Кыргызстандагы курулуш тармагында көзөмөл жана кайра бөлүштүрүү системасы жаңыланууда

Кыргызстандагы курулуш тармагында көзөмөл жана кайра бөлүштүрүү системасы жаңыланууда
Үлүшчүлөрдү коргоо жана курулуш тармагында тартип орнотуу шылтоосу менен, курулуш бизнесиндеги күчөп жаткан кайра бөлүштүрүүнү юридикалык жактан бекемдөөгө багытталган реформа демилгеси көтөрүлүп жатат.
Буга байланыштуу депутат Дастанбек Жумабеков, «Көп батирлүү үйлөрдү жана башка кыймылсыз мүлк мекемелерин курууга үлүштүк катышуу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына көп батирлүү үйлөрдү жана башка кыймылсыз мүлк мекемелерин курууга үлүштүк катышуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлорун демилгелеп чыкты.
Сунушталып жаткан нормативдердин тизмесин карап чыксак, иш жүзүндө курулуш тармагын мамлекетке, эң оболу Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) тыгыз байланышкан түзүмдөрдүн пайдасына акырындык менен кайра бөлүштүрүү үчүн юридикалык негиз түптөлүп жатканын көрүүгө болот. Тынчсыздандырып жаткан нерсе бир эле норма эмес, курулушту, каражатты, уруксат кагаздарын жана көйгөйлүү объекттерди көзөмөлдөөнү мамлекеттин жана ага тиешелүү түзүмдөрдүн колуна топтогон механизмдердин жалпы жыйындысында.
Мыйзам долбоору «алданган үлүшчүлөр» менен күрөшүү катары көрсөтүлүүдө. Бирок сунушталган каражаттарга кылдат көз чаптырсак, дээрлик ар бир пункт жарандарды коргоону гана эмес, курулуштун бүтүндөй мерчемине, тагыраагы уруксат алуудан баштап көйгөйлүү объектти тартып алууга чейин мамлекеттин административдик таасирин күчөтүү көздөлүп жатканы байкалат. Мындай практика бир нече жылдан бери эле бар болчу, бирок анын юридикалык негизи жок эле.
Милдеттүү түрдө эскроу-эсептер киргизилүүдө. Бул расмий түрдө жарандарды коргоо үчүн деп түшүндүрүлүүдө. Бирок, чынында, бул куруучу өзүнүн акча агымдарын түз көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн жоготот дегенди билдирет. Үлүшчүлөрдүн акчасы банктардын жана мамлекеттик мониторинг түзүмүнүн көзөмөлүнө өтөт. Ар кандай кечигүү, талаш-тартыш, текшерүү же техникалык жыйынтык транштарды (акча которууларды) блоктоо үчүн негиз болуп калышы мүмкүн. Ал эми курулушта: аба ырайы, жеткирүүдөгү көйгөйлөр, валюта курсунун секириги, пандемия, атүгүл коммуникацияларды туташтыруудагы кыйынчылыктар, же ошол эле бюрократия сыяктуу кечигүүлөр – кадимки көрүнүш. Эми убактылуу кыйынчылыктар да басым жасоо механизми катары колдонулушу мүмкүн. Мында банк акчаны жөн гана сактабастан, аны бөлүп берүүгө, каражаттын бир бөлүгүн резервде кармап калууга, салыктарды автоматтык түрдө которууга жана иш жүзүндө мамлекет менен бирге долбоорду башкаруунун экинчи борборуна айланууга укук алат.
Андан ары каражат тартуунун уруксат берүү тартиби киргизилүүдө. Бул рыноктун бүтүндөй моделин принципиалдуу түрдө өзгөрүшүн билдирет. Ыйгарым укуктуу органдын макулдугусуз куруучу акча тарта албайт, объектти жарнамалай албайт, келишимдерди каттай албайт жана иш жүзүндө сатуу иштерин баштай албайт. Мамлекет рынокто ким иштей аларын чечүү укугуна ээ болот. Кыргызстандын шартында өзгөчө, уруксат кагаздарын алуу жана макулдашуулардан өтүү салттуу түрдө эң коррупциялашкан тармактардын бири бойдон калып жатканын эске алганда, сөзсүз түрдө коррупция, тандалма уруксат берүү, көз карандысыз оюнчуларга басым жасоо жана ыңгайсыз компанияларды сүрүп чыгаруу сыяктуу тобокелдиктер жаралат.
Муну менен бирге, объектти «көйгөйлүү» деп таануу үчүн: графиктен артта калуу, сапатка болгон дооматтар, документтердеги мыйзам бузуулар, транштардын блоктолушу, эскертүүлөрдүн жоюлбашы, финансылык кыйынчылыктар, уруксаттардын жокко чыгарылышы сыяктуу өтө кеңири негиздер киргизилүүдө. Анын үстүнө критерийлердин өзү көбүнчө баалоо мүнөзүнө ээ жана болушунча кеңири чечмелениши мүмкүн. Курулушта бир нече айга кечигүү, дайыма эле алдамчылыктын же каражаттык кыйроонун белгиси эмес. Ал логистика, материалдарды импорттоо, валюта курсунун туруксуздугу, соттошуу, тармактарды туташтыруу, мезгилдин алмашуусу менен байланыштуу болушу мүмкүн. Бирок, эми ар кандай кечигүү күчөтүлгөн көзөмөл механизмин ишке киргизе алат.
