Кытай жана Ормуз кысыгы кризиси: туруксуз эл аралык эрежедеги тынч көтөрүлүш

Кытай жана Ормуз кысыгы кризиси: туруксуз эл аралык эрежедеги тынч көтөрүлүш
Ормуз кысыгындагы деңиз каттамында жүз берген кризистин артынан пайда болгон геосаясий башаламандык учурунда Кытай түздөн-түз тирешүүдөн айланып өткөн күч катары көрүнүүдө. Ал тең салмакты бузуу эмес, аны башкаруу логикасына таянган тынч ыкма менен иш алып барды. Салттуу күчтөр аскерий жана коопсуздук аркылуу чыңалууну башкарууга алаксып жатканда, Кытай башка позицияны карманды. Жаңжалга кирбей туруп чыңалууну азайтууга умтулган ортомчу позициясында турду.
Ушул алкакта Кытай Иран кризисинде өзүнүн дипломатиялык аракеттерин күчөтүп, эл аралык ортомчу катары ролун бекемдөөгө аракет кылды. Анын тышкы иштер министри Ван И кесиптештери менен тыгыз байланыштарды жүргүзүп, Пакистан менен биргеликте ок атышууну токтотуу жана Ормуз кысыгын кайра ачуу боюнча демилге көтөрдү. Бул Иранга чыңалуудан дипломатиялык жол менен чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн берди.
Кытайлык расмийлердин айтымында, Ван И бул аракеттердин алкагында эл аралык расмийлер менен 26га жакын телефон сүйлөшүү жүргүзгөн. Ал эми кытай-пакистандык план 31-мартта ок атышууну токтотууну жана кысыкты эл аралык маанилүү өтмөк катары кайра ачууну сунуш кылган. Өз кезегинде америкалык расмийлер бул демилге Иранга, айрыкча Кытай менен анын жакын байланыштарын, стратегиялык өнөктөш жана энергиянын негизги импорттоочусу экенин эске алганда, ага дипломатиялык маневр үчүн кеңири мейкиндик бергенин белгилешкен. (Аль-Арабия, 10/04/2026).
Бул аракеттер Жакынкы Чыгыш менен гана чектелбейт. Бээжин көп багыттуу дипломатиялык жолго кирип, өзүн эл аралык кризистерди башкара алган жоопкер күч катары көрсөтүүгө умтулууда. Бул болсо АКШ президенти Дональд Трамп менен Кытай лидери Си Цзиньпиндин күтүлүп жаткан жолугушуусунун алдында болуп, Кытайдын аракеттерине глобалдык сүйлөшүү мүнөзүн берет. Европа өкмөттөрүнүн билдирүүлөрү, анын ичинде Испаниянын позициясы, “согушту токтотуу жана Жакынкы Чыгышта туруктуулукту калыбына келтирүү үчүн дипломатиялык жолдорду табууда Кытайдын ролу маанилүү” экенин баса белгиледи. Көрүнүп тургандай, Испания Кытай менен соода жана кызматташтыкты кеңейтүүнү колдогон алдыңкы европалык тараптардын бири болуп саналат. Ага Трамп сыяктуу экономикалык жана геосаясий атаандаш эмес, стратегиялык өнөктөш катары карайт. Бул тууралуу Reuters 14-апрелде маалымдаган.
Бул көрүнүштү терең түзүмдүк негизге таянбай түшүнүү мүмкүн эмес. Кытай дүйнөлүк ири держава болууга жетиштүү материалдык мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп калды. Бирок бул өзгөрүү азырынча кагылышуучу күч түрүндө эмес, экономикалык жана дипломатиялык таасир аркылуу, салттуу державалар калтырган боштуктарды акырын толтуруу жолу менен ишке ашууда. Бул аракет Кытай стратегиясындагы Ирандын орду менен байланыштуу. Анткени Бээжин менен Тегерандын ортосундагы мамиле «Бир алкак – бир жол» демилгесинин негизги түркүктөрүнүн бири болуп саналат. Иран Борбор Азия менен Жакынкы Чыгыштын ортосундагы географиялык түйүн болуп, энергия жана соода үчүн маанилүү өтмөк катары кызмат кылат. Бул болсо АКШ өзүнүн кеңейүүчү саясатында таянган стратегиялык «муунтуучу чекиттерди» (chokepoints) көзөмөлдөө теориясы менен түздөн-түз кагылышат.
Бул жерде негизги маселе ачык көрүнөт: Кытай кризиске тирешүүчү күч катары эмес, башкаруучу күч катары кирди. Ал аскерий жактан күчтөрдүн тең салмагын өзгөртүүгө умтулган жок, тескерисинче аларга ыңгайлашып, саясий жактан пайдаланууга аракет кылды. Бул болсо бир моделдин экинчиси үстүнөн чечүүчү үстөмдүгүнөн көрө, көбүнчө күч философиясынын айырмачылыгын чагылдырат.
