Макала

Ормуз кысыгы – жоготулган стратегиялык курал

Ормуз кысыгы – жоготулган стратегиялык курал.

Биздин кысыктарыбызга жана жоготулган стратегиялык куралдарыбызга көз салуу

Мунажи Мухаммад

Американын Иранга каршы согушу согуштар ачып берген чындыктардын бирин ачыктады. Анткени согуш – бул жашырылган стратегиялык жана геостратегиялык чындыктар ачыкка чыккан, чындык ашкере көрүнгөн учур. Мындай чындыктарды эң так жана таасирдүү ачып берген лаборатория. Бүгүн Америка менен Ирандын ортосундагы согуш шартында ачылган чындык – Ормуз кысыгынын чындыгы. Ал өтө маанилүү деңиз өтмөгү, муунтуучу, өлтүрүүчү “туюк чекит” болуп саналат. Согуш кысыктын азыркы учурда Ирандын колундагы эң күчтүү стратегиялык куралына айланганын көрсөттү.

Ормуз кысыгы энергия соодасы үчүн эң маанилүү стратегиялык деңиз өтмөктөрүнүн бири болуп эсептелет. Ал түндүктөгү Перс булуңун түштүктөгү Оман булуңу жана Араб деңизи менен байланыштырат. Анын географиялык өзгөчөлүгү ага өтө жогорку стратегиялык маанини берет. Анткени кемелер жана танкерлер жүргөн негизги деңиз жолу өтө тар болуп, ар бир багытта болгону үч километрге араң жеткен мейкиндик бар. Танкерлер эки гана жолду колдонушат: бири кирүү үчүн, экинчиси чыгуу үчүн. Ар бир багыттагы жолдун туурасы болгону үч километр болгондуктан, ал абдан тар аймак болуп саналат. Бул болсо аны өтө сезимтал “муунтуучу чекитке” жана бекем жабылуучу кулпуга айлантат. Бул жагдай мабдаий көз карашка жана көз карандысыз саясий чечимге ээ болгон тарапка кысыкты толук көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Кысыктын альтернативасы жоктугу анын стратегиялык маанисин дагы да күчөтөт. Саудия жана БАЭде альтернативдүү куур линиялары бар деп айтылганына карабастан, энергия борборлору жана АКШнын Энергетикалык маалымат башкармалыгы “кысыктан өткөн жүктөрдүн көпчүлүгүндө бул аймактан чыгуу үчүн башка альтернатива жок” экенин белгилейт. Демек, Ормуз кысыгы Азия жана дүйнөлүк базарларга багыт алган ири мунай жана газ танкерлеринин негизги жашоо тамыры болуп саналат. Бул танкерлер Саудия, Кувейт, Ирак, Катар, Бахрейн, БАЭ жана Ирандан келет. Тагыраак айтканда, бул кысык Ислам өлкөлөрүнүн мунайы, газы жана мусулмандардын талап-тонолгон байлыктары өткөн жол болуп эсептелет.

Ормуз кысыгы дүйнөдөгү энергия соодасы үчүн эң маанилүү деңиз жолу жана “муунтуучу чекити” болуп саналат. Анткени Ормуз кысыгы аркылуу дүйнө жүзүнө деңиз аркылуу ташылган чийки мунайдын үчтөн биринен көбү өтөт жана бул дүйнөлүк мунай камсыздоосунун болжол менен 38%ына жетет. Күн сайын бул кысыктан болжол менен 20–21 миллион баррель чийки мунай жана нефть-химиялык продукциялар өтөт.

Ошондой эле ал суюлтулган газдын негизги өтмөгү болуп саналат. Дүйнөлүк суюлтулган табигый газ соодасынын 20%дан 33%га чейинки бөлүгү ушул кысыктан өтөт. Катар өзүнүн газын Азияга жана дүйнөгө экспорттоодо толугу менен ушул кысыкка көз каранды. Бул кысык Азия базарлары үчүн, айрыкча Кытай, Индия, Япония жана Түштүк Корея сыяктуу ири экономикалар үчүн негизги энергия тамыры болуп саналат.

