Комментарий

Кыргызстанда сүткордукка негзиделген каржы уюмдардын кирешеси эки эсе өстү

Кыргызстанда сүткордукка негзиделген каржы уюмдардын кирешеси эки эсе өстү

2025-жылы Кыргызстандын финансы сектору негизги көрсөткүчтөр боюнча олуттуу өсүштү көрсөттү. Уюмдардын жалпы капиталы дээрлик эки эсеге көбөйүп, 571,6 миллиард сомго жетти. Сектордун кирешеси да 27,4 пайызга өсүп, 253 миллиард сомдон ашты.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкөдө 576 финансы уюму иш алып барган. Алардын катарына Улуттук банк, 22 коммерциялык банк, 500дөн ашуун банктык эмес финансы-кредиттик уюмдары, ошондой эле камсыздандыруу компаниялары жана инвестициялык фонддор кирет.

Кардарлардын саны да кыйла көбөйдү. Бир жыл ичинде 43 пайызга өсүп, 25 миллионго жетти. Адистер муну мобилдик банкингдин, онлайн-кредит берүүнүн өнүгүшү жана камсыздандыруу келишимдеринин көбөйүшү менен түшүндүрүшөт.

Кредит берүү тармагында да олуттуу өсүш байкалды. Жалпы берилген кредиттердин көлөмү 574,5 миллиард сомду түздү, анын 88 пайызы коммерциялык банктарга туура келет. Кредиттердин негизги багыттары — керектөө муктаждыктары (37 пайыз), соода тармагы (23 пайыз), айыл чарба (10,5 пайыз) жана ипотека (болжол менен 10 пайыз).

Комментарий: көрүнүп тургандай, сүткордук өлкөбүздө кеңири жайылып барууда. Сүркордуктун мындай тездик менен жайылуусуна айрым аалым сөрөйлөрдүн Ислам атын жамынган мобилдик банкингди колдонууга жана мурабаха келишимин түзүүгө уруксат берип жатышканы да кошумча болууда. Негизи, Исламдан деп көрсөтүлүп жаткан бул финансылык иш-аракеттер түпкүлүгүндө Ислам шарттарына туура келбейт.

Ач көз капиталисттердин максаты – элди жапырт сүткорлукка байлап, алардын ар бир социалдык жана экономикалык аракетинен пайда көрүү. Бирок, сүткордукту арам деп билген мусулмандар алардын максатына тоскоолдук болушту. Ошондуктан, капиталисттер Ислам атын жамынган финансылык келишимдер аркылуу мусулмандарды сүткордукка тартууга аракет кылууда.

Сүткордуктун коомго зыяны абдан үлкөн. Анын айынан үй-бүлөлөр бузулуп, кээ бир адамдар болгон мүлкүнөн айрылып, а түгүл айрымдар өз өмүрүнө кол салууда. Ошондой эле, сүткордук баалардын кымбаттап жатканынын, жакырчылыктын, уруш-талаштын дагы бир себеби болуп эсептелет.

Аллах Таала айтат:

 (يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ لاَ تَأْكُلُواْ الرِّبَا أَضْعَافاً مُّضَاعَفَةً وَاتَّقُواْ اللّهَ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَوَاتَّقُواْ النَّارَ الَّتِي أُعِدَّتْ لِلْكَافِرِينَ)

«Эй, момундар! Сүткорлуктан көп эселеп жебегиле жана Аллахтан корккула –балким ийгиликке жетээрсиңер жана кафирлер үчүн даярдалган Оттон корккула!» (Аль-Имран 3:130-131).

Харун Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button