Миграция боюнча конференциялар – оор вакыйлыкты кооздоп көрсөтүү жана жоопкерчиликтен качуу

Миграция боюнча конференциялар – оор вакыйлыкты кооздоп көрсөтүү жана жоопкерчиликтен качуу
Ушул жылдын апрель айынын башында миграция боюнча Африка министрлеринин саммити өттү. Ага тышкы иштер министрлери жана “глобалдык миграция келишимин ишке ашыруучу алдыңкы мамлекеттер” деп аталган 17 Африка өлкөсүнүн өкүлдөрү, ошондой эле Эл аралык миграция уюму катышты. Жыйын май айында Нью-Йорк шаарында өтө турган миграция маселесин кайра кароо боюнча эл аралык форумдун алдында, аймактагы чыңалган шартта болуп өттү. Министрлер “Каир декларациясы” деп аталган биргелешкен билдирүү чыгарышты. Анда миграция маселесинде африкалык позицияны бириктирүү зарылдыгына көңүл бурулуп, мыйзамдуу миграция жолдоруна артыкчылык берүү, чек аралар аралык кызматташууну күчөтүү, жумуш мүмкүнчүлүктөрүн жана кыймылды кеңейтүү баса белгиленди.
Бул конференциянын жана анын натыйжаларынын вакыйлыгы: “Сөзүңдү уксам ишенем, ишиңди көрсөм таң калам” – деген сөз сыяктуу болду. Конференциянын биргелешкен билдирүүсү Африка континентиндеги мигранттар менен качкындарга “камкор” көрүнүүгө аракет кылды. Бул “камкордук” жыйынга катышкан мамлекеттердин, айрыкча Жер Ортолук деңизинин жээгиндеги өлкөлөрдүн “камкордугунун” табигый чагылдырылышы болуп саналат, анткени дал ушул өлкөлөр аркылуу Европага деңиз аркылуу миграция ишке ашат. Алар Нью-Йоркто өтө турган глобалдык миграция келишимин кайра кароо форумунун алдында бирдиктүү африкалык позиция түзүүнү каалашарын айтышты жана мыйзамдуу жолдорго, чек аралар аралык кызматташууга көңүл бурушту. Бул болсо миграцияны коопсуздук кризисинен өнүгүү куралына (уюшкан эмгек күчү, жумушчу күчүнүн кыймылы, акча которуулар) айландыруу каалоосун чагылдырат.
Сөздөрдү кооздоп, алардын “философиясын” тандап алышты. Мисалы, “Каир декларациясы” сыяктуу биргелешкен билдирүүнү чыгаруу аркылуу мыйзамдуу миграция жолдорун колдоого алуу, мигранттардын укуктарын урматтоо, ыктыярдуу кайтууну жана кайра интеграциялоону колдоо, ар бир мамлекеттин (улуттук) суверенитетин жана жергиликтүү өзгөчөлүктөрүн сактоо, коопсуз кыймыл жана эмгек мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, чек аралар аралык кызматташууну күчөтүү, адам сатуу жана контрабанда тармактарына каршы күрөшүү сыяктуу ураандар айтылды. Бул кооз сөздөрдүн баары миграция маселелеринин чыныгы вакыйлыгы жана аларды чечүү жоопкерчилигинен качуу болуп саналат. Чынында бул маселелер эки негизги себепке бөлүнөт:
Биринчи себеп — коопсуздук, саясий, гуманитардык жана аскерий түрткүлөрдөн улам келип чыккан миграция. Бул Судан элинин Египетке көчүүсүндө жана Палестина элинин дүйнөнүн ар кайсы жерлерине тарашында көрүнүп турат. Саясий абалдардын жана аскерий кагылышуулардын айынан адамдар бомбалоо жана тараптар арасындагы согуштан качып, өз өмүрүн сактап калуу жана ар-намысын коргоо үчүн жер которууга мажбур болушат.
