Цивилизациялык кулоо

Цивилизациялык кулоо
Тарых философтору цивилизацияны эскирген тепкичке окшотушат: канчалык жогору көтөрүлгөн сайын анын баскычтарынын бири түшүп бири түшүп бара берет. Эгер адам бийик эмес тепкичтен куласа, зыян тартпайт, бирок бир нече баскычка көтөрүлгөн болсо, кулашынын кесепеттери кооптуу болот. Ал эми белгилүү бир бийиктикке жеткенде, ар кандай кулоо өлүмгө алып келет. Бирок заманбап коомдордун кыйрашы качып кутулгус нерсе эмес. Тарыхый далилдер алардын кулоого жакын экенин көрсөтсө да, мурунку коомдордун тагдырынан сабак алуу үчүн дагы эле мүмкүнчүлүк бар.
«Цивилизациялардын циклдик алмашуусу» деп аталган нерсени изилдеген тарых философтору ички факторлор цивилизациялардын алсырашына, эскиришине, акырында кулашына алып келген негизги себептер экенине бир ооздон макул болушат. Анткени бул факторлор коомдук организмдин иммунитетин жок кылат да, аны тышкы кийлигишүүгө ачык кылып коёт. Тышкы кийлигишүү келип акыркы соккуну урат же цивилизациянын өзөгүнө акыркы мыкты кагат. Бул жагынан коомдук организм биологиялык организмге окшош: иммундук системасы бузулганда, ага вирустар менен бактериялар жабылып, акыры аны жок кылышат.
Чындыгында, Куран Карим коомдорго жеткен төмөндөөнүн себептери ички факторлорго байланыштуу экенин тастыктап келген. Анткени алар коомдук иммунитетти алсыратып, аны сырттан келе турган таасирге ачык кылат. Бул тууралуу Аллах Таала мындай дейт:
﴿أَوَلَمَّا أَصَابَتْكُمْ مُصِيبَةٌ قَدْ أَصَبْتُمْ مِثْلَيْهَا قُلْتُمْ أَنَّى هَذَا قُلْ هُوَ مِنْ عِنْدِ أَنْفُسِكُمْ إِنَّ اللَّهَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ﴾
«(Эй момундар), эгер силерге, (душман тарабынан) бир кайгы жетсе – акыйкатта болсо, силер, ага эки эсе кайгы жеткизген элеңер – «Бул балээ кайдан келди?» дейсиңерби?! (Эй Мухаммад), аларга: «Бул кайгы-жеңилүү өз кылмышыңардан», деп айткын. Албетте, Аллах бардык нерсеге кудуреттүү». (Али Имран: 165).
﴿إِنَّ اللَّهَ لَا يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّى يُغَيِّرُوا مَا بِأَنْفُسِهِمْ﴾
«Аныгында бир коом тээ өздөрүн өзгөртүшмөйүнчө Аллах алардын акыбалын өзгөртпөйт». (Раад: 11).
﴿ذَلِكَ بِأَنَّ اللَّهَ لَمْ يَكُ مُغَيِّرًا نِعْمَةً أَنْعَمَهَا عَلَى قَوْمٍ حَتَّى يُغَيِّرُوا مَا بِأَنْفُسِهِمْ وَأَنَّ اللَّهَ سَمِيعٌ عَلِيمٌ﴾
«Буга себеп – Аллах бир коомго тартуу кылган нематын тээ алар өздөрүн өзгөртүшмөйүнчө өзгөртпөйт. Аллах Угуучу, Билүүчү». (Анфал: 53).
Ошондой эле, Пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтү да коомдордун кыйрашын ички факторлорго байланыштырат. Мисалы, кемеге отурган адамдар тууралуу хадис жана анын ﷺ ушул сөзү:
«كُلُّ رَجُلٍ مِنَ الْمُسْلِمِينَ عَلَى ثَغْرَةٍ مِنْ ثُغَرِ الْإِسْلَامِ، اللَّهَ اللَّهَ لَا يُؤْتَى الْإِسْلَامُ مِنْ قِبَلِكَ»
«Ар бир мусулман Ислам чептеринин биринде турат. Ошондуктан, Исламга сен тараптан зыян келип калуусунан Аллахтан корк (сак бол)!».
«الثغرة » (чеп) деген сөз согуш талаасындагы коргонуу сызыгын же дубалдагы тешикти билдирет. Бул контекстте ар бир мусулмандын коомдогу орду, жоопкерчилиги жана кызматы түшүндүрүлөт).
Бул аяттар, хадистер жана учкул сөздөр цивилизациялардын кыйрашына, мамлекеттердин артка кетишине жана коомдук ынтымактын алсырашына адамдар менен коомдор өздөрү түздөн-түз жоопкер экенин көрсөтөт. Ал эми тышкы факторлор, канчалык күчтүү жана кудуреттүү болбосун, тиешелүү коомдун ички абалы ылайыктуу болмоюнча натыйжа бере албайт.
