Роя гезити

Америка тышкы күчү менен ички чирүүсү ортосунда

Америка тышкы күчү менен ички чирүүсү ортосунда

Коомдор күтүлбөгөн бир сокку менен кулап калчу түзүлүш эмес. Адатта чек арасында аңдып турган душмандын айынан эле жоголуп кетпейт. Тескерисинче, алардын пайдубалы ичинен чирий баштаганда, жооп кайтаруу жөндөмүн жоготкондон мурда эле ички биримдигин жоготкондо урайт.

Бул тарых тастыктаган чындык. Рим империясынын кулашы менен Советтер Союзунун ыдырашы мисалында көрүнгөндөй, бүгүн Америкада да бул көрүнүштөр айкын байкалууда. Аскердик жана экономикалык жактан дүйнөлүк күчтөрдүн сап башында турган бул мамлекет саясий, коомдук жана экономикалык түзүлүштөрүнө терең таасир эткен ички жаракалардын майданына айланып баратат. Американын жоготуусу анын көрүнүктүү күч-кубатынын алсырашында эмес, дал ошол күч менен анын ички вакыйлыгынын ортосундагы ажырымдын улам кеңейип бара жатканында.

Бул жерде негизги суроо туулат: ички алсыроо күчөп, өзүнүн мабдасында кабыл алган нерселерине түздөн-түз каршы келген абалда турган дүйнөлүк держава дүйнөлүк тартипти жетектөөнү уланта алабы?

Эми Американын тышкы күчүнүн айрым көрүнүштөрүн карап көрөлү. Америка дагы деле дүйнөлүк күчтүн айкын белгилерин сактап турат. Бул күч анын түзүлгөн мезгилинен бери топтолгон аскердик, экономикалык жана маданий потенциалынын жыйынтыгы болуп саналат. Алардын ичинде:

– Дүйнөлүк аскердик үстөмдүк: дүйнөдөгү эң чоң жана эң күчтүү армияга ээ. Анын коргонуу бюджети дүйнөдө эң жогорку болуп, болжол менен 878.7 миллиард долларды түзөт.

– Эл аралык аскердий жайылуу: дүйнө жүзү боюнча кеңири аскердик базалар тармагына ээ, бул ага каалаган аймакка ыкчам кийлигишүү мүмкүнчүлүгүн берет. Ошондой эле коопсуздук альянстарында борбордук ролду ойнойт, анын ичинде НАТОну жетектейт. Бул дүйнөдөгү эң күчтүү аскердик альянс болуп эсептелет.

– Дүйнөлүк каржы системасына доллар аркылуу үстөмдүк кылуу: доллар эл аралык сооданын жана резервдердин негизги валютасы болуп саналат. Ошондой эле борбордук банктар жана көп улуттуу компаниялар технология тармактарынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөшөт.

– Стратегиялык жолдорду жана тең салмактуулукту көзөмөлдөө: дүйнөлүк соода жолдорун коргоо жана камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, ошондой эле дүйнөлүк энергетикалык коопсуздукту көзөмөлдөйт.

Мындан улам бул көрүнүштөр Американын салттуу да, заманбап да үстөмдүк куралдарына дагы эле ээ экенин чагылдырат. Бирок, бул күч бүгүн жогору эмес, төмөн карай түшүп жатат. Ошентсе да, ал азырынча биринчи орунда кала берүүдө. Бирок бул тышкы күч анын артында топтолгон ички чакырыктарды жашырып турушу мүмкүн. Бул болсо негизги  пикирди бекемдейт, тышкы күч сөзсүз түрдө ички бекемдикти билдирбейт.

Ошондуктан Американын ички түзүлүшүндөгү чирип баруунун айрым көрүнүштөрүн карап көрөлү:

– Саясий бөлүнүү: саясий система Республикалык партия менен Демократиялык партия ортосунда болуп көрбөгөндөй ажырымды баштан кечирүүдө. Бул ажырым күн өткөн сайын өзүнүн кыйратуучу стратегиялык тереңдигин көрсөтүүдө. Буга далил, мыйзамдарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнүн төмөндөшү, өкмөт ишинин кайра-кайра токтошу, негизги элитанын жоктугу жана институттарга болгон ишенимдин төмөндөшү кирет. Акыркы сурамжылоолор Pew Research Center тарабынан көрсөтүлгөндөй, АКШ Конгрессине болгон ишеним тарыхый эң төмөн деңгээлге түшкөн.

– Экономикалык ажырымдын кеңейиши: Федералдык резерв системасынын отчеттору байлыктын чоң бөлүгү калктын 1%нын колунда топтолгонун көрсөтөт. Бул орто катмарды алсыратат, анткени алардын сатып алуу жөндөмү чирип бара жатат. Бул катмардын экономикалык туруктуулугу да жоголууда, анткени реалдуу эмгек акылар токтоп калган учурда жашоо чыгымдары (турак жай, билим берүү, саламаттыкты сактоо) өсүп жатат.

