Саясий

АКШ менен Индонезиянын коргонуу жаатындагы  негизги өнөктөштүгү

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Суроо жооп

АКШ менен Индонезиянын коргонуу жаатындагы  негизги өнөктөштүгү

Суроо:

2026-жылдын 13-апрелинде АКШнын согуш министри Индонезиянын коргоо министри менен бирге эки өлкөнүн ортосунда коргонуу кызматташтыгы боюнча негизги өнөктөштүк (MDCP) түзүлгөнүн жарыялашты. АКШнын Коргоо министрлигинин америкалык учактардын Индонезиянын аба мейкиндиги аркылуу учушуна уруксат берүү жөнүндөгү жашыруун документи мурдараак ачыкка чыгып кеткен. Бул келишимдин мазмуну жана анын кесепеттери кандай? Ал Индонезиянын Америка менен болгон мамилесине кандай таасир этет? О.э Кытай менен болгон мамилесине кандай таасир этет?

Жооп:

Бул маселени тактоо үчүн, биз төмөнкүлөрдү карап чыгабыз:

  1. 2026-жылдын 13-апрелиндеги биргелешкен билдирүүдө мындай деп айтылган: “АКШнын Согуш министри жана Индонезиянын Коргоо министри Америка Кошмо Штаттары менен Индонезиянын ортосунда Негизги Коргонуу Кызматташтыгы боюнча Өнөктөштүгүн (MDCP) түзүүнү жарыялашты. Бул Америка Кошмо Штаттары менен Индонезиянын ортосундагы эки тараптуу коргонуу мамилелеринин күчүн жана потенциалын баса белгилейт. MDCP ошондой эле эки тараптуу коргонуу кызматташтыгын өркүндөтүү үчүн жетектөөчү алкак катары кызмат кылууга багытталган. Бул декларация менен эки өлкө Индия-Тынч океан аймагында тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого болгон жалпы милдеттенмелерин кайрадан ырасташат. MDCP өз ара урматтоонун жана улуттук эгемендүүлүктүн негизинде ишке ашырылган үч негизги тирекке негизделген:

Биринчиси: аскердик модернизация жана потенциалды өнүктүрүү;

Экинчиси: кесиптик аскердик окутуу жана билим берүү;

Үчүнчүсү: машыгуулар жана оперативдик кызматташтык.