Өз таасирин ондогон жылдар бою аскерий катышуу жана маанилүү өткөөлдөрдү күч аркылуу камсыз кылуу менен орноткон АКШ дагы деле катуу кармоо куралдарына жана кеңири альянстар тармагына таянууда. Бирок маселе согуш кемелери же учактар менен гана чечилбегендей көрүнөт. Ошондой эле НАТО өлкөлөрүн жаңжалдарга тартып, өздөрү баштабаган согуштун чыгымын төлөтүү менен да чечилбейт. Ал эми Кытай болсо башкача моделди сыноодо. Ал экономикалык байланыштарга, өз ара көз карандылыкка жана тирешүүнүн ордуна ортомчулук аркылуу кризистерди башкарууга негизделген моделди колдонууда. Ошол эле учурда ал Баб аль-Мандеб кысыгына жакын Жибутиде, ошол эле өлкөдөгү америкалык базага бир нече чакырым аралыкта аскерий база курганын да белгилей кетүү керек.
Ушундан улам Бээжин «функционалдык туруктуулук» логикасы менен аракеттенүүдө, башкача айтканда түздөн-түз аскерий милдеттенмелерге кирбестен, энергия агымдарынын үзгүлтүксүз болушун камсыз кыла турган минималдуу тең салмакты сактоого умтулат. Бул ыкма Кытайдын ар түрдүү тараптар үчүн кабыл алынуучу күч катары образын бекемдеди. Ал алгач өз кемелеринин коопсуз өтүшүн камсыз кылды, андан соң жаңжалдын катышуучусу эмес, тең салмактоочу катары көрүнүүгө аракет кылды. Тышкы иштер министри Ван Инин айтымында, Иран кемелеринин жүрүшүн токтотуу үчүн Ормуз кысыгын курчоого алуу эл аралык коомчулуктун жалпы кызыкчылыктарына каршы келет. (Reuters, 13/04/2026).
Бирок Ормуз кысыгы кризисинин мааниси Кытайдын түз жүрүм-турумунан да кеңири. The New York Times басылмасы 6-апрелде жарыялаган талдоого ылайык, эл аралык тартипте күч мындан ары армиялардын же экономиканын көлөмү менен гана эмес, стратегиялык муунтуучу чекиттерге, айрыкча деңиз өткөөлдөрүнө таасир этүү мүмкүнчүлүгү менен да өлчөнөт. Ушул алкакта Иран дүйнөлүк энергия коопсуздугуна өзүнүн географиялык орду аркылуу таасир эте алган фактор катары алдыга чыкты. Бул болсо аны Кытай үчүн да маанилүү таразаны ташына айлантат, анткени Кытай энергияны эң көп импорттоочу өлкөлөрдүн бири. The Independent басылмасы белгилегендей, Кытай бул кризистен тынч жана ишенимдүү күч катары чыкты, Батыштын чыңалууну башкарууга алаксып жатканынан пайдаланды. Бирок бул эл аралык тартипти жетектөөчү деңгээлге өткөнүн билдирбейт.
Мындай алдыга жылууга карабастан, Кытай өткөөл баскычта турат. Ал али үстөмдүк кылуучу державага айлана элек, бирок четте турган күч да эмес. Тескерисинче, ал “кулап бараткан” эл аралык тартиптеги боштукта аракеттенген глобалдык күч болуп калды. Мындай баалоону Кытай президенти Испаниянын премьер-министрин кабыл алуу учурунда айткан. (Reuters, 14/04/2026).
Энергия базарындагы туруксуздук күчөгөн сайын, электр унааларына өтүү мүмкүн болгон альтернативалык багыт катары чыгууда. Бул болсо дүйнөлүк энергия экономикасынын кайра түзүлүшүнөн эң көп пайда көргөн тараптардын бири катары кытайлык компаниялардын позициясын күчөтүшү мүмкүн. Кытай тышкы саясатта түздөн-түз кагылышуудан качууга жана Тайвань саясий сахнасындагы бөлүнүүнү пайдаланууга аракет кылууда. Ал сезимтал саясий учурда айрым оппозициялык күчтөр менен жакындашуу аркылуу Тайванга 40 миллиард долларлык америкалык курал-жарак келишимине тоскоолдук жаратууну көздөйт. Бирок анын эл аралык ролунун келечеги өз ара байланышкан төрт деңгээлдин тең салмагына көз каранды бойдон калууда: кеңейип жаткан экономика, геосаясий ачыктык, аскерий күч жана Ислам өлкөлөрүндөгү символдук образ.
Жакынкы Чыгышта жана Борбор Азияда кеңейиши анын экономикалык катышуусун күчөтүп жатканы менен, ал дагы деле дүйнөлүк капиталисттик системанын ичинде калып, андан толук ажырай албайт. Ошол эле учурда Чыгыш Түркстандагы уйгур мусулмандары маселеси эл аралык атаандаштыкта саясий жана ахлакый курал катары колдонууга ыңгайлуу сезимтал тема бойдон калууда жана анын глобалдык кеңейүүсүн коштогон “унчукпас көлөкө” болуп турат.
Уйгур мусулмандарынын канына узак жылдар бою колу булганган Кытайга биздин суроо берүүгө акыбыз бар: күч-кубат бир гана жер үстүндөгү жетишкендиктер менен өлчөнбөйт. Ислам үммөтүнүн каны менен калыптанып, адамзат тарыхын кайра жазууга багыт алган дүйнөлүк саясий аң-сезимдеги жаңы доорго Кытай даярбы? Тактап айтканда, пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык дооруна өзүн даярдадыбы?!
Роя гезити
Инженер Висам аль-Атраш




