Басма сөз

Даъват көтөрүүчүлөр камак менен түрмөнүн ортосунда

Басма сөз баянаты
Даъват көтөрүүчүлөр камак менен түрмөнүн ортосунда

Батыш цивилизациясынын авратын жаап турган «жалбырагы» түшкөндөн кийин чыныгы жүзү ачылды. Ал мурда сөз эркиндиги, ишеним эркиндиги, пикир эркиндиги деген ураандарды көтөрүп келген эле. Батыш мамлекеттери жана алардын жолун жолдогон, аларга баш ийген дүйнө мамлекеттери Батыштын либералдык фикратына каршы келген ар кандай рай же пикир айткандарды басмырлоого өтүштү. Алар мындай адамдарды түрмөлөргө жана камак жайларына таштап, көптөгөн адамдарды талашсыз болгон юридикалык жана инсандык укуктарынан ажыратышты. Натыйжада, уруксат берилген «эркиндик» — бул бузукулук эркиндиги, Эпштейн жана анын жолдоочуларынын амалдары сыяктуу нерселердин эркиндиги экени ачык болду. Ал эми Батыш цивилизациясынын өкүлдөрү жана ага алдангандар айтып келгендей, эркиндик ишеним жана пикир эркиндигине тиешеси жок экени ашкереленди.

2025-жылдын башынан тартып, Америка өзүнүн саясатына каршы чыккан мусулмандарга да, мусулман эмес адамдарга да басымын күчөттү. Өзгөчө, Палестинадагы геноцидге каршы сүйлөгөндөргө же яхудий түзүмүн колдоого каршы чыккан адамдарга карата кысым күчөдү. Ошондой эле, көптөгөн Ислам өлкөлөрүнүн калкына, анын ичинде Палестина жеринин тургундарына, Америкада жашаган жакындарын зыярат кылуу үчүн виза алуу укугун ар кандай негизсиз шылтоолор менен (мисалы, «терроризмге каршы күрөш», «анти-семитизмге каршы күрөш» же «улуттук коопсуздукту коргоо») чектеп койду. Муну менен Батыш режимине болгон саясий берилгендикти өлкөгө кирүү, жашоо жана жарандык алуу үчүн шартка айландырды. Ошол эле учурда, Америка яхудий түзүмүндөгү өлтүрүү машинесине толук эркиндик берип, мубарак Палестина жеринде колу жеткен ар бир адамды өлтүрүп, жок кылууну улантууга мүмкүнчүлүк түзүп жатат. Анын максаты жерди мыйзамдуу ээлеринен бошотуп, аларды эң жөнөкөй кызматтар да жок болгон аймактарга, мисалы Сомалиленд сыяктуу жерлерге көчүрүп чыгуу болуп жатат.
Мындан тышкары, яхудий түзүмүнүн түрмөлөрүндө он миңден ашуун мусулман камакка алынып, туткунга айланды. Алардын арасында улуу шейх Иссам Амира «Абу Абдуллах» да бар. Ал Кудс шаарынын имамы жана хатиби эле. Ал Газа тилкесинде этникалык тазалоо операциялары башталган учурлардан бери, эки жылдан ашык убакыт мурун баскынчылардын түрмөлөрүнө камалып, бүгүнкү күнгө чейин темир тор артында калууда. Себеби ал Акса мечитинин минбарынан Ислам үммөтүнө жана анын аскерлерине кайрылып, Газадагы жана жалпы Палестинадагы бир туугандарына жардам берүү жана аларды куткаруу үчүн жардам сурап бийик үн менен кайрылган.

Камакка алуулар токтобостон уланууда, аларга кошо жок кылуу операциялары да жүргүзүлүүдө. Бул Америкага жана анын тарбиялап өстүргөн яхудий түзүмүнө каршы алардын кылмыштарын айыптап, мамлекеттик деңгээлде уюштурулган кылмыштарды колдоосун жана коргоосун айыптаган ар бир адамга карата жасалууда. Бул айыптоолор коомдук жайларда болобу, жүрүштөрдө болобу, мечиттерде болобу же социалдык тармактар аркылуу айтылганбы — баары бир, Америка менен яхудий түзүмүн айыптаган сөздөр «экстремизм», «чагымчылдык» же «коопсуздукка коркунуч» катары мүнөздөлүп жатат.