  1. Биргелешкен билдирүү жарыяланганга эки күн калганда, индиянын “Sunday Guardian” гезити 2026-жылдын 4-декабрында өзүнүн веб-сайтында төмөнкүлөрдү жарыялаган: “АКШнын согуш министрлигинин жашыруун документинде АКШнын аскердик учактарынын Индонезиянын аба мейкиндиги аркылуу толук өтүшүн камсыз кылуу планы ачыкка чыккан. Бул февраль айында Индонезиянын президенти Прабово Субианто менен президент Дональд Трамптын ортосунда Вашингтондо өткөн жолугушуудан кийин болду. Бул жолугушуу Американын Индия-Тынч океан аймагындагы операциялык таасирин кеңейтүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Прабово 2026-жылдын 18-февралынан 20-февралына чейин Тынчтык кеңешинин (ТКК) саммитине катышуу үчүн Вашингтонго барган. Бул сапарынын жүрүшүндө ал Трамп менен эки тараптуу жолугушууда америкалык учактардын Индонезиянын аба мейкиндиги аркылуу толук өтүшүнө уруксат берүү сунушуна макул болгон. Бул америкалык жашыруун документте камтылган маалыматтар (Sunday Guardian, 12.4.2026).
  2. Гезит жашыруун документке шилтеме жасап, буларды кошумчалады: “Бул милдеттенмени ишке ашыруу үчүн АКШнын Согуш министрлиги 26-февралда Индонезиянын Коргоо министрлигине “АКШнын аба мейкиндикте учууларын активдештирүү” деген аталыштагы документти жөнөткөн. Документте Индонезия АКШнын аскердик учактарына өзгөчө кырдаалдарды, кризистик кырдаалдарды жоюу миссияларын жана эки тарап макулдашкан аскердик машыгууларды жүргүзүү үчүн өзүнүн аба мейкиндиги аркылуу өтүүгө уруксат бере турган расмий келишим сунушталат. Ошондой эле документте “АКШнын учактары аба мейкиндиктен өтүү тууралуу кабарлангандан кийин, жана АКШ тарабынан деактивдештирилгени жөнүндө кабарланганга чейин дароо өтүп кете алышат” деп көрсөтүлгөн.
  3. Андан кийин Индия жана Тынч океандарынын ортосундагы маанилүү аба коридорлору аркылуу чыгыштан батышка карай 5000 километрден ашык узундуктагы кең Индонезия архипелагына байланыштуу дагы бир маселе бар. Дал ушул нерсе бул мүмкүнчүлүктү Вашингтон үчүн стратегиялык жактан баалуу кылат. Индонезиянын бардык аба мейкиндиги бирдей эмес. Бириккен Улуттар Уюмунун Деңиз укугу боюнча конвенциясынын (UNCLOS) 53-беренесине ылайык, кемелер жана учактар ​​үчүн белгилүү бир өтүү укуктары аныкталган архипелаг деңиз жолдоруна (ALKI) – атап айтканда, Сунда кысыгы өтмөгү, Ломбок кысыгы-Максар кысыгы өтмөгү жана Ару деңиз өтмөгү таандык. Индонезия бул укуктарды токтото албайт. Бирок, бул коридорлор түндүктөн түштүккө карай созулуп жатат. Гуамды, Филиппиндерди, Австралияны же Диего Гарсияны байланыштырган америкалык операциялык маршруттарга келсек, алар көбүнчө чыгыштан батышты көздөй, Индонезиянын 2002-жылдагы №37 мыйзамына ылайык, Индонезия тарабынан белгиленген бир дагы архипелагдык коридорлордун бир бөлүгү боло элек аба мейкиндиги аркылуу өтөт. Бул келишимдин коркунучу ушунда! Ал АКШнын Мамлекеттик департаменти мурда жарыялагандай, Америка кызыкдар болгон чыгыштан батышка чейинки коридорлор аркылуу кирүүгө уруксат берет. Ал 2014-жылдагы “Деңиздердин чеги” деп аталган отчетунда алар эл аралык укук боюнча ачык болушу керек деп билдирген!
  4. Андан тышкары, “кризиске жооп кайтаруу” термини гуманитардык жардамды же сокку уруу пакетин камтый тургандай кеңири мааниге ээ. (Өзгөчө кырдаалдар) кырсыктан кийинки жардамды координациялоодон баштап, Түштүк Кытай деңизиндеги же андан тышкары жерлердеги операцияларга чейин ар кандай нерсени билдириши мүмкүн.

Ошондуктан, универсалдуу жеткиликтүүлүк же универсалдуу учуу системасынын алкагында Индонезия бул операцияларды ар бир учуу боюнча натыйжалуу айырмалай албайт. Эгерде америкалык учак үчүнчү өлкөгө каршы аскердик операция жүргүзүү үчүн Индонезиянын аба мейкиндигин кесип өтсө, Индонезия ортомчу болуп калат, Жакарта ортомчу болууну көздөсө да, көздөбөсө да, алдын ала кабарланганбы же жокпу,  айырмасы жок. Үчүнчү өлкө Индонезиянын ниет келишиминин чоо-жайына маани бербейт, тескерисинче ал  Индонезиянын аймагын америкалык күчтөр үчүн өтүүчү жол катары карайт.

