Своп-линиялары: петродоллар доорун кыйратышы мүмкүн болгон жаңы дүйнөлүк каржы системасы

Своп-линиялары: петродоллар доорун кыйратышы мүмкүн болгон жаңы дүйнөлүк каржы системасы
21-апрель, шейшемби күнү Reuters агенттиги жарыялаган маалыматка ылайык, АКШ президенти Дональд Трамп Америка Кошмо Штаттары БАЭге каржылык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат, ошондой эле эки өлкө ортосунда валюта алмашуу келишими каралууда.
Бул кабардын маанилүүлүгү Эмираттардын тез арада акчага муктаж болгондугунда эмес, тескерисинче, дүйнөлүк каржы тутумун көшөгө артында стратегиялык өзгөртүүнү чагылдырат. Кеп валюталык своп келишими (Swap Currencies) же АКШнын каржы чөйрөлөрүндө белгилүү болгондой “своп линиялары” (Swap Lines) жөнүндө болуп жатат. Бул жөн гана техникалык чара эмес, тескерисинче жаңы каржы системасынын жаралышын билдирген учкун болуп саналат. Ал система бул жолу мунай аркылуу эмес, түздөн-түз банк ликвиддүүлүгү аркылуу Америка үстөмдүгүн кайра калыптандырышы мүмкүн.
1974-жылдан бери доллардын күчү петродоллар системасына негизделген. Бул система боюнча Саудиянын жетекчилиги астында ОПЕК өлкөлөрү, мунайды жалаң АКШ доллары менен сатууга милдеттүү болгон. Натыйжада доллар алтындын ордуна мунай менен камсыздалган валютага айланган. Бул система АКШ Федералдык резерв системасы үчүн дүйнөлүк энергетика соодасынын муктаждыктарын жабуу максатында триллиондогон долларларды чыгарууга мүмкүнчүлүк берген. Бирок бүгүн бул система олуттуу чакырыктарга туш болууда: Кытайдын петроюань демилгесинин өсүшү, БРИКС өлкөлөрүнүн улуттук валюталар менен соода жүргүзүүгө умтулуусу, ошондой эле альтернативдүү энергия жана электр унааларына глобалдык өтүү мунайга болгон көз карандылыкты азайтууда. Ушундай шартта своп линиялары (Swap Lines) АКШ Федералдык резерви үчүн доллардын каржылык лидерлигин сактап калууда жаңы стратегия катары көрүнүүдө.
Своп линиялары — бул борбордук банктар ортосундагы эки тараптуу келишимдер болуп, кризис учурларында дүйнөлүк рынокторго ликвиддүүлүк берүү максатын көздөйт. Бул механизм аркылуу Федералдык резерв өзү чыгарган долларларды башка өлкөнүн улуттук валютасына (мисалы, БАЭ дирхамы же канадалык доллар) алмаштырат. Ал валюта кийин долларды кайра кайтарып алуу үчүн кепилдик же күрөө катары кызмат кылат. Бул системанын Америка үчүн бир катар артыкчылыктары бар, алардын эң негизгилери төмөнкүлөр:
- Абдан чоң акча массасын өндүрүү мүмкүнчүлүгү: эгерде Федералдык резерв своп келишимдерин 100 өлкөгө чейин кеңейтип, ар бирине орточо 100 миллиард доллардан бөлсө, анда ал жылына өз балансына 10 триллион доллар кошо алат деп бааланууда. Бул сумма петродоллар системасы аркылуу өндүрүлө турган көлөмдөн кыйла жогору, ал эми 2050-жылга карата 20 триллионго жетиши мүмкүн.
- Материалдык чектөөлөрдөн өтүү: петродоллар системасы чектелген мунай көлөмүнө, анын өзгөрмө баасына жана эл аралык кризистерге байланыштуу. Мисалы, коронавирус пандемиясында же азыркы учурда Америка менен яхудий түзүмүнүн Иранга каршы согушу шартында чектелип турат. Ал эми своп линиялары каржылык өсүшкө жана ликвиддүүлүккө, ошондой эле мамлекеттердин тынымсыз өнүгүү, курулуш жана ар кандай долбоорлорго чыгым кылуу муктаждыгына байланыштуу. Бул Федералдык резервге акча чыгарууда толук ийкемдүүлүк берет.
- Түз үстөмдүк: бул линиялар аркылуу Федералдык резерв дүйнөдөгү борбордук банктардын негизги кредит берүүчүсүнө айланат. Ал Дүйнөлүк банк сыяктуу эски эл аралык институттардын ролун ашып өтүп, мамлекеттерге катуу шарттарсыз же жогорку пайызсыз туруктуу ликвиддүүлүк берет. Натыйжада бул өлкөлөрдүн каржылык тагдыры долларга мурдагыдан да бекем байланат.
1981-жылы Америкада доллар менен улуттук өндүрүш ортосундагы чектөөлөрдү жоюу жөнүндө мыйзам кабыл алынгандан бери экономикалык өсүш (товарлар жана кызматтарды өндүрүү) менен каржылык өсүш (кагаз массасын өндүрүү) ортосунда ажырым пайда болду. Бул айырмачылык Федералдык резервге экономикалык токтоп калуу учурларында да ири көлөмдө ликвиддүүлүк куюуга мүмкүндүк берди. Мисалы, коронавирус кризиси маалында өндүрүш төмөндөсө да, 12 триллион доллардан ашык каражат басып чыгарылган.
