен чыгууну же, жок дегенде, алардын таасирин азайтууну көздөйт. «Таасирди азайтуу» дегенде АКШ, Кытай же Россия сыяктуу белгилүү бир державалар менен кызматташуудан баш тартуу эмес, тескерисинче, алардын бирине толук көз каранды болуп калуудан качуу аракети түшүнүлөт. Жалпысынан алганда, Борбор Азия илгертен эле тышкы саясаттын объектиси болбостон, ар кандай күч борборлорунун кызыкчылыктарын тең салмакта тута алган өз алдынча оюнчунун ролуна өтүүгө умтулуп келет.

Муну менен бирге транспорттук тармак өзгөчө орунду ээлейт. Транскаспий каттамын өнүктүрүү, портторду жаңылоо жана туруксуз аймактар аркылуу өткөн түштүк багыттарга альтернатива издөө, мунун баары Казакстан менен Өзбекстандан ийкемдүүлүктү жана туруктуулукту камсыз кыла турган каттамдар тармагын түзүүнү талап кылат. Бирок, бул долбоорлор бүткүл Борбор Азиянын атынан кылынууда. Бул жерде Кытай фактору да маанилүү: бир жагынан, аймак «Бир алкак – бир жол» демилгесинин алкагындагы транзитке кызыкдар. Бирок ошол эле учурда, ал экономикалык пайдалар саясий чектөөлөр менен коштолгон жаңы көз карандылыкка түшүп калуудан коркууда. Бул жагынан алганда, Казакстан менен Өзбекстандын өзгөчө тандеми же дуумвираты (саясатты биргелешип аныктаган эки негизги фигуранын расмий же бейрасмий бийлик формасы) калыптанууда. Эки өлкө тең аймакта эң чоң экономикалык жана демографиялык мүмкүнчүлүктөргө ээ болгондуктан, биригүү ролун өзүнө алууда. Бул аларга саясий салмагынын күчөшүн, негизги логистикалык агымдарды көзөмөлдөө жана инвестициялык жагымдуулуктун өсүшү сыяктуу кошумча пайдаларды кепилдейт. Ошол эле учурда, мындай түзүм чөлкөмдөгү коңшу мамлекеттерде сөзсүз түрдө суроолорду жаратат. Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдүн реакциясы, бирдиктүү идеологиялык жана саясий негиз жок болгондуктан, албетте, ар түрдүү болот:

Кыргызстан этият-прагматикалык позицияны карманууда. Өлкө жаңы маршруттардан пайда табууга умтулат, бирок ошол эле учурда экинчи пландагы катышуучу болуп калуудан кооптонот.

Тажикстан негизги транспорттук тамырларга мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, көбүрөөк көз каранды көрүнөт жана интеграциялык аракеттердин чет жагында калып калуу коркунучунун алдында турат.

Түркмөнстан болсо жалпылап айтканда обочолонгон абалда. Ал салттуу түрдө аралыкты сактап, түз экономикалык пайда алып келе турган долбоорлорго гана кошулат. Мына ушул жерде эң башкы тобокелдиктердин бири болгон, тагыраагы, Казакстан менен Өзбекстан чечим кабыл алып, ал эми калган өлкөлөр аларга ылайыкташууга аргасыз болгон «Борбордук жана четки жак» модели келип чыгууда. Транзиттик агымдар үчүн болгон атаандаштык, ошондой эле суу жана энергетикалык ресурстар чөйрөсүндө сакталып калган карама-каршылыктар кошумча чыңалууну жаратат. Тышкы саясий багыттардагы айырмачылыктар да бирдиктүү аймактык стратегияны иштеп чыгууну татаалдаштырат. Ошентсе да, кескин ажырымдын пайда болуу ыктымалдуулугу чектелүү бойдон калууда, бирок бул моделдин ийгиликтүү болоруна да чоң үмүт жок. Чөлкөмдөгү бардык өлкөлөр кызматташтыкка объективдүү түрдө кызыкдар, анткени экономикалык өз ара көз карандылык, миграциялык агымдар жана жалпы коопсуздук тобокелдиктери бири-биринен обочолонууну пайдасыз кылат. Ошондуктан, азыркы этапта Астана менен Ташкенттин карманган багыты үстөмдүк кылууга эмес, координациялоо аракетине негизделүүдө. Бул коңшулардын интеграцияны кандай кабыл аларына түздөн-түз таасир этүүчү принципиалдуу маселе.

Иш жүзүндө, Европа Биримдиги сыяктуу классикалык интеграциялык блок эмес, кыйла ийкемдүү жана ошол эле учурда алсыз система калыптанууда. Мунун алкагында Казакстан менен Өзбекстан борбор катары чыгып, анын айланасында калган өлкөлөр өздөрүнүн кызыкчылыктарына жараша өзүнчө транспорттук, энергетикалык, соода долбоорлорго катышат. Бул «түрдүү ылдамдыктагы» модел. Мында катышуу деңгээли ар түрдүү болот, башкача айтканда, ал моделдин натыйжалуулугуна көз каранды. Бирок бул натыйжалуулук дароо эле баарына бирдей байкала бербейт, ал эми бардык катышуучулардын кызыкчылыктарын коргоо жана аларды илгерилетүү үчүн жоопкерчилик бул моделдин алкагында таптакыр каралган эмес.

