Түркия менен яхудий түзүмү ортосундагы сөз түрүндөгү чыңалуунун себептери

Түркия менен яхудий түзүмү ортосундагы сөз түрүндөгү чыңалуунун себептери
Яхудий түзүмүнүн премьер-министри Нетаньяху Түркияга жана анын президенти Эрдоганга карата билдирүүсүн күчөтүп, аны “Иран агенттерине жумшактык кылууда” деп айыптады. Андан кийин анын коргоо министри Кац “Түркия кагаз жолборс” деп, Ирандын Түркияга түшкөн ракеталарына жооп бербегенин айыптады.
Бул чыңалуу Түркиянын Иранга каршы кандайдыр бир аракет жасабагандыгынан келип чыкты. Белгилей кетсек, Түркия Америка менен яхудий түзүмүнүн Иранга каршы 40 күнгө созулган агрессиясын да айыптаган жок. Яхудий түзүмү Түркиядан жөн гана айыптабоону эмес, ачык түрдө анын тарабында турууну каалап жатат.
Бирок аймактагы чечим кабыл алуучу күч Америка. Ал Түркиядан түздөн-түз кийлигишүүнү талап кылган жок, тескерисинче, ага башка рол б.а. билдирүүлөрдү жеткирүү жана ортомчулук кылуу милдетин берди. Башында Иран-Америка сүйлөшүүлөрү Түркияда өтүшү керек эле, бирок кийин аларды Пакистанда өткөрүү чечими кабыл алынды. Себеби Америка Пакистанды аймактагы белгилүү бир рол үчүн тандап жатат. Ошондой эле Түркия Ирандын Батышка карай дарбазасы болгондуктан, Иранга басым көрсөтүү үчүн да пайдаланылууда. Ушундай эле, Америка Украинага кол салганда Түркиядан Россияга каршы кийлигишүүнү талап кылган жок, тескерисинче аны Россия менен байланыш көпүрөсү катары калтырды жана ушул мамилелер аркылуу басым кылууну көздөдү.
Ирандын жогорку лидери Түркияны, Пакистанды жана Оманды мактап, аларга сокку урууга барган жок. Себеби бул өлкөлөр Америка менен сүйлөшүү үчүн дарбаза катары колдонулат.
Нетаньяхунун аракеттери анын жарыялаган максатына — “Улуу Израилди” түзүүгө жана аймакта атаандашсыз ири регионалдык мамлекет катары үстөмдүк кылууга багытталган. Ал Иран менен Түркияны атаандаш ири регионалдык мамлекеттер катары көрөт. Ошондуктан Америка менен бирге Иранга сокку урду. Түркияга таасир этүүнү жана аны саясий жактан алсыратуу үчүн, Америкага каршы аны козутууну каалайт. Анткени Нетаньяху Түркия Америка орбитасында айланып, анын саясатын аткарып жатканын билет, жана Америка анын ролуна да, президенти Эрдоганга да толук ыраазы экенин түшүнөт.
Трамп 2026-жылдын 29-мартында башка өлкөлөрдүн Америка жана яхудий түзүмүнүн Иранга каршы агрессиясына болгон позицияларын айтып жатып: “Менимче Түркия керемет, алар чынында эле таң калычтуу болушту жана биз алардан кирбөөнү талап кылган чектерди сакташты” деп айткан. Ал ошондой эле Эрдоганды “керемет лидер” деп сыпаттаган. Бул билдирүүлөр Америка андан Иранга каршы агрессиясына тоскоол болбоону талап кылып, ал болсо баш ийгенин билдирет. Ушул сыяктуу эле, ал Америка буйругуна баш ийип, яхудий түзүмү Америка колдоосу менен жүргүзгөн геноцид маалында Газаны колдоого кийлигишкен жок.
Ошондой эле өткөн жылы Нетаньяху Америкадан Түркиянын Сириядагы ролун токтотууну сураган, бирок Трамп 2025-жылдын 8-апрелинде: “Менин Эрдоган менен сонун мамилем бар, мен аны жакшы көрөм, ал да мени жакшы көрөт” деп, бул өтүнүчтү четке каккан.
Ал Нетаньяхуга: “Эгер сенде Түркия менен маселең болсо, сен акыл-эстүү аракет кылсаң, мен аны чечип бере алам. Сен акыл-эстүү аракет кылышың керек. Эрдоган акылдуу, ал өз тарапташтары аркылуу Сирияны көзөмөлгө алды жана эч ким жасай албаган нерсени жасады. Мен муктаж болгон сайын жанымда турган президент Эрдоганга ыраазычылык билдирем” — деди.
Чынында Эрдоган Американы Сирияда эң чоң жетишкендикке жеткирди: ал анын режиминин кулашына жол бербеди жана акыры Америкага кызмат кылган Башар Асаддын ордуна Түркия сунуш кылган Ахмад аш-Шараны тапканга чейин, аны сактап турду. Ошентип, ал Сирияда Ислам башкаруусунун орношуна тоскоол болду, ошондой эле ал жерде Американын таасири жок болуусуна жол бербеди, тескерисинче аны жаңы агент аркылуу бекемдеди.