Мусулман ойчулу Абдуррахман ибн Халдун (хижрий 808-жылы каза болгон) хазарий кулоо маселесин философиялык жактан биринчи болуп негиздеген. Ал өзүнүн «Мукаддима» эмгегинде мамлекеттин өнүгүүсүн беш этапка бөлүп түшүндүргөн: эң күчтүү абалдан башталып, бара-бара алсырап, эскирип, андан соң теңселип, акырында толугу менен кулайт. Бул кулоо таза ички факторлордун натыйжасы болуп саналат.
Профессор Халид Фуад Тахтах өзүнүн «Тарых философиясы жөнүндө» аттуу китебинде мындай дейт: «Ибн Халдун адамзат тарыхында мамлекеттердин циклдик алмашуу теориясын, айрыкча анын социалдык жана жалпы философиялык өңүтү жагынан негиздеген биринчи ойчул болуп эсептелет. Ал цивилизация (анын түшүнүгүндө мамлекет) цикл менен алмашып турарын түшүнгөн жана өзгөрүүнүн айланма мүнөзүн адам менен коомдун ортосунда салыштырган». Ал дагы: «Анын көз карашында коомдун да өмүрү бар: ал адам сыяктуу жаралат, өсүп жетилет, анан карып, акыры өлөт. Ушуга жараша мамлекет төмөнкү этаптардан өтөт: көчмөндүк, гүлдөп-өсүү, төмөндөө»¹, – деп кошумчалайт.
Ибн Халдундан кийин дагы башка философтор келип, анын изи менен цивилизациялардын циклдик алмашуу теориясын колдошкон. Ошондой эле, коомдорду бөлүп-жарып, аларды баскынчылардын олжосуна айландырган ички бөлүнүүлөр менен баш аламандыктардын чоң ролун баса белгилешкен. Алардын эң белгилүүлөрү: Жамбаттиста Вико (1744-жылы каза болгон), Освальд Шпенглер (1936-жылы каза болгон) жана Арнольд Тойнби (1975-жылы каза болгон).
Мисалы, Арнольд Тойнби цивилизациялар менен мамлекеттердин төмөндөшүн жана кыйрашын биринчи кезекте ички, өздүк факторлор менен түшүндүрөт. Анын пикиринде, тышкы факторлор болгону ички факторлорду гана пайдаланышат: алар жол ачып, шарт түзүп берген ички алсыздыктарга таянып, мамлекетке, элге жана хазаратка акыркы соккуну урат. Ал эми кыйроого алып келген эң негизги ички себептердин бири — бийликке таандык түзүмдөрдүн негизинен ички факторлордон келип чыккан чакырыктарга туура жооп бере албай калышында.
Профессор Халид Фуад Тахтах жогоруда аталган китебинде мындай дейт: «Тойнби цивилизациялардын кыйрашын, алар чабуулга сырттан дуушар болуудан мурун ичинен ыдырап кетиши менен түшүндүрөт. Анткени мындай абалдагы тышкы чабуул акыркы демин чыгарып жаткан коомго урулган акыркы сокку болуп эсептелет. Ошондуктан, кайсы гана цивилизация же мамлекет болбосун, ал ичинен эскирип, алсырабай туруп, сырттан кыйрабайт. Чындыгында, эч бир империя өзүн өзү жок кылбаса, сырттан жеңилбейт».
Мухаммад Хасанайн Хейкал өзүнүн «Америкалык империя жана Иракка чабуул» аттуу китебинде АКШ тууралуу мындай дейт: «Бул учурда америкалык саясат арабдарга акылсыз жана тынымсыз зордук-зомбулуктун бороону сыяктуу көрүнгөнү менен, бул коркуп, качууга түрткү болбошу керек. Анткени тарыхтын эң маанилүү сабактарынын бири — күчтүү империялар өздөрүнүн чегине жеткенче текеберлене берет, анан ошол бийиктикке жеткенде ал жерде калуу өтө кымбатка турарын түшүнөт. Ошондо төмөндөө зарылдыгы пайда болот. Бирок империялар каршылык көрсөтөт, дал ошол учурда зордук-зомбулук эң жогорку чекке жетет. Бул мурунку бардык империяларда, анын ичинде байыркы дүйнөдөгү Рим империясында да болгон. Чындыгында, тарыхтагы улуу империяларды алардын душмандары түздөн-түз күрөштө жеңбейт, тескерисинче, алар күчтү ашыкча колдонуу жана текеберлик аркылуу өздөрүн өзү кулатышат. Анткени алар өнүгүүгө шайкеш келе албай калышат жана өздөрүнүн күчү түбөлүк үстөм болот деп ойлошот».
