Англо-америкалык шериктештиктин алсыроосу – Ислам үммөтү үчүн мүмкүнчүлүк

Англо-америкалык шериктештиктин алсыроосу – Ислам үммөтү үчүн мүмкүнчүлүк
2026-жылдын 27-мартында Британия парламентинин улуттук коопсуздук стратегиясына жооптуу биргелешкен комитети 2024–2026-жылдарга карата төртүнчү баяндамасын жарыялады (HC 1045 / HL Paper 281). Белгилүү болгондой, баяндаманын 8-бетинде: «Улуу Британиянын коргонуу өнөр жай базасын кайра куруу аркылуу “эгемен жана асимметриялык мүмкүнчүлүктөрдү” өнүктүрүү жана башкаларга болгон көз карандылыкты азайтуу» зарыл деп айтылган.
«Башкаларга болгон көз карандылыкты азайтуу» маселесине келсек, Британия Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Германиядан катуу сокку алгандан кийин Америкага олуттуу түрдө таянган. Советтик Россиянын өсүп келе жаткан күчү анын колонияларына олуттуу чакырык жараткан шартта, Британиянын «терең мамлекети» бардык канаттары менен Америка менен болгон байланыштарын күчөткөн. Америка болсо башында Британияга каршы душман катары эл аралык мамилелерин баштаган, анын ичинде 1812-жылдагы согуш да бар.
1946-жылдын 5-мартындагы «Тынчтыктын өзөктөрү» (Sinews of Peace) аттуу сөзүндө ошол кездеги Британиянын муруңку премьер-министри жана оппозиция лидери Уинстон Черчилль мындай деген: «Бул тарыхый учурда согуштун алдын алууга жана зомбулукка каршы турууга жөндөмдүү жалгыз курал – бул “англис тилдүү элдердин бир туугандык байланышы”. Бул Британиянын шериктештиги жана империясы менен Американын ортосундагы өзгөчө мамилени билдирет».
Бул «өзгөчө мамиле» чындыкпы же элеспи деген талаштарга карабастан, англо-америкалык шериктештик негизинде бүтүндөй бир система түзүлдү. Анын ичинде Түндүк Атлантика келишими уюму түзүлүшү, ошондой эле 2001-жылы Афганистанга, 2003-жылы Иракка каршы согуш жүргүзүү үчүн альянстардын түзүлүшү бар.
Мындан тышкары, биргелешкен комитеттин баяндамасы Британиянын Америкага болгон көз карандылыгын азайтуу маселесин ачык көрсөткөн. Инфляция, оор карыздар, Владимир Путин тарабынан Украинага каршы жүргүзүлүп жаткан согуш, ошондой эле Дональд Трамп тарабынан Ормуз кысыгын ачуу аркылуу туруктуулуктун бузулушу шартында Британия экономикалык шал абалга туш болууда. Ошого карабастан, ал өзүнүн маанисин жоготуп албоо үчүн аскердик мүмкүнчүлүктөргө инвестиция салууда. Баяндаманын 43-бетинде: «Сунуш: Америка Кошмо Штаттары менен практикалык жактан мүмкүн болгон жерде стратегиялык кызматташууну улантуу менен катар, өкмөт башка европалык союздаштар менен биргеликте НАТОну көбүрөөк европалык жетекчиликке өткөрүү боюнча так план иштеп чыгышы керек. Ошондой эле эң жаман сценарийге даярдык көрүү максатында, эгер кризис учурунда Европа АКШнын колдоосуна таяна албаса, өкмөт европалык өнөктөштөр менен бирге өз мүмкүнчүлүктөрүнө инвестиция салып, мүмкүн болгон бул артка чегинүүнү компенсациялоого тийиш».
Ошентип, Британия Европа Биримдигинен чыгуу аркылуу Европа менен болгон шериктештигин кыскарткандан кийин, эми Британиянын «терең мамлекети» кайрадан Европага уяттуу кайтууну сунуш кылууда. Бирок европалык шериктештик ишенимдүү болуудан алыс, анткени анын ар бир мамлекетинде күчтүү улутчул тенденциялар бар. Экинчи дүйнөлүк согушка чейинки Европанын тарыхы алардын ортосундагы кыйраткыч согуштарга толгон. Экинчи дүйнөлүк согуштун өзү негизинен европалык мамлекеттердин ортосундагы согуш болуп, ал учурдагы жана мурдагы колонияларга да жайылган. Согуштан кийин да Европанын тарыхы Британия, Франция жана Германия ортосундагы туруктуу тирешүү жана атаандаштык менен мүнөздөлгөн. Бүгүн болсо Германия, Британия жана Франция кайрадан куралданууга өтүп жаткан шартта, алардын кылымдарга созулган кагылышууларынын тарыхын эске алуу менен бул кылымда да европалык мамлекеттер ортосунда куралдуу кагылышуу чыгышын четке кагууга болбойт.
