Ирак Америка балкасы менен Иран төшөгүнүн ортосунда

Басма сөз баянаты
Ирак Америка балкасы менен Иран төшөгүнүн ортосунда
Ирандын Революциялык гвардиясына караштуу «Кудс» корпусунун командири Исмаил Каани Багдадга кыска жана жарыяланбаган сапар менен келип, анда координациялык алкактагы айрым тараптар менен жолугушту. Бул жолугушуулар ноябрь айындагы шайлоодон бери бир нече айга созулган туңгуюктан кийин, альянстын ыдырашына алып келиши мүмкүн болгон ички келишпестиктердин күчөшүнө жол бербөө жана көз караштарды жакындатуу максатын көздөдү.
Ошондой эле ал Иранга байланыштуу айрым куралдуу топтордун лидерлери менен жолугуп, бул топтордун келечегин талкуулады. Анын ичинде аларды расмий коопсуздук түзүмдөрүнө кошуу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле айрым саясий жетекчилердин өздөрүнүн куралдуу канаттары менен болгон байланышын үзүү маселеси каралды (бул тууралуу Shafaq News агенттиги билдирген).
Ал эми экинчи тараптан, 2026-жылдын 20-апрели, дүйшөмбү күнү, маалымат каражаттары жана булактар “Bas News” агенттигине билдиргендей, Америка Кошмо Штаттары Иракка доллар жеткирүүнү токтоткон жана аны кайра жандандырууну жаңы өкмөттүн түзүлүшүнө байлаган. Бул кадам эки тараптын ортосундагы саясий жана коопсуздук басымдардын күчөп жатканын көрсөтөт. Ошондой эле ошол булактар Багдад эл аралык аэропортундагы АКШ элчилигине жана логистикалык колдоо базасына жасалган кол салууларга катышкан тараптар аныкталмайынча, Вашингтон коопсуздук боюнча координациялык жыйындарды да токтотууну чечкенин билдиришкен.
Бул көрүнүш өлкө кандай деңгээлде кордукка жана барксыздыкка жеткенин ачыктайт. Эгемендүүлүк жөнүндө күпүлдөп сүйлөгөн саясатчылар өлкөгө кызмат кылуу үчүн эмес, анын байлыгын талап-тоноо үчүн кызмат орундарды талашкан уурулар. Алардын колунда эч кандай бийлик жок экенин өздөрү да, жакын-алыс адамдын баары жакшы билишет. Ирак болсо жеринде да, асманында да каалаган адам үчүн ачык болуп калган. Анын ички жана коопсуздук түзүмү мамлекеттик чечимдер менен куралдуу топтордун ортосунда бөлүнүп-жарылган т.а. бир тарап согушка кирүүнү чечсе, экинчи тарап дипломатияга жабышып, коңшу өлкөлөр менен болгон байланышына шылтоо айтып актанат. Ирактан башка мындай чаташып-бузулган абалдагы бир да мамлекет жок, болгону ага окшош болуп бара жаткан Ливан бар. Бул саясатчылардын “эгемендүүлүк” деген дооматындагы уятсыздыгы ушунчалык деңгээлге жетти дейсиң, алар Америка менен Ирандын ортосунда мамлекет катары ортомчу болууга даяр экенин айтышууда!
Кырк миллиондон ашкан калкы бар Ирак сыяктуу өлкөдө акылдуу, даанышман бир адам табылбай калганбы?! Бул өлкө Муътасым жана Харун ар-Рашид сыяктуу мамлекеттик баатырларды чыгара албай калганбы?!
Эй, Ирактагы жана башка мусулман өлкөлөрүндөгү мусулмандар! Так билип койгула: биздин абалыбызды ата-бабаларыбыздын абалын оңдогон нерсе гана оңдойт. Алардын абалы диндерине бекем карманганы менен гана оңолгон. Алар Аллахтын ыраазычылыгын издеп, бул дүйнөнү акыретке алмаштырышкан. Ошону менен алар урматка жетип, үстөм болушкан жана душмандар аларга баш ийген.
Ошондуктан силер моюнуңардан кордукту силкип таштап, Пайгамбарлык минхажы негизинде тикелене турган рошид Халифалык мамлекетин орнотуу үчүн, чынчыл иш алып барып жаткан адамдар менен бирге болуу силер үчүн эң ылайыктуу амал. Ал мамлекет азиздик жана эгемендүүлүк мамлекети болот. Дал ошол аркылуу гана коопсуздугуңарга жана эгемендүүлүгүңөргө кол салгысы келген ар кандай бузуучунун колун кесесиңер.
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ﴾
“Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашообере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла жана билип койгула, албетте, Алла ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат жанаАнын алдына топтолосуңар”. (Анфаль: 24)
Хизб-ут-Тахрирдин Ирак вилаятындагы маалымат бөлүмү
21.05.26




