Аллахты коюп өздөрүнүн рохибдерин жана кечилдерин кудай кылып алышты

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Аллахты коюп өздөрүнүн рохибдерин жана кечилдерин кудай кылып алышты
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
روى الترمذي في سننه قال: حَدَّثَنَا الْحُسَيْنُ بْنُ يَزِيدَ الْكُوفِيُّ حَدَّثَنَا عَبْدُ السَّلَامِ بْنُ حَرْبٍ عَنْ غُطَيْفِ بْنِ أَعْيَنَ عَنْ مُصْعَبِ بْنِ سَعْدٍ عَنْ عَدِيِّ بْنِ حَاتِمٍ قَالَ: أَتَيْتُ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَفِي عُنُقِي صَلِيبٌ مِنْ ذَهَبٍ فَقَالَ: يَا عَدِيُّ اطْرَحْ عَنْكَ هَذَا الْوَثَنَ وَسَمِعْتُهُ يَقْرَأُ فِي سُورَةِ بَرَاءَة {اتَّخَذُوا أَحْبَارَهُمْ وَرُهْبَانَهُمْ أَرْبَابًا مِنْ دُونِ اللَّهِ} قَالَ: أَمَا إِنَّهُمْ لَمْ يَكُونُوا يَعْبُدُونَهُمْ وَلَكِنَّهُمْ كَانُوا إِذَا أَحَلُّوا لَهُمْ شَيْئاً اسْتَحَلُّوهُ وَإِذَا حَرَّمُوا عَلَيْهِمْ شَيْئاً حَرَّمُوهُ
Тирмизи өзүнүн “Сунанында” риваят кылышынча, Адий ибн Хатим мындай деп айткан. Мен Пайгамбарга (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) келдим, моюнумда алтындан жасалган крест бар болчу. Ал: “Эй Адий, бул бутту ыргыт”, – деди, мен анын Бараа сүрөсүн окуп жатканын уктум. “Алар Аллахты коюп өздөрүнүн рохибдерин жана кечилдерин кудай кылып алышты. Пайгамбар айтты: “Алар аларга ибадат кылышкан жок, эгер качан алар үчүн бир нерсени адал кылышса, аны адал дешти, качан аларга бир нерсени арам кылышса, аны арам дешти”.
Ат-Тирмизинин шархы Тухфат аль-Ахвазиде мындай деп айтылат:
(وَفِي عُنُقِي صَلِيبٌ) “Мойнумда крест бар” деген сөзү эки кесилишкен сызык формасындагы ар кандай нерсеге тиешелүү. “Аль-Мажма” китебинде бул христиандар колдонгон төрт бурчтуу жыгач крест экени айтылат, алар Иса пайгамбардын (ага тынчтык болсун) ошол формадагы жыгач крестке асылганын айтышат.
(اِطْرَحْ عَنْك) “Өзүңдөн алып сал” мойнуңан (бул бутту) ыргыт дегенди билдирет. Ал жердеги асыл таштардан же жыгачтан жана таштардан жасалган адам келбети сыяктуу денеси бар ар кандай нерсе. Буркан: денесиз сүрөт. Буркан сүрөт эле эмес келбети бар башка нерсеге да колдонулушу мүмкүн.
Адийден келген хадис: “Мен ага (Аллахтын ага саламы жана берекеси болсун) келдим, моюнумда алтындан жасалган крест бар эле, ал: “Бул бутту өзүңдөн алып сал”, – деди. Ал муну “Мажма” китебинде айткан.
Алар өздөрүнүн рохибдерин {اِتَّخَذُوا أَحْبَارَهُمْ} (б.а. жөөт аалымдарын) жана кечилдерин {وَرُهْبَانَهُمْ} (б.а. христиан аалымдарын) {أَرْبَابًا مِنْ دُونِ اللَّهِ} (Аллахтан башка) кудай кылып алышты. Алар Аллахтын тыюу салган нерселерине уруксат берип, Аллах уруксат берген нерселерин арам кылууда аларга ээрчишип, аларды кудайлар кылып алышты. (إِذَا أَحَلُّوا لَهُمْ شَيْئاً) “Эгер алар (рохибдер, кечилдер) аларга (аларды ээрчигендерге) бир нерсени адал кылышса”: башкача айтканда, эгер алар Аллах Таала тыюу салган нерсени аларга адал кылышса (اِسْتَحَلُّوهُ), алар аны адал деп эсептешкен (وَإِذَا حَرَّمُوا عَلَيْهِمْ شَيْئاً) “жана алар бир нерсени арам кылышса” Аллах адал кылган нерсени: (حَرَّمُوهُ), алар аны арам деп эсептешкен.
