Кабар

Орус бийлиги мигранттарга кысымды күчөтүүдө

Орус бийлиги мигранттарга кысымды күчөтүүдө

Россияда эмгек мигранттарынын өлкөдө жүрүү эрежелерин кайрадан катаалдаштыруу сунушталууда. Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, эгер чет өлкөлүк жарандар уруксат алган учурдан тартып бир жыл ичинде он айдан аз иштесе, алардын өлкөдө жашоого уруксаты (ВНЖ) же убактылуу жашоого уруксаты (РВП) жокко чыгарылышы мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долбоору жазгы сессиянын алкагында кабыл алынышы мүмкүн. Ошондой эле ал 2026-жылдын январь–март айларында 8 миңден ашуун мигранттын жашоого уруксаты жокко чыгарылганын белгиледи. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу дээрлик 90%га көп. Мындан тышкары, убактылуу жашоого уруксаттар 27,5%га, ал эми жашоого уруксаттар 27,8%га кыскарган. Өлкөгө кирген чет элдик жарандардын саны да 15%га азайган.
Володин бул өзгөрүүлөрдү миграциялык мыйзамдардын катаалдашы менен байланыштырды. 2025-жылдын 25-январынан тартып РВП жана ВНЖ берүү же жокко чыгаруу үчүн жаңы негиздер күчүнө кирген. Атап айтканда, алар жалган нике же аталыкты мыйзамсыз жол менен каттоо аркылуу алынган болсо, жокко чыгарылат. Жаңы мыйзам долбоору мигранттардын өлкөдө мыйзамдуу жүрүүсүн, иш менен камсыз болушун жана кирешелерин көзөмөлдөөнү күчөтүүгө багытталган.
2026-жылдын апрелинин башына карата Россияда 6,1 млн чет өлкөлүк жаран жашап жатат. Бир жыл мурун бул көрсөткүч 6,8 млн болгон. 2026-жылдын биринчи кварталында өлкөгө 2,5 млн адам кирген, бул 2025-жылдын ошол эле мезгилине салыштырмалуу 15%га аз. Алардын ичинен болжол менен 1,8 млн адам КМШ өлкөлөрүнүн жарандары. Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары билдиргендей, 2025-жылдын декабрына карата чет өлкөлөрдө 798,4 миңден ашуун Кыргызстандын жарандары жашайт, алардын көпчүлүгү — 341 094 адам Россияда эмгектенишет.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button