Кытай тирешүүнүн эрежелерин өзгөртүп жатабы?

Кытай тирешүүнүн эрежелерин өзгөртүп жатабы?
Согуштар маалыматтык аянтчаларда жарыяланбай, алардын тагдыры бир гана учактардын үнү менен чечилбей калган азыркы дүйнөдө, күрөштүн башкача мүнөздөгү эрежелери калыптанууда. Бул үнсүз, чек ара билбеген жана географиялык алкактан бир топ алыска узаган, ири державалардын таасир этүү чектери сыналып жаткан жаңжал. Муну менен державалар ортосундагы тең салмактуулук кайрадан түзүлүп жатат.
Бул өзгөрүп жаткан абалда Иран жөн гана санкцияларга же аскерий коркунучтарга туш болгон мамлекет эмес. Тескерисинче, ал Кытай менен кызыкчылыктардын кесилишинен жана технологиянын ачык дүйнөлүк базарда жеткиликтүү товарга айланышынан пайдаланып, өз ордун адаттан тыш жол аркылуу кайра аныктоого аракет кылган оюнчу катары көрүнүүдө. Америка бул жакындашууга шектенүү менен карайт. Анткени маселе тигил же бул келишимдин же соодалашуунун чегинен чыгууда эмес мындан да терең.
Биз күч монополиялары жоюлуп жаткан жаңы эл аралык тартиптин башталышына күбө болуп жатабызбы же болгону аны кыйла татаал жана бүдөмүк куралдар менен кайра бөлүштүрүү болуп жатабы?
2016-жылдан тартып, Тегеран менен Бээжин ортосунда стратегиялык өнөктөштүк идеясы көтөрүлгөндө, бул алаканын канчалык деңгээлге чейин жетери бүдөмүк болчу. Бирок 2021-жылы узак мөөнөттүү кызматташтык келишимине кол коюлушу экономикадан да ашкан, геосаясатты камтыган союздун пайдубалын түптөдү. Себеби Кытай «Бир алкак — бир жол» долбоору аркылуу жөн гана соода жолун издебестен, стратегиялык таяныч чекиттерин да издеп жатат. Ал эми Иран географиялык жайгашуусу жана байлыктары менен бул долбоордун негизги тиреги болуп эсептелет.
Бул келишим тууралуу укпагандар үчүн айта кетсек, анын идеясы 2016-жылы Кытай президенти Си Цзиньпиндин Тегеранга болгон сапары жана анын Иран жетекчиси Али Хаменеи менен жолугушуусу учурунда көтөрүлгөн. Ошондо эки өлкө ортосунда узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүк идеясы сунушталган. 2019-жылы Иран бул нерсе акыркы келишим эмес, болгону идея экенин билдирген. Кийинчерээк бул иш өнүгүп, 2021-жылдын 27-апрелинде ага расмий түрдө кол коюлган жана ал «Стратегиялык кызматташтык келишими» деп аталып, мөөнөтү 25 жылга белгиленген (Al Jazeera Net, 27.04.2021). Бул келишим бардык беренелери деталдуу жазылган документ эмес, жалпы алкактагы келишим болгон. 2023-жылы ага кайрадан кол коюлган эмес, бирок өз ара сапарлар учурунда кызматташтык күчөтүлүп, көптөгөн кошумча келишимдерге кол коюлган (Al Arabiya, 14.02.2023).
Бул толугу менен жашыруун келишим эмес. Ал расмий жарыяланган, анын мөөнөтү (25 жыл) белгилүү болгон жана экономикалык, саясий, балким коопсуздук тармактарындагы кызматташтыкты да камтыйт. Бирок ал толук ачык-айкын эмес, анткени анын көптөгөн деталдары расмий жарыяланган эмес. Ошондуктан кээде ал бүдөмүк же жарым-жартылай жашыруун келишим катары сыпатталат.