Ал Фатхул-Баянда мындай деген: Бул аятта өз көзү менен көрүп, туя турган жүрөгү бар, кулак салып уга турган адам үчүн Аллахтын динин сокурдук менен ээрчүүдөн кайтарган нерсе бар. Ал эми мурункулардын айткандарынын Ыйык куранда жана таза Сүннөттө айтылгандарга таасири бар: Анткени, белгилүү бир мазхабдын жолдоочусунун сөздөрүн ээрчип, амалдарын кабыл алган бул үммөттүн аалымдарынын биринин пикирлерине баш ийүүсү, эгерде алар нусустарга жана Аллахтын далилдерине карама-каршы келсе да, бул кудум эле жөөттөр менен христиандардын рохиб жана кечилдерди Аллахтан башка кудайлар катары кабыл алышына окшош. Анткени алар аларга сыйынган эмес, тескерисинче, алар адал арам маселесинде аларга баш ийип, алар тыюу салган нерселерди арам дешкен. Алар адал дегени нерсени адал дешкени анык. Бул ушул үммөттөрдү туураган бул үммөттүн ичиндегилердин амалы жана ал жумуртканын жумурткага, курманын курмага же суунун сууга окшоштугуна караганда көбүрөөк окшош.
Эй, Аллахтын кулдары, эмне үчүн силер Китеп менен Сүннөттү таштап, китеп, сүннөт аркылуу Аллахка сыйынууда силер сыяктуу адамдарга кайрылдыңар? Ал алардан өзү көрсөткөн жана пайда көргөн нерсеге амал кылууну талап кылды, ошондуктан силер алардын чындыктын түркүгү менен бекемделбеген, ошондой эле диндин түркүгү жана Китеп менен Сүннөттүн нусустары менен бекемделбеген пикирлерине амал кылдыңар. Ал эң чечен чакырык менен чакырат жана Китеп жана сүннөткө карама-каршы келген жана каршы болгон нерсени эң катуу үн менен кыйкырат, ошондуктан силер дүлөй кулактар, туйбаган жүрөктөр, тунарган акыл-эс жана оорулуу пикирлер аркылуу ага ээрчидиңер. Мен мазхабдын бир гана мүчөсүмүн, эгер Газия адашса, мен да адашам, эгер Газия туура жолго түшсө, мен да туура жолго түшөм деп кырдаалдын тили менен ырдадыңар.
Ар-Рази өзүнүн тафсиринде мындай деген: Шейхибиз жана устатыбыз жана мужтахид аалымдардын мөөрү (Аллах андан ыраазы болсун) мындай деген: Мен айрым маселелерге тиешелүү Алла Тааланын китебинен көптөгөн аяттар окулганда жана алардын мазхабдары ошол аяттарга карама-каршы келген бир топ фыкх аалымдарын көрдүм. Алар ал аяттарды кабыл алышкан жок, аларга көңүл да бурушпады жана мага таң калуу менен карашты. Башкача айтканда мурунку (салаф) аалымдардын риваяттары аяттарга карама-каршы келгенде, бул аяттардын сырткы маанисине кантип амал кылууга болот? деп таңыркай карашты. Эгер чындап ой жүгүртсөңүз, бул оору бул дүйнөдөгү көпчүлүк адамдардын канында бар экенин көрөсүз.
Бул хасан жана гариб хадис. Гариб: хадистин чынжырында бир гана риваятчы тарабынан риваят кылынган (аны риваят кылган жалгыз адам) ал чынжырдын башында же ортосунда болгонунун айырмасы жок. Ахмад, Ибн Жарир, Ибн Саад, Абд Ибн Хумейд, Ибн аль-Мунзир, Ибн Абу Хатим, Абу аш-Шейх, Ибн Мардавайх жана аль-Байхаки “Сунанында” риваят кылышкан.
Урматтуу бир туугандар:
Ислам – бул жалгыз, кудуреттүү, пенделеринин иштеринин Жаратуучусу жана ыраатка салуучусу болгон Аллахка баш ийүү дегенди билдирет… Ал гана уруксат берилген жана тыюу салынган, жакшы жана жаман нерселерди аныктоого укуктуу. Ал бизге бардык иштерибизде Анын адилеттүү мыйзамына баш ийүүнү буйруган. Аллах Таала мындай дейт: “إِنِ الْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِ يَقُصُّ الْحَقَّ وَهُوَ خَيْرُ الْفَاصِلِينَ” “Өкүм бир гана Аллахка таандык. Ал гана чындыкты айтат жана Ал өкүм чыгаруучулардын эң жакшысы”.
Ал Өзүнүн шариятынан башка мыйзамга кайрылууга тыюу салган:
“أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنَ اللَّهِ حُكْمًا لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ“
“Алар (Исламга чейинки) наадандыктын (жахилияттын) өкүмүн издешеби? (Ыйманга) ишенген коом үчүн өкүмдө Аллахтан жакшыраак (өкүм чыгаруучу) ким бар?”