Бүгүнкү күндө Батыш дүйнөсүнүн жана капиталисттик режимдердин абалын байкаган адам алардын ички көйгөйлөргө батканын көрөт. Бул көйгөйлөр акырындап ачыкка чыгып, айкын боло баштады. Алар мунай бааларынын төмөндөшүнөн жана COVID-19 пандемиясынын жайылышынан келип чыккан каржылык кризистин натыйжасында чоң өзгөрүүлөргө жана бурулуштарга дуушар болууда. Мындан тышкары, бул коомдор жеке кызыкчылыкка жана материалисттик көз карашка негизделген. Капитализм болсо динди турмуштан бөлүү фикратына таянат жана бул фикрат анын акыйдасы болуп саналат. Дал ушул фикратка негизделип адам өзүнүн турмуш түзүмүн өзү түзөт деп эсептелет. Ошондуктан аларда адамдын эркиндиктерин т.а. ишеним эркиндигин, пикир эркиндигин, менчик эркиндигин жана жеке эркиндигин сактоо зарыл деп каралат.
Демократия мына ушул мабдадан келип чыккан. Анткени алардын түшүнүгүндө, адам өз түзүмүн өзү коёт. Ошондуктан үммөт бийликтин булагы болуп эсептелет: ал мыйзамдарды түзөт, башкаруучуну жалдап бийликке алып келет жана каалаган убакта андан бийликти тартып алат, ошондой эле ага каалаган системаны коёт. Анткени алардын көз карашында, башкаруу — бул эл менен башкаруучунун ортосундагы ижара келишими, башкача айтканда, эл койгон система боюнча башкаруу үчүн түзүлгөн келишим.
АКШдагы жана Батыш дүйнөсүндөгү окуялар бизди мындай суроолорду коюуга түртөт: капитализм жана Батыш дүйнөсү цивилизациялык кулоо жана кыйроо этабына жеттиби? Америка элинин өз бийлигинин саясатына каршы чыгуусу АКШнын алсырашына, анын таасири азайышына жана жалпысынан дүйнөдө, өзгөчө Жакынкы Чыгышта таасири чектелишине алып келген ички факторлордун бири болобу? Эгер, ошондой болсо, анда АКШнын ордуна Жакынкы Чыгышта өз таасирин жүргүзө турган кайсы күчтөр бар? Же болбосо Жакынкы Чыгыш жана Ислам дүйнөсү өзүндөгү акыйдадан келип чыккан системасы менен дүйнө жетекчилигине кайра кайтып келип, адамзатка бакыт тартуулай алабы? Айрыкча материалдык рух үстөмдүк кылып, ахлакый баалуулуктар кыйраган учурда бул мүмкүнбү?
Албетте, бүгүнкү дүйнө акыйдадан келип чыккан системага негизделген цивилизациялык долбоорун көтөрүп чыга турган тарапка муктаж. Ал саясий, экономикалык жана коомдук көйгөйлөрдү чече ала турган, ошондой эле Үммөттү Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рашид Халифалык роясы алдында бириктире турган күч болушу керек.
(1) Ал-Ваъй: Абдуррахман ибн Халдундун мамлекеттердин өмүрү, алардын жогорулашы жана кулашы тууралуу айткан сөздөрү цивилизациялардын жаралышы, көтөрүлүшү, төмөндөшү жана жок болушу маселесине тиешеси жок. Анткени анын сөзү — ал өзү карагандай бул пикири талаштуу жана талкууга муктаж — бир гана асабиятка таянып түзүлгөн мамлекеттер жөнүндө айтылган. Анын түшүнүгүндө мамлекет — бул бир үй-бүлөнүн же асабияттын бийлик доору. Мисалы, Умавийлер мамлекети, Аббасийлер мамлекети, Селжук мамлекети, Айюбийлер мамлекети ж.б. Бул мамлекеттердин жаралышы, өсүшү, андан соң төмөндөп жок болушу цивилизациянын жаралышын же жок болушун таптакыр билдирбейт. Анткени бул мамлекеттердин баары Ислам цивилизациясынын алкагында жаралып, өсүп, кулаган, ал эми цивилизация өзү бир мамлекеттин жаралышынан же кулашынан шексиз таасирленген эмес. Ошондуктан анын терминологиясында «мамлекет» цивилизацияны же азыркы түшүнүктөгү мамлекетти билдирбейт, ал башкаруучу үй-бүлөлөрдүн доорлору дегенди билдирет.
Булактар:
1. «Ар-Рияд» гезити, 21-Рамазан хижрий 1435-ж. — 19-июль 2014-ж., №16826: «Цивилизациялардын кулашы: эскирүү ичкериден башталат».
2. annabaa.org сайты («Ан-Наба» маалымат тармагы).
3. Халид Фуад Тахтах, «Тарых философиясы жөнүндө».
4. Мухаммад Хасанайн Хейкал, «Америкалык империя жана Иракка чабуул».




