Басма сөз

Газа жана аны сүйгөндөр жардамчысыз жана колдоочусуз ташталды!

Басма сөз баянаты

Газа жана аны сүйгөндөр жардамчысыз жана колдоочусуз ташталды!

Газада уланып жаткан блокаданы бузуу жана гуманитардык жардам жеткирүү максатында Италиядан жолго чыккан флотилия 30-апрель, бейшемби күнү түн ичинде Крит аралынын жанында баскынчы яхудий түзүмүнүн күчтөрү тарабынан кол салууга дуушар болду. Алар 170тен ашуун жай тургунду, анын ичинде 20 түрк эркек кишини туткунга алып, кармап кетишти. Ошондой эле кемелердин байланыш тармактарын үзүп, кыймылдаткычтарына зыян келтиришти.

Кол салуудан кийин Түркия Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө билдирүү таратып, бул кол салууну эл аралык мыйзамдарды бузган каракчылык амалы деп сыпаттады жана башка мамлекеттерди орток позиция кармоого чакырды. Ошондой эле Түркия парламенти бардык партиялардын бир добуштан колдоосу менен токтом чыгарып, бул кол салууну согуш кылмышы деп баалады жана баскынчы күчтөрдүн кылмыштары үчүн аларды эл аралык соттор алдында жоопко тартуу боюнча чечкиндүү жана лидерлик позицияны кармоо зарылдыгын баса белгиледи.

Адаттагыдай эле, мусулман өкүмдарлары куру сөздөр менен алек болуп жаткан учурда, Америка президенти Трамп жетектеген “Газа тынчтык кеңеши” бул флотилияны шылдыңдап, аны “сүйүү кайыгынын көрсөтмө акциясы” деп атады. Ошондой эле Америка бул кеңешке мүчө мамлекеттерди флотилия үчүн портторун жабууга жана ага күйүүчү май куюуга уруксат бербөөгө чакырды.

Яхудий күчтөрү тарабынан жасалган бул кол салуу биринчи жолу эмес жана акыркысы да болбойт. Анткени мындан бир нече жыл мурун “Мави Мармара” кемесине жасалган кол салуудан кийин да, 2025-жылдын аягындагы “Туруктуулук флотилиясына” жасалган кол салуудан кийин да Түркия эч кандай токтотуучу кадам жасаган эмес. Ошондуктан биз Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүн да, парламенттин мазмунсуз токтомун да айыптайбыз. Анткени парламенттик токтом өкмөткө аскерий иш-аракет жүргүзүүгө уруксат жана ыйгарым укук берүүчү документ. Бирок анда кагаз жүзүндө да буга ишарат болгон эмес. Ошондой эле баскынчы күчтөрдү жоопко тартуунун ордуна маселени эл аралык сотторго өткөрүү жана башка мекемелер менен парламенттердин кийлигишүүсүнө чакыруу — бул алсыздык менен олутсуздуктун ачык далили. Айрыкча Газада тынчтык алып келүүнү айтып чыккан жана ага Түркия да катышкан “Тынчтык кеңеши” бул мыйзамсыз кол салууга макул болгон. Ал тургай Америка мындан да ашып түшүп, мүчө мамлекеттерден флотилия үчүн портторун ачпоону жана ага күйүүчү май бербөөнү талап кылды.

Болуп өткөн бардык нерсе Америкага малай болгон бул режимдер акыркы эки жарым жыл бою Газаны колдоосуз таштап келгенин, ошондой эле аны сүйгөндөрдү да жалгыз калтырганын көрсөттү. Алар Газаны коргой алган жок, ал тургай эл аралык сууларда жана “Көк мекенде” өз жарандарынын өзүн да коргой алышкан жок. Ошондуктан кечээ кандай болсо, бүгүн да Газа жана аны сүйгөндөр жардамсыз ташталууда. Газаны, ошондой эле анын кайгысын көтөргөн ыкластуу мусулмандарды Аллах Субханаху ва Тааладан башка колдоочу жок. Чынчыл мусулмандардын аракеттери Аллахтын алдында өз сообун табат, ошондой эле Газадагы элге да өз таасирин тийгизет. Ал эми баскынчы яхудий түзүмүн жана зулуму бардык жерге жайылган каапыр Американы рошид Халифалык мамлекети жана анын аскерлеринен башка эч нерсе токтото албайт.

Хизб -ут Тахрирдин Түркия вилаятындагы маалымат бөлүмү

02.05.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button