Комментарий

Жеке турак жайлар мыйзамсыз сүрдүрүлүүдөн качан корголот

Жеке турак жайлар мыйзамсыз сүрдүрүлүүдөн качан корголот

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев калаанын тургундары менен жолугушуу учурунда 2050-жылга чейин каралган Бишкектин Башкы планында көп кабаттуу турак жай куруу каралган аймактардагы жеке менчик үйлөрдүн келечеги боюнча маселеге жооп берди.

Тургундардын айтымында, көпчүлүгү жер тилкелерин жер мунапысынын негизинде алышып, үйлөрүн курууга ири каражат жумшап, насыя да алышкан. Ошондуктан бир нече жылдан кийин көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн жеке сектор сүрдүрүлүшү мүмкүн деген кооптонуу күчөгөн.

Шаар мэри Башкы планда аймактын көп кабаттуу курулуш зонасы катары көрсөтүлүшү азыркы үйлөр сөзсүз түрдө бузулат дегенди билдирбей турганын белгиледи. «Эгерде колуңуздарда кызыл китеп жана менчик укугу болсо, үйлөрүңөрдү куруп, тынч жашай берсеңер болот. Көп кабаттуу үй куруу үчүн эч ким силердин турак жайыңарды мажбурлап сүрдүрүүгө укугу жок», – деди шаар мэри.

Ошондой эле Айбек Жунушалиев шаардагы жол куруу жана башка инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу учурунда жеке жер тилкелерин алуу маселеси кандай тартипте чечилерин түшүндүрдү. Анын айтымында, жер тилкеси мамлекеттик же коомдук маанидеги объектилерди куруу аймагына кирип калса, бардык чечим мыйзамдын негизинде кабыл алынат. Эгер тургундардын кызыл китеби жана расмий менчик укугу болсо, аларга эки вариант сунушталат: башка аймактан баасы жана шарттары тең келген жер тилкесин берүү же мындай мүмкүнчүлүк болбогон учурда акчалай компенсация төлөп берүү.

Комментарий: жарандардын мэрге карата мындай тынчсыздануу жана кооптонуу менен суроо беришинин негиздүү себептери бар. Анткени эл арасында «снос» деп аталган кампаниянын артынан көптөгөн адамдардын мыйзамдуу укуктары бузулду. Жада калса, жерге же турак-жайга кызыл китеби, тастыктамасы болсо да жеринен, турагынан, ишкерлигинен айрылгандар болду. Ал эми, турак-жайы үчүн компенсация алгандар ошол турагына жараша каражат алышкан жок. Мунун баары мамлекеттин зөөкүр саясаты менен ишке ашырылып келе жатат.

2050-жылга чейин бекитилген борбор калаанын Башкы планында кээ бир негизги көчөлөрдүн жээктериндеги бүтүндөй кварталдар бизнес үчүн каралган, ошондой эле кээ бир аймактар көп кабаттуу турак-жайларды курууга бөлүнгөн. А бирок, бүгүнкү күндө бул жерлерде жарандар өздөрүнүн жеке үйлөрүн куруп, жашап жатышат. Ошондуктан бийлик адамдардын жеке мүлкүнө кол салган саясатын өзгөртпөсө, адамдарда зулумдук тарткандыктан нааразылык күчөшү шексиз.

Бийлик көп кабаттуу үйлөрдү, бизнес жана соода борборлорун курган байлардын гана кызыкчылыгын алга сүрө бербестен, элдин кызыкчылыгын ойлоосу зарыл. Эч болбогондо, жарандардын жеке мүлкүн коргоп, эгер компенсацияга макул болсо мүлкүнө жараша каражат берүүсү кажет. Анкени жарандардын жеке мүлкүнө кол салууга шарият толук тыюу салат.

Харун Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button