Күмөн саналган адамдар

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Күмөн саналган адамдар
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Тирмизи өзүнүн “Сунанында” мындай деп риваят кылган:
حَدَّثَنَا عَبْدُ بْنُ حُمَيْدٍ حَدَّثَنَا عُبَيْدُ اللَّهِ بْنُ مُوسَى عَنْ إِسْرَائِيلَ عَنْ السُّدِّيِّ عَنْ أَبِي سَعْدٍ الْأَزْدِيِّ، حَدَّثَنَا زَيْدُ بْنُ أَرْقَمَ قَالَ: “غَزَوْنَا مَعَ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَكَانَ مَعَنَا أُنَاسٌ مِنْ الْأَعْرَابِ فَكُنَّا نَبْتَدِرُ الْمَاءَ وَكَانَ الْأَعْرَابُ يَسْبِقُونَّا إِلَيْهِ، فَسَبَقَ أَعْرَابِيٌّ أَصْحَابَهُ فَيَسْبَقُ الْأَعْرَابِيُّ فَيَمْلَأُ الْحَوْضَ وَيَجْعَلُ حَوْلَهُ حِجَارَةً وَيَجْعَلُ النِّطْعَ عَلَيْهِ حَتَّى يَجِيءَ أَصْحَابُهُ، قَالَ: فَأَتَى رَجُلٌ مِنْ الْأَنْصَارِ أَعْرَابِيّاً فَأَرْخَى زِمَامَ نَاقَتِهِ لِتَشْرَبَ فَأَبَى أَنْ يَدَعَهُ فَانْتَزَعَ قِبَاضَ الْمَاءِ، فَرَفَعَ الْأَعْرَابِيُّ خَشَبَتَهُ فَضَرَبَ بِهَا رَأْسَ الْأَنْصَارِيِّ فَشَجَّهُ، فَأَتَى عَبْدَ اللَّهِ بْنَ أُبَيٍّ رَأْسَ الْمُنَافِقِينَ فَأَخْبَرَهُ وَكَانَ مِنْ أَصْحَابِهِ فَغَضِبَ عَبْدُ اللَّهِ بْنُ أُبَيٍّ ثُمَّ قَالَ: لَا تُنْفِقُوا عَلَى مَنْ عِنْدَ رَسُولِ اللَّهِ حَتَّى يَنْفَضُّوا مِنْ حَوْلِهِ – يَعْنِي الْأَعْرَابَ – وَكَانُوا يَحْضُرُونَ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عِنْدَ الطَّعَامِ، فَقَالَ عَبْدُ اللَّهِ: إِذَا انْفَضُّوا مِنْ عِنْدِ مُحَمَّدٍ فَأْتُوا مُحَمَّداً بِالطَّعَامِ فَلْيَأْكُلْ هُوَ وَمَنْ عِنْدَهُ، ثُمَّ قَالَ لِأَصْحَابِهِ: “لَئِنْ رَجَعْنَا إِلَى الْمَدِينَةِ لَيُخْرِجَنَّ الْأَعَزُّ مِنْهَا الْأَذَلَّ” قَالَ زَيْدٌ وَأَنَا رِدْفُ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَسَمِعْتُ عَبْدَ اللَّهِ بْنَ أُبَيٍّ فَأَخْبَرْتُ عَمِّي فَانْطَلَقَ فَأَخْبَرَ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَأَرْسَلَ إِلَيْهِ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَحَلَفَ وَجَحَدَ، قَالَ: فَصَدَّقَهُ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَكَذَّبَنِي، قَالَ: فَجَاءَ عَمِّي إِلَيَّ فَقَالَ مَا أَرَدْتَ إِلَّا أَنْ مَقَتَكَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَكَذَّبَكَ وَالْمُسْلِمُونَ، قَالَ: فَوَقَعَ عَلَيَّ مِنْ الْهَمِّ مَا لَمْ يَقَعْ عَلَى أَحَدٍ، قَالَ: فَبَيْنَمَا أَنَا أَسِيرُ مَعَ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فِي سَفَرٍ قَدْ خَفَقْتُ بِرَأْسِي مِنْ الْهَمِّ إِذْ أَتَانِي رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَعَرَكَ أُذُنِي وَضَحِكَ فِي وَجْهِي، فَمَا كَانَ يَسُرُّنِي أَنَّ لِي بِهَا الْخُلْدَ فِي الدُّنْيَا، ثُمَّ إِنَّ أَبَا بَكْرٍ لَحِقَنِي فَقَالَ: مَا قَالَ لَكَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ؟ قُلْتُ: مَا قَالَ لِي شَيْئاً إِلَّا أَنَّهُ عَرَكَ أُذُنِي وَضَحِكَ فِي وَجْهِي، فَقَالَ: أَبْشِرْ، ثُمَّ لَحِقَنِي عُمَرُ فَقُلْتُ لَهُ مِثْلَ قَوْلِي لِأَبِي بَكْرٍ، فَلَمَّا أَصْبَحْنَا قَرَأَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ سُورَةَ الْمُنَافِقِينَ”.