Анын улуу Элчиси бизге шариятка кайрылуунун кандайча ишке ашаарын көрсөткөн, ал Ислам үчүн таза шарияттын өкүмдөрү менен калктын иштерин башкарган мамлекетти түзгөн жана андан кийин анын ордуна анын жетекчилигине баш ийген жана сүннөтү менен жетекчилик кылган Халифалар келген, ошондуктан алар калктын иштерин ички жактан Аллахтын өкүмдөрү башкаруу менен, ал эми тышкы жактан ааламдарга хидаят жана нур кабарын жеткирүү менен Ислам түзүмүн ишке ашырышкан.
Ислам системасы төрт негизге таянат:
Кожоюндук Ислам шариятына таандык: Исламда мыйзам чыгаруу эч кандай шериксиз, бир гана Аллахка таандык.
Бийлик үммөткө таандык: Ислам шариятынын өкүмдөрүн ага колдоно турган халифаны үммөт өзү тандайт.
Бир халифаны шайлоо мусулмандар үчүн фарз: Мусулмандардын бирден ашык халифасы же бирден ашык мамлекети болушу арам.
Шарияттын кеңири далилдеринен алынган…Куран, Сүннөт, сахабалардын ижмасы жана шарьий кыяс аркылуу Халифа гана шарият өкүмдөрүн таббаний кылып кабыл алууга укуктуу.
Мусулман пайгамбарлык үлгүгө негизделген халифалык мамлекетин курууга аракет кылуунун ордуна, жарандык демократиялык мамлекет курууга аракет кылса болобу?
Айрымдар демократиялык мамлекет куруу исламга каршы келбейт, анткени демократия исламдын бир бөлүгү же исламга каршы келбейт деп ырасташат… Бул адамдар же ислам системасы менен демократиялык системанын ортосундагы толук карама-каршылыкты билишпейт, же болбосо, алар кара ниеттүү жана үммөттү Ислам бийлигин калыбына келтирүүнүн туура жолунан адаштырууну көздөшөт. Бул Халифалык Ислам мамлекетин куруу менен гана ишке ашат. Себеби демократиялык система элдин бийлигин, эл тарабынан башкарууну билдирет… Анда кожоюндук элге таандык, эл өз конституциясын мамлекет үчүн конституцияны иштеп чыккан уюштуруучу кеңешти түзгөн өкүлдөр (депутаттар) аркылуу белгилейт. Эл мыйзам чыгаруучу кеңештеги өкүлдөрү аркылуу мыйзамдарды кабыл алат жана өзүнүн иштерин башкаруу үчүн тандап алган системаны колдонгон акимди шайлоо менен өзүн өзү башкарат.
Ислам менен демократиянын ортосундагы карама-каршылык кожоюндукка, башкача айтканда, мыйзам чыгаруу укугуна гана эмес, демократиянын негизделген төрт эркиндигине да тиешелүү, алар жер бетинде бузукулуктун жана адеп-ахлактын бузулушуна кеңири жол ачат.
1. Дин эркиндиги: бул Ислам дини тыюу салган чектен чыгуу жана динди өзгөртүү эркиндигин билдирет, анткени Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана берекеси болсун): من بدل دينه فاقتلوه “Ким динин өзгөртсө, аны өлтүргүлө”, – деп айткан.
2. Пикир эркиндиги: бул жеке адам, топ же улут болсун чектөөсүз эч кимди эске албастан өз пикирин билдирүү укугун билдирет. Бул жерде биз атеисттердин, жек көрүүчүлөрдүн жана акылсыздардын исламга жана анын ыйык нерселерине кол салууларын жана бул адамдардын сөз эркиндиги шылтоосу менен демократиялык режимдер тарабынан кантип корголуп жатканын көрүп жатабыз. Ислам кандайдыр бир шылтоо менен адамдардын ар-намысына кол салууга же ыйык нерселерге кол салууга уруксат береби?
3. Күчтүүлөрдүн алсыздарды ар кандай жолдор менен эксплуатациялоосуна мүмкүндүк берген мүлк (менчик) эркиндиги, бул байларды байытып, кедейлерди ого бетер кедей кылат.
4. Акырында, жеке эркиндик: ал эркектерге жана аялдарга уруксат берилген же тыюу салынган нерселерге эч кандай тоскоолдуксуз каалаганын жасоого мүмкүндүк берет.
Ооба, урматтуу угармандар, демократиялык система – бул эң Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтан келген Исламдын ырайымдуу системасына таптакыр карама-каршы келген адамгерчиликсиз система…
Аллахка мыйзам чыгарууда каршы чыгып, төмөнкү деңгээлдеги, адам тарабынан түзүлгөн системалуу демократиялык мамлекетти куруу үчүн иштеген адам менен Аллахка баш ийип, андан коркуп, пайгамбарлык үлгүгө негизделген жана Исламдын улуу кудайлык системасына негизделген Халифалыкты куруу үчүн иштеген адамдын ортосунда чоң айырма бар…
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 18-зулкаада.
2026-ж, 5-май.