Мындан тышкары, кысык жер семирткичтер жана химиялык заттардын соодасы үчүн да өтө маанилүү. 2026-жылдагы маалыматтарга ылайык, дүйнөлүк азоттук жер семирткичтердин (өзгөчө мочевина) экспортунун 25%дан 30%га чейин ушул кысыктан өтөт. Ошондой эле химиялык заттар, алардын ичинде эң маанилүү болгон күкүрт өтөт, дүйнөлүк күкүрт соодасынын болжол менен 45%ы ушул жерден өтөт. Күкүрт фосфаттык жер семирткичтерди өндүрүүнүн негизги компоненти болуп саналат.

Мындан тышкары, чийки заттар жана металлдар (алюминий, жез, күкүрт, литий, кобальт) да ушул кысык аркылуу ташылат. Бул болсо өнөр жай жана технология тармактарынын жеткирүү чынжырларына түздөн-түз таасир этет (мисалы, күкүрт кислотасы жана анын жарым өткөргүчтөрдү өндүрүүдөгү колдонулушу технологиянын негизги өзөгү болуп саналат). Ошондой эле башка товарлар да ушул кысык аркылуу өтөт.

«Рейтерс» агенттиги аны дүйнөлүк энергия коопсуздугунун чыныгы «салмак» борбору деп мүнөздөйт. Андагы кандай гана бузулуу болбосун, дароо рынокторго жана соодага сокку урат. «Кысык аркылуу дүйнөлүк мунайга болгон суроо-талаптын болжол менен бештен бири өтөт. Бул мунай Саудия, БАЭ, Ирак, Иран жана Кувейттен келет. Мындан тышкары дизел, керосин, бензин жана башка чийки заттар менен продукцияларды ташыган танкерлер да ушул жерден өтөт». («Рейтерс»).

Бул жагдай Ормуз кысыгын капиталисттик экономиканын “өпкөсүнө” жана капиталисттик өнөр жай менен технологиянын жашоо тамырына айлантат. Анткени энергия жана чийки зат жеткирүү чынжырлары аркылуу заводдор менен фабрикалар иштетилет, ошондой эле капиталисттик базарга багытталган айыл чарба үчүн зарыл болгон жер семирткичтер жана химиялык заттар да ушул кысык аркылуу өтөт. Мындан тышкары, ал капиталисттик соода үчүн да өтө маанилүү тамыр болуп саналат. Демек, Ормуз кысыгы жөн гана деңиз өтмөгү эмес, ал стратегиялык курал болуп эсептелет. Ал дээрлик ядролук чыңалууну басаңдатып кармап туруу куралына барабар же андан да күчтүү, анткени капиталисттик экономиканын эң назик жерине сокку урат. Анын таасири капиталисттик системанын өзөгү болгон экономикасына, ошондой эле мамлекетке, коомго жана Батыш менен Кытайдагы турмушка чейин жетет.

Ормуз кысыгы аркылуу күн сайын болжол менен 20 миллион баррель мунай өтөт. Анын жарым-жартылай жабылышы жүк ташуу жана камсыздандыруу чыгымдарынын өсүшүнө, мунай бааларынын кымбатташына алып келип, дүйнөлүк экономикалык кесепеттерге байланыштуу кооптонууларды күчөттү. Бул болсо АКШнын ири мунай компаниялары болгон “ExxonMobil”, “Chevron” жана “ConocoPhillips” компанияларынын жетекчилерин Трамп администрациясына Ормуз кысыгынын жабылышы созулган сайын энергетикалык кризис тереңдей турганы тууралуу эскертүү берүүгө мажбур кылды. («The Wall Street Journal»).

Ошондой эле гезит маалымдагандай, бул үч компаниянын жетекчилери Ак үйдө өткөн жыйынга катышып, кысыктын жабылышынын кесепеттерин талкуулоо үчүн энергетика министри жана ички иштер министри менен бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Андан тышкары, Энергетика жана ички иштер министрлери Ормуз кысыгы жабылышынын кесепеттерин изилдөө үчүн бир нече сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Демек, Ормуз кысыгы башында Трамп турган Америка үчүн эң чоң түйүн жана туңгуюк абал болуп калды. Бул анын текебердиги менен ашыкча өзүнө ишенгендигин талкалады. Бул нерсени Перс булуңундагы аскердик базаларынын жана объектилеринин соккуга учурашы эмес, дал ушул кысыктын жабылышы көрсөттү. Анткени кысыктын жабылышы Трампты бул оор маселени чечүү үчүн Кытайга, Европа өлкөлөрүнө жана НАТО мамлекеттерине басым кылууга мажбур кылды.