Ал эми Эрдогандын яхудий түзүмүнүн лидерлерин “балдарды өлтүргөндөр Түркияны да, анын президентин да коркута албайт” деп атаганы жана тышкы иштер министри Фидан “(израиль) Түркияны жаңы душман катары көрсөтүүгө аракет кылууда” деген сөздөрү Түркиянын яхудий түзүмүнө болгон позициясын өзгөртпөйт. Анткени Эрдоган өзү “Түркия менен (израилдин) мамилелери жашоого зарыл, алардан баш тартууга болбойт” деп айткан. Мындай сөз тирешүүлөр жана чыңалуулар буга чейин да болуп, андан кийин кайра мамилелер мурунку нугунда уланган.
Демек, Эрдоган яхудий түзүмүн сактоого жана ага тийбөөгө, ошондой эле аны менен мамилелерди үзбөөгө милдеттенме алган. Бул анын бийликте калуусунун кепилдиги катары каралат. Ал Америкага өзүн байлаганда, бул убадасын берген жана аны иш жүзүндө далилдеген:
Ал 2005-жылы яхудий түзүмүнө расмий сапар жасап, ошол кездеги премьер-министри, Сабра жана Шатила кыргындарын жасаган кылмышкер Шарон менен жолуккан. Ошондой эле Холокост мемориалына барып, гүл коюп, Шаронго анын партиясы антисемитизмди адамзатка каршы кылмыш деп эсептей турганын жана Ирандын өзөктүк амбициялары “Израилге” гана эмес, бүткүл дүйнөгө коркунуч туудурарын айткан. Муну менен Эрдоган Ирандын өзөктүк ишмердүүлүгүнө каршы яхудий түзүмүнүн тарабында экенин билдирген.
2007-жылы ал Анкарада яхудий түзүмүнүн президенти Шимон Перести кабыл алып, ага Түркия парламентинде сөз сүйлөөгө уруксат берген.
Кыскасы, мамилелерде канчалык чыңалуу болбосун, бир аз убакыт өткөндөн кийин, эл яхудийлердин кылмыштарын унутту деп эсептелгенде, кайрадан нормалдашуу жүрөт.
Мисалы, 2009-жылы яхудий түзүмүнүн Газаны бомбалоосунан кийин мамилелер чыңалган. Ошондой эле 2010-жылдын 31-майында “Мави Мармара” түрк кемесине кол салып, 10 түрк жаранын өлтүргөн окуядан кийин да чыңалуу күчөгөн. Бирок андан соң 2015-жылдын март айында мамилелер кайра нормалдаштырылган.
Яхудий түзүмү Түркияны Ирандагы өз агенттерин ашкереледи деп айыптаганда, мамилелер чыңалган, андан кийин 2016-жылдын июнунда кайра мурдагы абалына кайткан.
2017-жылы Америка Куддусту яхудий түзүмүнүн борбору катары тааныганда Эрдоган мамилелерди үзөбүз деп коркуткан, бирок аны ишке ашырган жок, анткени ал мындай кадамга баруудан коркот.
2022-жылы Эрдоган Анкарада өзүнүн президенттик сарайында яхудий түзүмүнүн президенти Герцогду жеңишке жеткен баатырдай тосуп алган.
Эрдоган яхудий түзүмүн «нацисттик мамлекет, Нетаньяху террорчу, анын колдору канга боёлгон» деп сыпаттаган. Бирок ал ошол “кир колдор” менен кол алышып, эч нерсе болбогондой аны менен жарашкан. 2023-жылдын сентябрында Нью-Йоркто жолугуп, октябрда яхудий түзүмүнө барууну пландаган, бирок 2023-жылдын 7-октябрынан кийинки Газага жасалган кол салуулар бул сапарды токтоткон.
2023-жылдын 27-декабрында Эрдоган Газага жасалган кыргындар үчүн яхудий түзүмүн айыптап, Нетаньяху Гитлерден айырмасы жок деп айткан. Бирок ал дипломатиялык жана соода мамилелерин үзгөн жок. Түркия яхудий түзүмүнө ар кандай товарларды, чийки заттарды, курал өндүрүшүнө керектүү материалдарды, ошондой эле Азербайжандан келген нефть жана газды жеткирген эң ири камсыздоочулардын бири бойдон калган.
Эрдоган бул чыңалууларды жана сөз аркылуу тирешүүлөрүн элдин өзүнө болгон ишенимин кайра калыбына келтирүү үчүн колдонууга аракет кылууда. Ошентип, эл анын Газадагы мусулмандарды, Акса мечитин жана өлүм жазасына өкүм чыгарылган палестиналык туткундарды коргой албаганын унутуп калат. Ошондой эле анын Газадагы ок атышууну токтотуу боюнча Трамптын планын кабыл алганын, бул план яхудий түзүмүн куткарып калганын, Трамптын “тынчтык кеңешине” кошулганын, Сирияны яхудий түзүмүнүн кол салууларынан коргой албаганын, алар анын армиясын талкалап, түштүгүн ээлеп алганын, ал эми Түркия армиясы ошол жерде америкалык чек араларды сактап карап турганын да унуттурушка аракет кылууда.
Жыйынтык: эгер Түркия яхудий түзүмү менен болгон мамилелерин үзбөсө, аны таануусун четке кага албаса жана бүтүндөй Палестинаны яхудийлер басып алган Ислам жери деп жарыялап, аны азат кылууну талап кылбаса, анда бул чыңалуулар жана сөздөгү тирешүүлөр Түркия режими менен анын президентинин яхудий түзүмүнө карата чыккынчы позициясын өзгөртпөйт.
Роя гезити
Асъад Мансур