Ал эми валюта алмашуу (своп) линияларын колдонуу шартында Федералдык резерв жылына өндүргөн 10 триллион долларга чейинки каражатты дароо бул долларларга муктаж болгон ар кандай өлкөлөргө бөлүштүрө алат. Азыркы учурда мунай үчүн чыгарылган долларлар түздөн-түз мунай сатып алууга жумшалып, инфляцияга себеп болбогондой эле, чет өлкөлөрдүн валюталары менен алмашуу аркылуу чыгарылган долларлар да ошол өлкөлөрдүн ички рынокторунда колдонулат. Бул аларды Америка рыногунан тышкары кармап, инфляция коркунучунан сактайт.
Эмне үчүн БАЭ же Япония сыяктуу мамлекеттер өз валюталарын доллар менен алмашууга барат? Федералдык резервдин пикири боюнча, бул мамлекеттер муну өз бюджеттериндеги тартыштыкты жабуу үчүн жасашат. Башкача айтканда, алар Дүйнөлүк банктан жогорку пайыздуу жана катуу шарттар менен 100 миллиард карыз алуунун ордуна, борбордук банк аркылуу доллар алышат. Бул долларлар бюджет тартыштыгын жабууга берилет жана алар үчүн жогорку пайыз же оор шарттар талап кылынбайт. Андай болсо, АКШ Федералдык резерви эмнеден пайда көрөт? Пайда эки нерседе жатат:
Биринчиси — Федералдык резерв системага катышкан өлкөлөр үчүн алардын валюталарын күрөөгө алып, өтө чоң көлөмдө доллар чыгарууга мүмкүнчүлүк алат. Бир же эки жылдан кийин күрөө чечилгенде, бул долларлар кайра Федералдык резервдин казынасына кайтып келет. Башкача айтканда, Федералдык резерв башка өлкөлөр үчүн доллар чыгарат, бирок акыры алар кайра өзүнө кайтып келет.
Экинчиси — своп учурунда Федералдык резерв, мисалы, БАЭнин валютасын сатып алат (Трамп билдирген “валюталарды алмашуу” ушул). Алмашуу курсу ошол учурдагы баа менен аныкталат. Кийин БАЭ кризистен чыккандан соң өз валютасын кайра сатып алуу үчүн колундагы долларларды колдонот. 2005-жылдан бери бул система колдонулуп келе жаткан тажрыйба көрсөткөндөй, Федералдык резерв көп учурда катышкан өлкөлөрдүн валюталарын базар баасынан төмөн баада алып, кайра кайтарып бергенде же сатканда белгилүү бир пайда менен сатат.
Бул системанын «бомбасы» кайда катылган жана ал кайсы бир күнү жарылабы? Бул суроонун жообу — Федералдык резервдик система (ФРС) чечүүнү каалаган көйгөйдүн дал өзү т.а. доллардын чыгашаларга же өндүрүшкө жумшалбай, ашыкча топтолуп калышынан келип чыккан инфляция маселеси. Айырмасы болгону, бул алмашуу системасы маселени ар бир өлкөнүн ички инфляциясынан бүткүл дүйнөлүк бир убакыттагы инфляцияга айлантат.
Эгер Федералдык резерв жылына 10 триллион доллар чыгарса, жана анын божомолу боюнча 2050-жылга карата бул көлөм 20 триллион долларга жетсе, анда инфляция глобалдык маселе болуп калат. Натыйжада дүйнө бир эле валютанын — доллардын – ашыкча көптүгүнөн жапа чегет. Бул доллар баасынын кескин төмөндөшүнө алып келет, негизги муктаждыктарды сатып алууну жана дүйнөлүк долбоорлорду каржылоону кыйындатат. Натыйжада, залимдер өз колдору менен жасаган иштеринин айынан дүйнө оор экономикалык кыйроого дуушар болот. Аллах Таала айтат:
﴿كَلَّا بَل لَّا تُكْرِمُونَ الْيَتِيمَ * وَلَا تَحَاضُّونَ عَلَى طَعَامِ الْمِسْكِينِ * وَتَأْكُلُونَ التُّرَاثَ أَكْلاً لَّمّاً * وَتُحِبُّونَ الْمَالَ حُبّاً جَمّاً * كَلَّا إِذَا دُكَّتِ الْأَرْضُ دَكّاً دَكّاً…﴾
«Жок, силер жетимди ызаат – урмат кылбайсыңар! Жарды бей-бечераны тамактандырууга да бири – бириңерди үгүттөбөйсүңөр! Мурасты болсо (өзүңөрдүн үлүшүңөргө өзгөлөрдүкүн да) кошуп жей бересиңер! Дагы мал – дүйнөнү катуу сүйөсүңөр! Жок (мындай кылык – жоруктарыңардан кайткыла)! Качан Жер (титирей баштап, бардык нерсе) талкаланганда…» (Фажр: 17-21).
Роя гезити
Доктор Мухаммад Жилани