Абд ибн Хумайд Зайд ибн Аркамдан риваят кылышынча, ал мындай деген: “Биз Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) менен бирге жортуулга чыктык, биз менен бирге бир нече бедуиндер бар болчу. Биз сууга шашылганыбызда, бедуиндер бизден мурун ал жакка жетип калды. Ошентип, бир бедуин жолдоштору келгенге чейин жолдошторунан алдыга озуп, чылапчынды толтуруп, айланасына таштарды коюп, үстүнө булгаары төшөк төшөп койду. Ал мындай деди: Ансарлардан бир киши ал бедуинге келип, төөсүн суу ичсин деп тизгинин бошотту, бирок бедуин аны коё бербей, суу туткасын сууруп алды. Ошондо бедуин жыгач таягын көтөрүп, ансардын башына уруп, анын башын жарды. Анан эки жүздүүлөрдүн башчысы Абдулла ибн Убайга келип, ага кабарлады, ал анын шериктеринин бири эле. Абдулла ибн Убай ачууланып, анан мындай деди: Аллахтын Элчиси менен бирге болгондорго, башкача айтканда- бедуиндерге – Пайгамбардын жанынан тарап кеткенге чейин, аларга садака ихсан бербегиле, анткени алар Аллахтын Элчисине (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) тамак учурунда келишчү. Абдулла: Алар Мухаммадын алдынан кеткенде, Мухаммадга тамак алып келгиле, ал жана аны менен бирге жүргөндөр жесин, – деди. Анан ал жан жолдошторуна “Эгерде биз Мединага кайтып барсак, анда кадырлуулар андан жамандарды кууп чыгышат”, – деди. Зайд мындай деди: «Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) артында бара жаткам, Абдулла бин Убайдын сөзүн уктум, ошондуктан таякеме кабарладым, ал барып, Аллахтын Элчисине (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кабарлады. Анан Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) аны чакыртып алды, ал ант берип, четке какты. Ошентип, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ага ишенип, мени четке какты. Ал мындай деди: Анан таякем мага келип: Сен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) сени жек көрүшүн жана мусулмандардын сага ишенбешин гана кааладың,-деди. Ал мындай деди: Анан мен башка эч ким башынан өткөрбөгөн тынчсызданууга кабылдым. Мен Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) менен бирге сапарымды улантып бара жаттым, кыжаалаттыктан улам башым көтөрүлбөй калды, анан Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жаныма келип, кулагымды ушалап, жүзүмө жылмайып койду. Мен бул дүйнөдө түбөлүктүү калсам да мынчалык кубанмак эмесмин. Анан Абу Бакр мени кууп жетип: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сага эмне деди? – деп сурады. Мен: Ал мага эч нерсе айткан жок, кулагымды ушалап, күлдү, – дедим. Ал: буга кубан! деди. Анан Умар мени кууп жетти, мен ага да Абу Бакрга айткан сөзүмдү айттым. Эртең менен Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) “Мунафыктар” сүрөсүн окуду.
Абу Иса мындай деди: Бул хасан жана сахих хадис. Нававинин Сахих Муслимге берген түшүндүрмөсүндө мындай деп айтылат: Зайд ибн Аркамдын “бул хадисте кимде-ким имамга же ага окшогон акимдердин арасынан бирөөсүнө байланыштуу бир нерсе угуп, анын мусулмандарга зыян келтиришинен корксо, анда ал андан коргонушу үчүн ага кабарлашы керек” деп айтылат.