Андан ачыкка чыккан маалыматтардын айрымдары төмөнкүлөр:
1. Мунайдын инвестицияга алмашуусу (келишимдин өзөгү):
Кытай Иран мунайын 25 жылга чейин созулушу мүмкүн болгон узак мөөнөттүү жана арзандатылган туруктуу баалар менен алат. Анын ордуна энергетика, инфраструктура, порттор жана темир жол тармактарына инвестиция салат, ошондой эле Кытайда Иранга тиешелүү мунай сактоочу кампаларды жана башка объектилерди курат.
2. Иранды Кытайдын «Бир алкак — бир жол» демилгесине байланыштыруу:
Иран аркылуу Азияны Европа менен байланыштырган портторду жана темир жолдорду өнүктүрүү. Башкача айтканда, Иран изоляцияланган мамлекеттен дүйнөлүк соода коридоруна айланууда.
3. Аскерий жана коопсуздук тармагындагы кызматташтык:
Биргелешкен аскерий машыгуулар, чалгын маалыматтарын алмашуу жана көзөмөл технологияларын өнүктүрүү.
. Технология жана байланыш:
Huawei сыяктуу кытай компанияларынын киришине уруксат берүү, (5G) тармактарын өнүктүрүү жана санариптик көзөмөл системаларын түзүү. Бул кызматташтыктын алкагында Иран 2024-жылы кытайлык жеке компания аркылуу коммерциялык кош багыттагы кытай спутнигине ээ болгон. Иран ага жетүү мүмкүнчүлүгүн же кийинчерээк пайдалануу укугун сатып алган. Ал спутник (TEE_01B) деп аталат жана расмий түрдө Иранга эмес, кытайлык жеке компанияга таандык. Иран анын кызматтарын же маалыматтарын сатып алган. Аны башкаруу же анын иштетилишинин бир бөлүгү Ирандан тышкаркы, тактап айтканда Кытайдагы жер үстүндөгү станциялар аркылуу жүргүзүлөт. Бул спутниктин иштөө деталдары азыркыга чейин толук ачык эмес. Бирок батыш дооматтарына ылайык, ал согуш учурунда аскерий базаларды көзөмөлдөөдө жана аскерий операцияларды колдоодо колдонулган. (Reuters, 15.04.2026).
Иран бул келишим Америка жана Кытай менен болгон алакаларын тең салмактоого мүмкүнчүлүк берет деп эсептеген. Айрыкча Иран үчүн Американын ага болгон мамилеси өзгөрүп, жетекчилеринин өлтүрүлүшү, ядролук келишимден чыгуу сыяктуу окуялардан кийин маанилүү. Иран бул келишимден эң оболу төмөнкү максаттарды күткөн: Американын санкцияларын айланып өтүү, анткени Кытай каржылоо, соода жана саясий калкан болот. Ошондой эле келечекте Орусияны да кошуп алуусу мүмкүн болгон иран-кытай огунун өсүшү. Мындан тышкары энергетикалык коридорлорго кыйыр коркунуч жаралат, анткени Кытай Булуң аймагында көбүрөөк катышууга ээ болуп, Иран Ормуз кысыгы сыяктуу кризистерди башкарууда өзүнө көбүрөөк ишеним ала баштайт.
Ошого карабастан, Иран ачык-айкындуулук жок шартта Кытайга өтө узак мөөнөттүү артыкчылыктарды берип коюудан жана карыз тузагына түшүп калуудан чочулаган. Кытайдын өзү да этият мамиле кылып, бул келишимди толук ишке ашырган эмес. Тескерисинче, Американын Иранга каршы санкцияларынан улам аткаруу жай жүргөн жана айтылып жүргөндөй 400 миллиард доллар көлөмүндөгү инвестицияларга жеткен эмес.
Бул жерде согуш ушул келишимдин айынан гана чыкты деп айтууга болбойт. Бирок согуштун башталышы жана анын кесепеттеринен кийин бул келишим басым көрсөтүү буталарынын бирине айланды. Балким Иранды аны кыскартууга же түздөн-түз жокко чыгарууга мажбурлоо аракети да болгон. Муну менен катар башка максаттар да сакталып калган.