  1. Кытайдын бул жашыруун документке жана АКШ менен Индонезиянын коргонуу кызматташтыгы келишимине карата позициясы тууралуу Кытай Элдик боштондук армиясына байланышы бар мамлекеттик маалымат каражаты “Global Times” өзүнүн X-платформасына төмөнкүдөй билдирүү жарыялады: Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Го Цзяоктон Индонезиянын АКШнын аскерлерине өз аймагынын үстүнөн учууга уруксат берүү сунушун карап жатканы жана Вашингтон менен Жакартанын ортосундагы аскердик мамилелер боюнча комментарий берүүсүн суранганда, ал 2026-жылдын 17-апрели, жума күнү мындай деди: “АСЕАНдын Уставында жана Түштүк-Чыгыш Азиядагы достук жана кызматташтык келишиминде мүчө мамлекеттер аймактык тынчтыкты, коопсуздукту жана гүлдөп-өнүгүүнү камсыз кылуу жоопкерчилигин бөлүшөрү ачык айтылган. Ал мүчө мамлекеттердин эгемендүүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө коркунуч келтирген “өз аймагын пайдалануу менен” эч кандай саясатка же иш-аракетке катыша албайт. Гу кошумчалап: “Биз өлкөлөрдүн ортосундагы коргонуу жана коопсуздук кызматташтыгы кызыкчылыктарына үчүнчү тараптын кызыкчылыгы бут тоспошу же зыян келтирбеши керек, ошондой эле аймактык тынчтыкка жана туруктуулукка таасир этпеши керек деп бекем ишенебиз”.
  2. Индия-Тынч океан аймагында Япония, Түштүк Корея, Филиппиндер, Таиланд жана Австралия АКШ менен өз ара коргонуу келишимдерине ээ. Бул Кошмо Штаттар кол салууга кабылган учурда өнөктөшүн коргоого милдеттүү экенин- билдирет. Ошол эле учурда, Сингапур расмий коргонуу келишими боюнча өнөктөш болбосо да, Вашингтондун Түштүк-Чыгыш Азиядагы эң жакын коопсуздук өнөктөштөрүнүн бири бойдон калууда. 2005-жылдагы Стратегиялык алкактык келишимге ылайык, АКШ Сингапурду коопсуздук жаатындагы кызматташтыктагы негизги өнөктөш катары тааныган. Андан кийин Сингапур менен Америка Кошмо Штаттары 2015-жылы биокоопсуздук, киберкоргонуу, гуманитардык жардам, кырсыктардын кесепеттерин жоюу жана стратегиялык коммуникациялар жаатындагы кызматташтыктын багыттарын аныктоо үчүн биргелешкен коргонуу кызматташтыгы боюнча кеңейтилген келишимге кол коюшкан. (Asia News Channel, 20.4.2026).
  3. MDCP келишиминин мазмунун кылдаттык менен карап чыккандан кийин, төмөнкү жагдайлар айкын болот:

А. Бул келишим Американын деңиз флотунун таасири андан ары кирүүсүнө жана Индонезия менен коңшу өлкөлөрдүн, айрыкча Малайзия жана Сингапурдун ортосундагы маанилүү деңиз жолу болгон Малакка кысыгын көзөмөлдөөнү күчөтүүсүнө жол ачат. Бул дүйнөлүк соода жана энергетика үчүн эң маанилүү деңиз жолу болгон Малакка кысыгын Американын көзөмөлдөөсүн күчөтүү дегенди билдирет. Айтмакчы, Малакка кысыгы Кытай, Япония жана Түштүк Корея үчүн энергетикалык артерия болуп саналат. Белгилей кетүүчү нерсе, Кытайдын чийки мунай жана газ импортунун көпчүлүгү Индонезия, Малайзия жана Сингапурдун ортосундагы дал ушул тар коридор аркылуу өтөт. Америка Кошмо Штаттары акыркы учурларда бул кысыкты көзөмөлдөөгө тездик менен аракет кылып келген жана бул Дональд Трамптын доорунда болуп жатканы кокустук эмес.

Б.  Бул келишим Индонезияда АКШнын аскердик техникасын комплекстүү оңдоо, техникалык тейлөө жана жаңыртуу жайын камсыз кылууга же ал тургай түзүүгө жол ачат. Айрыкча согуштук кемелерге байланыштуу. MDCP келишими боюнча биргелешкен билдирүүдө оперативдик даярдыкты жакшыртуу үчүн техникалык тейлөө, оңдоо жана капиталдык оңдоо жаатында кызматташуу каралган. Белгилей кетсек, АКШ мурда Түндүк Сулавесидеги Битунг шаарында өзүнүн согуштук кемелерин тейлөө жана оңдоо үчүн ушундай аскер-деңиз базасын түзүүгө кызыкдар экенин билдирген.