2026-жылдын март айынын ортосунда Трамп НАТОдогу жана Европадагы союздаштарынан Ормуз кысыгын ачуу жана кеме жүрүшүн камсыз кылуу үчүн аскердик альянска катышууну талап кылды. Ал өзгөчө Кытайды, Францияны, Японияны, Түштүк Кореяны жана Британияны атап өттү. Трамп: “Жакынкы Чыгыштын мунайына көз каранды болгон жети мамлекеттен Ормуз кысыгындагы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн альянска кошулууну талап кылдым, анткени дүйнөлүк мунай соодасынын болжол менен бештен бири ушул жерден өтөт”, деп билдирди.

Бирок баары бул чакырыкка сактык менен мамиле кылышты, бул болсо чындыгында жашыруун баш тартуу эле. А түгүл «Washington Post» гезитинин редакциясы АКШ администрациясын Иран менен болуп жаткан кагылышууда стратегиясын кайра карап чыгууга чакырып, туңгуюктан чыгуунун жалгыз жолу катары “жеңиш жарыялап, чыгып кетүү” вариантын сунуштады.

Кала берсе, кургактык аркылуу чабуул жасоо варианты көптөгөн америкалык саясатчылар жана аскерий жетекчилер тарабынан Вьетнам менен Афганистан сыяктуу коркунучтуу түш катары, мамлекетти кыйраткан уулуу саз катары кабыл алынууда.

Демек, Батышты кыйратуунун негизи анын армиясын жана курал-жарагын талкалоодо эмес, тескерисинче анын капиталисттик экономикасын талкалоодо жатат. Анткени капиталисттик экономика – бул капиталисттик мабданын жүрөгү, ошондой эле Батыштын саясий системасын жана стратегиялык көз карашын кыймылга келтирген негизги күч. Батыштын жүрөгү да, өпкөсү да – анын капиталисттик экономикасы.

Капитализмдин өзөгү – бул континенттер аралык соода. Ал капиталисттик пайда менен байлыктын негизги булагы болуп саналат. Энергия болсо өндүрүштү кыймылга келтирген негизги “отун”. Аны кыйратуу өндүрүштү токтотуу жана жеткирүү чынжырларын үзүү, айрыкча энергия жеткирүүнү токтотуу менен ишке ашат. Анткени энергия капиталисттик экономикалык ишмердүүлүктүн өзөгү болуп эсептелет.

Бул болсо өндүрүш чыгымдарынын өсүшүнө алып келет жана автоматтык түрдө узак мөөнөттүү инфляция толкунун жаратып, жашоо жана керектөө чыгымдарын кымбаттатат, сатып алуу жөндөмүн начарлатат. Мунун натыйжасында капиталисттик системага каршы нааразычылык, чыңалуу жана каршылык күчөйт.

Демек, деңиз кысыктары Батышты тизгиндөө жана анын колонизаторлук жырткычтыгына каршы туруу үчүн стратегиялык чыңалууну басаңдатып кармап туруучу курал болуп саналат. Бул курал мабдаий көз карашка жана көз карандысыз саясий чечимге ээ болгон мамлекеттин колунда болгондо, ал жөн гана соодалашуу же сүйлөшүү куралы болуудан ашып, түздөн-түз чабуулду алдын ала турган чыныгы басаңдатып кармап туруучу куралга айланат.

Мына ушул жерде деңиз кысыктарынын стратегиялык мааниси жатат. Анткени алар өтө маанилүү өтмөктөр, “өлтүрүүчү кулпулар жана жогорку кыйратуучу күчкө ээ стратегиялык куралдар болуп саналат. Деңиз кысыктары континенттер аралык капиталисттик сооданын (мунай, газ, металлдар, курал-жарак, чийки заттар, товарлар ж.б.) кан тамырлары. Тагыраагы, алар капиталисттик экономиканын жана анын мамлекеттери менен коомдорунун жашоо тамырлары болуп эсептелет.

Демек, аларды көзөмөлдөө жана башкаруу Батыштын капиталисттик экономикасын түздөн-түз күчтүү көзөмөлдөө дегенди билдирет. Эгер мабдаий көз карашка жана эгемен саясий чечимге ээ мамлекет болсо, анда бул кысык Батышка олуттуу басым жана таасир кылуу куралына айланат. Анткени кысык ошол мамлекеттин эгемендигинин жана стратегиялык тиричилик аймагынын бир бөлүгү болуп саналат.

