Прокси-согуш
Саясий сөздүк
Прокси-согуш
Прокси-согуш – бул ири мамлекеттер же саясий күчтөр бири-бири менен түз согушпастан, өз өнөктөштөрү, башка өлкөлөр же куралдуу топтор аркылуу күрөшкөн чыр-чатак.
Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул «башкалардын колу менен согушуу». Ал көбүнчө эки күчтүү өлкө бетме-бет кагылышууну каалабаган учурда жүз берет, анткени бул чоң согуштун башталуусуна, эбегейсиз жоготууларга жана эл аралык кесепеттерге алып келүү коркунучун жаратат. Ошондуктан алар бир чыр-чатактын эки башка тарабын колдошот: курал-жарак ташыйт, каражат бөлөт, аскерлерин машыктырат, чалгындоо маалыматтары жана технологиялар менен жардам берет. Жыйынтыгында согуш талаасында бирөөлөр өлөт, бирок алардын аркасында таптакыр башка күчтөр турган болот.
- Вьетнам согушу. Кансыз согуш маалында Түндүк Вьетнамды СССР менен Кытай, ал эми Түштүк Вьетнамды АКШ колдогон. Америкалык аскерлер согушка түздөн-түз катышканы менен, чыр-чатактын өзү социалисттик жана капиталисттик блоктордун глобалдык тирешинин бир бөлүгү болгон.
- 1980-жылдардагы Ооганстан. Советтик аскерлер Ооганстанга киргенден кийин, АКШ ооган мужахиддерин колдой баштаган: аларга курал-жарак, акча жана аскердик жардам берип турган. СССР үчүн бул аймактагы таасирин орнотуу согушу болсо, АКШ үчүн атаандашын бетме-бет кагылышуусуз эле алсыратуу мүмкүнчүлүгү эле.
- Сириядагы жарандык согуш. Сириядагы кагылышуу заманбап прокси-согуштун айкын мисалы боло алат: ар кыл өлкөлөр мамлекет ичиндеги ар кандай күчтөрдү колдошту. Орусия менен Иран Башар Асад өкмөтүнүн тарабында турса, АКШ, Түркия жана башка бир катар мамлекеттер ар түрдүү топтор аркылуу таасирин сактап калууга аракет кылышты.
- Йемендеги согуш. Йемен кризисин көп учурда Сауд Арабиясы менен Ирандын ортосундагы прокси-согуш деп аташат. Ал бирок, Америка Сауд коалициясы аркылуу өкмөттүк күчтөрдү колдосо, өлкөдөгү эски колонизатор Британия Эмираттар жана уруу башчылары аркылуу өз таасирин сактап калууга аракет кылууда. Иран болсо хуситтер кыймылы менен байланышта болуп келет.
Прокси-согуш – бул ири державалардын бөтөн чыр-чатактар аркылуу таасир талашуу ыкмасы. Мындай согуштар бетме-бет кагылышуудан качууга мүмкүндүк бергени менен, адатта, аскердик аракеттер жүрүп жаткан өлкөлөр үчүн, чыр-чатакты узакка созулган, өтө чырмалышкан жана кыйратуучу мүнөзгө ээ кылат.