– Акыркы мезгилде мамлекеттик карыз маселелери, жогорку инфляция, чек арадан ашып өткөн аскердик жана саясий кеңейүүдөн тышкары – куралдуу зомбулук жана кылмыштуулук деңгээлинин өсүшү да күч алууда. Элдин көз алдында чоң каражаттар сыртка сарпталып жаткан учурда, калк өзүнүн жашоо шарттарынын начарлашынан жабыркап жатат. Бул согуштардын натыйжалары да тескери таасир берип, жашоо чыгымдарынын өсүшүнө жана салыктардын жогорулашына алып келүүдө. Ошондуктан эл өзү маанилүү эмес деп эсептеген маселелерге каражат сарптоого каршы чыгууда. Алар үчүн Американын “улуу” болушунан көрө, ачарчылыкты жоюу же кеңири жыргалчылыктын жоголушу тууралуу маселелер алда канча  маанилүүрөөк.

Америка өзүнүн тышкы лидер күч образын сактап туруусу бул көрүнүш менен дал келип жатканда абал ого бетер кооптуу болууда. Бул болсо мамлекеттин сырткы сүрөтү менен вакыйлыктагы абал ортосунда ажырымды пайда кылат. Демек, ири мамлекеттерди алардын көрүнүктүү күчүн гана карап эмес, ички түзүлүшүн чечмелөө жана өз алдынча туруштук берүү жөндөмүн баалоо аркылуу түшүнүү керек.

Бүгүнкү Америка дал ушул парадоксту ачык көрсөтүүдө: дүйнөлүк тартиптин ачкычтарын дагы эле кармап турган тышкы күчкө ээ, бирок ички жагы ыдыроонун оор басымынан онтоп, ишеним дээрлик нөлгө чейин төмөндөгөн.

Чыныгы суроо – Америка бүгүн күчтүүбү? эмес, ал өзүн ичинен жаңылай алабы? деген суроодо.

Чындыгында, ал өзүн ичинен жаңылай албайт. Себеби анын капиталисттик мабдасы ийгиликсиз болуп, өзүндө  кыйроо уруктары камтылган. Мындан тышкары, чыныгы элитанын жоктугу, ал тургай кыйратуучу элитанын пайда болушу анын күнөөсүн тездетет. Ошондуктан бүгүн дүйнө жүзү башкаруучу капиталисттик мабданын жашап калууга жөндөмдүү экенине ишенбей калды.

Бүгүн дүйнө адилеттикке, теңдикке жана ырайымга негизделген туура мабдага муктаж. Бул нерселерди ал капиталисттик мабдадан таба алган жок. Ал эми Ислам дүйнөнү башкарууга жөндөмдүү мабда катары капитализмди кайтып келе албай тургандай сүрүп чыгып, адилеттикти орнотуп, ар бир укук ээсине укугун берип, нур жана ырайым жайып, адамды пайдалуу болууга жана капитализмдин куралдарына байланган абалдан чыгарып, өзүнүн жоготкон адамгерчилигине кайтарууга жөндөмдүү.

Исламий мабда – толук жана ишке ашырууга даяр мабда. Бирок аны иш жүзүнө ашыра турган адамдар керек. Хизб ут-Тахрир ушул максатты ишке ашыруу үчүн күнү-түнү аракет кылууда, рошид Халифалыкты тикелөөгө умтулуп, анын эр-азаматтарын о.э. Китеп менен Сүннөттөн алынган манхажын даярдады. Ал Мухаммад ﷺ  жолун улап, Анын «ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«…андан соң пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот» – деген сүйүнчүсү ишке ашуусуна ишенип иш алып бара жатат. О.э Аллах Тааланын Пайгамбарына ﷺ  берген убадасына т.а. Ислам дүйнөнү башкарарына ишенет.

عَنْ تَمِيمِ الدَّارِيِّ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ قَالَ: سَمِعْتُ رَسُولَ اللَّهِ ﷺ يَقُولُ: «لَيَبْلُغَنَّ هَذَا الأَمْرُ مَا بَلَغَ اللَّيْلُ وَالنَّهَارُ، وَلَا يَتْرُكُ اللَّهُ بَيْتَ مَدَرٍ وَلَا وَبَرٍ إِلَّا أَدْخَلَهُ اللَّهُ هَذَا الدِّينَ، بِعِزِّ عَزِيزٍ أَوْ بِذُلِّ ذَلِيلٍ، عِزًّا يُعِزُّ اللَّهُ بِهِ الإِسْلَامَ، وَذُلًّا يُذِلُّ اللَّهُ بِهِ الكُفْرَ».

Тамим ад-Дари разияллаху анхудан риваят кылынат: Аллахтын Элчиси ﷺ  мындай дегенин уктум: «Бул иш түн жана күн жетип барган жайга чейин жетип барат. Аллах бир да отурукташкандын жана көчмөндүн үйүн калтырбастан ага бул динди азиздин азиздиги же кордун кордугу менен киргизет. Ушундай бир азиздик, Аллах аны менен Ислам динин азиз кылат. Ушундай бир кордук, Аллах аны менен куфрду кор кылат».

Роя гезити

Устаз Набил Абдулкарим

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button