Өкүнүчтүүсү, Ормуз кысыгы Исламий географиянын бир бөлүгү болуп саналса да, анын стратегиялык мааниси Исламга жана Үммөттүн иштерине кызмат кылган стратегиялык курал катары колдонулбай жатышында. Бирок ал тар улуттук кызыкчылыктар үчүн согуш учурунда басым, манёвр жана соодалашуу куралы катары гана колдонулуп келет.

Бул парадокс андан да катуу өкүндүрөт, анткени дүйнөдөгү эң маанилүү кысыктар жана “кулпулар” Ислам өлкөлөрүнө таандык. Алар биздин географиялык мейкиндиктин жана геостратегиялык аймагыбыздын бир бөлүгү болуп саналат. Төмөндө (эгер мабдаий саясий күч пайда болсо) биздин айрым маанилүү кысыктарыбыз жана стратегиялык куралдарыбыз, ошондой эле геостратегиялык салмагыбыздын өсүшүнүн мисалдары келтирилет:

Малакка кысыгы.

Малайзия менен Индонезиядагы Суматра аралынын ортосунда жайгашкан Малакка кысыгы Индия океаны менен Тынч океанын байланыштырган эң кыска суу жолу болуп эсептелет. Бул аны дүйнөлүк соодадагы негизги өзөккө айлантат. Анткени бул кысык аркылуу жыл сайын болжол менен 82 миң кеме өтөт жана дүйнөлүк сооданын 40%дан көбү ушул жерден өтөт.

Анын ичинде Кытайдын чийки мунай импортунун 80%ы, ошондой эле Япония, Түштүк Корея жана Тайвань үчүн энергия жеткирүүлөрүнүн чоң бөлүгү ушул кысык аркылуу өтөт. Ошондуктан ал Азия өлкөлөрүнүн, айрыкча Кытай, Япония жана Түштүк Корея сыяктуу ири экономикалардын энергиялык жашоо тамыры болуп саналат.

Бул кысык Кытай үчүн геостратегиялык чоң маселе болуп эсептелет. Анткени ал Кытай экономикасынын деңиз аркылуу ташуу түйүнү болуп саналат. Демек, аны көзөмөлдөө жана башкаруу Азиядагы ири мамлекеттерге, айрыкча Кытайга түздөн-түз таасир этүүнү билдирет.

Босфор жана Дарданелл кысыктары.

Босфор жана Дарданелл кысыктары Кара деңиздин “өпкөсү” жана Евразиянын ачкычы болуп саналат. Алар Стамбул шаарынын ортосунда жайгашкан деңиз өтмөктөрү болуп, Кара деңизди Мармара деңизи менен, андан ары Дарданелл аркылуу Эгей деңизи жана Жер Ортолук деңизи менен байланыштырат.

Алардын стратегиялык мааниси Азия менен Европаны байланыштырган жалгыз деңиз жолу болуп саналганында жана жабык деңиздерди ачык деңиздер менен туташтырганында көрүнөт. Ошондой эле бул Кара деңиз аймагындагы өлкөлөр үчүн жалгыз чыгуу жолу болуп эсептелет. Бул кысыктар Россия, Украина, Грузия, Румыния жана Болгария сыяктуу өлкөлөр үчүн “дем алуу өпкөсү” болуп, аларга чоң сууларга – Жер Ортолук деңизине жана дүйнөлүк океандарга чыгууга мүмкүндүк берет.

Бул кысыктар аркылуу жыл сайын 40 миңден ашуун кеме өтөт жана дүйнөлүк мунай жеткирүүлөрүнүн болжол менен 3%ы, айрыкча Россия жана Казакстандын мунайы ушул жерден өтөт. Ошондой эле бул Украина менен Россиянын дүйнөнү азыктандырып турган дан экспортунун негизги жолу болуп саналат.

Кыскасы, бул кысыктар эгемен саясий чечимге ээ болгон тараптын колунда Россияга, Кара деңиз аймагындагы мамлекеттерге жана Евразиянын маанилүү бөлүгүнө таасир эте турган өтө күчтүү стратегиялык курал болуп саналат.

