Асыл хадис

Эгер момун адам Аллахтын даярдап койгон азабын билгенде, эч ким бейишти эңсебейт эле

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Эгер момун адам Аллахтын даярдап койгон азабын билгенде, эч ким бейишти эңсебейт эле

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Ахмаддын “Муснадында” мындай деп айтылат: “Эгер момун адам Аллахтын азабынын көлөмүн билсе, эч кимдин бейиштен үмүтү калбайт эле”.

حَدَّثَنَا أَبُو عَامِرٍ حَدَّثَنَا زُهَيْرٌ عَنِ الْعَلَاءِ عَنْ أَبِيهِ عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ عَنْ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ لَوْ يَعْلَمُ الْمُؤْمِنُ مَا عِنْدَ اللَّهِ مِنْ الْعُقُوبَةِ مَا طَمِعَ فِي الْجَنَّةِ أَحَدٌ وَلَوْ يَعْلَمُ الْكَافِرُ مَا عِنْدَ اللَّهِ مِنْ الرَّحْمَةِ مَا قَنَطَ مِنْ الْجَنَّةِ أَحَدٌ خَلَقَ اللَّهُ مِائَةَ رَحْمَةٍ فَوَضَعَ رَحْمَةً وَاحِدَةً بَيْنَ خَلْقِهِ يَتَرَاحَمُونَ بِهَا وَعِنْدَ اللَّهِ تِسْعَةٌ وَتِسْعُونَ رَحْمَةً

Бизге Абу Амир Абу Хурайрадан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат:  Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айтты: “Эгер момун адам Аллахтын азабынын канчалык чоң экенин билгенде, эч кимдин бейишке кирүүдөн үмүтү калмак эмес.  Эгер каапыр Аллахтын ырайымынын көлөмүн билгенде, эч ким бейиштен үмүтүн үзмөк эмес. Аллах Таала жүз ырайым жаратып, бири-бирине ырайым көрсөтүшү үчүн макулуктарынын арасына бир ырайымын койду, ал эми Аллахтын алдында токсон тогуз ырайымы калды”.

(ولو يعلم الكافر ما عند الله عز وجل من الرحمة ما قن من جنته أحد)

“Эгер каапыр Аллах Тааланын ырайымынын көлөмүн билгенде, эч ким бейиштен үмүтүн үзмөк эмес”. Бул каапыр адамга тиешелүү жана момун адамга тиешелүү болгондун тескериси.

(لم ييأس من الجنة)  “Ал бейиштен үмүтүн үзмөк эмес” деген сөзү үмүтсүздүккө түшмөк эмес. Мааниси: эгер каапыр ырайымдын кеңдигин билсе, ал жазанын улуулугу жөнүндө билгендеринен ашып өтүп Аллахтын ырайымынан үмүттөнүп баштайт. Ошондой эле Анын ырайымынын кеңдиги жөнүндө билүү, анын азабына көңүл бурдурбастан анын ырайымынан үмүттөндүрөт деп айтылган.

Аль-Мубаракфури мындай деген: “Момун бейишке болгон үмүтү менен айырмаланат, андыктан эгерде  анда үмүт жок болсо, анда ал баарында (баардык адамзатта) үмүт жок дегенди билдирет. Ошо сыяктуу эле, каапыр адам үмүтсүздүк менен айырмаланат, андыктан андан үмүтсүздүк жок кылынса, анда ал баарынан (баардык адамзаттан) да жок кылынат дегенди билдирет. Бул хадис Анын ырайымынын жана азабынын көлөмүн түшүндүрүү үчүн айтылган, ошондо эч бир момун Анын ырайымына алданып, Анын жазасына түшүп калбайт, ал эми эч бир каапыр Анын ырайымынан үмүтүн үзүп, Анын эшигин таштап кетпейт.

Урматтуу бир туугандар:

Ырайымдуулук – бул Улуу Аллахтын сыпаттарынын бири жана ал мусулмандын Аллахтын ырайымынан жана берешендигинен үмүтүн үзбөөсүнө шарт түзөт. Эгерде пенде Аллахтын ырайымдуулугу, боорукердиги, тообону кабыл кылуусу, мээримдүүлүгү, кечиримдүүлүгү, жашырып койуусу жана дубаларга жооп берүүсү сыяктуу сыпаттарын билип жана ишенсе, анда ал күнөө кылган сайын, Аллах Тааладан ага ырайым кылуусун, кечиришин жана тообосун кабыл кылуусун суранат жана Аллахтын момун кулдарына карата күнөөлөрдү жашырып койуусун жана боорукердигин үмүт кылат, бул ага күнөө кылган сайын Аллахка кайтып келүүгө жана тообо кылууга мүмкүнчүлүк берет. Үмүтсүздүк анын жүрөгүнө жол таба албайт. Сабырдуулук жана чыдамкайлык сапаттарына ишенген адам кантип үмүтсүздүккө түшсүн? Аллахтын берешендик, жоомарттык жана марттык мүнөздөрүн билген адам кантип Аллах Тааланын ырайымынан үмүтсүздүккө түшсүн?

Мурункулардын абалы кайдыгер үмүт, үмүттүү коркуу болгон.

Ошондуктан, пенде дайыма Аллах Таалага “Аллах ырайымдуу деген” жакшы күмөндө болушу керек.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 27- шаввал.

2026-ж, 14-апрель.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button