Басма сөз

“Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кимдер жазаланып жатат?

“Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кимдер жазаланып жатат?

Кыргызстандын Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге  өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинин “Конституцияны бузуу менен бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө багытталган аракеттер» жана «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

Мындан улам, Ташиев “Фейсбук” аркылуу билдирүү жасап: “Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана Аллахым буюрса, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам. Кимдин күнөөсү болсо, ал жазасын тартат, ал эми таза болсо акталат. Себеби мамлекетибизде акыйкат сот системасын түзүүгө мамлекет башчыбыздын аракеттери көрүлгөн. Мисалы, 25 адамдан турган «кемпирабадчылар» да акталышты”, – деп айтты.
Чындыгында, акыркы жылдары өлкөдө “бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен камакка алынгандардын саны арбыды. Алардын ичинде саясатчылар, журналисттер жана дааватчылар да бар. Булардын ичинен “кемпирабадчылар” деп аталып калган саясатчы, журналист, блогерлерден турган топ кыргыз-өзбек чек арасын тактоо маселесине байланыштуу камакка алынышкан. Аларга карата козголгон кылмыш иши Ташиев кызматтан алынгандан кийин токтотулуп, толугу менен акталышты. Мындан улам, Ташиев да өзүнө карата козголгон кылмыш иши токтотулушуна толук мүмкүнчүлүк бар экенин бийликке эскертүүдө.

Жогоруда “бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен дааватчылар да камакка алынып жатканын айтып өттүк. Маселен, Баткен райондук соту Ахунжанов Алишер Мамурович баштаган алты дааватчыга адилетсиз түрдө өкүм чыгарып, аларды 17 жылдан 13 жылга чейин катуу режимдеги абакка камоо чечимин кабыл алган. Мындан тышкары, Чүй, Жалал-Абад жана Нарын облустарында да ондогон дааватчы жигиттер 4 жылдан ашык убакытка эркинен ажыратылышты. А бирок, алардын бийликти күч менен басып алууга ресурсу бар беле, кандай жол менен басып алышмак деген суроолор каралган эмес. Бул дааватчылардын болгон куралы “Аллах жалгыз жана Мухаммад анын элчиси” деген ураан болгон!

Бул жерде баса белгилеп кетүүчү жагдай, дааватчылардын ар бир сөзүн изилдеп, социалдык тармакта лайк басканы үчүн “экстремист” деген корутунду чыгарган эксперттер жогорудагы оппозициялык саясатчыларды кандай экспреттик “лабораториядан” өткөрүп актап жатасыңар?!
Жогорудан маалым болгондой, оппозициялык күчтөр ушул эле берене менен соодалашуу же саясий кырдаалга байланыштуу акталып жаткан чакта, калыс мусулмандар жалган айыптар менен оор жазаларга кириптер болуп жатат. Мусулмандар Жараткан берген шарият менен жашоого аракет кылганы үчүн 4 жылдан 17 жылга чейин камап жаткан соттор кандай “адилеттик” менен коррупционерлерди актамакчысыңар?!
Бул болсо өлкөдө колдонулуп жаткан мыйзамдар бийликтин кызыкчылыгы үчүн жана динге каршы гана иштеп жатканын билдирет. Анткени, сүткордук, монополия, кумарпоздук ж.б.у.с. арты үзүлбөгөн арам амалдар гүлдөп өсүшүнө ыңгайлуу шарттар түзүлүп жаткан бир учурда, Исламды үйрөтүү, жаман иштерден кайтарып, жакшы иштерге буйруу сыяктуу важиб амалдар кылмыш эсептелүүдө.

Абу Хурайра (р.а)дан риваят кылынат, Расулуллах (с.а.в) айтты:
«سَيَأْتِي عَلَى النَّاسِ سَنَوَاتٌ خَدَّاعَاتُ، يُصَدَّقُ فِيهَا الْكَاذِبُ، وَيُكَذَّبُ فِيهَا الصَّادِقُ، وَيُؤْتَمَنُ فِيهَا الْخَائِنُ، وَيُخَوَّنُ فِيهَا الْأَمِينُ، وَيَنْطِقُ فِيهَا الرُّوَيْبِضَةُ. قِيلَ: وَمَا الرُّوَيْبِضَةُ؟ قَالَ: الرَّجُلُ التَّافِهُ فِي أَمْرِ الْعَامَّةِ»
«Адамдардын үстүнө жалганчы жылдар келет. Ал жылдарда жалганчы чынчылга, чынчыл жалганчыга чыгарылат, саткын – аманаткөй, аманаткөй болсо саткын деп эсептелет, ал жылдары рувайбиза сөз сүйлөйт. Ошондо: Рувайбиза эмне? – деп суралды. Пайгамбарыбыз: Жалпынын иши жөнүндө (сүйлөй турган) ахмак кимсе» деп жооп берди.

Аллах таала айтат:
وَلَا تَحْسَبَنَّ اللَّهَ غَافِلاً عَمَّا يَعْمَلُ الظَّالِمُونَ إِنَّمَا يُؤَخِّرُهُمْ لِيَوْمٍ تَشْخَصُ فِيهِ الْأَبْصَارُ
“Сен эч качан: «Аллах заалим адамдардын кылып жаткан иштеринен бейкабар» деп ойлобо! Болгону Аллах аларды(н жазаларын), көздөр (коркунучтан) катып кала турган, (Кыямат) Күнүнө гана калтырууда” (14: 42).

Демек, бүгүн “бийликти басып алуу…”, “экстремизм, “терроризм” боюнча беренелер дүйнөдөгү Ислам душмандары тарабынан таңууланган мыйзамдар болуп, баскынчы колонизаторлордун кылмыштарын актоого, коомдук пикирди адаштырууга курал катары колдонулууда. Андыктан, Ислам үммөтү анын ичинде кыргыз коому үчүн акыйкат менен батылды, чыныгы душман менен досту айырмалап, ошого жараша кадам таштай турган убакыт эчак келип жетти.

Хизб ут Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button