Эй мусулмандар жана үммөттүн аскерлери! Душмандарыңардын жана силерди азапка салгандардын вакыйлыгына карагыла! Америка өз көз карандысыздыгын алуу үчүн Британия колонизаторлугун талкалап, силердин жерлериңерде өз колонизаторлугун ишке ашыруу үчүн Британия менен жакындашкан. Ал эми бүгүн Америка силердин жерлериңерди пайдалануу үчүн Британияга муктаж болбой калды, ошондуктан аны таштап, басынтып, жемелеп жатат. Өз колонизаторлугунун туу чокусунда жерлерибиздин чоң бөлүгүн эзген Британия болсо азыр Франция жана Германия сыяктуу колонизатор атаандаштары менен шериктештик түзүүгө мажбур болууда. Каапыр мамлекеттердин табияты мына ушундай. Алар улуттук иденттүүлүк жана материалдык пайда негизинде аракет кылышат. Адамдарды адамзаттын абалын жакшыртуу үчүн бириктире турган асыл мабда болбогондо, башка элдердин байлыктарына болгон ач көздүктүн негизинде душмандар союздашка айланып, андан кийин кайрадан душманга айланышат. Алардын ортосундагы кастык Аллах Таала сүрөттөгөндөй катуу:
﴿بَأْسُهُمْ بَيْنَهُمْ شَدِيدٌ تَحْسَبُهُمْ جَمِيعاً وَقُلُوبُهُمْ شَتَّى ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ قَوْمٌ لَا يَعْقِلُونَ﴾
«Алардын өз араларында катуу душмандык бар, (ооздорундагы сөздөрүнөн) аларды биримдиктүү деп эсептейсиң, (бирок) жүрөктөрү (ички дүйнөсү) ар түрдүү. Буга себеп, алардын акылсыз коом экендиктери». (Хашр: 14).
Алардын ортосундагы пикир келишпестиктерге жана атаандаштыкка карабастан, мусулмандарга байланыштуу маселеде жеңгендерден да, жеңилгендерден да эч кандай жакшылык күтүлбөйт. Ислам өлкөлөрү узак убакыт бою душмандар талашып, өз ара бөлүшкөн дасторкон сыяктуу болуп келди. Ошондуктан курч бөлүнүүлөр, өзгөрмө союздар жана эл аралык тартиптеги өзгөрүүлөр колонизатордук баскынчылыктан кутулуу үчүн мүмкүнчүлүк болушу керек. Бирок азыркы мусулман башкаруучулары мындай ой жүгүртүүдөн алыс, анткени алар колонизатор күчтөрдүн агенттери болгондуктан, алардын буйруктары менен кызыкчылыктарынан аркысын көрө алышпайт.
Ал эми аң-сезимдүү исламий жетекчилик колонизатор мамлекеттердин табиятындагы өзгөчөлүктөрдү жана андан келип чыккан алсыз жактарды оңой эле пайдаланып, аларды жеңип, Исламдын үстөмдүгүн орното алат. Дал ошол гана жетекчилик Фарс жана Рум империяларын жеңип, сан жеткис элдерди бириктирип, кылымдар бою дүйнөдө үстөмдүк кылган улуу исламий үммөттү түзгөн Хулафаи рошидиндердин (разияллаху анхум) жолун улантууга кудуреттүү. Ошол гана жетекчилик тез куралдануунун негизи катары машина куруу өнөр жайын түзө алат жана чет элдик куралга болгон кооптуу көз карандылыкты токтотот. Ошол жетекчилик риба төлөмдөрүн токтотуу, бузук башкаруучулар жана жооптуу кызматкерлер тарабынан талап-тонолгон байлыктарды кайтарып алуу, ошондой эле үммөттүн зор энергия, минералдык жана каржылык ресурстарын пайдалануу аркылуу өнөр жай революциясын каржылай алат. Ошол гана жетекчилик залимдерди сүрүп таштап, бүткүл адамзат үчүн адилеттик жана илахий ырайымга негизделген түзүмдү орното алат.
Эй мусулмандар жана үммөттүн аскерлери! Моюнуңардан кордук менен басынууну түшүргүлө жана салих амалдарды кылгыла, ошондо Аллах Таала Өз динине болгон бекемдикти насип кылат… Мына, Хизб ут-Тахрир силердин араңарда Исламга башкаруу системасы катары чакырып жатат, андыктан ага жооп бергиле жана аны менен бирге аракет кылгыла.
Роя гезити
Мусъаб Умайр – Пакистан вилаяты




