Арам бажы төлөмдөрү жашоону оорлотууда

Басма сөз баянаты
Арам бажы төлөмдөрү жашоону оорлотууда
Биз үчүн Ислам түзүлүшү болгон Халифалыктан башка жол жок!
Судандагы бажы башкармалыгы бажы долларынын баасын кайрадан 14%га жогорулатты. Бажы доллары импорттук товарлардын баасын аныктоочу негизги фактор жана керектөө товарлары менен өндүрүш каражаттарынын кымбатташынын түздөн-түз себеби болуп саналат. Чындыгында, бул кыйыр салыкты акыр аягында карапайым керектөөчү төлөйт. 2025-жылдын январь айынан бери бажы долларынын баасы тогуз жолу көтөрүлүп, 2000 фунттан 3222,8 фунтка жетти (жалпы өсүш 61%). Бул жашоо деңгээли төмөндөп, калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгү начарлап жаткан согуш шартында товарлардын баасына өтө терс таасирин тийгизди.
Хизб-ут-Тахрир — Судан вилаяты бул атайлап жасалган каргашалуу экономикалык кырдаалда төмөнкүлөрдү баса белгилейт:
Биринчиден: Исламда сырттан келген товарлар үчүн алынуучу бажы төлөмдөрү жок. Бул арам болгон «макс» (мыйзамсыз салык). Бул тууралуу Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:
«لَا يَدْخُلُ الْجَنَّةَ صَاحِبُ مَكْسٍ»
«Макс алган адам бейишке кирбейт», дагы бир хадисте:
«إِنَّ صَاحِبَ الْمَكْسِ فِي النَّارِ»
«Макс алган адам тозокто» — деп айтылган». «Макс ээси» – бул мамлекет.
Экинчиден: Товарлардан салык алуу — бул кыйыр салыктын бир түрү жана ал арам. Анткени ал баалардын өсүшүнө жана элдин кыйналышына алып келет. Пайгамбарыбыз ﷺ бул тууралуу:
«مَنْ دَخَلَ فِي شَيْءٍ مِنْ أَسْعَارِ الْمُسْلِمِينَ لِيُغَلِّيَهُ عَلَيْهِمْ، كَانَ حَقّاً عَلَى اللَّهِ أَنْ يُقْعِدَهُ بِعُظْمٍ مِنَ النَّارِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ».
«Кимде-ким мусулмандарга бааларды кымбаттатуу үчүн киришсе, Кыямат күнү аны тозоктун чоң отуна киргизүү Аллахтын милдети болот», — деген. Ошондой эле:
«اللَّهُمَّ مَنْ وَلِيَ مِنْ أَمْرِ أُمَّتِي شَيْئاً فَشَقَّ عَلَيْهِمْ فَاشْقُقْ عَلَيْهِ، وَمَنْ وَلِيَ مِنْ أَمْرِ أُمَّتِي شَيْئاً فَرَفَقَ بِهِمْ فَارْفُقْ بِهِ».
«Оо, Аллахым! Ким менин үммөтүмдүн ишине башчы болуп, аларга кыйынчылык жаратса, Сен да ага кыйынчылык жарат! Ал эми ким менин үммөтүмө башчы болуп, аларга жумшак мамиле кылса, Сен да ага жумшак мамиле кыл!» — деп дуба кылган.
Үчүнчүдөн: Жергиликтүү фунттун (валютанын) долларга байлануусу мамлекетти каржылык жактан көз каранды кылды жана өз экономикасына ээлик кылуу укугунан ажыратты. Натыйжада, өлкө Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банк сыяктуу каапыр мамлекеттердин ырайымсыз мекемелеринин кысымында калды. Негизи, мамлекеттин валютасы өзүнө тиешелүү баалуулукка ээ болгон алтын жана күмүшкө байлануусу керек. Анын үстүнө, кээ бир шарият өкүмдөрү да алтын жана күмүш менен байланышкан. Судан элдин чөнтөгүнөн башканы көрбөгөн өкмөттүн саясаты айынан алтыны тонолуп, ысырап болуп жаткан өлкө.
Жыйынтыктап айтканда, Судан калкы билсин, силердин башыңарга түшкөн бул кыйынчылык жана турмуштун тардыгы өлкөнүн кедейлигинен эмес, каапыр Батыштын ач көз капиталисттик системасы колдонулушуна байланыштуу. Бизди бул оор абалдан Исламга кайтуу гана чыгара алат. Мал-мүлк, экономика жана башка тармактарда Ислам өкүмдөрүн колдонуу бир гана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рашид Халифалык мамлекетинде мүмкүн. Бул мамлекет атайлап жасалган кедейликтен куткарып, жеңилдикке жана татыктуу, бакубат жашоого алып бара алат. Келгиле, Раббибиздин ыраазычылыгына бөлөнүп, кадыр-барктуу жашоо үчүн ушул жолдо аракет кылалы!
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا للهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾
“Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла” (Анфал: 24).
Ибрахим Усман Абу Халил
Хизб ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы расмий өкүлү
12.04.26




