Кабар

Европа Биримдиги Кыргызстанга каршы санкция киргизди

Европа Биримдиги Кыргызстанга каршы санкция киргизди

Европа Биримдиги Россияга каршы санкциялардын жаңы пакетин кабыл алып, мурун киргизилген чектөөлөрдү айланып өтүүгө каршы күрөшүү механизмдерин кыйла кеңейтти. Тиешелүү чечим 22-апрелде Брюсселде өткөн ЕБга мүчө өлкөлөрдүн элчилеринин жыйынында кабыл алынды.

Жаңы чаралардын негизги өзгөчөлүгү санкцияларды үчүнчү өлкөлөр аркылуу айланып өтүүгө каршы атайын механизмдин колдонулганы болду. Мындай ыкма биринчи жолу айрым компанияларга эмес, бүтүндөй соода багытына карата колдонулууда. Мындай санкцияга Кыргызстан кабылды. Себеби, Брюсселдин баамында, Кыргызстан санкциядагы товарларды Россияга кайра экспорттоонун туруктуу каналдарынын бири болуп калган.

Кабыл алынган чечимге ылайык, Европа Биримдигинен Кыргызстанга кош багыттагы (жарандык да, аскердик да максатта колдонулушу мүмкүн болгон) айрым товарларды экспорттоого түздөн-түз тыюу салынды. Чектөөгө жогорку тактыктагы металл кесүүчү станоктор, анын ичинде санарип программалык башкаруу (ЧПУ) менен иштеген жабдуулар, ошондой эле байланыш каражаттары — модемдер, роутерлер жана башка маалымат берүүчү жабдуулар кирет. ЕБдин пикиринде, бул товарлар аскердик максатта да пайдаланылышы мүмкүн.

Мындан тышкары, Кыргызстандын айрым логистикалык компанияларына Европа Биримдигинин транспорттук инфраструктурасын пайдаланууга тыюу салынды. Бул чара жеткирүү чынжырларын татаалдаштырып, кайра экспорт мүмкүнчүлүктөрүн азайтууга багытталган.

Европа Биримдиги буга чейин маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө аракет кылганын, бирок Бишкек менен жүргүзүлгөн техникалык сүйлөшүүлөр чек арадагы көзөмөлдү күчөтүүгө алып келбегенин белгилейт.

Ушуга чейин ЕБ үчүнчү өлкөлөргө карата санкцияларды негизинен айрым компанияларга гана колдонуп келген. Жаңы пакет кеңири ыкмага өтүүнү билдирет: эми санкциялар бүтүндөй соода багыттарына – эгер алар санкция режимин айланып өтүүнүн куралы катары бааланса – карата да киргизилиши мүмкүн.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button