Алгач өзгөчө көзөмөл режими киргизилет. Андан кийин пландан тышкаркы текшерүүлөр, кризиске каршы пландын талаптары, жумалык отчеттуулук жана күчөтүлгөн мониторинг шарттары иштейт. Ушундан кийин объект көйгөйлүү деп таанылышы мүмкүн. Мына дал ушул жерден, мыйзам долбоору үлүшчүлөрдү коргоо сыяктуу эмес, курулуш активдерин көзөмөлгө алуу менен кайра бөлүштүрүү системасы көрүнө баштайт.
Эгерде объект көйгөйлүү деп таанылса, сот аркылуу ал «санаторго» өткөрүлүп берилиши мүмкүн, ал эми мындай санаторлордун бири болуп Мамлекеттик ипотекалык компания ачык аталууда. Объект менен кошо жер тилкеси, бүтпөгөн курулуш, эскроу-эсептердеги каражаттардын калдыктары, кепилдик резервдер, долбоорду башкаруу жана иш жүзүндө курулуштун үстүнөн болгон бардык экономикалык көзөмөл өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Көйгөй жаралган учурда, жеке курулуш долбоору ыйгарым укуктары дээрлик ай сайын кеңейип жаткан мамлекеттик түзүмдүн көзөмөлүнө өтүп кетиши ыктымал.
Дал ушул себептен, «алданган үлүшчүлөр менен күрөшүү» урааны астында жарандарды коргоо түзүмү гана эмес, курулуш рыногун башкаруунун жаңы модели түзүлүүдө. Мында негизги күч борбору катары Мамлекеттик ипотекалык компания эсептелет. Анын үстүнө, МИК эчак эле жөн гана ипотекалык оператор болбой калган. Ал бара-бара мамлекеттин турак жай саясатынын каржы-курулуш борборуна, административдик жана финансылык ресурстарга ээ болгон мамлекеттик девелоперге айланууда. Эми ага санатор катары көйгөйлүү жеке курулуштарга кирүүгө, объекттерди, жерди жана акча агымдарын көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүк берилүүдө.
Ири түзүмдөр, өзгөчө мамлекетке жакын болгондор, мындай талаптарга алда канча жеңил ыңгайлаша алышат. Ал эми орто жана көз карандысыз курулуш компаниялардын жагдайы, дайым эле андай эмес. Бул сөзсүз түрдө атаандаштыктын кыскарышына жана рыноктун административдик ресурсу бар ири оюнчулардын айланасында топтолушуна алып келет.
Натыйжада, мамлекет уруксат берген, мамлекет акчаны көзөмөлдөгөн, мамлекет объекттин көйгөйлүү экенин аныктаган, мамлекет транштарды бөгөттөгөн, мамлекет санацияны ишке киргизген, ошондой эле, мамлекеттик же ага тиешелүү түзүм объектти башкарууга ээлик кылган модел курулууда. Мунун баары жарандарды коргоо жана тартип орнотуу шылтоосу менен негизделүүдө.
Ошол эле учурда, мыйзам долбоорунда кыянаттыктардан коргоочу реалдуу механизмдер дээрлик жок: санаторлорду тандоонун көз карандысыз механизми жок, ачык сынак жок, мамлекеттин кийлигишүүсү үчүн катаал чектөөлөр жок, долбоорлорду негизсиз бөгөттөгөндүгү үчүн аткаминерлердин толук кандуу жоопкерчилиги жок, техникалык көзөмөлдүн көз карандысыздыгына кепилдик жок, нормаларды тандалма колдонуусунан коргоо жок. Андыктан, ыйгарым укуктар ушул даражада көптүк кылган шартта, дал ушул чектөөлөрдүн жоктугу тобокелдиктин негизги булагына айланат.
Натыйжада, абдан ачык көрүнүш калыптанууда: реформа жана үлүшчүлөрдү коргоо шылтоосу менен курулуш рыногун мамлекеттин жана саясий жетекчиликтин көзөмөлүндөгү түзүмдөрдүн айланасында, биринчи кезекте ыйгарым укуктары жана таасири тынымсыз кеңейип жаткан Мамлекеттик ипотекалык компаниянын айланасына акырындык менен топтоого мүмкүндүк берген система түзүлүүдө.
Шарияттын көз карашынан алганда, бул жердеги көйгөй үлүшчүлөрдү коргоодо эмес (албетте, бул маанилүү), мусулмандардын жана жарандардын акчасын, курулуш рыногун жана менчикти көзөмөлдөөнү мамлекетке байланышкан чектелген түзүмдөрдүн колуна ашкере топтоп салуу коркунучунда болуп жатат. Бир система бир эле учурда рынокко киргизүүгө уруксат берүү, каржылоону көзөмөлдөө, долбоорлорду көйгөйлүү деп таануу жана андан кийин аларды санацияга тартып алуу укугуна ээ болгондо, мүлктү адилетсиз кайра бөлүштүрүү жана экономиканы монополиялаштыруу коркунучу жаралат.
Аллах Таала Ыйык Куранда мындай дейт:
…силердин араңардагы бай-дөөлөттүү кишилер ортосунда гана айланып жүрө бере турган нерсе болуп калбоосу үчүн… (Ал-Хашр сүрөсү, 59:7)
Бул адилеттүү эреже, Исламда коомго пайдалуу реформалардын атын жамынып, байлыктын жана экономикалык таасирдин бийликке жакын түзүмдөрдүн тар чөйрөсүнө акырындап топтолушуна шарт түзгөн системаларга жана нормаларга каршы эскертүү катары каралат. Ошондуктан, кыргыз коому, жарандардын кызыкчылыктарын коргоо деген жалган жүйөлөргө жамынып, монополия аркылуу бизнести гана эмес, элдин үйлүү болуу үмүтүн да өчүрүп жаткан коррупциялык системаны жана анын кесепеттерин аңдап билиши зарыл.
Абду Шүкүр