Баб ал-Мандеб кысыгы.

Баб ал-Мандеб кысыгы Араб жарым аралы менен Африка мүйүзүнүн ортосунда, Жибути жана Эритреянын жанында жайгашкан. Ал Кызыл деңизди Аден булуңу аркылуу Индия океаны менен байланыштырган тар деңиз өтмөгү болуп саналат. Ошондой эле ал Мисирдеги Суэц каналынын түштүк дарбазасынын ачкычы болуп эсептелет. Бул кысык Суэц каналына түз чыгуу үчүн жалгыз деңиз жолу жана Европа менен Азияны байланыштырган негизги өтмөк болуп саналат.

Ал дүйнөлүк капиталисттик сооданын маанилүү кан тамыры болуп эсептелип, жыл сайын дүйнөлүк сооданын болжол менен 10%дан 12%га чейинки бөлүгү ушул жерден өтөт. Демек, аны көзөмөлдөө жана башкаруу дүйнөлүк соода кыймылына жана ага байланышкан саясаттарга түздөн-түз таасир этүүнү билдирет.

Баб ал-Мандеб кысыгында болгон ар кандай окуя дүйнөлүк базарларга түз таасир этет. Анткени ал негизги тармактардагы жеткирүү чынжырларынын үзгүлтүккө учурашына жана логистикалык чыгымдардын өсүшүнө алып келет. Бул көрүнүш Газага каршы согуш учурунда ачык байкалды. Анда Кызыл деңиз жана Баб ал-Мандеб кысыгы согуштук аракеттерге тартылып, Суэц каналынын түштүк дарбазасы жабылып калган.

Бул болсо ири капиталисттик деңиз жүк ташуучу компанияларды маршруттарын өзгөртүүгө мажбур кылып, Түштүк Африкадагы Жакшы Үмүт мүйүзү (Кейп оф Гуд Хоуп) аркылуу айланып өтүүгө алып келди. Бул жол кыйла узун болгондуктан, жүк ташуу жана камсыздандыруу чыгымдары кескин көбөйдү. Натыйжада өндүрүш чыгымдары жана товарлардын баалары жогорулап, инфляция күчөдү.

Гибралтар кысыгы.

Гибралтар кысыгы Европанын терезеси, Ислам батышы менен Африканын дарбазасы болуп саналат. Ал Жер Ортолук деңизди Атлантика океаны менен байланыштырган деңиз каналы сыяктуу болуп, (басылып алынган) Андалусиянын эң түштүк чегин Марокконун эң түндүк-батышы менен туташтырат. Анын мааниси өтө жогору.

Гибралтар порту башкармалыгынын маалыматына ылайык, кысык аркылуу жыл сайын болжол менен 60 миң кеме өтөт. Алар мунай, жаратылыш газы, азык-түлүк жана өндүрүлгөн товарлар сыяктуу негизги жүктөрдү ташыйт. Мындан тышкары, Гибралтар Жер Ортолук деңизиндеги эң ири жана эң жыш колдонулган күйүүчү май куюу портторунун бири болуп эсептелет.

Анын стратегиялык жана геостратегиялык мааниси ушунчалык чоң болгондуктан, Британия эң маанилүү деңиз базаларынын бири болгон «Гибралтардагы британ деңиз базасын» дал ушул жерде курган. Бул база аймактагы деңиз кыймылдарын көзөмөлдөө жана кургактык менен абадагы кыймылдарды байкоо үчүн эң маанилүү жай болуп саналат. Бул жерде британ армиясы жана аба күчтөрү жайгашып, оңдоо, камсыздоо жана логистикалык колдоо көрсөтүү деген шылтоо менен иш алып барат.

Булардын баары Гибралтар кысыгынын канчалык маанилүү стратегиялык, геостратегиялык мааниге ээ экенин көрсөтөт. Маселе аны өзүнүн Исламий географиясына кайтарып, толук көзөмөлгө ала турган мабдаий саясий күчкө байланыштуу. Ошондо ал британ таасирин жоготуп, башка ар кандай колдордун жетишине тоскоол болот. Натыйжада Жер Ортолук деңизи кайрадан Ислам мамлекетинин жана мусулмандардын Халифалык флоту үстөмдүк кылган деңизге айланмак.

