Комментарий

Азия өнүктүрүү банкынын өлкөлөрдү кезектеги карызга батыруу айласы

Азия өнүктүрүү банкынын өлкөлөрдү кезектеги карызга батыруу айласы

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу үчүн “DRB” облигацияларын, башкача айтканда «кырсыктар боюнча облигацияларды» алгачкы жолу чыгарылганы маалым болду. Бул тууралуу АӨБдүн Самарканд шаарында өткөн 59-жылдык жыйынында айтылды.
Бул облигациялар Кыргызстан менен Тажикстанды ири табигый кырсыктардан коргоого жана мындай кырсыктар болгондо каражат менен камсыз кылууга багытталган.
“DRB” облигациялары алдын ала аныкталган жана көз карандысыз текшерилген параметрдик триггерлердин негизинде күчтүү жер титирөө же суу ташкыны болгондо ыкчам жана максаттуу каржылык колдоо көрсөтөт. Кырсык болгон учурда каражаттар улуттук социалдык коргоо системалары аркылуу калкка жардам берүү үчүн багытталат.
Кыргызстан жана Тажикстан үчүн үч жылдык “DRB” облигацияларынын жалпы көлөмү 80 миллион АКШ долларын түзөт. Облигациялар номиналдык баада жайгаштырылып, 2029-жылдын 30-майында төлөнүп бүтөт.

Комментарий: 9-апрелде Жогорку Кеңеш Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) менен түзүлгөн өзгөчө кырдаалдар учурунда колдоо көрсөтүү жөнүндөгү келишимди жактырган. Ал келишимде кырсыктардын кесепеттерин жоюу үчүн аталган облигацияларды (DRB) чыгаруу механизми да камтылган. Бүгүн Азия өнүктүрүү банкы бул “DRB” облигациялары биржаларга чыгарылганын ачыктады. Кыргызстанга багытталган мындай облигациялар алгачкы ирет чыгарылып жатат.
Негизи, жалпы эле облигациялардын шарты мындай: бир тарап кайсы бир мөөнөткө облигацияларды чыгарат, мөөнөт бүткөндө ошол облигацияларды кайрадан өзү сатып алат, башкача айтканда инвесторлорго каражатын кайтарып берет. Ошондой эле, облигация чыгарган тарап бул мөөнөт ичинде келишимде көрсөтүлгөн шартка ылайык облигациялардын пайызын да төлөп турат.

Ал эми, «кырсыктар боюнча облигациялар» бир аз башкача. Мамлекет белгилүү бир мөөнөткө “DRB” облигацияларын чыгарат жана бул мөөнөт ичинде облигациялардын пайызын төлөйт. Ал эми, ушул белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейин өлкөдө кырсык катталса (Кыргызстандын учурунда жер титирөө жана суу ташкыны көрсөтүлгөн), мамлекет инвесторлорго каражатын кайтарып бербейт же кайтарса да бир аз гана бөлүгүн кайтарышы мүмкүн. Эгер кырсык жүз бербесе, мамлекет инвесторлорго каражатын толук кайтарып берет.
Бул облигациялар кырсык болот же болбойт деген тобокелдикке негизделсе, анда инвесторлор мындай облигацияларды сатып алуудан эмне пайда көрөт деген суроо туулушу мүмкүн.
Биринчиден, бул облигациялардын үстөк пайызы башка баалуу кагаздарга караганда жогору болот, тагырак айтканда пайыздык кирешеси жогору. Анткени, кырсык жүз беришинин тобокелчилиги бар. Экинчиден, кырсыктын жүз бериши күмөндүү, көп учурда кырсык катталбайт, катталса да келишимде көрсөтүлгөн деңгээлге жетпейт. Демек, каражат инвесторлорго пайызы менен толук кайтарылат. Андан тышкары, “DRB” облигацияларына инфляция, саясат жана башка факторлор таасир этпейт. Ошон үчүн бул облигациялар инвесторлорду өзүнө тартат.

Азия өнүктүрүү банкы тарабынан демилгеленген Кыргызстан үчүн чыгарылган “DRB” облигациялары бүдөмүктүгү менен көптөгөн күмөндөрдү жаратат. Себеби, келишимдин шарттары ачыкталбаган. Тагырак айтканда, эгер өлкөдө кырсык жүз бербесе, Кыргызстан бул 80 млн доллардын канча бөлүгүн кайтарат. Келишимге ылайык, кырсыктын эки түрү көрсөтүлгөн: жер титирөө жана суу ташкыны. Бирок, алардын деңгээли ачык көрсөтүлгөн эмес. Мисалы жер титирөөнүн магнитудасы жана суу ташкынынын деңгээли ачыкталган эмес. Эгер алардын параметрлери жогору көрсөтүлгөн болсо, кырсык жүз берип, бирок деңгээлге жетпей калган болсо, мамлекет каражатты кайтарышы керек болот. Андан тышкары, кырсыктын деңгээлин көз карандысыз эксперттер аныктайт. Бүгүнкү ач көз капитализм шартында инвесторлор ал эксперттер менен келишип албастыгына кепилдик жок. Ошон үчүн бул келишимдер өлкөгө каршы багытталган. Капиталисттер кырсыктан да, тагырак айтканда адамдардын азабынан да пайда көрүү механизмдерин жолго коюп жатышат.

Азия өнүктүрүү банкы бийликке гранттарды же кредиттерди берип жатканда, алардан пайдаланып өлкөнү финансылык кулчулукка ого бетер батырган шарттарды коёт. Ал эми, коррупцияга малынган бийлик анын бардык шарттарын аткарууга даяр. Өлкөдөгү кредиттик-финансылык жааттагы бардык иш-аракеттер дал ушул банк сыяктуу эл аралык финансылык уюмдардын көрсөтмөлөрү менен аткарылып келе жатат. Аны менен өлкөнүн карызы жылдан-жылга эселеп көбөйүүдө. Мындай Исламга тескери сүткордук келишимдери өлкөнү улам карыз баткагына түртүүдө. Бул аракеттер өлкөнүн карыз баткагынан чыгышына жол бербейт. Эл аралык уюмдарды тизгиндеп алган капиталисттердин да максаты ушул – өлкөнү карыз баткагына батыруу. Андыктан, мындай келишимдерди четке кагып, Ислам экономикасына кайтуу зарыл. Ансыз баткактан чыгуунун жолу жок.

Харун Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button