В.  Келишим ар бир учурга өзүнчө уруксат берүүнүн ордуна, билдирүүгө негизделген системаны белгилейт. Бул АКШнын аскердик күчтөрүнүн кыймылына коюлган процедуралык чектөөлөрдү бир топ азайтат. Ошондой эле, келишимде АКШнын Тынч океан аба күчтөрү менен Индонезиянын аба операциялары борборлорунун ортосундагы түз байланыш линиясы жана параллелдүү дипломатиялык жана аскердик байланыш каналдары менен координациялоо механизмдери да белгиленген. Бул билдирүү, башкача айтканда, аларга ар бир учурда уруксатсыз өтүү жөнүндө “жөн гана билдирүү”, АКШнын аскердик учактарынын Индонезиянын аба мейкиндигин оңой жана кечиктирбестен кесип өтүүсүн жеңилдетет. Бул АКШнын учактарынын Австралиянын Дарвин шаарындагы базасынан Индонезиянын аба мейкиндиги аркылуу Кытай менен Тайванга, андан кийин Филиппиндер менен Японияга жетүүсүнө абдан маанилүү!

Г.  Бул келишим Индонезия менен Американын ортосундагы ушул жылдагы мамилелердеги өнүгүүлөргө, анын ичинде төмөнкүлөргө тиешелүү:

Биринчиси: Трамптын тушунда Индонезиянын АКШ жетектеген тынчтык кеңешине катышуусу: “Индонезия Газадагы тынчтык миссиясына 8000 жоокердин даярдыгын жарыялады. Индонезия Трамптын Газа үчүн Тынчтык Кеңешинин демилгесине аскерлерин жөнөтүүгө расмий түрдө милдеттенме алган “биринчи” өлкө болду, ал жерде эки жылдык кыйратуучу согуштан кийин 10-октябрдан бери “Израил” менен ХАМАСтын ортосунда ок атышпоо режими сакталып келет. RT, 16.02.2026).

Экинчиден: Ошол эле айда Америка менен Индонезиянын ортосунда өз ара соода келишимине кол коюлду: Индонезия менен Америка Кошмо Штаттары Индонезия товарларына карата америкалык тарифтерди 32%дан 19%га чейин төмөндөтүүгө багытталган соода келишимин түзүштү. Жакарта негизги экспорту болгон пальма майын жана башка бир катар товарларды камтыган тарифтик жеңилдиктерди алды. Келишимге Вашингтондо Индонезиянын экономика министри Айрланта Хартато менен АКШнын соода өкүлү Джеймисон Грир бир нече айлык сүйлөшүүлөрдөн кийин кол коюшту. Өз кезегинде Индонезия бардык тармактардагы көпчүлүк америкалык продукцияларга карата бажы төлөмдөрүн алып салат. Жакарта АКШнын соода кызыкчылыктарына зыян келтирген чет элдик компанияларга каршы чара көрүүгө жана сейрек кездешүүчү жер элементтери тармагын өнүктүрүүнү тездетүү үчүн АКШ компаниялары менен биргеликте маанилүү минералдык жана энергетикалык ресурстарга АКШнын инвестицияларын жеңилдетүү боюнча макулдашышты. Президент Прабово келишимди жыйынтыктоо жана АКШ-Индонезия Тынчтык Кеңешинин лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышуу үчүн Вашингтонго барган. Ал жана президент Трамп “Келишимди ишке ашыруу: АКШ-Индонезия альянсынын жаңы алтын дооруна карай” деген аталыштагы документке кол коюшкан. Бул документ Ак үйдүн айтымында, эки өлкөнүн тең экономикалык коопсуздугун жана өсүшүн жогорулатат. (Жакынкы Чыгыш, 20.2.2026).

Үчүнчүдөн:  индиянын Sunday Guardian гезити 2026-жылдын 4-декабрында өзүнүн веб-сайтында төмөнкүлөрдү жарыялаган: “АКШнын Коргоо министрлигинин жашыруун документинде АКШнын аскердик учактарынын Индонезиянын аба мейкиндиги аркылуу толук өтүшүн камсыз кылуу планы ачыкка чыккан. Бул февраль айында Индонезиянын президенти Прабово Субианто менен президент Дональд Трамптын ортосунда Вашингтондо өткөн жолугушуудан кийин болду, бул жолугушуу Американын Индия-Тынч океан аймагындагы операциялык таасирин кеңейтүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Прабово 2026-жылдын 18-февралынан 20-февралына чейин Тынчтык кеңешинин (ТКК) саммитине катышуу үчүн Вашингтонго барган. Бул сапарынын жүрүшүндө ал Трамп менен эки тараптуу жолугушууда америкалык учактардын Индонезиянын аба мейкиндиги аркылуу толук өтүшүнө уруксат берүү сунушуна макул болгон. Бул  америкалык жашыруун документте камтылган маалыматтар (Sunday Guardian, 12.4.2026).