Булар биздин жоголгон стратегиялык кысыктарыбыздын айрымдары жана алардын жоголгон геостратегиялык мааниси. Чынында алар дүйнөнүн ачкычтары жана кулпулары болуп саналат. Мындан тышкары, алар Ислам диярынын жана анын стратегиялык мааниге ээ тиричилик географиясынын бир бөлүгү болуп эсептелет.

Бул маанилүүлүк жана стратегиялык таасир азыр Иранга каршы согушта ачык көрүндү. Ормуз кысыгын жабуу тууралуу жөн гана ишара кылынары менен эле деңиз жүк ташуусун камсыздандырган компаниялар согуш коркунучунан улам кысыктан өткөн кемелер менен танкерлерди камсыздандырууну токтотуу боюнча бир добуштан чечим кабыл алышты. «Рейтерс» агенттиги билдиргендей, “Gard”, “Skuld”, “NorthStandard”, “London P&I Club” жана “The American Club” сыяктуу ири камсыздандыруу компаниялары өз сайттарында 1-марттагы билдирүүлөрүндө камсыздандыруу 5-марттан тарта токтотуларын жарыялашкан.

Ошондой эле “Maersk” жана “Hapag-Lloyd” сыяктуу ири контейнер ташыган компаниялар Ормуз кысыгы аркылуу жүк ташууну токтотушкан. Бул мунай танкерлеринин кыймылын дээрлик шал кылып, энергия жана чийки зат жеткирүүлөрүн үзгүлтүккө учуратты жана кысык аркылуу соода кыймылын токтотту.

Эл аралык валюта фонду да Иран менен болгон согуш жана энергия жеткирүүлөрдөгү бузулуулар дүйнөлүк деңгээлде инфляциянын жогорулашына жана экономикалык өсүштүн басаңдашына алып келиши мүмкүн экенин эскертти. Бул мунай жана газ баалары узак убакыт жогору бойдон калса ишке ашат. (Рейтерс).

Мындан тышкары, “Goldman Sachs” банкы мунай бааларынын өсүшү уланарын божомолдоп, жеткирүүлөрдөгү үзгүлтүктөр жана кысыктын жабылышы улана берсе, Brent мунайынын баасы 2008-жылы катталган эң жогорку деңгээлден (болжол менен 147 доллар/баррель) да ашып кетиши мүмкүн экенин билдирди.

Мунун натыйжасында газ жана электр энергиясынын баалары да өсүп, компаниялар менен мамлекеттер үчүн энергия чыгымдары көбөйөт. Бул компаниялардын өндүрүшүнө басым жасап, айрыкча капиталисттик мамлекеттердин бюджеттик чечимдерин дагы да татаалдаштырат.

Ушул себептен улам, Россия–Украина согушу жана орус мунайы менен газына киргизилген санкциялардан улам курч энергетикалык кризиске туш болгон Европа, бул согуштан кийинки абалы дагы да курчуп кеткендиктен, соккуну күтүп, чоң апаатты сезе баштады. Бул Европанын газ сактоо саясатын кайра карап чыгышынан жана жеткирүүлөр үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деген чыныгы кооптонуусунан көрүнөт. Ушундайча дүйнөлүк жаңы энергетикалык кризистин карааны кайрадан пайда болду. Бул Европа өкмөттөрүнө күчтүү басым жасап, аларды өз капиталисттик системасынын, базарларынын жана банктарынын эсептерине ылайык, тынчтандырууну талап кылууга жана Трамптын согушуна жана анын альянсына кошулбоого түрттү. Анткени Ормуз кысыгынын жабылышынын капиталисттик баасы, айрыкча Европа үчүн өтө жогору. Батыш капиталисттик салтында айтылгандай: «капитал коркок».

Иранга каршы согуш буга чейин Афганистан жана Ирак согуштары АКШнын мурунку жетекчилери үчүн кандай туңгуюк болсо, Трамп үчүн дал ошондой аскердик туңгуюкка айланды. Бирок Трамптын Америкасынын Иран согушундагы алсыздыгы тез жана таң калычтуу түрдө ачыкка чыкты. Бул Батыштын канчалык алсыраганын жана ал ичинен чирип, цивилизациялык кулоого жакындап бара жатканын көрсөтөт.