Экинчи себеп: татыктуу жашоо табуу үчүн миграция. Бул өз өлкөлөрү бай болгонуна карабастан жакырчылыктан качуу, ошондой эле үчүнчү дүйнө өлкөлөрүндөгү, анын ичинде африкалык өлкөлөрдөгү жумушсуз жигиттер үчүн келечек издөө. Натыйжада, миграция жаш муундар арасында өз келечегин курууда биринчи тандоого айланды. Мисалы, Тунистен Европага жана Батышка көчүүнү каалаган жигиттердин үлүшү 65%дан ашкан.
Бирөө өмүрүн сактоо үчүн, экинчиси татыктуу жашоо издеп көчүп жаткан бул эки топтогу мигранттардын абалын караган адам, миграцияга жана андан кийинки азаптарга алып келген негизги себеп үчүнчү дүйнөдөгү режимдер жана мигранттарды кабыл алган мамлекеттер экенин түшүнөт. Бул өлкөлөрдөгү саясий бузукулук жана адамдардын иштерине кам көрүүдөгү кемчиликтер адамдарды өз өлкөлөрүнөн чыгып кетүүгө мажбур кылууда.
Ошондой эле саясий жана аскерий кагылышуулар да себеп болууда. Мисалы, Берекелүү жердин эли өз мекенинен качып, өз өмүрүн сактоо жана коопсуздук издөө үчүн көчүп жатат. Бул алардын үстүнөн яхудий түзүмү жүргүзүп жаткан этникалык тазалоо саясатынын жана жашоосун, коопсуздугун кысуу аркылуу ишке ашырылган көчүрүү саясатынын натыйжасы. Ушуга окшош көрүнүш Судан элине да тиешелүү: Ыкчам колдоо күчтөрү менен армия бири-бири менен согушуп, карапайым калкты атайын бутага алышууда. Бул болсо жарандарды көчүүгө жана жер которууга мажбур кылууда. Демек, миграциянын негизги себеби адамдардын өз мекенин таштап кетүү каалоосу эмес, башкарып турган режимдер болуп саналат.
Мигранттардын азап чегүүсү жана алардын укуктары бузулушунун экинчи себеби — адамдар коопсуздук же татыктуу жашоо издеп барган мамлекеттер. Бул мамлекеттер экиге бөлүнөт:
Биринчи топ — ийгиликсиз мамлекеттер. Алар мигранттарга татыктуу жашоо камсыздай алышпайт. Мисалы, Судан элинин Египетке көчүшү, Бирма элинин Бангладешке көчүшү жана Палестина элинин айланасындагы мамлекеттерге көчүшү. Бул мамлекеттер өз жарандарына башынан эле татыктуу жашоо бере алышпайт, демек аларга аргасыз келген качкындарга кантип кам көрмөк эле?!
Экинчи топ — Батыш мамлекеттери. Бул мамлекеттер мигранттарга эски кулчулук саясатын заманбап ыкма менен колдонушат. Алар бардык адамдарга расизм менен мамиле кылып, үчүнчү дүйнө өлкөлөрүнүн байлыктарын талап-тоноо аркылуу жашап келишет. Бул мамлекеттер мигранттарды өздөрүнө керек болгон тажрыйбага, жаш күчкө жана акыл-эс потенциалына жараша гана кабыл алышат. Анткени аларда тукум улоо деңгээли кескин төмөндөп кеткен. Ошондуктан бул мамлекеттер өз кызыкчылыгына кызмат кылбаган, же жетишпеген муктаждыгын толтурбаган мигранттарды кабыл алышпайт. Аларды ашыкча деп эсептеп, жүк катары көрүп, алардан кутулууга аракет кылышат. Бул кээде мигранттар отурган кайыктарды жана кемелерди чөктүрүүгө чейин жетет же аларды токтотуу үчүн бийик дубалдарды куруу менен ишке ашырылат. Буга АКШ–Мексика чек ара дубалы мисал болот. Ошондой эле качкындарга зулум келтирип, өлкөдөн кууп чыгышат.