Ал эми Америка ичиндеги абалга келсек, геноцид кылмыштарына каршы чыккан студенттер куугунтукка алынууда, алар окуусун улантуу укугунан ажыратылып, айрымдары депортацияланды. Мындан тышкары, өкмөткө анын саясатын, анын ичинде жер жүзүндөгү ар кандай зулум күчтөрдү, анын ичинде яхудий түзүмүн колдогон саясатын сындагандарга каршы жашоо уруксаттарын алып коюу жана жарандыктан ажыратуу боюнча мыйзамдар кабыл алынып, коркутуулар колдонулууда.
Эркиндик фикратына негизделген Батыш цивилизациясы ошол эркиндикти эң биринчи болуп өзү тебелеп, анын пардасын жыртып, аны жаап турган эч нерсе калбагандыгында эч кандай шек жок! Ошондой эле тарыхта да, бүгүнкү күндө да Ислам цивилизациясы адамзат үчүн альтернатива болгон чыныгы цивилизация экендигинде талаш жок. Ал адам укуктарын, адамды аалам, адам, тирүүлүктүн Жаратуучусунун пендеси катары урматтайт жана анын каны, мүлкү жана ар-намысын эч ким тарабынан бузулбай турган ыйык баалуулук кылып койгон. Аллах Таала айтат:
﴿مِنْ أَجْلِ ذَلِكَ كَتَبْنَا عَلَى بَنِي إِسْرَائِيلَ أَنَّهُ مَنْ قَتَلَ نَفْساً بِغَيْرِ نَفْسٍ أَوْ فَسَادٍ فِي الْأَرْضِ فَكَأَنَّمَا قَتَلَ النَّاسَ جَمِيعاً وَمَنْ أَحْيَاهَا فَكَأَنَّمَا أَحْيَا النَّاسَ جَمِيعاً وَلَقَدْ جَاءَتْهُمْ رُسُلُنَا بِالْبَيِّنَاتِ ثُمَّ إِنَّ كَثِيراً مِنْهُمْ بَعْدَ ذَلِكَ فِي الْأَرْضِ لَمُسْرِفُونَ﴾
«Дал ошол (каргаша) себептүү бани Исраилдин үстүнө (ушундай буйрукту) жазып койдук: кимде ким бир да жанды өлтүрбөй жана жерде бузукулук кылбаган адамды өлтүрсө, кудум бардык адамдарды өлтүргөндөй жана кимде-ким ага өмүр берсе (башкача айтканда аны өлтүрүүдөн баш тартса), демек, бардык адамдарга өмүр бергендей. Аларга (бани Исраилге) пайгамбарларыбыз мына ушундай далилдер келтиришти. Ошондон кийин да алардан көпчүлүгү Жер жүзүндө (кан төгүү менен) чектен ашуучулар» (Маида: 32).

Ошондуктан, бүткүл дүйнөдө Ислам цивилизациясын альтернатива катары талап кылуу даъватты көтөргөн ыкластуу адамдардын иши экени айкын болду. Алар Батыштын адилетсиз цивилизациясын кармап турган адамдар тарабынан жалпы адамзатка жасалып жаткан зулумду кабыл алышпайт. Ошондуктан Америкада жана жалпы Батышта жашаган мусулмандар үчүн бул нурду көтөрүп чыгып, адамзатты секуляризмдин зулумунан жана капиталисттердин текеберлигинен Исламдын адилеттүүлүгүнө алып чыгуу эң милдеттүү фарздардын бири болуп калды.
Абу Зарр ал-Гифари (разияллаху анху) риваят кылган хадисте Пайгамбар ﷺ Раббисинен риваят кылып айткан:
«يَا عِبَادِي إِنِّي حَرَّمْتُ الظُّلْمَ عَلَى نَفْسِي وَجَعَلْتُهُ بَيْنَكُمْ مُحَرَّمًا فَلَا تَظَالَمُوا»
«Эй Менин кулдарым! Мен Өзүмө зулумду арам кылдым жана аны силердин араңарда да арам кылдым, ошондуктан бири-бириңерге зулум кылбагыла» (Муслим риваяты).

Хизб ут-Тахрирдин Америкадагы маалымат бөлүмү
28.04.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button