Ормуз кысыгы жана анын жарым-жартылай жабылышынын кесепеттери Америкага жана жалпы Батышка катуу сокку болду. Айрыкча Европа толугу менен Перс булуңунун мунайына көз каранды болуп калгандыктан, Россия–Украина согушунан кийин орустардын энергия жеткирүүлөрү токтогон шартта, азыр чоң экономикалык сенектик коркунучуна бетме-бет келүүдө.

Согуш – Ислам мамлекети жоктугунан мусулмандардын колунан улам чыгып кетип жаткан күч каражаттарын ачыкка чыгарды. Бул каражаттардын айрымдары Батыштын өзөгү болгон капиталисттик экономикага олуттуу кыйратуучу таасир бере ала турганы көрүнүп калды. Бул таасир, негизинен, энергия булактары аркылуу ишке ашат. Анткени алар мусулмандардын байлыгы болуп эсептелет жана Батыштын өнөр жай өндүрүшүнүн, базарга багытталган айыл чарбасынын, технологиясынын, жүк ташуусунун жана жалпы капиталисттик соода кыймылынын негизги өзөгү болуп саналат. Мындан тышкары, мусулмандардын деңиздер менен океандардын “ачкычтарына” жана “кулпуларына” ээ болушу энергиянын, чийки заттардын, металлдардын жана товарлардын жеткирүү чынжырлары үчүн өтө маанилүү болгон жашоо тамырларын көзөмөлдөө дегенди билдирет.

Башында Трамп турган Американын Иранга каршы согушу Батыш менен болгон маселе аскердик эмес, ал толук бойдон саясий маселе” деген бир чындыкты тастыктады. Батыш биздин мамлекетибиз жоктугунан пайдаланып, өзүнүн аскердик туюгунан саясий жол менен чыгууга аракет кылууда. Бул азыр Иран жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү баштоо аркылуу ишке ашып жатат.

Демек, биздин тагдырий маселебиз – мабдаий саясий чечимге ээ болгон мамлекетти тикелөөдө. Дал ошол мамлекет мусулмандардын колундагы күч каражаттарын ишке салып, Батышты кармап турууга жана анын кыймылын шал кылууга жөндөмдүү болот. Айта кетүү керек, Батыш бүгүн чыныгы кулоо абалында турат. Эгер ага каршы чыныгы күрөш жүргүзүлүп, бардык чыгуу жолдору жабылып, толук муунтулса, анда бул аны алсыратууга, түгөтүүгө, ал тургай жок кылууга алып келмек. Бардык нерсе чыныгы ишке жөндөмдүү жетекчиге т.а. мусулмандардын Халифасына жана эгемен, мабдаий саясий чечимге ээ башчыга байланыштуу.

Демек, Американын Иранга каршы согушу мусулмандардын колунда болгон, бирок жоготулган стратегиялык жана геостратегиялык күч каражаттарынын чыныгы жүзүн ачып берди. Бул каражаттарды алардын душманы болгон кафир Батыш пайдаланып, аларга каршы колдонуп жатат. Мунун себеби мусулмандардын мамлекетсиз абалы.

Үммөт жана Исламий география башынан кечирип жаткан мамлекеттин жоктугу геостратегиялык жана стратегиялык боштук болуп саналат. Дал ушул себептен Үммөттүн тирүү күч-кубаты, негизги күчтөрү жана стратегиялык мүмкүнчүлүктөрү колдонулбай жатат. Ал тургай, мамлекеттин жоктугу себептүү, бул күч куралдар Исламий негизге кайтарылуунун ордуна бизге каршы колдонулган каргышка жана жамандыкка айланды.

Биздин энергиябыз, кысыктарыбыз жана стратегиялык куралдарыбыз Ислам мамлекети кулатылган доордо жоготулган негизги байлыктарыбыз. Эгерде бул колонизаторлук түзүмдү кулатып, бул геостратегиялык жана геосаясий боштукту толтурбасак, алар бизге кайра кайтып келбейт. Бул болсо колонизаторлук түзүмдүн ордуна жана анын урандылары үстүнө Ислам мамлекетин тикелөө менен гана ишке ашат.

{وَاللَّهُ غَالِبٌ عَلَى أَمْرِهِ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ}

«Аллах Өз ишинде үстөмдүк кылуучу, бирок адамдардын көпчүлүгү билишпейт». (Юсуф: 21).

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button