Роя гезити

Судан боюнча Берлин конференциясы

Судан боюнча Берлин конференциясы

2026-жылдын 15-апрелинде, шаршемби күнү, Германиянын борборунда Судан боюнча жардам маселесине арналган Берлин конференциясы ишин баштады. Конференция өкмөт тарабынан айыптоолорго жана бир катар жарандык кыймылдардын сактык менен мамиле кылуусуна карабастан өттү. Ошол эле учурда анда айрым саясий күчтөр жана фигуралар, анын ичинде революциялык күчтөрдүн жарандык демократиялык альянсы (Сумуд) катышты. Конференцияга Судандын жарандык жана саясий күчтөрүнөн болжол менен 40 өкүл катышты. Конференцияны Германия өкмөтү Британия, Франция жана Америка менен биргеликте, ошондой эле Европа жана Африка союздары менен кызматташтыкта уюштурду.

Конференциянын жыйынтыгында донорлор Суданга 1,3 миллиард евро (1,5 миллиард доллар) өлчөмүндө жардам көрсөтүүгө убада беришти. Бул жыйынтык согуш башталганына үч жыл толгон учурда жарыяланды. Бул согуш миллиондогон судандыктарды ачарчылыкка жана өтө курч жакырчылыкка батырды. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш конференцияда алдын ала жазылган кайрылуусунда Судандагы согуштун коркунучтуу агымын токтотууга, ошондой эле бул кагылышууну күчөтүп жаткан тышкы кийлигишүүлөрдү жана курал агымын токтотууга чакырды. Ал Судан армиясын жана Ыкчам колдоо күчтөрүн дароо согуш аракеттерин токтотууга үндөдү. Ошондой эле эл аралык коомчулукту гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн мобилизацияланууга чакырды, анткени бул жардам өткөн жылга салыштырмалуу дагы деле жетишсиз. Ал согуштун үч жылдыгын “зор мүмкүнчүлүктөрү болгон өлкөнү талкалаган кагылышуунун кайгылуу баскычы” деп мүнөздөп, бул жаңжалдын кесепеттери бүтүндөй аймактын туруктуулугуна таасир этерин эскертти.

Германиянын тышкы иштер министри Йохан Вадефул “гуманитардык жардамга бөлүнгөн мүмкүнчүлүктөр кыскарып жаткан шартта, катышуучулар азыркыга чейин жалпы суммасы 1,3 миллиард евродон ашкан жардам убада кылышты” деп билдирди жана муну оң белги катары баалады. БУУнун Өнүктүрүү программасынын Судандагы өкүлү Франс Пресс агенттигине, «апрелдин ортосуна чейин Суданда иштеп жаткан гуманитардык уюмдар керектүү каржылоонун болгону 16 пайызын гана алышканын» билдирген. Вадефул конференциядагы сөзүндө Судан “үч жыл бою коркунучтуу кылмыштарды” жана “ойго келгис адам укуктарынын бузулушун” башынан кечиргенин айтты. Министр Германия судан элинин азабын жеңилдетүүгө жардам берүү үчүн 230 миллион евро бөлүүгө убада бергенин белгиледи. Ал бул кырдаалды “дүйнөдөгү адам колу менен жаралган эң чоң гуманитардык кырсык” деп атады, бирок бул каргашалуу согушту козутууга Америка өз адамдарын шыктандырганын айткан жок.

Судан өкмөтү Германиянын бул конференцияны өткөрүшүн “Судандын ички иштерине күтүүсүз жана кабыл алынгыс кийлигишүү” деп баалады. Бирок ал Германияга карата эч кандай чара көргөн жок, болгону эскертүү жана айыптоо менен чектелди. Судандын тышкы иштер министрлиги билдирүүсүндө конференция Хартум өкмөтү менен макулдашуу жана кеңешүүсүз өткөрүлгөнүн айтып, жарым аскерий топтор менен иш алып баруу мамлекеттин эгемендигин алсыратарын эскертти. Ошондой эле Берлин конференциясы “айрым Батыш мамлекеттери дагы эле жүргүзүп жаткан колонизатордук камкордук ыкмасын чагылдырат жана ал аркылуу алар өз күн тартибин жана көз карашын эркин мамлекеттерге жана элдерге таңуулоого аракет кылышат” деп кошумчалады. Билдирүүдө “бейтараптык деген жүйө менен Судан өкмөтүн айланып өтүү кабыл алынгыс жана эл аралык мамилелерде кооптуу прецедент түзөт” деп айтылып, “өкмөт менен анын армиясын көп улуттуу кылмышкер террордук милиция менен тең коюу аймактык жана эл аралык коопсуздуктун негиздерин бузат” деп айтылды.