Башкы маселе, жарыяланган максаттын ишке ашуусунда. Борбор Азиянын өз алдынча күч борборуна айлануусу бир катар чектөөлөргө туш болот. Анын арасында ички рыноктун салыштырмалуу чакандыгы, экономикалардын чийки затка көз карандылыгы, тышкы каттамдарга жана инфраструктурага болгон көз карандылык, ошондой эле коңшу аймактардагы туруксуздук сыяктуу факторлор бар. Бул туруксуздукту баскынчылар аймактагы өздөрүнүн башкаруу максаттарын сактап калуу үчүн дайыма атайлап күчөтүп турушат. Ошондой эле, башка «жаңы көз карандылыкка» туш болуу тобокелдиги да бар: өнөктөштөрдү диверсификациялоо сырткы таасирдин формасын гана өзгөртүп, анын өзүн жок кылбайт. Анткени ири державалардан көз каранды болуунун башкы себептери такыр изилденбейт жана ага жараша мамилелердин бүтүндөй идеологиясы кайра каралбайт. Борбор Азияда негизги критерий катары элдин кызыкчылыгы эмес, аймактагы өлкө лидерлеринин жеке пайдасы дагы деле алдыга чыгууда.

Ушул факторлорду эске алуу менен, бул демилгелер үчүн эң ылайыктуу термин катары «тең салмактоо моделин» айтсак болот. Ошентип, Борбор Азия өзүнүн прагматикалык позициясын сактап калмакчы. Башкача айтканда, ал Кытай, Россия, Батыш жана аймактык оюнчулар менен бир эле учурда кызматташууга умтулуп, бирок алардын бирөөсүнө баш-оту менен берилип кетүүдөн сактанат. «Тышкы факторлордун таасирин азайтуу» стратегиясынын чыныгы маңызы дал ушунда. Бул стратегия, тышкы өз ара байланыштан баш тартууда эмес, болгону көз карандылыкты кайра бөлүштүрүүдө байкалат.

Ошентип, Бухарадагы жолугушууну өткөөл баскычтагы аракеттердин уландысы десе болот. Борбор Азия акырындап геосаясий «ортолук» абалынан чыгып, өзүнүн жеке субъекттүүлүгүн калыптандырууга урунууда. Бул аракеттин ийгилиги бир гана тышкы шарттарга көз каранды эмес. Аймактагы өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын өз ара макулдаштыруу, пайданы бөлүшө билүү жана кызматташтыктын туруктуу ички архитектурасын куруу жөндөмдүүлүгү да өзгөчө мааниге ээ.

Чыныгы өзгөрүүлөр сапаттык жактан таптакыр жаңы деңгээлге өткөндө гана мүмкүн болот. Ал деңгээлде күчтүн булагы катары мамлекеттик координация гана эмес, коомдун кеңири колдоосу да болуусу шарт. Башкача айтканда, бийликтин учурда эрктүү жана олуттуу чечимдерди кабыл ала албай жаткандыгынын себеби – анын жарандардын ишенимине таяна албагандыгында. Ошондой эле, бийликтин тышкы саясатта чечкиндүү кадамдарды кылуусуна жетиштүү деңгээлдеги ички туруктуулук аздык кылууда. Ансыз, ар кандай интеграциялык долбоорлор этияттык чектер менен чектелип кала берет. Тагыраагы, адилеттүүлүк, коопсуздук жана салым кошуу сезимине негизделген ички биримдик болмоюнча, өз алдынча аймактык күч борборун курууга болгон ар кандай аракеттер чектелүү бойдон кала берет.

Чыныгы эгемендик тышкы саясаттан эмес, ички таянычтан, адамдардан, алардын ишениминен жана стратегиялык багытты колдоого болгон даярдыгынан башталат. Борбор Азия, Жакынкы Чыгыш, дегеле бүтүндөй Ислам дүйнөсүн бириктирүүгө кудуреттүү болгон кызматташтыктын жападан жалгыз варианты – бул өзүнүн адилеттүү түзүмү бар болгон жана Алла Тааладан түшүрүлгөн Ислам идеологиясы. Ошондуктан дүйнө кайрадан адилеттүү Халифалыктын жаркыраган таңы ата турган учурга жетип калды.  Ал баскынчылардын мусулман өлкөлөрүнүн саясатына жана экономикасына болгон кийлигишүүсүн токтотуп, бүткүл дүйнөгө Жараткандын адилеттүү мыйзамдарын жайылтат.

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button