Урматтуу бир туугандар:
Бул хадис шектүү бирөөнүн Исламга жана мусулмандарга коркунуч жана зыян келтирүү ыктымалы болсо, ар бир мусулманга бул тууралуу имамга кабарлоону милдеттендирет. Ошондой эле, мамлекетке зыян келтириле электе мындай шектенүүлөрдү иликтеп, шектүү адамдардын алдын алуусун милдеттендирет. Шектүү адамдар амалий согуштагы мамлекеттерге көп каттап, шек туудурган жана Исламга жана мусулмандарга мамлекет, жамаат жана жеке адамдар катары зыян келтириши мүмкүн деп кооптонулган адамдар. Абдулла ибн Убай күмөн жараткан адам болгон, ал Ислам мамлекетине каршы күрөшүп жаткан каапырларга көп каттагандыгы менен белгилүү болгон. Анын позициясы Бану Надир жөөттөрүнүн позициясындай болгон жана алар Исламга каршы душмандыгын ачык жарыялагандан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун), алар менен мусулмандардын ортосундагы келишимди бузуп, аларды көчүрүп жибергиси келген6. Ошондо Убай аларга болушккан жана ал Курайштар жана Мединанын айланасындагы жөөттөр менен шектүү мамиледе болгон. Ал момундарга караганда жөөттөрдү дос туткандыгы менен белгилүү болгон. Чынында эле, Аллах Таала аны ошол кырдаалда шермендесин чыгарган, анткени ал жөөттөрдү Пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) бийлигине баш ийбөөгө үндөгөн. Ал Пайгамбардан алардын үстүнөн өкүм чыгаруу укугу ага берилүүсүн талап кылып көшөргөн. Аллах Таала аны бүгүнкү сөзүбүздө айтылып жаткандай козголоң чыгарып, мусулмандардын, ансарлардын жана мухажирлердин ортосунда бөлүнүүнү козутуу үчүн план түзгөнүн ачыкка чыгарып, аны шерменде кылган. Ошондуктан ал мамлекет жана анын туруктуулугу үчүн коркунуч жараткандардын бири болгон, ошондой эле эл арасында козголоң чыгарган, алардын арасында пикир келишпестиктерди жараткан жана алардын коопсуздугуна жана бейпилдигине доо кетиргени үчүн кооптуу адамдардын бири болгон. Ошондой эле, ал Исламга каршы күрөшүп жаткан каапырларга көп барганы далилденген, ошондуктан Пайгамбар, (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) аны аңдып, анын кабарын жеткиргенди колдоду. Ал тургай, анын кабарын жеткирген адамдын жүзүнө жылмайып, анын кулагын сылады, бул анын кылган ишине канааттанганын билдирет, бул мамлекетке шектүү жана тыңчылык кылгандардын кабарларын жеткирип турууга уруксат бергенин көрсөтүп турат.
Кимдир бирөө мунун “ولا تجسسوا” “Тыңчылык кылбагыла” деген аятка карама-каршы келерин айтышы мүмкүн. Буга биз мындай дейбиз: эч кандай карама-каршылык жок… анткени аят мамлекеттин жарандарына, алар мусулманбы же мусулман эмеспи (зиммийби) айырмасы жок, тыңчылык кылууга тыюу салган. Аларга тыңчылык кылууга таптакыр тыюу салынат.
Ал эми шектүү адамдарга келсек, алардын мусулмандарга каршы иш жүзүндө согушуп жаткан каапырлар менен көп байланышы аларды шектүү кылат, анткени алар аскердик саясаттын жана мусулмандарга зыян келтирүүнүн алдын алуу максатында тыңчылыкка кабылышы мүмкүн болгон адамдар менен байланышта болушат. Ошондуктан бул боюнча айтылган шарьий далилдер, анын ичинде: Пайгамбар (ага Аллахтын саламы жана берекеси болсун) Курайштарды тыңчылыкка алып, алардын кабарын билүү максатында Абдулла бин Жахшты казатка жөнөттү. Анын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Бадр согушунда араб аксакал менен болгон сүйлөшүүсү жана андан Курайштын кабарлары жана өзү (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жөнүндө эмне билээри тууралуу сурашы далил.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) Али ибн Абу Талибди, Зубайр ибн аль-Аввамды жана Саад ибн Абу Ваккасты бир топ жан-жөкөрлөрү менен бирге Курайш жөнүндө маалымат чогултуу үчүн Бадр кудуктарына жөнөткөн.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) Курайштын кабарын билүү үчүн аларды тыңчылыкка жөнөткөн башка иштери да бар. Бул далилдер иш жүзүндө согушуп жаткан мамлекетке тыңчылык кылууга уруксат берүү менен гана чектелбейт. Бул далилдердин баары мусулмандар менен иш жүзүндө согушуп жаткан Курайштарга тыңчылык кылууну… бул далилдер ошондой эле каалаган убакта согушту алдын ала көрүү үчүн демейки шартта согушуп кетүү мүмкүн абалындагы мамлекеттерге тыңчылык кылууну да камтыйт.
Бирок, эки тараптын ар бирине тыңчылык кылуунун айырмасы, иш жүзүндө согушуп жаткан өлкөлөргө тыңчылык кылуу мамлекеттин негизги милдети, анткени согуш саясаты муну талап кылат. Ал эми согушуп кетүү мүмкүн абалындагы өлкөлөргө тыңчылык кылууга келсек, буга уруксат берилет жана милдеттүү эмес, эгерде алардан зыян келүү коркунучу болбосо, мисалы, алардын иш жүзүндө мусулмандарга каршы согушуп жаткан мамлекетке жардам бериши же аларга союздаш болуусу кутүлсө, бул учурда, аларга тыңчылык кылуу мамлекет үчүн милдет. Бул иш жүзүндө согушуп жаткан мамлекетке тыңчылык кылуу сыяктуу эле негизги милдет болуп калат. Ошондуктан, иш жүзүндө согушуп жаткан мамлекеттерге тыңчылык кылуу мусулмандар үчүн уруксат берилген жана жогоруда айтылган далилдерге таянып “важиб эмне менен ишке ашса ал дагы ваажиб” деген эреженин негизинде аны камсыз кылуу мамлекеттин милдети.