Ушундан улам, Американын кандайдыр бир күчөтүлгөн басымы же эскалациясынын жарыяланбаган максаттарынын бири Ирандын жүрүм-турумун өзгөртүү гана эмес, анын бул картаны колдонуу мүмкүнчүлүгүн азайтуу, ал тургай аны тартып алуу экени көрүнүп турат. Себеби деңиз жолдорун көзөмөлдөө же аларга коркунуч жараткан күчтөрдү нейтралдаштыруу ондогон жылдардан бери Вашингтондун стратегиялык ишениминин өзөгүндө турат. Ал эми бул агымды үзгүлтүккө учуратуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон ар кандай регионалдык күч ооздуктоо, керек болсо талкалоо зарыл болгон бузук фактор катары каралат.
Бирок парадокс мына ушунда: Ирандан бул мүмкүнчүлүктү тартып алуу аракети аны ага мурдагыдан да катуу жабышууга же анын ордун толтуруучу салттуу эмес куралдарды өнүктүрүүгө түртүшү мүмкүн. Бул регионалдык өкүл күчтөр аркылуу болобу же заманбап технологияларды, анын ичинде космос жана көзөмөл тармактарын колдонуу аркылуу болобу – айырмасы жок. Мына ушундайча кагылыш география үчүн болгон тирешүүдөн куралдар үчүн болгон күрөшкө айланып, коридорлор боюнча талаш аларды ким үзгүлтүккө учурата алат же ким коргой алат деген атаандаштыкка өтөт.
Ошондуктан Американын бул сезимтал чекитте кайрадан көзөмөлдү өз колуна алууга болгон аракети анын Иранды тартипке салуу каалоосун гана билдирбейт. Тескерисинче, ал мындан да терең күрөштү ашкерелейт, б.а. дүйнөдөгү деңиз өтмөктөрүндөгү эрежелерди ким аныктайт жана зарыл учурда аларды жабуу мүмкүнчүлүгүнө ким ээ болот деген күрөштү ачыктайт. Бул деңгээлде кризис жөн гана аймактык пикир келишпестик болбой калат, тескерисинче эл аралык түзүлүштүн формасы үчүн жүрүп жаткан чоңураак кагылыштын бир бөлүгүнө айланат.
Бирок акыркы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы бизге Американын Иранды өз орбитасында айланган мамлекеттен толук көз каранды мамлекетке айландырууга жетишип же жетишпегенин көрсөтөт. Же болбосо Иран көз карандылык абалына түшүп калуудан качууга аракет кылып, Кытай менен болгон келишимден пайдаланып көз карандысыз мамлекетке айланууну көздөп жатабы деген маселелер аныкталат. Бул болсо Иран революция сакчылары бийликте калган учурда гана мүмкүн. Ал эми Америка аларды өзгөртө алса, анда Иранды өзүнө көз каранды мамлекетке айландырууда ийгиликке жетиши мүмкүн.
Кызыгы, бул кургактыктагы, деңиздеги жана абадагы бардык коридорлор Ислам өлкөлөрүндө жайгашкан. Эгер Аллах кааласа жана Халифалык мамлекети тикеленсе, бул географиялык жана стратегиялык факторлор абдан чоң күч куралдарына айланмак. Бирок бул мүмкүнчүлүктөрдү ишке киргизүү аларды комплекстүү көз караштын негизинде пайдалана алган саясий түзүмдүн болушуна байланыштуу бойдон калууда. Бул болсо Халифалык мамлекетинин пайда болушу жана ресурстарды туруктуулук менен адилеттүүлүктү камсыз кылууга кайра багыттоо аркылуу ишке ашат.
Демек, эл аралык майданда кайрадан таасирдүү күчкө айлануу так уюшкан саясий жана фикрий ишти талап кылат. Анын максаты күчтү ачык негиздер үстүндө кайра куруу, исламий жашоону кайра баштоо жана үммөткө өзүнүн жайгашуусун жана байлыктарын дүйнөлүк тең салмактуулукка таасир эте ала турган цивилизациялык долбоордун алкагында пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүү.
Роя гезити
Устаз Набил Абдулкарим




