Капитализмдеги турак-жай көйгөйү

Капитализмдеги турак-жай көйгөйү
Дүйнөдө дээрлик 2,8 миллиард адам начар турак жай шарттарында жашайт. Алардын 1 миллиарддан ашыгы өтө начар жана бейрасмий конуштарда күн кечирет. Ал эми 300 миллиондон көбү иш жүзүндө үй-жайсыз болуп эсептелет. Бул тууралуу БУУнун Жаңылыктар кызматы билдирди.
Уюмдун маалыматына ылайык, 2050-жылга чейин Жер шарынын калкынын дээрлик 70 пайызы шаарларда жашоого мажбур болот. Мындай урбанизациялык көйгөй турак-жайсыз тургундардын маселесин дагы да курчутушу мүмкүн.
БУУнун калктуу конуштар боюнча программасынын аткаруучу директору Ана Клаудия Россбах бул кырдаалды жөн гана чакырык эмес, «жеткиликтүү турак жай боюнча глобалдык кризис» деп атады. Анын айтымында, дүйнө жүзүндө адамдар үй сатып алууга же ижарага алууга мүмкүнчүлүк таба албай жатышат. Күн сайын өсүп жаткан кымбатчылык абалды дагы да оорлотууда.
Мунун каршысында, Ислам мамлекетке муктаж жарандарды турак-жай, кийим, тамак–аш менен камсыздоону милдеттүү кылат. Аллах Таала айтат:
أَسۡكِنُوهُنَّ مِنۡ حَيۡثُ سَكَنتُم مِّن وُجۡدِكُمۡ
“Аларга өзүңөрдүн турак-жайыңардан кудуретиңер жетишинче жай бергиле жана аларды (турган жайларынан) кысып чыгаруу үчүн аларга зыян жеткирбегиле” (Талак: 6).