Ошондуктан, эгерде мамлекеттин жарандары, мусулман же мусулман эмес (зиммий) болсун, биздин өлкөдө же каапырлардын өлкөсүндө жашасын айырмасы жок иш жүзүндө согушуп жаткан каапырлардын өлкөлөрүнө байма-бай каттаса, анда бул адамдар шектүү деп эсептелет жана аларга тыңчылык кылууга уруксат берилет. Алардын жаңылыктары көзөмөлдөнүп турат, анткени аларга тыңчылык кылууга уруксат берилген жана эгер алар каапырлардын кызыкчылыгы үчүн тыңчылык кылып, мусулмандарга каршы согушта аларга пайда алып келе турган жаңылыктарды жеткиришсе, мамлекетке зыян келтириши мүмкүн деген кооптонуу бар.
Бирок бул адамдарга тыңчылык кылууга уруксат берилиши үчүн төмөнкү эки шарт табылышы керек:
1. Согуш департаменти жана Ички коопсуздук департаменти тарабынан иш жүзүндө согушуп жаткан каапыр мамлекетинин кызмат адамдарынын же алардын өкүлдөрүнүн үстүнөн жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжасында, бул адамдардын чет өлкөлөрдө же өлкөнүн ичинде, ошол каапыр мамлекеттин кызмат адамдарына тез-тез барып турушу адаттан тыш жана көңүл бурууга арзырлык экенин көрсөткөн учурда.
2. Жогоруда айтылган эки бөлүмдө көрүнгөн нерсе Мухтасиб казысына көрсөтүлүшү керек, ошондо казы бул Исламга жана мусулмандарга зыян келтирилиши мүмкүн деп карайт.
Ал эми шектүү адамдарга каршы тыңчылык кылгандар кимдер болот?
1. Ички коопсуздук башкармалыгы: Ал өлкө иш жүзүндө согушуп жаткан каапыр мамлекеттин расмий өкүлдөрүнө жана аларга окшогондорго тез-тез келип байланышып тургандыгы далилденген калк арасындагы адамдарга тыңчылык кылууга жооптуу.
2. Жихад башкармалыгы: Ал калктын арасынан айрым адамдарды тыңчылык кылууга жооптуу:
а) иш жүзүндө согушуп жаткан жаткан каапыр мамлекетинин кызмат адамдары менен тез-тез байланышып тургандарга.
б) Согушуп кетүү мүмкүн болгон каапыр мамлекеттинин расмий өкүлдөрүнө жана алардын өз өлкөлөрүндөгү б.а. (Ислам мамлекетинин сыртындагы) өкүлдөрүнө тез-тез барып тургандарга.
Ислам өлкөлөрүндөгү парламент мүчөлөрү, партиялар, жарандык коом уюмдары же ал тургай расмий мекемелер, коммерциялык мекемелер жана башкалар болобу, көптөгөн саясатчылардын чет өлкөлөрдөгү расмий мекемелер, айрыкча биздин өлкөлөрдөгү тышкы иштер министрликтери, парламенттер, элчиликтер жана консулдуктар менен байланышуудагы аракеттери аларды шектүү кылып, үммөткө зыян келтирүү ыктымалдыгын жаратат.
Ал эми бул мекемелердин каржылык колдоону кабыл алуусуна келсек, анын колдоо түрүнө карабастан, айрыкча кайрымдуулуктардан, гранттардан жана ушул сыяктуулардан каржылык колдоого карабастан, бул шек жарата турган иштин дал өзү. Бул мекемелер өз иштери аркылуу Аллахтын ырайымын издеген кайрымдуулук коомдору эмес, тескерисинче, алар Аллахты таанып-билүүнү четке кагып, Анын динине жана Анын дининдегилерге каршы күрөшүшөт жана алардагы коркунуч жана зыян айдан ачык, жөн гана шектүүлүк маселеси эмес.
Аллах бизди коргоп, өлкөнү жана анын элин күрөөгө коюп, ал тургай арзан дүйнөлүк пайда үчүн сатып жаткан коррупциялашкан жана кыйратуучу чөйрөлөрдөн сактасын… Алардын ордуна бизди-дубалдын ары жагын көрө алган, Аллахтан башка эч кимден коркпогон жана Анын ырайымы менен ыраазычылыгынан башка эч нерсе каалабаган, түз, адил жана оңдой турган чөйрөлөрдөн кылуусун тилейбиз.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 24–зулкаада.
2026-ж, 11–май.