Тарыхта бир да мамлекет мигранттардын укуктарын Ислам мамлекети сактагандай сактаган эмес. Көп кылымдар бою дүйнөнүн көпчүлүк аймактарын башкарган бул мамлекет мигранттарга коңшулук укугун, зекет каражатынан үлүш алуу укугун, мусулмандардын арасында жашоо укугун берген. Бул укуктар мусулманга да, мустаминге (келишимдеги адам) да, зиммийге да тиешелүү болгон. Мусулман үчүн болсо бардык Ислам жерлери анын мекени болуп саналат. Ал жерде ал конок же качкын эмес, ошол жердин тургуну жана ээси катары жашайт.
Буга Пайгамбар ﷺ мухажирлер менен ансарлардын ортосунда түзгөн боордоштук келишими эң ачык мисал болот. Ал келишимде мындай деп айтылган:
«هَذَا كِتَابٌ مِنْ مُحَمَّدٍ النَّبِيِّ (رَسُولِ اللَّهِ ﷺ) بَيْنَ الْمُؤْمِنِينَ وَالْمُسْلِمِينَ، مِنْ قُرَيْشٍ وَأَهْلِ يَثْرِبَ وَمَنْ تَبِعَهُمْ فَلَحِقَ بِهِمْ، فَحَلَّ مَعَهُمْ وَجَاهَدَ مَعَهُمْ: أَنَّهُمْ أُمَّةٌ وَاحِدَةٌ دُونَ النَّاسِ»
«Бул Аллахтын элчиси Мухаммад пайгамбарданﷺ момундар менен мусулмандардын ортосунда, Курайштан жана Ясриб элинен, ошондой эле аларга ээрчип, аларга кошулуп, алар менен бирге жашап, алар менен бирге жихад кылгандар ортосундагы келишим. (Бул келишимге ылайык) алар башка адамдардан өзүнчө бир үммөт болуп саналат».
Ал эми мустамин же зиммий адамдар тууралуу Аллах Таала мындай деген:
﴿وَإِنْ أَحَدٌ مِنَ الْمُشْرِكِينَ اسْتَجَارَكَ فَأَجِرْهُ حَتَّى يَسْمَعَ كَلَامَ اللَّهِ ثُمَّ أَبْلِغْهُ مَأْمَنَهُ ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ قَوْمٌ لَا يَعْلَمُونَ﴾
“(Эй Мухаммад), эгер мушриктердин бирөөсү сенден коргоо сураса, анда, аны Алланьш сөзүн угушу үчүн коргогун. Кийин аны өзү үчүн коопсуз жайга жеткизип койгун. Бул (өкүм) алардын наадан коом болгону үчүн (буйрулду)”. (Тообо: 6).
Демек, Халифалык астында Аллах түшүргөн өкүмдөр менен башкаруу мигранттар жана качкындар сыяктуу алсыздарга коопсуз башпаанек берет. Ошондуктан өз өлкөсүнөн көчүүнү ойлогон ар бир адам Батыш мамлекеттеринин жана режимдердин чыныгы жүзүн билиши керек. Алар жер жүзүндөгү “бейиш” эмес, тескерисинче алсыз мамлекеттерди колония кылып, алардын элдерин эзүү менен жашаган мамлекеттер. Ошондуктан көчүп кетүү жөнүндө ойлогондун ордуна, адамдар өз өлкөлөрүндөгү режимдерге каршы чыгып, аларды түп-тамыры менен жоюп, ордуна өздөрүнүн ар-намысын сактаган жана Аллах берген байлыктар менен татыктуу жашоону камсыз кылган түзүмдү орнотууга аракет кылышы керек.
Роя гезити
Устаз Махмуд ал-Лайси