Ал эми 25 саясий жана жарандык кыймыл биргелешкен билдирүүсүндө чакыруу услубу жана конференциянын күн тартиби кылдат талдоодон кийин “катышуучуларды тандоодо критерийлердин бузулушу, ачык-айкындуулуктун жоктугу жана чакырууларды тандалма негизде жөнөтүү үстөмдүк кылганын, натыйжада Ыкчам колдоо күчтөрүнө жакын турган күчтөр ашыкча өкүлчүлүккө ээ болуп, мамлекеттин институттарын колдогон улуттук күчтөр кеңири четтетилгенин” белгилешти. Алар ошондой эле “айрым лидерлердин жана кеңири эл катмарларын өкүлчүлүк кылган таасирдүү күчтөрдүн катышуусун атайылап четке кагуу жана шарт коюу аркылуу негизги тараптарды сыртта калтыруу Судандын ички ишине ачык кийлигишүү болуп саналат, жана ошол эле учурда Ыкчам колдоо күчтөрүнүн союздаштарына шартсыз өкүлчүлүк берилген” деп кошумчалашты.

Билдирүүгө кол койгон саясий жана жарандык күчтөрдүн катарына Умма улуттук партиясы, Судандын Адилеттик жана теңдик кыймылы, Суданды бошотуу кыймылынын өткөөл кеңеши, Судан Баас партиясы, Судан адвокаттарынын бирикмеси, улуттук журналисттердин бирикмеси жана башка кыймылдар кирди.

Ал эми  мурдагы премьер-министр Абдулла Хамдок жетектеген революциялык күчтөрдүн жарандык демократиялык альянсы (Сумуд) конференцияны колдоорун жарыялап, анын максаты “дүйнөдөгү эң чоң гуманитардык кырсыкка” көңүл буруу жана Судандагы кан төгүлгөн жаңжалды токтотуу үчүн аракеттерди координациялоо экенин белгиледи. Альянс билдирүүсүндө Берлин конференциясына катышаарын жана согушту токтотуу жана тынчтык орнотуу жолдору боюнча кеңири судандык жарандык макулдашууга жетишүү үчүн иш алып барарын тастыктады.

Германиянын Өнүктүрүү министрлиги 2026-жылдын 15-апрелинде шаршемби күнү Берлин быйыл Суданга кошумча 20 миллион евро (23,58 миллион доллар) бөлөрүн жарыялады. Ошондой эле башка каржылык милдеттенмелер учурда каралып жаткандыгын билдирди. Министрлик билдирүүсүндө 2025-жылдын аягына чейин Суданга жана андагы согуштан жабыркаган коңшу өлкөлөргө долбоорлор үчүн 155,4 миллион евро (183 миллион доллар) бөлүнгөнүн жана бул сумма быйыл дагы 20 миллион еврого көбөйтүлөрүн айтты.

Конференциянын алкагында АКШ президентинин Африка иштери боюнча жогорку кеңешчиси Массад Булос 2026-жылдын 15-апрелинде АКШ Суданда жүрүп жаткан согушта эч бир тарапты колдобой турганын жана жаңжалды токтотуу үчүн БУУга караштуу механизм түзүүгө көңүл буруп жатканын билдирди. Ал ошондой эле АКШ гуманитардык тыныгууга жетишүүгө аракет кылып жатканын, бул болсо калкка жардам жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берерин кошумчалады.

Америка Судандагы кырдаалды толук көзөмөлүнө алгандан кийин жана Европа колунда эч нерсесиз калып, Суданда болуп жаткан иштерден четтетилип, иштер толугу менен Америкага өткөн соң, Европа мезгил-мезгили менен өткөргөн конференциялар аркылуу гана бул маселеге аралашууга аргасыз болду. Согуштун Судан элине алып келген кыйроо жана жер которуулар тууралуу кайталап айтылган сөздөр алардын Судан элинин кызыкчылыктарына чындап кам көрүп жатканын билдирбейт. Тескерисинче, бул “жүзү жылуунун ичи арам” дегендей, бийликке жана өз кызыкчылыктарына жакындаш үчүн төгүлгөн  “көз жашы” гана.

Чындыгында, аларды кыймылга келтирген нерсе Судан элине келген кыйроо эмес, өздөрүнүн таасиринен ажырап калышы. Ошондуктан алар өз кызыкчылыктарын табуу үчүн бардык аракеттерди көрүшөт, ал тургай бул кызыкчылыктардын баасы Судан элинин толук жок болушу болсо да! Капиталисттик мамлекеттердин жүзү мына ушундай.

Тилекке каршы, Судан эли ушул согуштун жана Америка менен Европанын бийлик үчүн болгон күрөшүнүн курмандыгына айланды. Алар өз агенттерин бийликке алып келип, алар аркылуу өз кызыкчылыктарын ишке ашырууга аракет кылышууда.

Ошондуктан Судан эли бул пландарды түшүнүп, аларга каршы бекем тосмо болуп турушу керек. Ошондой эле адамдарды Ислам өкүмдөрү менен башкаруучу халифага байъат берүү үчүн олуттуу аракет кылуу зарыл. Мына ушул – учурдагы абалдан чыгуу жолу жана бизге каршы көздөлгөн бардык жамандыктардан коргоочу кепилдик. Ал тургай бул үммөткө жамандык каалагандардын тамырын кыркуучу жол да ушунун өзү.

 ﴿لِمِثْلِ هَذَا فَلْيَعْمَلِ الْعَامِلُونَ﴾

“Амал кылуучулар мына ушуга окшош нерсе үчүн амал кылышсын”. (Саффат: 61).

Роя гезити

Устаз Абдулхалик Абдун Али

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button