Төртүнчүдөн: жогоруда айтып өткөндөй, 2026-жылдын 13-апрелиндеги биргелешкен билдирүүдө мындай деп айтылган: “АКШнын Согуш министри жана Индонезиянын Коргоо министри Америка Кошмо Штаттары менен Индонезиянын ортосунда Негизги Коргонуу Кызматташтыгы Өнөктөштүгүн (MDCP) түзүүнү жарыялашты. Бул Америка Кошмо Штаттары менен Индонезиянын ортосундагы эки тараптуу коргонуу мамилелеринин күчүн жана потенциалын баса белгилейт. MDCP өз ара урматтоонун жана улуттук эгемендүүлүктүн негизинде ишке ашырылган үч негизги тирекке негизделген: биринчи тирөөч: аскердик модернизация жана потенциалды өнүктүрүү, экинчиси: кесиптик аскердик окутуу жана билим берүү, үчүнчүсү: машыгуулар жана оперативдик кызматташтык.

Бул төрт пункт Индонезия менен Американын ортосундагы мамилелердин реалдуулугун ачып берет жана “Саясий түшүнүктөр – Ыраакы Чыгыш маселеси” китебинин 158-159-беттеринде айтылгандарды тастыктайт: Америка Индонезиядан Нидерландияны чыгарып салууга жетишкенден кийин, анын ордун ээлеп калууга  аракет кылган. Бирок индонезиялыктар көп жылдар бою каршылык көрсөтүп, колониализмдин бир түрүн кууп чыгып,  экинчисине кабылуудан баш тартышкан. Ошондуктан, Америка Индонезиянын жолуна тоскоолдуктарды жаратып, ага каршы революцияларды козута баштаган. Бул басымдардын натыйжасында Индонезиянын башкаруучулары кысымга моюн сунуп, Американын насыяларын жана аскердик жардамын кабыл алышкан. Ошентип, Индонезия Американын таасирине кирип, Сукарнонун доорунан бери Американын таасири астындагы өлкөлөрдүн бири деп эсептелип калган. Ал айрыкча, армиянын жана өлкөнүн экономикасынын үстүндөгү үстөмдүк кылуучу күчкө айланган жана бул бүгүнкү күнгө чейин уланууда.

Биз мурда азыркы президент шайлангандан кийин, 2024-жылдын 11-ноябрындагы суроого жооп берип жатып билдиргенбиз: “Жогорудагыларды эске алуу менен, Индонезиянын жаңы президенти Прабово 2024-жылдын 20-мартындагы шайлоодо жеңишке жеткенин жарыялагандан тартып, 2024-жылдын 20-октябрындагы инаугурациясына чейин жана андан кийин да айкын болуп калды. Ал мурункуларынын жолун жолдоп жатат, ал Америка менен дагы да тыгыз байланышта болуп, анын таасири Индонезияда бекем орноп калды!”.

 Ошентип, Индонезия Американын таасирине баш ийген өлкөгө айланды… Индонезия жайгашкан жери жана калкынын саны боюнча чоң өлкө, андан да маанилүүсү, ал өлкөдө үстөмдүк кылган улуу Ислам бар… Индонезия Туура Жолдогу Халифалыкты тикелөө аркылуу Исламды жашоонун бардык тармактарына колдонуу менен бүткүл дүйнөгө жакшылыкты жайылтып дүйнөгө таасир эте алат жана ошону менен Ааламдардын Эгесинин улуу парзын аткаруу менен Аны ыраазы кыла алат. Ансыз Индонезия режими Американын туткунунда, ага баш ийип, анын буйруктарына моюн сунуп, анын тыюу салууларына лаббай деп, бул дүйнөнү да, акыретин да жоготот, бул ачык жоготуу.

﴿إِنَّ فِي ذَلِكَ لَذِكْرَى لِمَنْ كَانَ لَهُ قَلْبٌ أَوْ أَلْقَى السَّمْعَ وَهُوَ شَهِيدٌ﴾

Чындыгында, мында көзү менен көрүп жүрөгү менен туйуп, кулак салган адам үчүн эскертүү бар.

1447-х, 14-зул каада.

2026-ж, 1-май.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button